Добавить статью
10:24, 10 декабря 2024 Обновлено 9:44 11 Декабря 2024 2168

«Манас» эпосундагы Ажы бий жана Чапкылдык уруусу

«Манас» эпосундагы Ажы бий жана Чапкылдык уруусу.

Улут – уруулардан куралат. Уруу урук-топтордон турат. Ошондуктан улутту түзгөн ар бир уруунун, урук-топтун тарыхы такталып, санжырасы жазылганда гана улуттун тарыхы толук болот. Анткени, улуттун тарыхы уруулардын тарыхынан жаралат. Кыргыздын тарыхы анын курамындагы 40 уруунун тарыхынан турат. Кыргыздын 40 уруусунун бири болгон Чапкылдык уруусу тарыхта тагдырдын нечен-нечен сыноолорун башынан кечирип, жашоо үчүн күрөшүп, уюткулуу уруу катары калыптанып, даӊктуу тарыхый узун жолду басып өткөн. Чапкылдыктардын тарыхы, санжырасы жана тарыхый географиясы жаңы табылган маалыматтар менен толукталып жатканы кубандырат. Айрыкча, Өзбекистандын Фергана, Андижан жана Наманган облусунун аймагындагы чапкылдыктардын саны, ошондой эле алар мындан 200-300 жыл мурда негиздеген ондогон айыл-кыштактар(Чапкылдык, Калтатай, Тайлакы, Казыкузат, Дасторкон чек, Кудаяркан чек, Маллахан чек, Окчу, Жаман-Жар, Жумабай чек, Атамтай, Аккулабад, Ак-Тепе, Когой, Кайкы, Чака, Бешкалтак ж.б.) боюнча табылган жаңы маалыматтар бизди кубандырат.

Чапкылдыктардын жаралыш доорун санжыра айтып жүргөн уруу аксакалдары Ормош Жакып уулу(1905-1990), Молдо Дыкан Жусуп уулу(1910-2002), Абдырахман Толубай уулу(1898-1992) Манас баатырдын заманына алып барышат. Чапкылдык уруусунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары саналган Ажыбай же Ажы бий Манас баатырдын чоролорунун бири болгондугу айтылат. Алгачкы жолу 1976-жылдын июль айында Сулайман Кайыпов жетектеген Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлери Лейлек районуна караштуу Маргун айылынын тургуну Ормош Жакып уулунан Манас баатыр жана чапкылдыктан чыккан Ажы бий тууралуу маалыматты жазып алышкан.

Акматали Ормошев: «Менин атам Жакып уулу Ормоштун айтуусу боюнча Манастын кырк чоросунун экөөсү чапкылдык болгон. Ажи бий Манастын чечени, кеңешчиси, ал эми Бакыбек же Бакай Манастын акылманы, караңгыда жол көрсөткөн көсөмү, Манастын акыл кошчусу. Чапкылдыктар Манас баштаган уруулар менен Алтайдан Ала-Тоого мындан миң жыл мурда эле келип жайланышкан. Ошол мезгилдеги найман, аваат, кесек, кыпчак, каңды, төөлөстөр менен жанаша жашашып, калмак менен кытайларга каршы бирге согушкан. Менин жеке пикиримде ата-бабаларыбыз ошол мезгилдерде Лейлек аймагынан орун алышса керек. Бул боюнча жазуучу Нууман Сайдуллаев да “Кызыл” деген китебинде, жогорку уруулардын биргелешип, калмак басып алуучуларына каршы тургандыгын, өздөрү ынтымакта жашагандыгын жана нак кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн жазган» -деп, жазат өз макаласында.

Баткен аймагындагы уруулардын тарыхы менен санжырасын иликтеген, санжырачы Сабыт Саттаров 2004-жылы жарык көргөн «Лейлек тарыхы» китебинде чапкылдыктар тууралуу жазганда Манас баатыр жана Ажы бий жөнүндө да маалымат берген. Сабыт Саттаров Манас баатыр каза болгондон кийин чоролор арасындагы өз ара келишпестиктер, карама-каршылыктар күчөгөндө кыпчактар менен чапкылдыктарды Таластан азыркы жашаган аймагына – Баткен менен Лейлекке Ажы бий баштап келген деп жазат. Таластан Баткен аймагына Ажы бийдин келишине Манас баатырдын сөөгү ушул Баткен-Лейлек аймагындагы Кара-Тоого коюлгандыгы да себеп болушу ыктымал. Ошондой эле Музафар Үсөн берген маалыматка ылайык кыпчактар Манастын мүрзөсүн коргоо жана сактоо максатында бул аймакта жашап калышкан. Ал турсун, Манастын кырк чоросунун сөөгү да Баткен тарапта катылган деп айтылат.

«Манас» эпосунда Ажы бий тууралуу:

«Айтаар сөздөн, акылдан,

Алдырбайсың адамга.

Жаның тирүү турганда

Жаактуудан адам жанашпас,

Таалайыңды адам талашпас,

Бийлик тонду алдың деп,

Бий болдуңуз Ажым деп» -,

Бий болгондугун билгизип, Манас Ажыбайга тон жапканы айтылат. (Сагымбай Орозбаков, 2. 282 —283).

Чапкылдык уруусунун санжырасын мыкты мыкты билген Ормош Жакып уулунун (1905-1990) маалыматында эпостогу Ажы бий(Ажыбай), чапкылдык уруусунун легендарлуу башчысчы Ажыбий деп айтылат.

Ошондой эле Манас баатырдын доорунда Ажыбийди дайыма коштоп жүргөн бир тууганы легендарлуу Ак-Тайлак олуянын күмбөзү Лейлекте эле эмес, Кыргызстандын көптөгөн аймактарында, Таласта, Алабукада, Базаркоргондо, Мургаб жана башка жерлерде бар.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу аталган «Манас» эпосу элибиздин тарыхын тактоодо тарыхый этнографиялык булак катары саналары шексиз. «Манас» эпосунда «Кожокент», «Кулунду», «Ыспара» «Кайраккум» деген топонимдер жана «Чаркоо», «Окчу» деген этнонимдер кездешет.

Кожокент шаары, тажикчеси Худжанд. Чапкылдыктар илгертен Ходжент шаарында жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда жашап келишкен. Манас баатырдын насаатчысы аталган Ажы бийдин журту Сырдарыянын ортоңку агымынан орун алган «кожолордун шаары Кожокент» же Ходжент шаарынын чет жакасында жайгашкан Таш-Рабат, Арка өрөөндөрү тараптагы Кожобакырган-Сай дарыясынын жээгин бойлоп жайгашкан Бешкент, Эски-Оочу, Сүлүктү, Маргун, Даргаз, Дархун, Сегизтам, Аззаар, Овут, Акжар жана Сырдарыяга жакын турган Кулан-Баш, Казнак, Демай, Катма, Кайраккум, Көк Тонду, Катаган, Жийдели, Шоркөл айыл-кыштактарын өз кучагына камтыган чоң аймакты ээлеп тургандыгы айтылат. Ал эми, Ажы бийдин агасы Жапардын журту деп, Чаткал тоосунун этегинен орун алган Курамага канатташ жайгашкан Аксак Ата, Нур Ата, Арашан, Алмазар жана Күмүшкен тараптагы айыл-кыштактардан турган аймак айтылып келет. Чапкылдык уруусу бул аймактарда Манас баатыр заманынан бери жашап келатканын уруунун санжырачысы Акматали Ормошов макалаларында жазып келет.

Эпостун бардык варианттарында Кожокент Аргындын Каракожосунун калаасы катары эскертилип, бул шаарды Манас Каракожого курдурганы төмөнкүчө айтылат:

Кайрак-Кумдун кысыкта,

Кайрылыш (Могол тоо) тоонун урчукта,

Кожокент калаа куруптур.

Курдурган муну Кожокең,

Касаба кылып-бекемдеп

Арстан Манас өзү айткан.

Аталсын деп Кожокент.

(Кыдыралынын варианты.)

«Манас» эпосундагы «Чаркоо», «Окчу» деген этнонимдер жана «Ыспара» деген топонимдер тууралуу:

Окчу кыргыз уругу,

Ыспаранын улугу,

Көкжору чыкты бу жактан,

Баскан бойдон байпактап

Байкап келди тыяктан (Сагымбай Орозбаков, 2. 51).

Ыспара – бүгүнкү күндө Тажик Республикасындагы райондун борбору. Чапкылдыктардын санжырасында Ыспараны ондогон жылдар бою Түлкү-бий башкарып тургандыгы тууралуу айтылат. Ата-энесинен эрте ажырап, туугандардын колунда чоңоюп, эр жеткен Түлкү-бийдин тукуму Калматай ата-тегин сураштырганда: «Калматай Түлкү, Ыспара-Чорку – атаңдын мүлкү» деп, айыл аксакалдары айткан сөз азыр деле эл арасында айтылып жүрөт. Учурда Ыспара тарапта тажик, өзбөк улутунун өкүлдөрү менен кошо кыргыздын абат, чапкылдык, кыпчак жана найман уруулары жашайт. Манас эпосунда:

Аргын Каракожо бар

Найман, дуулат кошо бар.

Орчун кыргыз уругу

Окчу каракесек бар.

Чаркоо менен катаган

Баарыбыз бир атадан-деп, айтылат.

Эпостогу айтылган «окчу» этноними жөнүндө сөз кылганда, биринчиден анын маанисине көңүл буралы. «Окчу»- жаа аткыч мерген же орус тилинде «стрелок лучник» дегенди туюндурат. Ошондой эле «окчу»- уучу(охотник) дегенди да билдирет. Лейлекте «Оочу» деген топоним бар. Оочу -уучу, аңчы, мерген деген маанини туюндурат. Ошондой эле Өзбекстандын Фергана облусунун Өзбекстан районунун аймагында, Кокон шаарына жакын чапкылдыктар жашаган Окчу кыштагы бар.

Чаркоо тажикчеси Чорку(Чоркух). Чорку – Тажикстандын Согду облусундагы Исфара районуна караштуу кыштак.

Кулунду - азыркы Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу өрөөн. Илгертен бул өрөөндө кыргыздын чапкылдык уруусу байырлап, ээлик кылып келген. Падышалык Россиянын тушунда административдик жактан Чапкылдык волостуна карап турган. 1950-жылдары пахта талаасы үчүн совет бийлиги өрөөндү өздөштүрүп, Өзгөрүш, Катраң, Карасуу айылдарынан абаттарды, Баулдан каңдыларды, Коргондон кесектин эшкара уругун, Коросондон кесектин кызылаяк уругун, Булакбашыдан чапкылдык менен тейитти, Төө-Моюн менен Бешкенттен чапкылдыктарды көчүрүп келген). Эпосто Кулунду аймагы төмөнкүчө айтылат:

Алтайдагы Кулунду,

Андан көчүп келгендер.

Ата-бабаң мекени,

Алатоодо Кулунду,

Аздектеп бекем ээлегин.

(Кыдыраалынын варианты).

Ал эми, эпосто айтылган Кайраккум кыштагы жана ага жанаша турган Көк Тонду айылы чапкылдыктар жашап тургандыгы тууралуу чапкылдык уруусунун санжырасында айтылат. Ал тургай Көк Тонду айылында чапкылдыктарга таандык байыркы мазар бар.

Чапкылдыктар жашаган аймакта Мазар-Тал деген Каратоонун боорундагы кыштак бар. Мазар-Тал «Манас» эпосунда Тал-Мазар катары учурайт. Алгач кыргыздын абат, найман жана чапкылдык урууларынын өкүлдөрү жашаган кыштак. Жергиликтүү эл бул жерди ыйык жер деп санашат. Анткени, байыркы мазар жана үңкүр бар. Дарылык касиетке ээ булак суулары бар мазар. Колхоздоштуруу мезгилинде кыргыздарды Маданият кыштагына көчүрүшкөн. Маданият кыштагында кыргыздар өзбөктөр менен аралаш турган. Тал-Мазар - "Манас" эпосундагы топоним. Кошойдун кеңеши боюнча Алтайга жол тартып баратып, Тал-Мазарда конот. Эпосто Акбалтадан Кошой алптын кабарын уккан Манас аны издеп чыгып, Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөдөн таап жолугат. Кошойдун кеңеши боюнча Алтайдан 40 үйлүү элин көчүрүп келмек болуп кайра кайтып бараткан жолдо Манас "Тал-Мазар жетип конду эле" – деп, айтылат. (Саякбай Каралаев, 1. 121). Мазар-Тал – бүгүнкү күндө Тажик Республикасынын Канибадам районуна караштуу кыштак.

Чапкылдык уруусу: Жапар, Тайлакы, Бакыбек, Салимбек, Дидар, Асанали, Калтатай, Имамшайык, Каландар, Карапорчо болуп, 10 уруктан турат.

Чапкылдык уруусунун аталышынын этимологиясы боюнча бир канча варианттар айтылып жүрөт. Биринчи вариантында чапкылдык “чапколдук” дегенди(«чап» -сол, «кол»- кол же сол колдук) түшүндүргөн. Бул вариант чапкылдыктар Сырдарыянын сол жээгинде же “чап кол” тарабында жайгашкандыктан аларды башка элдер “чапколдуктар” деп атагандыктан улам келип чыккан. Экинчи вариантында чапкылдык деген сөздун уңгусу “чапкы”, “чапты”, “чапкылы” дегенден келип чыккан деп айтылат. Учүнчү варианты боюнча чапкылдык – “чаптык”, “чаап алдык” деген мааниде айтылып, согуштарга көп катышкан согушчан, жоокер эл дегенди туюндурат.

Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүктүн 241-бетинде: «Ташкенттик кыргыздар жалпы жонунан өздөрүн «чапкылдыктар» дешет. «Чап» - сол, «кол» - «сол колдогулар», «сол канаттагылар» деген маанини туюнтат. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Баткен областындагы Лейлек, Баткен, Жалалабаддын Сузак райондорунун аймактарын байырлашат. Чапкылдыктар - кыргыз урууларынын генеалогиялык классификациясында ичкилик (Булгачы) уруулук тобуна киришери маалым. Ташкендик кыргыздар мурун Чаткал кырка тоолорунун батыш капталынан орун алган Нурек-Ата, Аксак-Ата деген абдан кооз жерлерде жашашыптыр. Уламыштар боюнча: Нурек-Ата, Аксак-Ата, Берки-Ата, Көк-Терек-Ата, Көк-Ата, Ак-Билек-Ата, Арап-Ата - жетөө тең бир атанын балдары экен. Бул жерлер кээде жалпы жонунан Алтын-Бел деп аталат» -деп, жазылган. (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. / Түз. О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев/ Б.: Бийиктик, 2005.).

Чапкылдык - кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген уруулардын бири катары уруунун өкүлдөрүнүн тилдик өзгөчөлүгү же говору, каада-салты, кийим-кечеси, ырдоо манералары, кол өнөрчүлүгү жана чарбачылыгы ичкилик кыргыздарынан эч айырмасы жок, окшош экендигин жазуучу Нууман Сайдуллаев “Кызыл”(2007) деген китебинде жана санжырачы Акматали Ормошов өзүнүн макалаларында белгилеп кеткен.

Чапкылдык уруусунун изилденбей калышынын себептери.

Падышалык Россия Туркистанды басып алгандан кийин бул аймактан орус бийлиги материалдык байлыктарды гана эмес, биз үчүн алтындан да кымбат байлыгыбыз болгон китептерди, кол жазмаларды да элден жыйнап, алып кетишкен. Совет доорунда да бийлик китептерди элден жыйнап, борборго алып кетүүнү уланткан. Айрым китептерди совет бийлигинин саясатына, жүргүзгөн идеологиясына туура келбейт деп, жеринде эле өрттөп жок кылышкан. Уруучулдук менен улутчулдукка каршы аябагандай катуу күрөш жүргөн. Мектептерде, окуу жайларда партия менен орус элинин тарыхын окутушкандыктан, жергиликтүү эл өз тарыхын билбей калган. Ошентип, советтик идеологиянын натыйжасында көпчүлүк эл жети атасын да айта албай калган.

Мындан сырткары, кезинде Лейлек районунун аймагындагы уруулар, анын ичинде чапкылдык уруусу да жакшы изилденбей калганынын себептери төмөнкүлөр. Биринчиден, райондун борбордон алыстыгы себеп болсо, экинчиден Падышалык Россиянын жана Совет бийлигинин алгачкы жылдары(1917-1926) азыркы Лейлек районунун аймагында Чапкылдык, Бөксө-Сибирги жана Исфана волосттору Самарканд облусунун Ходжент уездине карап тургандыктан маалыматтар жана документтер Ходжент, Самарканд архивдеринде калып калган. Советтик идеологияга суугарылып калган элдин өзү деле тарыхка кызыккан эмес. Дагы бир себеби, репрессиядан коркуп калган жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн арасынан өз элинин тарыхы менен санжырасын иликтеп, изилдеген тарыхчы адистер Эгемен Кыргызстанга чейин чыккан эмес.

Кыргыз уруу-уруктарын изилдеп, кагазга түшүргөн илимпоздор Ташкент, Кокон, Яззаван, Наманган ж.б. тараптагы чапкылдыктарга көңүл бурбай, Ходжент уездиндеги чапкылдыктар тууралуу гана жазышкан. Совет доорунда Лейлек районунун аймагындагы чапкылдыктар менен гана чектелишкен. Бардык кыргыз санжырачы жана тарыхчылары чапкылдыктар тууралуу үстөртөн гана маалымат беришкен. Ошол себептен чапкылдыктар кыргыз тарыхчылары тарабынан толук жана терең изилденбей калган. Эгемен Кыргызстандын тушунда гана чапкылдыктар боюнча маалыматтар илимий оборотко алына башталды десек жаңылбайбыз.

Чапкылдык уруусу боюнча уруунун түзүмүн жана курамындагы бардык урук-топторунун генеалогиялык схемасын камтыган санжыра китептин жоктугунан санжыра иликтөөчүлөр, санжырачылар деле «уккан кулакта жазык жок» деген принцип менен, чапкылдыктарды бири найманга, кээ бири кесекке кошуп келишкен.

Чапкылдыктар жашаган аймактар.

Кокон хандыгынын тушунда Кокон, Ходжент, Маргалан, Андижан, Наманган, Ташкент ж.б. вилайеттердин, Курама бектигинин аймагында жашаган чапкылдыктар тарабынан негизделген ондогон айыл-кыштактар болгондугу маалым. Ходжент тарапта: Бешкент, Эски-Оочу, Сүлүктү, Маргун, Даргаз, Дархун, Сегизтам, Аззаар, Овут, Акжар жана Сырдарыяга жакын турган Кулан-Баш, Казнак, Демай, Катма, Кайраккум, Көк Тонду, Катаган, Жийдели, Шоркөл айыл-кыштактары. Кокон тарапта: Калтатай, Казыкузат, Дарторкончу, Кудаяркан чек, Малахан чек, Окчу, Жаман-Жар ж.б. Маргалан тарапта: Чапкылдык ж.б. Андижан тарапта Хаккулу-Абад, Ак-Тепе ж.б. Наманган тарапта: Когой, Кайкы ж.б. Ташкент-Курама тарапта: Аксак-Ата, Нур-Ата, Алмазар, Арашан ж.б.

Падышалык Россиянын тушунда чапкылдыктар административдик-аймактык жактан Туркестан генерал губернаторлугунун (Туркестан крайынын) Сырдарыя облусунун Ташкент (Курама), Самарканд облусунун Ходжент жана Фергана облусунун Кокон, Маргалан, Андижан, Наманган ж.б. уездеринде жайгашкан. Жайгашкан жерине карап, Чапкылдыктар Падышалык Россиянын тушунда 3 чоң бөлүккө ажырап: кожонттук, ташкенттик жана ферганалык(кокондук, яззавандык) деп атала баштаган.

Туркестан генерал губернаторлугунун (Туркестан крайынын) Самарканд облусунун Ходжент уездине караган чапкылдыктар өзүнчө болуштук болуп, уруунун атынан Чапкылдык болуштугу деп аталат. Чапкылдык волосту курамында Эски-Оочу, Бешкент, Маргун жана Мадыген айылдык жамааттар болуп, 13 айыл-кыштактан турган.

Чапкылдыктар тарабынан негизделген айрым айыл-кыштактар Чапкылдык волостуна чектеш волосттордун аймагында калып калган. Мисалы, Кокон уездине караштуу Махрам волостунда чапкылдыктын Асанали уругу тарабынан негизделген Каракчыкум, Канибадам волостунда Шор-Коргон жана Баатыр-Коргон. Ошондой эле Ходжент уездинин Кистакөз волостуна караштуу Кистакөз кыштагынын чыгыш тарабында Дидар уругунун өкүлдөрү жашаган, ал эми батыш тарабында Бакыбек уругунун өкүлдөрү жашаган махалла(квартал) болгон. Исфара волостунда чапкылдыктар Матпари, Кыргыз-Кыштак айылдарында жашаган.

Туркестан генерал губернаторлугунун (Туркестан крайынын) Фергана облусунун аймагындагы чапкылдыктар административдик жактан Кокон, Маргалан жана Андижан уезддеринин волостторуна карап калат. Кокон уездине караштуу Кудаш, Жайпан волосттору жана Маргалан уездине караштуу Яззаван, Яккатут волостторунда чапкылдыктар негиздеген бир канча айыл-кыштактар болгон. Мисалы, Кудаш жана Жайпан волосторунда: Казыкузат, Дарторкончу, Кудаяркан чек, Малахан чек, Окчу, Жаман-Жар ж.б. Ал турсун чапкылдыктар Кудаш болуштугунда жетекчилик кызматтарды ээлеп турушкан. Мисалы, Шоорук бийдин баласы Эргеш Кудаш волостунда казы болуп иштеген. Андижан уездинин Нарын волостуна караштуу чапкылдыктар негиздеген кыштактар: Чек Кайкы, Когой, Кызыл-Тоо ж. б.

Туркестан генерал губернаторлугунун(Туркестан крайынын) Сырдарыя облусунун Ташкент(Курама) уездинин Искандер волостунун аймагында чапкылдыктар негиздеген Аксак-Ата, Нурек-Ата (Нурөкүм), Алмазар, Арашан ж.б. кыштактар болгон.

Учурда чапкылдыктар Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында, Тажикстандын Согду облусунун Исфара, Канибадам, Гафуров жана Жабар Расулов райондорунун аймагында, Өзбекистандын Ташкент облусуна караштуу Бөкө, Паркент, Газалкент, Бостанлык, Жогорку Чирчык райондорунун аймагында, Фергана облусунун Кокон, Маргалан шаарларынын айланасында, Яззаван, Учкоприк, Багдад жана Өзбекистан райондорунун, Наманган облусунун Учкоргон, Нарын жана Мингбулак райондорунун, Андижан облусунун Балыкчы районунун аймагында жайгашкан. Ошондой эле Бишкек шаары жана Чүй облусунун Карабалта шаары, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун аймагында жашап келишет. Кыргызстан аймагында чапкылдыктардын жалпы саны 60 миңдей. Тажикстанда мурда 20 миңдей болсо, азыр болгону 8-10 миңдей чапкылдык бар. Ал эми Өзбекистандагы чапкылдыктардын жалпы саны 100 миңден көп болот. Жыйынтыктап келгенде чапкылдыктардын жалпы саны 200 миңдей болот.

Чапкылдык уруусу боюнча жазма булак жана тарыхый маалыматтар.

Падышалык Россиянын тушунда жазылган тарыхый эмгектер жана маалыматтар.

Чапкылдыктар боюнча Падышалык Россиянын тушунда орус окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана чиновниктери тарабынан жазылган маалыматтар арбын учурайт. Айрыкча:

1. А.А. Кушакевичтин «Сведения о Ходжентском уезде»(1871);

2. А.П. Федченконун «Путешествие в Туркестан» (1875);

3. Н.С. Лыкошиндин «Чапкуллукская волость Ходжентского уезда»(1906);

4. В.Н. Зайцевдин «Памир - центр Туркестана»(1903);

5. И. И. Зарубиндин “Список народностей Туркестанского края”(1925);

6. И. И. Зарубиндин “Население Самаркандской области. Его численность, этнографический состав и территориальное распределение”(1926);

7. К. К. Палендин «Отчет по ревизии Туркестанского края, произведенной по высочайшему повелению сенатором гофмейстером графом К.К. Паленом» (1909 – 1911) ж.б. эмгектеринде маалыматтар камтылган.

А.А.Кушакевич 1871-жылы чапкылдык туурасында: «Ходжент уездинин көчмөн калкы – кыргыздар. Алар уезддин түштүк жана түштүк-чыгышын ээлеп турат. Уезддин кыргыздары эки бөлүккө бөлүнүшөт. Биринчиси, чап колдук(чапкылдык) же сол колдук кыргыздар жана экинчиси – кесек. Биринчилеринин басымдуу бөлүгү Дашты-Рабат өзөнүнө жакын жана Бешкент капчыгайынын жогорку тарабындагы кокту-колоттордо кыштаса, азыраак бөлүгү Кетмен-Көл, Курук-Сай өзөндөрүнөн түштүктө же Тагап, Тазак жана Андарханга бет маңдай жактарда кыштайт. Жайлоосу Дашты-Рабат өзөнүнүн өрөөнү жана Майдан, Тактауз. Чапкуллук төмөндөгүдөй: Тайлакы, Абду-Жапар, Ходжа-Тукше, Калта-Тай, Гассан – Али ж.б. уруктардан турат» деп жазат.

Орус окумуштуусу, биолог, географ жана саякатчы, Борбордук Азияны изилдөөчү – А.П.Федченко 1871-жылы Лейлек, Исфара, Ворух, Кара-Булак, Сох аймактарында жайгашкан элдердин турмуш-тиричилигин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн изилдеп, жазып калтырган. А.П. Федченко Ходжент уездиндеги(азыркы Лейлек районунун аймагындагы) кыргыз уруулары жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды берет:«Түштүк-батыш багытта көбүнчө кыргыздардын кыштоосу болгон анча чоң эмес Лейлек деген айыл жайгашкан. Ошол Лейлек айылына жакын тоолордо аваат, андан ары батышта кесек жана чапкулук(чапкылдык) кыргыз уруулары көчүп жүрүшөт».

Памир отрядынын начальниги, полковник В.Н. Зайцев 1903-жылы Памирдеги кыргыздар тууралуу жазган маалыматында чапкылдык уруусу да кездешет. «Мургаб аймагында дурбаил, науруз, текрен, чапкындык, чал тейит, кыпчак, кара тейит жана башка уруулар жашайт»-деп, жазат В.Н. Зайцев.

Н. С. Лыкошин 1906-жылы жазган «Чапкуллукская волость Ходжентского yездa. Опытъ исследования экономических ycловий жизни ее населения» деген макаласында: «Таким образом, составилась отдельная Чапкуллукская волость из Бишкендскаго, Иске-Аучинскаго, Маргумскаго и Мадыганскаго сельских обществ. Земли, входящая в состав Чапкуллукской волости, начиная от оврага Сулютки(сүлүктү), тянутся узкой полосой по обоим берегам горной речки Ходжа-Бакырган и распространяются затем дальше, на восток, до границы Самаркандской области с Ферганской, с ее Кокандским уездом»-деп, жазат. Ошондой эле кыргыздын чапкылдык деген уруусу азыркы жашап турган аймакка бир мезгилдерде Алай тараптан келип, жайгашып калгандыгы тууралуу жазган. Мындан сырткары Лыкошин чапкылдыктардын килеми тууралуу да маалымат берет. Анын айтымында чапкылдыктардын килеми шаардыктар тарабынан жогору бааланып, дайыма өз кардарын таба турган баалуу жана сапаттуу товар болуп эсептелинет.

Чапкылдыктар тууралуу маалыматтар Абдурахман аптабачыга байланыштуу: «1870-жылдын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Абдурахман аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө суранып кат жазган. Натыйжада, лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 пансаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан» -деп жазылган Кыргызстандын жана Өзбекистандын Улуттук энциклопедияларында кездешет. (“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006; Национальная Энциклопедия Узбекистана, "Абдурахмон офтобачи" стр. 43;). Бул маалыматтардан Кокон хандыгынын тушунда чапкылдык уруусу саясий күчкө ээ болгондугун жана ошол кездеги саясатчылар чапкылдыктар менен эсептешип турганы туурасында билсек болот.

Совет доорунда чапкылдыктар тууралуу жазгандар.

1. Сыдыков Абдыкерим «Краткий очерк истории развития киргизского народа» (1926); «Родовое деление киргизов» (1927).

2. Винников Я. Р. «Родо-племенной состав и расселение киргизов на территории Южной Киргизии / Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции» (1956).

А.А. Кушакевичтин «Сведения о Ходжентском уезде»(1871), А.П. Федченконун «Путешествие в Туркестан» (1875) Н.С. Лыкошиндин «Чапкуллукская волость Ходжентского уезда»(1906), В.Н. Зайцевдин «Памир - центр Туркестана»(1903), И. И. Зарубиндин “Список народностей Туркестанского края” (1925), “Население Самаркандской области. Его численность, этнографический состав и территориальное распределение” (1926), “Отчёт об этнологических работах в Средней Азии летом 1926 г.” (1927) деген эмгектери менен таанышпастан туруп, эң негизгиси Абдыкерим Сыдыков чапкылдыктар жашаган аймакка барбай туруп, башкалардан чапкылдыктар тууралуу уккандарына таянып, чапкылдыктарды найман уруусунун бир уругу деп жазган. Я. Р. Винников чапкылдык уруусунун өкүлдөрүнө жолукпастан, Абдыкерим Сыдыковдун китептериндеги маалыматтарга жана уккандарына таянып, кыргыз элинин этникалык картасын түзгөндө наймандын бир уругу катары карап, чапкылдыктар жашаган аймакты найманга кошуп койгон. А.Сыдыков да Я.Винников да чапкылдыктардын тарыхы менен санжырасына, уруулук түзүлүш структурасына, курамына маани беришкен эмес.

Бул боюнча чапкылдыктын санжырачысы Акматали Ормошов 2010-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында өткөн Ичкиликтердин 1-Курултайында “биз найманга кирбейбиз, чапкылдык өзүнчө уруу” -деп, айтып чыккан. Жыйынтыгында курултайдын делегаттары чапкылдык ичкиликтер тобуна кирген кыргыздын 40 уруусунун бири деп чечим кабыл алышкан.

Фергана Мамлекеттик педагогикалык институтунда көп жыл иштеген этнограф, тарых илимдерин доктору Стелла Ситдиковна Губаева Фергана өрөөнүнүн калкы тууралуу жазган эмгектеринде Яззаван, Яккатут жана Исфара волосторундагы чапкылдыктар жөнүндө маалыматтар бар. (Этнический состав населения Ферганы в конце XIX - начале XX в. : (По данным топонимии) / С. С. Губаева. - Ташкент : Фан, 1983; Губаева С.С. Население Ферганской долины в конце XIX - начале XX в. (этнокультурные процессы), Ташкент, 1991). Губаева чапкылдыктар Маргалан тарапка Ходжент уездинен келгендигин жазган. Ошондой эле чапкылдык уруусу Фергана өрөөнүнө Кашгариянын Жанбоз деген жеринен келген деп, жазат. Губаеванын маалыматы чапкылдык уруусунун аксакалдарынын: «Мурда биздин ата-бабалар Койбоз, Жанбоз деген жерлерде жашаган. Чапкылдык уруусу ошол жактан келген» -деп, айткандарына дал келет.

1990-жылы Ошпединститунун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү Орунбай Ахмедов этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, Эртабылды Сулаймановдун жетекчилиги астында «Ош областынын түштүк-батыш райондорунун калкынын этникалык тарыхы (Чапкылдык уруусунун мисалында)» деген темада коргогон дипломдук иште чапкылдыктар кыргыздын 40 уруусунун бири катары каралган. 1993-жылы 29-августта Лейлек районуна караштуу Маргун айылында Жалпы Чапкылдыктардын 1-Курултайы болгон. Курултайга Кыргызстандын чапкылдыктар жашаган ар кайсыл аймактарынан, Өзбекистан, Тажикстандан делегаттар келишкен. Жалпы жонунан эки миңдей адам катышкан. Курултайды Маргун орто мектебинин директору Акматали Ормош уулу ачкан. КР Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Жолдошбай Малабаев өзүнүн баяндамасында чапкылдык кыргыздын 40 уруусунун бири деп айткан. Жыйынтыгында Курултайга чогулган эл жана жер-жерлерден келген делегаттар чапкылдык кыргыздын 40 уруусунун бири деп чечим кабыл алышкан.

Эгемен Кыргызстандын тушунда гана кыргыз окумуштуулары тарабынан чапкылдык уруусуна көңүл бурула баштады.

Тарых илимдеринин доктору, Жолдошбай Малабаев : «Чапкылдык өзүнчө уруу экендигинде шегим жок. Анткени, 1995-жылы басмадан чыккан «Мурас» деген китепте Акматалы Ормошовдун жазганына караганда чапкылдыктар Алтайдан келгенден беркиси эле 14 муун болуптур. Андан ар жагын да кошсо канча муун болорун изилдеп чыгыш керек. А. Ормошов «...ошол мезгилден ушул учурга чейин 14 ата же муун алмашты»- деп, жазган. Белек Солтоноев деле «Кызыл кыргыз тарыхы»(1993) деген китебинде Долон бийдин балдары Адигине менен Тагайдан тараган урууларга 13-15 ата менен барат. Орто эсеп менен 14 ата болот деп жазып жатпайбы» -деп айткан. Ал эми Ж. Малабаев «Чапкынчылар»(1996) деген китебинде чапкылдык уруусу боюнча : «... чапкылдыктар Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын айрым райондорунда, шаарларында турушат. Бардык уруктары, топтору жөнүндө али толук маалымат жыйнала элек. Азырынча чапкылдыктын айрым урук-топтору жөнүндө гана сөз болмокчу. Жалал-Абад шаарына караштуу Чапкындык кыштагында (баштагы Тайгара атындагы совхоздо) Бакыбектердин Мөндөкө, Дидар, Темирбай, Калтатай жана Кочкорлор топторунан жүзгө жакын үй-бүлө турат. Булар Кокон кандыгы убагында Лейлектен, Маргаландан көчүп келишкен» -деп жазган.

Белгилүү тарыхчы, этнограф, тарых илиминин доктору Олжобай Каратаев өзүнүн илимий эмгектеринде Өзбекистандын аймагында жашаган кыргыздар жана анын ичинде чапкылдыктар тууралуу да баалуу маалыматтарды жазган. Ал эми, анын 2003-жылы жарык көргөн «Кыргыз этнонимдер сөздүгү» деген китебинде чапкылдыктар кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген өзүнчө уруу деп жазат.

Ошондой эле атактуу географ окумуштуу, география илимдеринин доктору Курманали Матикеев да 2004-жылы басмадан чыккан «Кыргыздардын тарыхый географиясы» деген китебинде: «Баткен облусунун аймагында жана Өзбекстандын аймактарында чапкылдыктар («чап кол» сингармония болуп «чапкыл» формасына өзгөрүп кеткен) жашап, алар түздөн-түз Солтовлуктардын урпактары болуп эсептелинет. Алгач чапкылдыктар (чап колдуктар) Оштун Кыргызчек аймагында жашап, жер талашта жеңилип, батыш чөлкөмдөргө ооп кетишкен. Себеби, ичкиликтер согушчан эл болуп, жеңсе отурукташып, жеңилсе ал аймактан биротоло кетип калышкан. Ошондуктан алар Евроазия чөлкөмдөрүндө чачыранды абалда жайгашып калган. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Иран жерине ооп барып кашкулдар деп аталып калган»-деп, жазган.

Кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген кыргыз урууларынын тарыхы менен санжырасын изилдеп, иликтеген белгилүү санжырачы Сабыт Саттаров «Лейлек тарыхы» (2004), «Абат тарыхы,санжырасы жана ичкилик кыргыздар»(2009) деген эмгектеринде чапкылдыктар ичкиликтер уруулук бирикмесине кирген кыргыздын 40 уруусунун бири деп баса белгилейт. Нууман Сайдуллаев(Нууман Саади) өзүнүн «Хан Шырдак» (2000) роман дастанында жана «Кызыл» (2007) деген тарыхый романында чапкылдыктар тууралуу жазган. Автор «Кызыл» деген тарыхый романында чапкылдык уруусун «чапкол» деп атап, байыркы 21 уруудан турган ичкиликтердин катарына кошкон. Бул боюнча Музафар Үсөн ичкиликтердин сол канатын түзгөн уруу болгондуктан «чапколдук» деп аталып, бара-бара «чапколдук» деген «чапкылдык» болуп өзгөрүшү мүмкүн деген оюн билдирген. Чапкылдыктар - булар «чапколдуктар» же сол колдук кыргыздар деген оюн кыргыздын Кыдырша уруусунун төрагасы, «Кыдырша» китебинин түзүүчүсү Ражабали Кадыров да айтып жүрөт.

2002-жылы пайдаланууга берилген Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух - Ордо» маданий борборунда Ташкул Керексизов түзгөн кыргыз элинин генеалогиялык дарагында чапкылдык уруусу кыргыздын 40 уруусунун бири катары ичкиликтер тобундагы уруулар менен чогуу турат.

Белгилүү санжыра иликтөөчү, ичкиликтер тарыхын изилдеген Камил Орозбаев «Ичкилик элинин тарыхы» (2020) деген китебинде чапкылдык уруусу тууралуу кеңири маалымат берген. Китепте автор чапкылдык кыргыздын 40 уруусунун бири экендигин далилдеп чыккан.

1928-жылы волосттор жоюлуп, райондор түзүлөт. Волосттор менен кошо айылдык жамааттар да жоюлуп, ордуна айылдык кеңештер пайда болот. Бул боюнча БатМУнун доценти, т.и.к., Таиров К.А. 2014-жылы жазган «Сүлүктү районунун түзүлүү тарыхы, социалдык-экономикалык жана демографиялык көрсөткүчтөрү» деген макаласында Чапкылдык волосту жөнүндө жана Сүлүктү районунун аймагында жаңыдан түзүлгөн чапкылдыктар жашаган айылдык кеңештер: Эски-Оочу а/к, борбору Сүлүктү(азыркы Булак-Башы) айылы, Бешкент а/к, борбору Тагап айылы, Маргун а/к, борбору Маргун кыштагы тууралуу жазган. Ошондой эле БатМУнун тарыхчы мугалимдери Шеров Ш.Б., Канназарова Б.У. 2021-жылы өздөрүнүн «История и быт этнических кыргызов проживающих в Исфаринском районе Согдийской области Республики Таджикистан» деген илимий макаласында Исфара районундагы чапкылдык уруусунун өкүлдөрү жана алар жашаган айыл-кыштактар жөнүндө жазышкан. Чек ара маселелери боюнча ири адис, география илимдеринин кандидаты, Аламанов С.К. өзүнүн «Анклавы в Центральной Азии: история вопроса и современные проблемы» деген макаласында (Постсоветские исследования. – М., – 2018. Т. 1. № 5) Чапкылдык волосту тууралуу жазган. КР Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Каныбек Ботобаев Россиянын социалдык-саясий тарыхынын мамлекеттик архивиндеги (Ф. 62. Оп. 2. Д. 105. Л. 29-48) документке таянып, 2023-жылы «Право и политология» деген эларалык журналга жарыялаган макаласында:«...площадь Исфаринской волости Кокандского уезда всего 225 кв. вёрст (25 600 га), а площадь Канибадамской волости 154 кв. вёрст (17 525 га), площадь Чапкулукской волости Ходжентского уезда Самаркандской области 1151 кв. верст(130 984 га) и площадь Бакса-Исфанейской волости 915 кв. верст (104 127 га)» -деп, Чапкылдык волостунун аянтын 130 984 гектар экендигин көрсөткөн.

Чапкылдык волосту жана чапкылдык уруусу тууралуу маалыматтар Тажикстандык окумуштуулардын эмгектери жана макалаларында да учурайт. Мисалы :

1. Турсунов Бустон Рахмонович, к. и. н., «Этнический состав населения северного Таджикистана в XVIII – XXI вв.». 2018., Худжанд, Таджикистан.

2. Мамадалиев Иномджон Абдусатторович «Финансовая деятельность русской администрации в Ходженте в 1874-1876 годы (отношение власти и народа)», Вестник Таджикского Национального университета, 2019. № 1.

3. Исмаилова Машхура Буховатдиновна «Административная система Чапкулукской волости Ходжентского уезда». 2022. Худжанд, Таджикистан.

4. Холджураев Хабибулло Холджураевич, Дехконов Норали, Таиров Кубаныч «Из истории населения Чапкульдыкской волости Худжандского уезда Самаркандской области». 2010. Худжанд, Таджикистан.

5. Усмонов Неъматджон Насимович. История русского административного управления в Ходжентском уезде по письменным источникам и архивным материалам (1866-1917 гг.) 2020. Худжанд, Таджикистан.

6. Каримова Кумринисо Осимовна «К.К. Пален об административном устройстве(на примере Ходжентского уезда). 2019. Худжанд, Таджикистан.

7. Дехконов Н. Денгиз остида колган кишлоклар. – Худжанд, 1998.

Мындан башка чапкылдык уруусунун өкүлдөрү Кочкор Батыров, Орунбай Ахмедов, Жунус Анарбаев тарабынан да жазылган китептерде макалаларда чапкылдык уруусу кыргыз тарыхында өз орду бар уруу экендигин тастыктаган ой-пикирлер айтылган.

2023-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарында Чапкылдык уруусунун 4-Курултайы болуп өттү. Курултайда Чапкылдык уруусунун расмий санжырачысы Акматали Ормошов чапкылдыктар тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле «Чапкылдыктар» жана «Чапкылдыктар баяны» деген Орунбай Ахмедовдун калемине таандык китептердин бет ачаары болду.

Жети-Өгүз районунда 2024-жылдын 27-сентябрында ачылган Санжыра музейиндеги кыргыз элинин генеалогиялык дарагында чапкылдык уруусу кыргыздын 40 уруусунун бири катары ичкиликтер тобундагы уруулар менен бирге турат.

«Чапкылдык» аталышы.

1. Чапкылдык – кыргыздын 40 уруусунун биринин аталышы.

2. Чапкылдык(Чапкуллук) - Падышалык Россиянын Туркестан генерал губернаторлугунун(Туркестан крайынын) Самарканд облусунун Ходжент уездине караштуу административдик бирдик - волость.

3. Чапкылдык - Өзбекистандын Фергана облусунун Яззаван районуна караштуу кыштак. Почта индекси -150607.

4. Чапкылдык – КР Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа(Маргун) айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кереге-Таш(Даргаз) айылындагы байыркы мазар, көрүстөн.

5. Чапкылдык – КР Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа(Маргун) айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мурас(Маргун) айылындагы көчө.

6. Өзбекистандын Фергана облусунун Яззаван районуна караштуу Чапкылдык кыштагындагы көчө.

7. Чапкылдык – КР Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн коомдук бирикме.

Орунбай Ахмедов

Адабияттар:

1. «Манас» эпосу, Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. II китеп. Фрунзе, 1979.

2. Этнический состав населения Ферганы в конце XIX - начале XX в. : (По данным топонимии). С. С. Губаева. - Ташкент : Фан, 1983.

3. Население Ферганской долины в конце XIX - начале XX в. (этнокультурные процессы), Ташкент, 1991. С.С. Губаева

4. «Манас» эпосунун сөздүгү. Түзгөндөр: Абдылдаев Э. Сарыпбеков Р. Акматалиев А. Садыков Б. Бишкек,1995.

5. «Маргун баяны» А.Ормошов, Ж.Каримов. 1995.

6. «Чапкынчылар» Ж.Малабаев. 1996.

7. «Кыргыз этнонимдер сөздүгү» О.Каратаев, 2003.

8. «Кыргыздардын тарыхый географиясы» К.Матикеев, 2004.

9. «Лейлек тарыхы» Г.Мадаминов, С.Саттаров, М.Жороев, Ж.Каримов. 2004.

10. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түз. О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев. 2005.

11. «Кызыл» тарыхый роман Нууман Саади. 2007.

12. «Чапкылдык, Чапкынчылардын санжырасы» А.Ормошов, Ж.Каримов. 2009.

13. «Абат тарыхы,санжырасы жана ичкилик кыргыздар» С.Саттаров, 2009.

14. «Чапкылдыктар тарыхы» К.Батыров, 2010.

15. «Ичкилик элинин тарыхы» К.Орозбаев, 2020.

16. «Чапкылдыктар» О.Ахмедов, 2023.

17. «Чапкылдыктар баяны» О.Ахмедов, 2023.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×