Добавить статью
22:29, 11 марта 2024 1258

Түркистан(Туран) - түрк элдеринин алтын бешиги

Түркистан – «түрктөрдун жери» деген мааниде айтылган тарыхый-географиялык аймактын аталышы. Бул аталыш жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгүн түркий элдер түзгөндөн улам келип чыккан. Скандинавия элдеринин 13-кылымда жаралган «Инглингтер тууралуу Сага» деген эпикалык чыгармасында Түркистанды «Туркланд» деп аташкан.

Түркистан: Батыш Түркистан, Чыгыш Түркистан жана Түштүк Түркистан(Ооган Түркистаны) болуп, үч бөлүктөн турган. Батыш Түркистан аймагында азыркы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекистан, Тажикстан жана Туркменистан мамлекеттери жайгашкан. Чыгыш Түркистан аймагы Кытай Эл Республикасынын курамына өтүп кеткен мурдагы Уйгурстан азыркы Шиңжан аймагы. Ал эми Түштүк Түркистан(Ооган Түркистаны) азыркы Афганистан мамлекети жайгашкан аймак.

Чындыгында түрк элдери Түндүк Монголия, Саян, Алтай, Кыпчак талаасы, Түркистан аймактарын байыртан эле мекендеп келгендиги белгилүү. Ал эми хуннулар доорунда Европа чейин барып, ал жакта Аттиланын тушунда Европа гундарынын империясын түзүшкөн. Ошондой эле түрк элдеринин өкүлдөрү Египетте Мамлюктар мамлекетин башкарышкан.

Түркистан мурда Туран деп аталган. Туран – турлардын мекени деген түшүнүктү берген. Тур – орусча «первобытный бык» же «бука» деп которулат. Ал эми кыргыз тилинде өгүз буканын синоними катары айтылат. Демек, Туран – өгүздөрдүн же түрктөрдүн мекени деп айтсак болот. Анткени, Огуз же Өгүз хан – түрк элдеринин легендарлуу атасы. Огузнаме деген чыгарма бар. Манас баатырдын бабалары Өгүз хан, Кара хан ж.б.. Кыргыз деген этнонимдин этимологиясынын бир канча варианттары бар. Бир варианты боюнча кыргыз деген «кыркгуз» же кырк өгүз, дагы бир вариантында «кыргуз» же кырдагы(тоодогу) өгүз деп таржымаланат. Туркменистандын тунгуч Президенти Сапармурад Ниязовдун: «Биз бир огуздан, ал эми кыргыздар кырк огуздан тараган» -деп, айткан сөзү бар. Сайпидин Аксыкенти жазган «Мажму ат таварихте» да кыргыздар «кырк гуздун» тукумдары деп айтылат. Кээ бир тарыхчылардын пикиринде Туран – бул Түркистан, анткени перстер Түркистанды мурда Туран деп атап келишкен.

Өгүз же бука – түрк-монгол элдеринде, анын ичинде кыргыздарда тотем катарында саналган ыйык жаныбар. Уламыштарда легендарлуу Огуз кандын төрөлүшүн мифологиялык букага байланыштырат. Бурят мифологиясында да хурхут менен булагаттардын түпкү мифологиялык атасы касиеттүү бука эсептелет. Ошондой эле бука(өгүз) адам аты же антропоним катары да кездешет. Мисалы: түрк элдеринин легендарлуу атасы Өгүз хан, Манас баатырдын бабасы Өгүз хан, түрк-монгол элине таанымал, наймандан чыккан атактуу колбашчы Кет Бука. Өгүз же бука – күч-кубаттын символу болгон. Кыргызда: «Өзүмө калганда өгүздөй күчүм бар» деген сөз бар.

Ошондой эле грек мифологиясында Крит падышасы Миностун букасы жана ошол букадан жаралган Минотавр жөнүндө айтылат. Бука(өгүз) байыркы грек мифологиясында да күч-кубаттын символу болгон.

Жазуучу, драматург, тарыхчы Орозбек Айтымбетов Туран боюнча «Кара кыргыз»(2007) деген беш томдук китебинде омоктуу ойлорун айтып, тарыхый табылгаларын жазып кеткен. «... Эзелки Туран жери деген тээ байыркы доорлордо береги Орто Азиянын гана аймагын билдирбестен, Түштүк Сибирге чейинки жерлерди туюнткан. Н. Я. Бичуриндеги «Ортолук Азия» деген түшүнүктү В.В. Бартольд ошон үчүн кеңири мааниде туюнткан да, Алтай-Кангайды анын чыгыш бөлүгү, а Ала-Тоо - Алтай аралыгын батыш бөлүгү катары караган. Мына ушул мейкиндик Авестада байыркы Арий, же Туран жери деп аталат. Ошол аралыкта Туран деген атты алып жүргөн жер-суу аттары да жок эмес. Алтайда Туран жайлоо деген болсо, Туран дарыясы төбөй жеринде агат. А андан бери Ала-Тоого дейре канча Туран бар? Кайран гана Туран жери десең, кайран гана кыргыздар... Кайран жоокер эл» .

Ошондой эле коомдук ишмер, жазуучу жана санжыра иликтөөчү Кушубек Качыбеков да «Кушчу этимологиясы, Туран, Кушан империялары» (2019)деген китебинде жана макалаларында бул темага кайрылып: «Туран жергесине ээлик кылган кушандарды башаты Бадахшандан чыккан IV кылымда жаңы эфталиттер династиясы алмаштырганына күбө болобуз. Ал эми VI кылымда ошол эле эфталиттер батышынан Сасаниддер империясына каршы, чыгышынан Түрк каганатына каршы күрөш баштаганын көрөбүз. 561-563-жылдары түрктөр эфталиттерге каршы туруу максатында сасаниддер менен ынтымак келишимин түзүшөт. 564-жылы шах Хосров Ануширвандын аскери стратегиялык баалуу аймак Тохарстанды багындырат. 565-жылы Нахшабдагы кармаштан соң түрктөр жеңишке жетишип, жыйынтыгында Согду түрк каганатына карап калат. 567-жылы Бухаранын алдында эфталиттер менен түрктөр арасында тарыхта эң кандуу деген кармаштардын бирөө өтөт. Кан дайрадай агылган бул кызыл кыргын 8 күнгө созулуп, Борбордук Азиядагы эң чоң кандуу кармаш эфталиттердин биротоло ойрондолушу менен жыйынтыкталат. Ошону менен Туран жергесине Сасаниддер жана Батыш-түрк каганатынын отурукташуусу башталат. Ал эми X кылымда Саманиддер дөөлөтүнүн бытырашы менен Иранды басып алган түрк династиясынын Газневиддери жана Туранды ээлеп калган Караханиддер Азиядагы эки зор империяны бир таажы, бир тактынын алдында бириктирүүгө жетишет. Өздөрүнүн бийлигин толук түрдө мыйзамдаштыруу үчүн караханиддердин башкаруучулары санжырасын саймедирей санап келип, падышалык кылууга толук укугу бар уламалуу Туран башкаруучусу Афрасиабдан тараганбыз дейт да, өз ээликтерин «Афрасиаб үйү» атай баштайт. Бул Афрасиаб болсо элдик уламышка айланган айтылуу Алп Эр Тоңганын өзү эле. Ошентип, Туран жергесине болгон ээлигин бекемдөө үчүн Улуу Турандын бийликке келген уулдары өз санжыраларын санактап, тектүүлүгүн бекемдөөгө болгон күч-аракеттерин жумшаган. Айтылуу тимуриддер династиясынын негиздөөчүсү Аксак Темир чагатай тилиндеги Карсакпай жазмасында өзүн «Туран султаны» атаганы да жөн жеринен эместир» - деп, өз оюн билдирген.

Кушубек Качыбеков көп жылдык иликтөөлөрүнүн негизинде Кушан империясын кыргыздар түзгөн деген тыянак чыгарган.

Түрк элдеринин тили байыркы шумер тилине окшош экендигин тил боюнча адис окумуштуулар айтып келишет. Шумер тили менен түрк тилдеринин окшоштугу тууралуу алгачкылардан болуп немис окумуштуусу Ф. Хаммел(1928) айткан. Ал эки тилдеги 350 окшош сөздөрдү тапкан. Олжас Сулайманов өзүнүн 1975-жылы басмадан чыккан «Аз и Я» деген китебинин «Шумер-Наме» бөлүгүндө шумер тили түрк тилдеринин байланышы жана окшоштугу тууралуу жазып кеткен.

Саманилер доорундагы Бухаралык тарыхчы Абубакр Наршахи(899-959) Түркистан деген терминди Мавераннахрда Согдунун падышасы Тархундун тушунда 8-кылымдын башынан тарта колдонулуп келгендигин белгилеп кеткен. В.А.Лившиц «Согдийская эпиграфика Средней Азии и Семиречья»(2008) деген китебинде жана согду-түрк лингвистикалык байланыштары боюнча жазган макалаларында Тархундун өзүнүн аты түркчө экендигин белгилейт. Тархундан кийинки Согдунун падышасы Гурек да түрк болушу ыктымал деген ой-пикирлер айтылууда. Анткени Гуректин экинчи аты Баничур же Йаначур болгон. Ал эми Тархундун небересинин аты Туркаш Таки же Тургеш тегин болгон. Ошондой эле Караханилердин тарыхчысы Маджид ад-дин Сурхакати 12-кылымда Самарканд шаарында Караханилер династиясынын тарыхын камтыган «Туркистандын тарыхын» жазган. Самарканд шаарынын аталышы боюнча Балык ооз(Бекмурат Кумар уулу) айтып жүргөн «Оторкан» эпосунда «Самардын шаары Самарканд» деп айтылат. Жызак кыргыздары тарабынан да «Самарканд шаарын кыргыздан чыккан Самар баатыр негиздеген» деген версиялар айтылып жүрөт.

Кытайдын Тан династиясынын тушунда жазылган Туньдянь энциклопедиясында(8-кылым) Согду(Согдиана) мамлекети түрктөрдүн да өлкөсү деп атала баштагандыгы тууралуу маалыматтар орун алган. Демек, Түркистан же Туран деген аталыш ошол мезгилдерде айрыкча 565-жылы түрк каганаты Согду(Согдиана) мамлекетинин аймагын өзүнө каратып алгандан баштап пайда болгон окшойт. Анткени, Иран менен Турандын ортосундагы теңтайлашуу катуу жүрүп, ийгилик алмак-салмак бирде Иранга, бирде Туран тарапка ооп, атаандаштардын теңтайлашуусу Караханилер доорунда гана Турандын(Түркистан) же түркий элдердин пайдасына чечилгендиги байкалат. Түрк тектүү, түрк тилдүү элдердин Ирандын аймагын өздөрүнө каратып, ээлеп ала баштаган мезгил болжол менен 10-кылымдын аягына туш келет деп айтсак болот. Айрыкча селжуктардын доорунда азыркы Орто Азия, Казахстан аймагынан кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, каракалпак, ногойлордун ата-бабаларынан куралган түркий элдердин чоң толкуну Иран аймагын каптап, анын натыйжасында Селжуктардын империясын түзүшкөн. Ошентип, Иран аймагын дээрлик бүт бойдон түркий элдердин өкүлдөрү башкарып, бийлик жүргүзүп калат. Саманилер доорунда жашаган перс тилдүү белгилүү акын, жазуучу Фирдоуси озүнүн «Шахнаме» чыгармасында Иран-Туран теңтайлашуусун жакшы чагылдырган. Автордун Саманилердин колунан жакшы сыйлык алам деген үмүтү ишке ашпай калат. Анткени бир тараптан Караханилер, экинчи тараптан Газневилер Саманилердин таш-талканын чыгарып, өз бийликтерин орнотушат. Фирдоуси чыгармасы үчүн акча каражаты түрүндө чоң сыйлык алам деген ниет менен китепти Ооганстандагы түркий элдер тарабынан түзүлгөн Газневилер мамлекетинин падышасы Султан Махмуд Газневиге тартуу кылат. Бирок Султан Махмуд Газневи Фирдоусинин перс тилинде жазылган чыгармасын жакшы баалабайт. Перстердин «Авеста» чыгармасындагы Афрасиаб – бул түрк баатыры Эр Тоңга деп айтылып келген. Бул боюнча акыркы жылдары казак окумуштуулары тарабынан Афрасиабдын прототиби легендарлуу Өгүз хан болушу мүмкүн деген версия айтылууда.

Илгертен эле Иранда: азербайжан, түркмөн, казак, коросон түрктөрү, кашкайлар деген ж.б. түрк тилдүү этностор менен этникалык топтор жашап келишет. Учурда интернет булактарынан алынган маалыматтарга караганда Иранда түркий элдердин жалпы саны 30-35млн болот.

Ирандагы Коросон региону жана «коросон түрктөрү» деген аталыштар Баткен облусунун Лейлек районундагы жер-суу аттары менен үндөшүп турганы кызыктуу. Мисалга: кыргыздын сыймыгы болгон Исхак Раззаковдун киндик каны тамган жер – Коросон айылы. Ошондой эле Коросон-таңги деген ж.б.

Ошондой эле Иран-Туран мамилелери кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу болгон «Манас» эпосу менен «Семетей» эпосунда да чагылдырылат. Эпостун баш каармандары Манас баатыр Бухаранын ханынын кызы Каныкейге(Санирабига), ал эми Семетей Оогандын ханынын кызы Айчүрөккө үйлөнөт.

Кожолордун шаары аталган Кожент(Худжант) шаарын жана аймагын Караханилер доорунан баштап түркий элдердин өкүлдөрү башкарып келишкен. Тарыхта Чыңгызхан менен согушкан Коженттин акими Темир Маликти Мирмухсин өзүнүн «Ходженткая крепость» деген китебинде каңды-кыпчактан чыгарат. Андан кийин Кожент шаары жана аймагын жалайыр уруусунун өкүлдөрү Бахрам Жалайыр, Баязид Жалайыр жана башкалар башкарганы белгилүү. Булардан кийин бул аймакты моңолдор уруусунун өкүлдөрү башкарып калат. Кийинчерээк Ахматбек Могол(Моңол) өз элин Кожент аймагынан Атбашыга алып кетет. Ошондой эле Бухар эмирлигинин тушунда да Кокон хандыгынын тушунда да(Баабек, Акбото бий) бул аймакты түркий элдердин өкүлдөрү анын ичинде кыргыздар башкарып келгендиги маалым.

Туркистан деген терминди 14-кылымда жашап өткөн Коженттик акын Камал Ходжанди да өзүнүн чыгармаларында колдонгон.

Түркистан тууралуу 1915-жылы өзбек агартуучусу Мирза Алим Махдум Ажынын «Түркистан тарыхы» деген аталыштагы китеби Ташкентте жарык көргөн.

Туран (Түркистан) - түрк тектүү, түрк тилдүү элдердин мекени деген түшүнүктү берери ырас. Бул аймакты мекендеген түркий элдердин катарында албетте кыргыздар да болгон. Кыргыздардын Туран (Түркистан) аймагында байыртан жашап келгендиги тууралуу маалыматтар элибиздин оозеки чыгармачылыгында кеңири орун алган. «Манас» эпосунда кыргыздар Анжиян, Алайдан Алтайга жер которуп, көчүп баргандыгы айтылат. Мал жандыктан айрылган кыргыздар Алтайда аштык айдап, дыйканчылык менен жан баккан. Эпостун баш каарманы Манас төрөлүп, эрезеге жеткенде элин ата журту Алатоого баштап келет. «Манас» эпосундагы географиялык аталыштарды изилдеп, жыйынтыгында «Кыргызстандын тарыхый географиясы» (2004) деген эмгекти жараткан окумуштуу, илимдин доктору, профессор К. Матыкеев - кыргыздар Түркистан аймагында: Анжыян хандыгы, Кожент хандыгы, Катаган хандыгы, Ташкен хандыгы, Чаткал хандыгы ж.б. ондогон хандыктарды түзгөндүгүн жазат. Анжыян хандыгы Манас эпосунда:

"Орчун Кокон, Маргалаң,

Аягы Арсы, Жөлөктө,

Туурасы Ысар,Көлөптөн,

Саалай датка, Санжибек» - деп, сүрөттөлөт.

Ал эми, Кожокент хандыгын айтылуу Каракожо башкарып, кожолордун шаары Кожокентти салдырат. Эпосто:

"Кайрак кумдун кысыкта,

Кайрылыш тоонун урчукта,

Кожокент калаа куруптур,

Касаба кылып бекемдеп»- деп айтылат.

Сайпидин Аксыкентинин «Мажму ат таварих» аттуу эмгегинде Өзгөн шаарынын айланасындагы кыргыздарга селжук падышасы Султан Санжар кол салып, кыргынга учуратканы жана аман калган кыргыздар ал жактан Кожент тоолоруна качып келип, жайгашып калгандыгы ошону менен бирге кыргыздар бул чөлкөмгө селжуктар доорунда Румдан (Византия) келгендиги айтылат. Ошондой эле кыргыздар ислам динин мурда эле кабыл кылып, алардын колунда динди жайылтууга чын ыкластан кызмат кылгандыгын күбөлөндүргөн Имам Жапар Садыктын мөөрү болгондугун, ошол Имам Жапар Садыктын мөөрүн кыргыздар Кожентте жолуккан Имам Ибрахимге көрсөтүшкөнүн Сайпидин Аксыкенти өз эмгегинде жазып кеткен. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар селжуктар доорунда селжуктар менен кошо Рум (Византия) тарапка жасаган жортуулдарга катышып, анан кандайдыр бир себептерден улам Султан Санжарга каршы чыгышкандыгына байланыштуу кыргыздардын бир бөлүгү падышанын каарына калып, жазаланган окшойт. Селжуктардын жана Осмон империясынын армиясынын катарында кыргыздар болгондугун Туркиянын Изник шаарындагы эр жүрөк кыргыз аскерлеринин урматына тургузулган мавзолей, күмбөз тастыктап турат. «Кыргызстандын тарыхый географиясы» деген эмгегинде профессор К. Матыкеев чапкылдык уруусунун бир бөлүгү өткөн бир мезгилдерде азыркы жашаган аймагынан Иранга жер которуп кеткен деген маалыматы да дал ушул мезгилдерге туш келет окшойт.

Индияда бийлик жургузгон алгачкы түрк тектүү падыша кыпчак Кутбидин Айбек султан болот. Ал 1206-жылы Дели султанатында султан болгон. 1210-жылы Султан Кутбидин Айбек өлгөндөн кийин султанатты баласы Арам Шах, андан кийин күйөө баласы Шамшидин Илтутмыш, Илтутмыштан кийин анын баласы Рукнудин Фируз, андан соң кызы Разия башкарат. Ошентип, 1206-жылдан 1290-жылга чейин Дели султанатында кыпчактар бийлик жүргүзгөн. Кутбидин Айбектин тушунда курулган бийиктиги 73 метр болгон Кутуб Минар мунарасы ЮНЕСКОнун тизмесине кирет.

Ошондой эле Египет (Мисир) тарапта пайда болгон мамлюктар негизинен Туран (Түркистан) элдеринин мыкты уулдарынан куралгандыгы тарыхта тастыкталып жатат. Ал турсун алар турк тилинин кыпчак диалектисинде сүйлөгөндүгүн окумуштуулар белгилеп жатышат. Мамлюктар Египет (Мисир) Палестин, Шам аймактарын камтыган эбегейсиз чон аймакты ээлеген мамлекет түзүшөт. Мамлюктар мамлекетин көп жылдар бою башкарган: Султан Айбек, Султан Кутуз, Султан Бейбарс жана алардан башка ондогон эмирлер Туран (Түркистан) аймагынан чыккан инсандар болгон. Алардын тарыхы азыркыга чейин тактала элек.

Украиналык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты(2010) «Всемирная история. Монгольское завоение Дешт-и-Кипчак в 13 веке» деген тема боюнча иштеген Ярослав Пилипчук Египетте Мамлюктар мамлекетиндеги кыпчактардын гвардиясында кыпчактардан башка уруулардын өкүлдөрү да болгондугун жазат. Мисалга: Бурдж-оглы уруусунан – Калавун, Бөрү уруусунан – Шамшидин Аккуш Бөрүлү, Сайф-аддин Бөрү, Токсоба уруусунан – Сайфидин Токсоба, Санжар Токсоба, Бейбарс Токсоба, Куман уруусунан – Амир ал-Кумани, Шейх Зайнидин Абубакр ал-Кумани, Имек уруусунан – Балбан ал-Имек, Кангар уруусунан – Сайфидин Кангар, Уран уруусунан – Таджиддин Уран, Кайы уруусунан – Сайфидин Кай. Ошондой эле азкиши(аз), алан, башкыр, карлук, огуз, түркмөн,чигил элдеринин өкүлдөрү да болгон. Мисалга: Айдикин Азкиши, Амир Бахадур-Ас(Аз), Амир – Башкыр, Карлук ас-Саки, Сайф-аддин Булак, Иззадин Ал-Гузи(Огуз), Кара Мухаммад Туркмани, Кара Сапар Туркмани, Бадрадин Чигиль ж.б.

Мындан башка Захридин Бабур өзү менен кошо Индияны багындырууга алып кеткен аскерлердин жана Индияга ээлик кылгандан кийин да Туран (Түркистан) аймагынан атайын жоокерчиликке чакырылган миңдеген аскерлердин арасындагы: барлас, катаган, баарын, моңолдор, конурат, кушчу, абат, бостон, каңды, кесек, кыпчак, кыдырша, нойгут, чапкылдык, оргу, жоокесек, тейит, төөлөс ж.б. катарында дагы башка кыргыздар болушу толук ыктымал. Ичкиликтин кесек уруусунун эшкара уругунун курамында индистан деген тобунун аталышын жергилүктүү санжырачылар Бабур менен байланыштырышат. Алардын айтымында ичкилик уруулары Индияда Бабурдун армиясында ондогон жылдар кызмат кылып, көптөгөн жортуулдарга катышышат. Ошол жакта төрөлүп, эр жеткен балдары калып калат. Арадан бир топ жылдар өткөндө кесек уруусунун эшкара уругунан бирөө баласын издеп барып, таап Индиядан мекенине алып келет экен. Ошол баланы жеңелери «индистан бала» деп, тергеп жүргөндүктөн улам, кийин андан тарагандарды да «индистан» деп атап калышат. Ошентип, эшкара уругунда «индистан» тобу пайда болгон.

Бабурдун армиясында кыргыздар болгон деген ойду окумуштуу, илимдин доктору, КР Индиядагы мурдагы элчиси Османакун Ибраимов да өзүнүн макалаларында жазып келет. Ал турсун Бабурдун бабасы Амир Темир да өзүнүн көптөгөн жортуулдарында кыргыз аскерлерине таянган деп жазат. Далил катары АКШнын Балтимор шаарындагы Джон Хопкинс университетинин библиотекасында сакталуу турган «Тамерлан принимает гостей в честь своего восшествия на трон в апреле 1370 года» деген сүрөттө Тамерландын жан-жөкөрлөрүнүн арасындагы ак калпак кийген мансап ээлерин айтса болорун жазган. Бабурилер Индияда 1526-1858-жылдар аралыгында бийликте болгон.

Алтайдан чыккан түркий элдердин бир бөлүгү алгач Индия, дагы бир бөлүгү Борбордук Азия менен Түндүк Африка тарапка, кийинчерээк Европада жайгашып, ал жактардын өнүгүп-өсүшүн камсыздаган жана түрк тили 15-16-кылымдарга чейин Европада ишкерлердин тили болуп келген деген ойду кумык элинин өкүлү, жазуучу, публицист, географ, экономика илимдеринин кандидаты Ажиев Мурад Эскендерович өзүнүн «Кипчаки. Древняя история тюрков и великой степи»(1999), «Кипчаки. Огузы. Среневековая история тюрков и Великой Степи» (2001) деген китептеринде жана көптөгөн макалаларында жазып кеткен.

Түркий элдердин өкүлдөрү ээлик кылып, бийлик жүргүзгөн мезгилде Түркистан(Туран) аймагынын экономикалык абалы жакшырып, шаарларда ири курулуштар жүргүзүлгөн. Караханилерден калган Токмоктогу Бурана, Өзгөндөгү күмбөздөр жана мунара. Айрыкча Самарканд шаарындагы ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Регистан, Шахи-Зинда, Биби-Ханум мечити ж.б. имараттар Амир Темирдин тушунда тургузулган деп айтылат. Ошондой эле Бухара, Хива, Кожент, Андижан шаарларында да ири курулуштар жүргүзүлүп, кооз имараттар тургузулган. Ал турсун, Амир Темирдин урпагы Захридин Бабур негиздеген Бабурилер тарабынан да Индия аймагында курулган Агра-форт, Фатехпур-Сикри, Кызыл форт, Кумаюндун күмбөзү, Лахор сепили, Тадж-Махал ж.б. ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. Демек, түрк элдери согушта жана аскер өнөрүндө эле мыкты болбой, илим, маданият, курулуш, соода-сатык жаатында да көөнөрбөс из калтырышкан. Кошуна мамлекеттер менен карым-катыш жана соода жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн Улуу жибек жолу өткөн жерлерге кербен сарайлар курулган.

Түрк элдеринин мекен жайы болгон Түркистан орто кылымдарда түрк дүйнөсү үчүн экономикалык гана эмес руханий(диний), илимий жана маданий борбор болгондугу маалым. Жер-жерлердеги китепканалары, Самарканд шаарындагы Улукбектин обсерваториясы жана накта чыгыш колоритин берип турган архитектурасы менен тан калтырган имараттары азыр деле өзүнө көптөгөн туристтерди тартууда. Түркистан шаары жана ал жердеги Кожо Ахмет Яссавинин күмбөзү жергиликтүү калктын гана эмес чет элдик туристтердин да сүйүктүү жери экендиги анык.

Атактуу окумуштуу, математик, философ Аль Фараби(870-950), «Диван лугат ат-түрк» китебинин автору Махмуд Кашгари(1005-1102), «Кутадгу билиг» китебинин автору Жусуп Баласагуни(1017-1077), математик, астроном Мырза Улукбек(1394-1449), улуу ойчул, акын Алишер Навои(1441-1501). Түрк элдеринин легендарлуу баатыры, акын, күүлөрдүн устаты, баяндамачы Коркут Ата(9-10 к). Акын, философ Асан кайгы(14-к. аягы – 1460). Философ, акылман сынчы Толубай сынчы(14-15к.). Түрк элдеринин чечен жана акылманы Жээренче чечен(14-15-к). Легендарлуу манасчы, төкмө акын Токтогул ырчы(14-15к.)

Адамзаттын маданий мурастарына кирген түрк элдери жараткан «Манас», «Эр Төштүк», «Алпамыш», «Көр уулу», «Кобланды баатыр» жана башка дастандар бар. Булардын ичинен «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине кирген.

Түрк элдери мал киндиктүү эл болгондуктан мал чарбачылыгын мыкты өздөрүшкөн. Өрүш толо жылкылары, короо толо кой-эчкилери болгон. Илгертен эле малды асылдандырып, селекция иштерин жүргүзүп келишкен. Атагы алыска кеткен баатырлары минип жүргөн аттары дастандарда данкталган. Түркистан - «небесные кони же асмандан түшкөн аттар» -деп, кытайларды суктандырган жылкылардын мекени болгон. Жылкынын кыргыз жылкысы, Карабайыр, Ахал-Теке жана башка породаларын чыгарышкан. Аңчылыкта ит агытып, куш салышкан. Иттердин да Кангал, Алабай, Дөбөт(кыргыз дөбөтү, казак төбөтү), Тайган, Тазы өңдүү породаларын чыгарышкан.

Учурда легендарлуу Өгүз хандын киндик каны тамган жер Түркистан (Туран) алардын тарыхый мекени экендигин дүйнө жүзүндөгү түрк элдери түшүнүп жатышканы кубандырат. Анткени түрк элдери үчүн алтын бешик – бул Түркистан же Туран экендигинде шек жок. Бул багытта түрк тектүү жана түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюму – ТЮРКСОЙ ыраттуу иш алып баратат.

Түрк элдери тарабынан түптөлгөн мамлекеттер:

1. Улуу Хунну империясы – б.з.ч 220- б.з. 46 жж

2. Кангюй(Канглы) мамлекети – б.з.ч.3-к – б.з 5-к.

3. Батыш Хунну империясы - б.з.ч 48- б.з. 216 жж

4. Европадагы Гунндар империясы – 375-449 жж

5. Ак Гунндар империясы – 390 – 577жж

6. Турк каганаты – 552 – 603 жж

7. Авар каганаты – 565 – 835 жж

8. Батыш түрк каганаты 603 – 704 жж

9. Хазар каганаты – 651 – 983 жж

10. Чыгыш Түрк каганаты – 682 – 744 жж

11. Кыргыз каганаты – 693 -1207 жж

12. Тургеш каганаты – 704 – 756 жж

13. Уйгур каганаты – 745 -840 жж

14. Карлук каганаты 756 – 940 жж

15. Карахандар мамлекети – 942 – 1212 жж

16. Газневилер мамлекети – 962- 1186 жж

17. Кимак мамлекети 9-к. акыры – 11-к. башы

18. Селжуктар мамлекети – 1040 – 1157 жж

19. Хорезмшахтар мамлекети – 1097 – 1231 жж

20. Кыпчак хандыгы – 11-кылымдын башы – 1219 жж

21. Найман хандыгы -1125 – 1211жж

22. Алтын Ордо – 1236 – 1502 жж

23. Моголистан – 1348 – 1514 жж

24. Тимурилер мамлекети – 1368 – 1501 жж

25. Улуу Моголдор империясы – 1526 – 1858 жж

26. Осмон империясы – 1299 – 1922 жж

27. Ногой Ордо(хандыгы) – 1391 – 1634 жж

28. Казан хандыгы – 1438 -1552 жж

29. Крым хандыгы – 1441 – 1783 жж

30. Астрахан хандыгы – 1459 – 1556 жж

31. Сибир хандыгы – 1468 – 1598 жж

32. Турпан хандыгы – 1501 – 1930 жж

33. Шейбанилер мамлекети -1500 – 1601 жж

34. Бухара хандыгы – 1506 -1785 жж

35. Жаркент хандыгы – 1514 – 1705 жж

36. Хива хандыгы же Хорезм мамлекети – 1512 -1920 жж

37. Комул хандыгы – 1696 – 1930 жж

38. Бухар эмирлиги – 1785 – 1920 жж

39. Кокон хандыгы – 1709 – 1876 жж

Адамзат тарыхында «түрк цивилизациясын» орноткон түрк элдеринин жогорудагы мамлекеттерди түзгөндүгү, кылымдар бою башкаргандыгы алардын тарыхтагы ордун толук бойдон аныктап, далилдеп турат.

Орунбай Ахмедов, тарыхчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×