Добавить статью
9:33, 12 апреля 2024 736

Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз

Айыл башы бай Жакып.

«Манас» эпосу:

Тукуму жок өтөм деп,

Туяксыз кандай кетем деп ...

Жака салып, тон кийип

Жанымда болгон карам жок ... [1, 33-35-бб.]

Ат байлаар адам болбосо

Бакдөөлөткө чоң милдет ...

Ошончонун баарынан

Ат алар киши түк калбайт. [1, 42-б.]

Эпикалык ыр саптарында кеп бала жөнүндө жүрүүдө. Бу дүйнөдөн бала жок кандай өтөм, баласыз кандай кетем деп айтылбаптыр. Тукум, туяк деген төл сөздөр активдүү лексиканы түзгөн. Кийинки кара, ат байлаар, ат алар дегенде да бала жөнүндө болууда. Ооба, жалаң көчмөндүк жашоого мүнөздүү кесиптик төл сөздөр экен. Ошентип, эпосто тукум, туяк, кара, ат байлаар, ат алар деген сөздөр бала деген сөзгө синоним болуп катышат.

Эртели-кечти мен чыксам

Элким үйдө жатырсың ...

Эки катын алганым,

Эч туяк көрбөй калганым,

Эсиме түшүп элкиндик,

Эгеме ыйлап зарландым. [1, 37-б.]

Муну Жакып Чыйырдыга айтат. Элким – бул жалгыз, элкиндик дегени жалгыздык. Бирок бул илгерки эки төл сөз бүгүнкү күндө дээрлик колдонууда жок. Бул эзелки төл сөздөрдү синоним катары колдонууга болот.

Кызматкер балдар кырк эле,

Малайдан башым кутулбайт,

Жалчыдан жаным тынчыбайт ... [1, 42-б.]

Бул Бакдөөлөттүн (Жакыптын экинчи аялы. Бул бөлүмдө токол деген сөз кезикпеди) айтканынан. Караңыз, “кызматкер балдар кырк эле” деп Жакыптын кызматындагы кырк бала айтылууда. Ооба, кызматкер деп айтылып, малай же жалчы эмес экен. Кызматкер балдар статусу жогору болуп, өзүнчө бир кызмат өтөшкөндөй. Канткен ченде да күтүрөгөн мал менен болуп, Жакыптын колу узарып калган го. Бул кырк кызматкер Алтайда сүргүндө жүрсө да, кан тукуму урматына Жакыпка кызматка келген кырк өспүрүм балдар өңдөнөт. Кырк чоро, же кырк жигит дебептир Бакдөөлөт. Туурасын айтыптыр.

Жакып бай болгон. Миң-сан төрт түлүк малы (38 миң жылкы, 6 миң төө, 7 миң уй, 80 миң кой) жер жайнаган. Ошол кырк кызматкерди кармап күтүнүүгө, кызматын кылдырууга шайы жеткен. Бирок Жакыптын кыргызында аскердик кырк чоро түзүү үчүн коомдук-саясий шарт жетилбеген. Алтайда Манаска чейин кырк жигитпи, же чакан кошунбу кармаганга согуштук-саясий кудурет жетишсиз болгон. Конушу коңшулаш алтайлык алты зубун калмактан күндө күн алыс запкы жеп, зордугун көрүп күн кечирип жүрүптүр. Кичине бир каяша айтып, же чыпалагы тийип кетсе, кыргыз аттуу балээге калган экен. Кытайы Кытайда калып эле, алтайлык калмагы менен манжуру качкын кыргызга кун бычып, мал-салын кой-айга карабай айдап кетип кордугун көргөзүп келиптир.

Баштатан башы байлоолу

Малайың белек, - деп айтат,

Ойготсоңчу эриңди ...

Он бирде балам жоголсо ...

Азыр ойгот чалыңды! [1, 43-44-бб.]

Бул Жакыптын Туучунак атын кууп кеткен Меңдибайдын энеси Канымжандын Чыйырдыга айтканынан. Караңыз, бул жерде Канымжандын “баштатан башы байлоолу малайың белек” деп айтканында кеп бардай. Бул боюнча баштатан башы байлоолу малайлар да болуп келгендей. Андайлар туткундар болушу мүмкүн эле. (Көчмөндөр кул кармабагандыгы маалым). Ал эми Алтайдагы Жакыпта кызматкер, малай, жалчылар ыктыяры менен өз ара келишип кызмат өтөп келген өңдөнөт. Ошон үчүн да Канымжан эч кимди (Чыйырдыны да, Жакыпты да) көзүнө илбей баламды таап бер деп опурулуп бакылдап жаткан кыязы.

Артында бала болбосо,

Ак жоолуктуу курусун,

Арылбайт экен арманы. [1, 45-б.]

Бул Канымжандын Жакыпка айтканынан. Караңыз, ошондо эле кыздын кырк чачы улуу кыргыз аялзаты ак жоолук деп кадыр-сыйлуу ат алып жүрүптүр. Элдик “... экинчи байлык - ак жоолук...” деген макал кепти эстеңиз.

Аны кармайм деп жүрүп,

Акымбек уулу жоголду...

Эртедеден эсти алып

Бүлүндүрдү анасы. [1, 45-46-бб.]

Бул Чыйырдынын Жакыпка айтканынан. Эпосто негизинен бала деп айтылат. Бул жолу уул деген сөз кездешет. Эпостогу ой боюнча бала менен уул синоним эмес. Эпосто бала бүгүнкүдөй эле бала экен. Ал эми уул деген сөз эр деген баатырдык наамдай эле атайын ыйгарылган өзгөчө титулдук наам болгон. Маселен, мурунку Каратай кийин айтылуу Ырамандын Ырчы уулу атыгат. Манастын кырк чоросунда дагы бир Боз уул аттуу эрен кызмат кылгандыгы маалым. Балким, бул жолу “Акымбек уулу жоголду” ыр сабынын салттуу 7-8 муунга төп келиши басымдуулук кылып кеткенби.

Таңдын сары жылдызы

Чыга келди таң менен. [1, 48-б.]

Эпосто Чолпон жылдыз (Венера планетасы) таңкы Сары жылдыз деп аталыптыр. Кийин кыргыз колу Алтайдан өтүп Түп Бээжинге жакындаганда “Чолпонуң тууду чокудан” деп да айтылат.

Айдаган жылкым сан болду,

Айлымдын үстү чаң болду,

Чайнаганы май молду ...

Чарбадары бай болду ...

Ээлеп минер бала жок,

Эгем кылса чара жок ... [1, 36-б.]

Бул Жакыптын айтканынан. Караңыз, эпосто чарбадар деп бүгүнкү чарбакер, чарбачыл, иштерман, ишкер адам кеп болууда. Байыркы төл сөз чарбадар экендиги такталат. Бирок башкысы, орто кылымдык кыргызда чарбадар адамдардын кадыресе болуп келгендиги кызыктырары бышык. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул (феодалдык доорго мүнөздүү эмес) сөздү династиялык кан тукуму Жакып айткан болууда.

Малды бакса сан болот,

Малдуу киши хан болот. [1, 50-б.]

Бул Жакыптын Бакдөөлөткө айтканынан. Мында да Алтайдагы чарбадар Жакыптын жаңыча чарбачыл ой жүгүртүүсү айтылыптыр. Ооба, төрт түлүк малы сан болбосо бу чарбадар бай Жакып “Орто Азия, күн чыгышты” чакырып кайдан катары менен үч чоң той өткөрмөк. Жакыптын айтканынын бүгүнкү заманбаптуулугун караңыз.

Сегиз уруу эл кылып,

Арбытпас белем ашыңды ...

Малың бар да, элиң жок,

Байкап турсам өзүңдүн

Эл суроого эбиң жок ... [1, 50-51-бб.]

Бул Бакдөөлөттүн Жакыпка айтканынан. Бул боюнча Алтайда сегиз уруу болуптур. Бирок эпосто кийинчерээк Алтайдагы аксакалдар, уруу башчылар жыйынында “кырк уруу кыргыз элек, он эки уруу кыргыз калдык” деп расмий кеп болору дайын. Кыязы, Бакдөөлөт айткан кезде кан тукуму Жакыпты жандап сегиз уруу жүргөндөй. Калган төртөө Алтайдагы эмес, башка геосаясий аймактардагы уруу-уруктар го.

Бакдөөлөттүн Жакыпка “Малың бар да, элиң жок” дегенинде тактоочу бир маселе жатат. Мында малың дегени беш түлүк мал - жылкы, төө, уй, кой, эчки. (Эпосто беш түлүк мал, төрт түлүк мал деп айтылат). Ал эми эл дегени эмне эле. Эл жана этнос (калк, уруу-уруктар) эки башка түшүнүктөр. Алтайдагы кыргыз этносу (калк, уруу-уруктар) Жакыптын жанында эле жүргөн, б.а. Алтайда уруу башчылар, аксакалдар жыйында айткан он эки уруу. Ал эми элчи? Эл – бул кыргыз кандыгы, мамлекет, согуштук-саясий бийлик, күч-кубаттуу аскер. Жакыпка Бакдөөлөт сенде ошол элиң жок деп жатат. Ооба, Алтайга качкан Жакыпта эл болбогон. Ногой кан [2] акыретке кетип, аны ордуна такка отурган тун уулу Ороздуну кытайдын (каракытайдын) Дуушаңгөрү элүү түмөн кол менен чаап, төрт уулун (Орозду, Үсөн, Бай, Жакып) төрт тарапка кууп айдап, кыргыз кандыгынан, кыргыз жеринен ажырап тентип калган кез. Ошонун бири Алтайга айдалган Жакып эле. Караңыз, ошону “эл суроого эбиң жок” деп эпикалык каарман (Бакдөөлөт) таап айткан экен.

Алигиче баламды

Артынан кууп издебей,

Айтамын Жакып атыңды

Аке дебей, сиз дебей. [1, 51-б.]

Бул Канымжандын Жакыпка айтканынан. Демек, ошо кезде өзүнөн улуу кишини аке дешиптир. Балким, улуу келген өз тууганын “аке дебей, сиз дебей” атынан айтуу айыл-апада өтө өөн кабыл алынса керек эле. Бул да коркутуп-үркүтүүнүн бир айла-амалы болгондой. Айта кетчү нерсе, Канымжандын Ногойдун уулу Жакыпка, байбичеси Чыйырдыга ээн-эркин, корпой-үркпөй атырылышы кыргыздагы сөз эркиндигинен кабар берип жаткандай. Анда Жакып эмне кылмак, ага өчүгүп, байдын байы экендиги эске түшүп, айтышып киреби? Жок. Кан тукуму, жигиттик жайы, сөздүн актыгы. Койчусунун коңур атын токуп, он бир жаштагы Меңдибайды издеп чыгат. Бул Жакыптын биринчи кезекте бала Меңдибайдын тагдырын ойлогону, экинчиден, эне Канымжандын айтканына макул экендиги, анан кыргыздагы “эл эмне дейттин” коомдук пикир түзүү кудурети го.

Ай, атаке, Жакып бай,

Кандай жансыз дегени,

Айылга жүрсүз баш болуп ...

Кырдан чыгып кыйкырып,

Кырк бала тийип кеткени.

Бай Жакып деп бакырат,

Манастап ураан чакырат.

Туучунак качып жөнөлдү,

Кырк бала кууп өмөлдү. [1, 55-б.]

Бул Меңдибайдын Жакыпка айтканынан. Демек, Жакып Алтайда айыл башы экен. Айыл дегени Жакыптын белгилүү бир аймакты ээлеп конгон уруу-урук, бир ата өткөн туугандары болуусу мүмкүн. Ногой кандын уулдары кандыктан ажырап, төртөө төрт тарапка тыркырап айдоого кетип, өлбөстүн күнүн көрүп жан багып калган. Бирок кан тукумунун коомдук орду болуп, Ногойдун кенжеси айыл бийлеп турган экен.

Ошентип, Жакыптын Туучунагынын артынан кууп чапкан Меңдибай кырдан чыгып кыйкырган кырк балага кезигет. Алар Бай Жакып деп бакырып, Манас деп ураан чакырып, Туучунактын артынан куугунга түшөт экен. Эпосто кырк бала жөнүндө биринчи сөз жүрөт. Кыргыздын кырк чилтенине биринчи кезиккен бала Меңдибай болууда. Тактап кетчү бир маселе, кырк чилтен Бай Жакып деп бакырыптыр, Манас деп ураан чакырыптыр. Туура, Бай Жакып бар болуп, ошол качкан Туучунак анын минген аты эле. Ал эми манастап ураан чакырганычы? Анда кыргызда Манас аттуу жок эле да. Мындан чыкты кырк уруу кыргыздын кырк чилтени Манасты, анын келишин билген экен. Бирок кайсы Манасты? Байыркы кыргыздын Манас рухий дүйнөсүбү, же кыйын кезеңде кыргызга эми келчү Манаспы? Канткен ченде да, кыргыздын сакралдык кырк чилтени Манасты кадыресе билип, Манаска чейин эле манастап ураан чакырып кириптир. Кийин Алтайдагы кыргыз бастырып кирген алтайлык калмактарга каршы кантип ураан чакырабыз дегенде, бала Манас өзү озунуп “Манас, Манас, Манас” деп ураан айтып чабуулга өткөнү дайын. Буга караганда бала Манаска чейин эле Манас рухий дүйнөсү болуп келген болобу? Муну Меңдибай айткан кырк чилтендин жана бала Манастын манастап ураан чакырганы ырастамакпы?

Бекер айтпа, балам, деп,

Кырк бала түгүл бири жок,

Өлгөн Жакып, тирүү жок ...

Жок десем жолборс тери бар,

Кырк чилтен деген бар деген,

Жолдош болсо эби бар. [1, 56-57-б.]

Бул Жакыптын Меңдибайга жообунан. Ал кырк бала жөнүндө айткан Меңдибайдын сөзүнө ишенбейт. Бирок ишенбейин десе Туучунакта жолборс тери жабылуу турат. Меңдибай кырк чилтен эмес, кырк бала дейт. Туура, бала аны кайдан билсин. Жакып кырк чилтен [3] тууралуу илгертен кабары бар экендигин мойнуна алат. Демек, кыргызды колдоочу, сүрөөчү кырк уруу кыргыздын кырк чилтени тууралуу аңыз кеп кыргызда жашап келген.

Жакыптын түшүн жоруудан.

Акбалта бийди чакыр деп,

Уругу кыргыз нойгуттан,

Нуска билген жакшы жан

Бердикени чакырган ...

Дамбылданы чакыргын

Даяр болсун мында деп.

Чакыргын деди Күлдүрдү,

Кабарын айтып бай Жакып

Баарысына билдирди ... [1, 59-60-бб.]

Алтайдагы бай Жакыптын ордо айылына нойгут Акбалта, каракалпак Бердике, түрк Дамбылда, маңгул Күлдүрдүн айылдары жанаша конгондой. Жакып ушул төрт уруунун бек-бийлерин биринчи атап, чакырык жөнөтөт. Караңыз, арасында кадимки маңгул [4] уруусу жүрөт. Бул төрт уруу башчы Жакып менен күндө күн алыс алакада болуп турушкандай.

Кызматка кыркты тургузду,

Ошо күнү чакырды

Он эки уруу кыргызды. [1, 62-б.]

“Кызматка кыркты тургузду” дегенде кеп бардай. Кырк уруу кыргыз түгөл болбосо да, кыргыздын кан ордосунда ар бир уруунун ыйгарымдуу өкүлдөрү жүрүптүр. Ошон үчүн да качан болбосун адегенде эле кырк уруу кыргыз элек деп айтылат. Муну Жакыптын кызматындагы кырк бала, эми тойго кызматка турган кырк жигит да ырастап тургандай. Ооба, кырк уруудан бирден өкүл чакырылып турган экен. Бул эзелтен көчмөн кыргыздагы жазылбаган мыйзам болгондой.

Казактан Үйшүн карыя,

Алчын менен абагы,

Ата уулудан калганы.

Кыргыздардан Байжигит,

Кыпчактардан Таз чечен,

Нойгуттардан Акбалта,

Ногойлордон эр Эштек,

Түрктүн уулу Дамбылда,

Түмөнбайдын Абдылда,

Баарын жыйып бай Жакып,

Өз үйүнө киргизди ... [1, 62-б.]

Жакыптын түшүн жорууга баягы төрт уруудан соң казактын үйшүн, карыя, алчын, абак уруулары, кыргыз Байжигит, кыпчак Таз, ногой Эштек, түрк Дамбылда, аргын Абдылда (кийинки Ажыбай) чакырылат. Булардын айылы Бай Жакыптан бир аз окчунураак турушкандай.

Манастын туулганына тойдон.

Алчын, үйшүн, найманды,

Абак, тарак, аргынды,

Айтайын тойго барууну

Уругу тыргоот калмагы ... [1, 92-б.]

Казактан чыкты мыкты жан,

Өзүнүн аты Айдаркан ...

Кыпчактардан Эламан,

Жедигердин Багышы ... [1, 98-99-бб.]

Манастын туулганына тойго эми казак Айдаркан, кыпчак Эламан, жедигер Чегиш келиптир. Белгилеп кетүүчү нерсе, Таз (Үрбүнүн атасы) тору кыпчактан, Эламан (эр Төштүктүн атасы) дөгөөн кыпчактан болгон. Чамасы, кыпчак Таздын айылы Жакыптын конушуна бир топ жакын болуп, мурунку түш жоруу жөрөлгөсүнө катышып калгандай. Эламандын айылы Алтайдан анча ыраак келип, Манастын тоюна кийинчерээк келген сыягы. Манастын туулганына тойго үйшүн, карыя, алчын, абак, тарак, найман урууларынан кимдер өкүл болуп келгени такталбайт. (“Алчындардын Атайы, Үйшүндөрдүн Үмөтү”, “Тарактын Тана бийи бар”, “Абактан Айдар каны бар” оо кийин сөз болот). Тыргоот калмак да чакырылган болууда.

Манаска ат коюудан.

Казак, кыргыз, катаган,

Баарыбыз бир атадан ...

Катагандан Мунар бий ... [1, 104-б.]

Манаска ат коюу аземине эми катагандан Мунар бий, Урмат бай чакырылыптыр. Булар, болжолу, Кундуз, Талкан, Ат-Башы жердеген катаган уруусунан өкүл болуп келишкендей. (Кийин Ат-Башыга келген Манаска кан Кошой [5] “курдашым Жакып, Акбалта, кургурларым эсенби” дегенин эстеңиз). Жакыптын мурунку эки тоюна катагандан өкүл байкалбайт. Бай Жакып кыска убакыт ичи мал-мүлкүн чачып үч ирет той өткөрүп, көчмөндөр оюнуна аянбай байге сайып, эл-журттан бата алат. Ошентип, түш жорууга, Манастын туулганына, Манаска ат коюуга он эки уруу кыргыздын аттуу-баштуу бек-бийлери келиптир. Алар кыргыз Байжигит, нойгут Акбалта, каракалпак Бердике, казак Айдаркан, маңгул Күлдүр, кыпчак Таз (жана Эламан), ногой Эштек, түрк Дамбылда, аргын Каракожо (жана Ажыбай), жедигер Багыш, катаган Мунар бий (жана Урмат бай) жана үйшүн, карыя, алчын, абак, найман, тарак урууларынын өкүлдөрү. Эпосто үч уруу казак деп айтылат. Тарак уруусу каракалпак менен уруу-уруктук байланышы болгондой (Байыркы Орус летопистериндеги черные клобуки, торк [6] этнонимдерин эстеңиз). Калмак, кытай тараптан миң-миңдеп аскер кошундар тойго келгени кеп болот.

Эпосто Алтайда экенде атаке, эне, ана, чал, кемпир, байбиче, аке, бала, ак жоолук, бай, эр [7], уул, катын [8] деген үй-бүлө лексикасына мүнөздүү кыргыздын эзелки төл сөздөрү активдүү колдонулат. Мында бай (баят) рухий-эпонимдик түшүнүк, эр, уул, катын деген сөздөр интронизациядан кийинки титулдук наамдар болуп саналат.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору.

Адабияттар:

1. Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. I китеп. Фрунзе, 1984.

2. Эшиев А. М. Родословные предки в эпосе «Манас»: эпонимические, антропонимические параллели, аналогии. Евразийское научное объединение, №6 (64), июнь, 2020.

3. Эшиев А. М. Первичный тотем эпического сорокаплеменного Кыргыз журту. Тенденции развития науки и образования, № 92, декабрь, 2022 (Часть 16).

4. Эшиев А. М. Этноним маңгул (мангул) в эпосе «Манас». Евразийское научное объединение, №7 (65), июль, 2020.

5. Эшиев А. М. Старейшина хан Кошой и племя катаган в эпосе «Манас». Тенденции развития науки и образования, август, №64, Часть 5, 2020.

6. Эшиев А. М. Кыргыз журту, Поросье: Торчинъ Беренъди, Чернии Клобуци. АКИpress. Код кыргызов. 02.08.2021.

7. Эшиев А. М. Эпический титул Эр и исторические аналогии (мужъ, эрл, герой, heros, эор). «Евразийское научное объединение», № 11 (57), ноябрь, 2019.

8. Эшиев А. М. Династический титул “хатунских родов” (катын, катун, катуна, хоти, хатун, хатунъ, хотун). «Евразийское научное объединение», №6 (64), июнь, 2020.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
261

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
1026

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
1755

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
1581

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
1421

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
2159

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
2396

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
2347

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
88197

03-05-2023
Орхоно-енисейские надписи и эпос «Манас»
3172

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×