Добавить статью
12:37, 9 ноября 2022 3550

Согду облусундагы кыргыздар

Азыркы Тажик Республикасына караштуу Согди же мурдагы Ленинабад облусунун аймагында көптөгөн улуттар жашашкан. Алардын арасынан тажиктерден башка өзбектер, кыргыздар да өздөрүн жергиликтүү элдин өкүлү катары санашкан. Атактуу тарыхчы, академик В.В.Бартольд өзүнүн көп жылдык изилдөөлөрүнүн негизинде Борбордук Азияны мекендеп турган калктардын арасынан кыргыздарды эң байыркы эл деп атаган. Ошондой эле “Манас” эпосунда Тажикстандагы көптөгөн жер-суу аттары кездешет жана азыркы Баткен облусу менен Исфара, Ходжент шаарлары жайгашкан чөлкөм Манас баатырдын ата-бабаларынын жери деп айтылат. Бул аймакты байыртан эле кыргыздын чапкылдык, ават, кесек, каңды, кыпчак, тейит, найман, нойгут жана башка уруулары байырлап келген. Падышалык Россиянын тушунда бул аймак административдик жактан Самарканд облусуна караштуу Ходжент уезди(Ирижар, Сават, Урал, Унжу, Оро-Төбө, Ганчы, Ноо, Гулякандаз, Костакоз, Чапкылдык, Шаарстан, Дальян, Бөксө-Сибирги, Исфана, Матча волосттору) менен Фергана облусунун Кокон уездине(Нойгут-Кыпчак, Лейлек, Исфара, Канибадам, Махрам волосттору) карап турган. Улуттук курамы кыргыздардан турган Чапкылдык волосту ээлеген аймак Ходжент шаарына жакын жайгашып, анын чет жакасынан орун алган.

Облус борбору болгон Ходжент шаарынын айланасында, райондордо өзбек улуту басымдуулук кылган. Бул боюнча биздин аксакалдар район борборлору болгон Ноо(Спитамен), Пролетарск(Драгомирово, Жаббар Расулов), Исписар(Гафуров) шаарларында бир да тажик мектеби болбогондугун айтып келишет. Оро-Төбө, Канибадам жана Ходжент шаарларында да жатак мектептерде сабактар орус, тажик, өзбек тилдеринде өтүлгөндүгүн айтышат. Өзбек мектептерде кыргыз окуучулар да окушкан. Ошондой эле 1970-жылга чейин Ходжент шаарындагы борбордук мечитке Кыргызстанга караштуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарындагы биздин жарандар жума намазга барып турушкан. Пайшанбе (Бейшемби) базарынын жанындагы Шайх Маслахат Баба(Шейх Муслихиддин) мечитинде намаздан кийин баяндар өзбек тилинде да айтылгандыгын билдиришет. Ал гана эмес кыргыз улутунан чыккан белгилүү молдо Шеров Токтор облустук дин башкармалыгында иштеп, борбордук мечитте жана Ходжент шаарынын башка мечиттеринде да имам болгондугун жана аны дин аалымы катары өзбек, тажиктер да кадырлап, сыйлашканын жердештерибиз сыймыктануу менен эскеришет. Тажикстандыктар менен Кыргызстандын Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү шаарынын жарандарынын алакасы өтө жакшы болгондугун айтып жүрүшөт.

Кожент (Ходжент) шаарында бир топ чайханалар менен катар, элеттиктер жакшы көргөн бозо саткан атайын жайлар да болгон. Жергиликтүү тажиктер ал жерлерди “бозо хурак” деп аташкан.

Ходжент шаары уезддин борбору болгондуктан, уездин курамындагы волосттордон улутуна карабай, ата-энеси жок балдарды шаардагы жетим балдар үйүнө чогултушкан. Чапкылдык волостуна караштуу Даркум кыштагынан Кошмуратов Гапар, Жолдуев Акмат жана Эшанов Надыр, ошондой эле Исфана волостуна караштуу Коросон айылынан Раззаков Исхак жана башка кыргыз балдар дал ушул жетим балдар үйүнөн окуп, таалим-тарбия алып чыгышат. Аларды орус жана татар улутундагы мугалимдер жана тарбиячылар камкордукка алышып, жакшы билим беришкендигинин натыйжасында Исхак Раззаков бараалына келгенде Өзбекстан менен Кыргызстанды башкарган улуу инсан болот. Гапар Кошмуратов Кыргызстандын каржы (финансы) министри, Надыр Эшанов “Кыргыз керек-жарак коомунун” (“Кыргызпотребсоюз”) төрагасы болуп иштесе, Акмат Жолдуев Тажикстандын Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары болгон. Акмат Жолдуевдин бала-чакасы учурда Дүйшөмбү шаарында жашап жаткандыгын туугандары айтышат. Мындан башка Лейлек волостунан (мурдагы Аваат) бир тууган Салиховдорду атап кетпесек болбойт. Дастан Салихов Тажик ССРинин Юстиция министрлигинде жана башка жооптуу кызматтарда иштеген болсо, Мурат Салихов Кыргыз Эл Комиссарлар советинин төрагасы болгон.

Совет доорунда тажик интеллигенциясынын сап башында турган Садриддин Айни, Бабажон Гафуров жана башкалар өзбек тилинде эркин сүйлөп, өзбек тилинде жаза билишкен. Садриддин Айни өзүнүн “Кулдар” деген алгачкы романын өзбек тилинде жазган. Ал эми Бабажон Гафуров “Кызыл Тажикстан” газетасынын башкы редактору болуу менен бирге, макалаларды да эки тилде жазып, жарыялап келгендиги белгилүү. Ошондой эле Тажикистан Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы болгон Олжобаев Турсунбай (1952-1954-ж.ж. Тажикстан Компартиясынын Ленинабад Обкомунун 1-катчысы, 1955-1956-ж.ж. Тажик ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1956-1961-ж.ж. Тажикстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы) Канибадам, Исфара райондоруна иш сапары менен келип, кайра аба майданына кетип баратканында Социалисттик Эмгектин үч Баатыры (Самадов Ахмат, Алиев Гадай жана Базаров Пирмат) чыккан Жийдели айылына токтоп, эл менен жолугушуу учурунда кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн айыл тургундары сыймыктануу менен эскерип жүрүшөт. Олжобаев Турсунбай айыл тургундары, пахта өстүрүүнүн мыкты устаттары болгон Кудаяров Жорого “Эмгек сиңирген агроном”, Толубаев Бостонго “Эмгек сиңирген пахтакор” деген наам ыйгарылгандыгын жарыялаган. Ошондой эле Жийдели айылынын тургуну, колхоздун башкы бухгалтери болгон Мурадов Турат менен бала кезден дос болгондугун да жашырбай ачык айткан экен. Ушул күнгө чейин Олжобаев Турсунбай менен Мурадов Тураттын балдарынын ортосунда үй-бүлөлүк катыш бар экендигин Турат уулу Өзгөнбай агай тастыктап берди. Жийдели айылындагы мектеп Канибадам району боюнча жападан-жалгыз кыргыз мектеп болгон.

Жийдели айылы мурда үч айылдан: Асанали, Калтатай жана Тайлакы деген айылдардан турган. Кайраккум суу сактагычы курулганда эски айылдар менен кошо айылдын көрүстөнү да суу астында калып калган. Жийдели айылына бет мандай жайгашкан дарыянын аркы өйүзүндөгү Шөркөл айылы да суу астында калган. Шөркөл айылы да: Кыпчак, Чербай, Дөн, Алка токой, Жарсуват, Баш айыл деген бир канча майда айылдардан турган. Учурда бул айылдардын калкы Самгар жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда жашап жатышат. Бул айылдарда, негизинен, көчмөн жана жарым көчмөн үйөс же уяс деген этникалык топтор менен кошо чапкылдыктар жашашкан. Уяс же үйөстөр да жана аларга кошуна жашаган курама деген эл да учурда өздөрүн өзбек улутуна кошушат.

Жийдели айылына жанаша жайгашкан Каракчыкум айылында мурда кыргыздар жашап тургандыгын айылдын аталышынан эле билсек болот. Советтер Союзу ыдырап, жок болгондон кийин кыргыздар Кыргызстанга Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылына көчүп чыгышкан. Учурда тажиктер жашап калышкан. Каракчыкумдан акыркылардан болуп Расулов Токтош, Расулов Тойчу жана Сангинов Шүкүр Кыргызстанга көчүп келишкен.

Канибадамга караштуу Шор-Коргон жана Баатыр-Коргон деген жерлерди колхоздоштуруу процесси башталганга чейин өзбек-тажиктер “Марахим кыргыздын жери”, “Салибай кыргыздын жери” деп аташкан. Анткени бул жерлер чапкылдык уруусунун Бакыбек уругунан чыккан Марахим бай менен Салибай байга тиешелүү жерлер болгон. Совет доорунда бул жерлер “Коммунизм” колхозуна карап калган.

Ошондой эле Катаган айылында өзбек туугандар менен бирге жашаган кыргыздар тууралуу да айта кетели. Катаган айылында чапкылдык уруусунун Бакыбек, Асанали уруктары жашап турушкан. Совет доорунда малчылык жана талаачылык иштеринде көрсөткөн зор жетишкендиктери үчүн, бул айылдын тургундарынын арасынан айылдык, райондук, областтык Кеңештерге депутат болгондору да бар. Талаачылык боюнча алдыңкы адис болуп, звеновой, андан кийин бригадир болуп көп жыл иштеген Эркебаев Абдыганы аксакалды Гафуров районундагы тажик-өзбектер “диплому жок агроном”, “Ганы саркер” деп аташчу. Турсунбаева Ажар алдыңкы саанчы болгондуктан, бир нече орден-медалдардын ээси, айылдык, райондук, областтык Кеңештердин депутаты болгон. Турсунбаева Ажардын күйөөсү эмгектин ардагери Турсунбаев Дыйканбайды да райондо баары таанышат жана сыйлашат. Турсунбаев Дыйканбайдын энеси каза болгондо, туугандары маркумдун керээзи боюнча сөөгүн Катаганга койбостон, Көк-Тонду мазарынын жанындагы көрүстөнгө коюшкандыгы тууралуу маркумдун чебереси Даркум айылынын тургуну, Галжигитов Мустапакул агай маалымат берди. Катагандын туруктуу жергиликтүү жашоочуларынан болгон Садыков Данабайдан тараган Данабаевдердин жана Туратовдордун үй-бүлө, бала-чакасын өзгөчө бөлүп атап кетсек болот. Турат аксакалдын бир тууганы Жоошбай аксакал үй-бүлөсү менен Катагандан Ангрен шаарына көчүп кеткен. Ошондой эле бир туугандар Шабото менен Эрбото аксакалдын бала-чакасы азыр да Катаганда жашап жатышат. Раматылык Данабай аксакалдын айтымында, кыргыздар илгертен аскер кызматын кесип катары аркалап келишкен, айрыкча Кокон хандыгынын тушунда бийик аскердик даражаларга жетишишкен. Аксакал Маргундан чыккан уруулаш тууганы Мавлян Кокон хандыгында лашкер-башы кызматына чейин көтөрүлгөнүн сыймыктануу менен айтып жүргөнүн айылдаштары эскерип калышат.

Исписарда(азыркы Гафуров) кыргыздардан Эшматов Бегимкул аксакал, бир туугандар Коңур, Темир Гайбулдаевдер жашаган. Баратов Эшмат Ленин колхозунда чарба раиси болгон. Баратов Эшматтын инилери Жаңыбай менен Жаркынбай мал чарбасында иштешкен. Тагаев Эргеш кой фермасынын башчысы болгон. Тагаев Эргештин бир тууган агасы Тагаев Жолдош жана иниси Тагаев Генчин кой фермасында эмгектенишкен. Ошондой эле Ирисбаев Мамат, Садиров Момун колхозчу, механизатор болуп иштешкен. Латипов Пайзилла болсо диплому бар болгондуктан, Ленин колхозунда көп жылдар бою башкы агроном болуп эмгектенген.

Сада айылынын тарыхы мурда Ууру-Жар деген жерге Садыр Сарымсаков көчүп келип, турак-жай куруп, жайгашкандан башталат. Көп өтпөй бул жерге чапкылдык уруусунун Калтатай, Салимбек, Жапар, Асанали, Бакыбек уруктарынын өкүлдөрү болгон Айбала, Машрап, Хамрабай, Хайтбек, Жээнбай, Турдубай, Тагай, Эркебай, Тажикул, Аскар, Рахман, Махкам, Халил, Максуд, Хайтбай, Мамад, Максуд, Кыдыр, Ахмир, Кушбак, Тагай, Райимкул, Надир, Хайдар, Абдираим, Бабарайим, Аман, Бевит, Мукарам, Колдош, Эшбай, Өзбек, Сексенбай, Гайбула, Сарыкул, Чыйырчык, Муйдун, Кубат молдо, Жабар жана башкалар үй-бүлөсү менен көчүп келишет. Жаныдан өздөштүрүлгөн жер Куйбышев атындагы колхоздун курамына өзүнчө бригада болуп кирет. Айылга ат коюлганча, ал жерди колхоз бригадасынын бригадири болгон Кудайкулов Машрап аксакалдын аты менен Машрап деп аташкан. Кыргыздардын бригадасы да эгин талаасына пахта айдашып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. Колхоздо кыргыздар биринчи орунду ээлеп турган. Бригадасы биринчи орунду ээлеп тургандыгы жана облустун өтмө Кызыл Туусун женип алгандыгы үчүн Кудайкулов Машрапка 1961-жылы Тажикстан Компартиясынын биринчи секретары Жаббар Расулов келип, салтанаттуу чогулушта Эмгек Кызыл Туу ордени жана ГАЗ-21 Волга автомашинасын өз колу менен тапшырат. Ошондой эле ошол жерден айылдын атын Пахтабад коюп кетет. Өмүр бою Машрап аксакал талаада пахтачылык менен алектенип, пахта өстүрүүнүн мыкты устаты атанган жана жергиликтүү кенештин бир канча жолу депутаты болгон.

Сада айылында эл көбөйүп, 1937-жылы ашар жолу менен орто мектеп курулуп, алгач сабак өзбек тилинде окутулган. Биринчи директор өзбек улутундагы Исмоилов Исмоил болгон. Андан кийин кыргыздардан Таджиев Кудайберди агай директор болуп, мектепти кыргыз тилиндеги №45 орто мектеп кылганга жетишкен. Сада айылындагы мугалимдер:

1. Абдираимов Наби

2. Мукарамов Наби

3. Надиров Сапар

4. Худойкулов Маннан

5. Худойбердиев Ташполот

6. Худойкулов Гапар

7. Хайдбеков Ганы

8. Хайдбеков Каар

9. Махкамов Жалил

10. Турдубаев Шарип

11. Джаббаров Гайбулда

12. Сарыкулов Атам

13. Худойбердиев Алижан

14. Худойкулова Урматай

15. Абдурахимова Мархамат

16. Абдурахимов Шайбек

17. Абдурахимов Камалидин

Бул мугалимдердин ичинен Худойкулов Гапар агай үч жолу директор болгон. Мектепте Надиров Сапар, Худайбердиев Ташполот, Хайдбеков Ганы, Сарыкулов Атамбек, Джаббаров Гайбулда, Абдурахимов Шайбек агайлар директор болуп иштешкен. Абдираимов Наби агай Тажикстан Республикасынын Эл агартуусунун отличниги төш белгисине ээ болгон.

Кийинчерээк “Куйбышев” колхозу “Кожобакырган” колхозу болуп өзгөртүлдү. Колхозго кызмат көрсөтүп, бригадир болуп иштегендер: Кудайкулов Машрап, Абдилла, Каразак, Хамдам, Анарбай, Эргеш, Жалал, Өкмөт, Кудайназар аксакалдар. Ал эми ошол колхоздун идарасында (конторунда) Дүйшөмбү шаарындагы жогорку окуу жайлардан окуп келген кыргыздан чыккан кадрлар: Тажикулов Усман башкы экономист, Хайдаров Жусупжан башкы бухгалтер болуп колхоз жоюлганга чейин эмгектенип келишкен. Алардын көп жылдык эмгектери Тажикстан бийлиги тарабынан бааланып, бир канча сыйлыктардын, Ардак грамоталардын ээси болуп, мактоого арзышкан. Айылда жогорку даражадагы медицина кызматкери Каштыбаев Ахмат фельдшер болуп өмүрүнүн аягына чейин элге кызмат кылган. Коңуров Рамат Дүйшөмбү шаарында Мединститутта окуп, Ленинабад шаарында иштеп, андан кийин Лейлек районунун Исфана шаарында үзүрлүү эмгектенген жана бир канча ардак громаталардын ээси болгон. Турдубаев Эркинбек Шарипович Дүйшөмбү шаарындагы Мединститутту бүтүрүп келип, Ленинабад облусунда балдар дарыгери болуп областтык ооруканада бир нече жыл иштеди. Учурда Кыргызстанга көчүп келип, Кулунду аймактык ооруканада бир нече жылдан бери башкы дарыгердин орун басары болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Бир канча Ардак грамоталар жана Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган.

Овчу-Калача сельсоветинде Рахманов Нуридин көп жылдар бою Сельподо магазинчи жана Рахманов Сайпи анын жардамчысы болуп эмгектенген.

Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары: Кожомбердиев Урайим, Махкамов Мамбет, Сексенбаев Жаңыбай, Жеенбаев Темирбай, Джаббаркулов Тажибай, Эркебаев Карим, Атакулов Барат мекенге кызмат кылып, эсен-аман кайтып келишкен.

Сада айылынын эли ашар жолу менен мечит куруп, мечитке имам кылып Худайкулов Камал молдону шайлашкан. Камал молдо турмуш шартка байланыштуу Кыргызстанга көчүп кеткенден кийин, анын ордуна Рахманов Карим молдо шайланып, өз кызматын аткарып келатат.

Сада айылында палбандар көп чыккан. Атап айтсак:

1. Гайбулдаев Коңур

2. Коңуров Самат

3. Мукарамов Абдували

4. Айбалаев Икрам – Орто Азия, Казакстан чемпиону

5. Худайкулов Гапар

6. Максудов Кудайназар

7. Коңуров Ниймат

8. Гайбуллаев Халмат

9. Абдурахимов Бурхан

10. Худайкулов Миталип

11. Айбалаев Насир

12. Айбалаев Шамши

13.Турдубаев Камчы – Орто Азия, Казакстан чемпиону, алтын медалдын ээси

14. Махкамов Шайдилла

15. Хайдаров Умарбай

16. Худайкулов Султан

17.Турдибаев Асил

18. Хушбактов Курбан

19. Хайдаров Амирбек – Орто Азия чемпиону, медалдын ээси

20. Абдурахимов Камалидин – Орто Азия, Казакстан чемпиону, Кореяда өткөн дүйнөлүк күрөш боюнча алтын медалдын ээси, дүйнөлүк күрөш боюнча тренер

21. Абдурахимов Нургазы – Бишкектеги улуттук алыш күрөш окуу жайында окуп, 1-2-даражадагы медаль жана Ардак грамоталардын ээси.

Сада айылынан жергиликтүү Кенешке депутат болуп шайлангандар:

1. Абдурахимов Шайбек

2. Сарыкулов Атамбек

Айыл башчы кызматын аркалаган инсандар:

1. Надиров Сапар

2. Абдурахимов Шайбек

3. Рахманов Карим

4. Максудов Кудайназар

Колхоз мезгилинде механизатор-тракторист болуп көп жыл эмгектенгендер: Худайбердиев Кайым, Ормонов Тургун, Надиров Пайзилла, Аманов Абдирашит, Халилов Абдираим, Джаббаркулов Жумабай, Мамадов Али, Максудов Кудайназар, Сексенбаев Калык, Хайдаров Абибилла, Ормонов Бахап, Джаббаркулов Абибилла, Тайлаков Байит, Тагаев Коңур, Махкамов Халил,Туланов Калык, Байзаков Гапар.

Чуулдак айылында да кыргыз тилинде билим берген орто мектеп болгон. Тилекке каршы, айыл тургундары кыргыз болгондуктан, Чүй облусу менен Бишкек шаарына көчүп келишкен.

Селкен айылында кыргыздар жашайт. Чапкылдык жана кесек уруусунун сарысөн уругунун өкүлдөрү.

Демай айылында мурда чапкылдык уруусунун тайлакы уругунан 30 чакты кожолук кыргыздар жашап турушкан. Шеров молдо Токтор, Мукумовдор, Матураимовдор, Ажиевдер, Наркозуевдер, Эрботоевдер жана башкалар. Кийин булардын көпчүлүгү Төө-Моюн айылына көчүп барышкан. Демай айылынын аталышын жергиликтүү кыргыздар (Жороев Турсунбай ажы жана башкалар) төмөнкүдөй чечмелеп беришет: бул айыл Улуу жибек жолунан орун алгандыктан, илгери Демайда чоң кербен сарай болгон экен. Алыс жолдон чарчап-чаалыгып келген кербендер ушул жерден өздөрү да эс алышып, негизги унаа каражаты катары пайданылган төөлөрүн да эс алдырышчу экен. Ошондой кербендердин биринде төөсү аксап, арыктап, басалбай калгандыктан, ушул жерге “же өлөр же калар” деген кыязда таштап кетишет. Арадан жылдар өтүп баягы кербен дагы келгенде кербен сарайдын ээсинен баягы төөсүн сурайт. Бирөөнүн аманатына кыянаттык кылбаган кербен башы ошол төөнү “айдап келгиле” деп кол астындагыларга буйрук берет. Төөсү жөн эле сакайбастан, абдан семирип кеткенин көрүп, көргөн көзүнө ишенбей, кербен башы абдан ыраазы болот экен. Ошондо ал ыраазычылыгын билдирип, “келгиле бул төөнү соелу да, тең бөлүшүп алалы” деп сунуштайт. Канчалык семиргенине кызыккан кербендегилер дароо эле союп, мүчөлөп, этти ортого койгондо, теңи май, теңи эт чыгат. Бул жердин аты ошондон улам “Теңи май” же Демай деп аталып калган экен. Раматылык Боронбаев Жарбек аксакалдын айтымында Демайдагы «Балык мазар» жана Казнактын күн батыш тарабында Сыр-Дарыяга жакын жайгашкан Кулан-Баш-Ата мазары чапкылдыктарга тиешелүү мазарлар болгон.

Казнак айылындагы кыргыздардан Боронбаев Жарбек мал фермада ферма башчысы, Жороев Турсунбай кампа башчысы, таразачы (весовщик) болуп иштеген. Айыл тургуну сүт-товар фермасынын алдыңкы саанчысы Жороева Марал бир канча жолу айылдык жана райондук Кенештерге депутат болгон. Эмгек Данкы ордени, медалдар, Ардак грамоталар, баалуу белектер менен жана Москвич маркасындагы автомашинасы менен сыйланган.

Ошондой эле Казнак айылында Бөрүгөн айылынан көчүрүлүп келген кыргыздар жашашат. Каландар орус атка конгон бул инсан Казнактагы Бөрүгөндүктөрдүн аксакалы болгон. 1910-жылы орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билгендиктен, Бөксө-Сибирги волостунда ар кандай кызматтарда иштеген. Каландардын бир тууганы Самандар болгон. Казнак айылындагы өзбек тилинде билим берген орто мектепте алгачкы директорлор Каландаров Абыт, Самандаров Алим агайлар болушкан. Мектептин эмгек жамаатында Каландаров, Самандаров фамилиясындагы мугалимдер көп болгон. Абыт Каландаровдун уулу Акмал Каландаров көп жыл “Ленинабад хакикаты” газетасынын башкы редактору болуп иштеген. Акын, ондогон ырлар жыйнактарынын автору. Каландаров, Самандаровдор бөксө уруусунун булбул тобунан болушат.

Жаббар Расулов районунун борбору Пролетарскиде да туруктуу жашаган 20-30 кожолук кыргыздар бар. Алар тейит, чуулдак, чапкылдык урууларынын өкүлдөрү болушат.

Ноо (азыркы Спитамен) районунун Ноо шаарында туруктуу жашаган жергиликтүү кыргыздар, негизинен, кесек уруусунун тагайберди уругунан болушат. Ошондой эле кесектин чүчүк, бөксө жана башка уруктары да бар. Ходжент уездинин Бөксө-Сибирги болуштугунун идарасы (конторасы) ушул Ноо шаарында болгон.

Ноо райунуна караштуу Андарсайда тейит уруусунун өкүлдөрү болгон бир тууган Таабалды жана Эргеш Эгембердиевдер бул айылдын ардактуу тургундары болушкан. Социалисттик эмгектеги күжүрмөндүгү үчүн бир канча орден-медалдар менен сыйланышкан. Ошондой эле Ак-Дөбө айылында мурда толугу менен кыргыздар жашашкан. Кыргыздын кесек уруусунун бөксө уругунан орден-медалдардын ээлери, бир туугандар Абдижамбилов Абдугапар менен Абдижамбилов Абдыганы аксакалдар бул айылдын сыйлуу инсандары болушкан.

Кытай айылына жанаша жайгашкан Кыргыз кыштак айылында негизинен кесек уруусунун тагайберди уругунун өкүлдөрү жашашкан.

Учурда райондун аймагында жашап жатышкан этникалык кыргыздар бул жакта басымдуулук кылган өзбек улуту менен аралашып баратканын байкасак болот. Мындай улуттар аралык никелерди өзүнүн изилдөөлөрүндө тарыхчы-этнограф Бурулай Канназарова белгилеп кеткен. Мисалы, Спитамен(Ноо) районунун Тагояк айылынын тургуну этникалык кыргыз Хоолов Бакыбек аксакалдын кемпири тажик улутунан, келиндери, күйөө балдары өзбек улутунан. Каллахона айылындагы этникалык кыргыз Сулайманова(Алиева) Тажиниса эженин кыздары өзбек улутундагыларга турмушка чыккан.

Кыргыздар 1960-жылдары Зафарабад районунун аймагындагы дың жерлерди өздөштүрүүгө активдуу катышышкан. Район боюнча Жолдубаев Манас Коңур уулунун айтымында кыргыздардан түзүлгөн 5 бригада болгон. Ошол 5 бригаданын бирөөсүн ал өзү жетектеп, бригадир болуп иштеген. Зафарабадды өздөштүрүүдөгү зор эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир канча орден-медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланган. Ошондой эле белекке эки ирет Москвич жана Жигули маркасындагы автомашина алган.

Могол тоо менен Курама тоосунун ортосунда жайгашкан азыркы Матча району ээлеген аймак мурда Жантак өрөөнү деп аталчу. Илгертен бери бул аймакты кыргыздын байлары кыштоо катары колдонуп келишкен. Кийинки мезгилдерде Кокон хандыгы, Падышалык Россия жана Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да азыркы Лейлек менен Баткен районунун малчылары карамагындагы малдарын кыш мезгилинде Жантакка айдап келип, кыштап жүрүшкөн. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өрөөндү өздөштүрүү максатында Тоолуу Матчанын калкын көчүрмө кылып бул аймакка көчүрүп келишкен. Мачайылар келе электе Жантакта курама эли менен кыргыздар чогуу жашап турушкан. Кийин кыргыздардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга көчүп кетишкен.

Исфара районунда учурда эки мектепте гана кыргыз тилинде сабак өтүлөт. Тагыраак айтканда, Матпари айылындагы №20 жана Кыргыз кыштак айылындагы №42 орто мектептер. Ушул күнгө чейин Кыргыз кыштактагы №42 орто мектебинин директорлору кыргыздар болушуп, алардын бардыгы чапкылдык уруусунан экендигин белгилей кетели. Алар:

1. Халбеков Шарип

2. Шакиров Тажибай ажы

3. Расулов Миңбай

4. Мурадов Мажит

5. Чутанова Анаргүл

6. Шарипов Талип ажи

7. Халбекова Гулнара (Тажибай ажынын кызы).

Тажик Республикасынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө, билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоо тармагына өздөрүнүн салымын кошкон исфаралык кыргыздар:

1.Юлдашев Гияс Юлдашевич – Тажик Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери. Нурафшон поселкасынын көчөлөрүнүн бирине Гияс Юлдашевдин ысымы коюлган. Ошондой эле Исфарадагы №12 орто мектебине, СССРдин эмгек сиңирген мугалими, математик Матпари айылынан Жолчу Байзаковдун аты коюлган.

2. Миңбаев Шароф – медицина илимдеринин доктору, профессор, проктолог. Москва шаарындагы илимий-изилдөө институтунда иштеп келет.

3. Туйчибоев Исмаилжон – 2005-жылы КР Баткен областынан Тажик Республикасынын Согду областындагы Өкүлчүлүктүн жетекчиси, Тажик жана Кыргыз Республикаларына эмгек сиңирген кызматкери.

4. Абдиров Имамали – Тажик Республикасынын дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген кызматкери.

5. Хусейинов Абдималик,

6. Салиева Сажида,

7. Халбекова Гүлнара – Эл агартуунун отличниктери.

8. Талип Саттаров – Ленин колхозунун бригадири болуп бир топ жыл иштеп, “Ленин” ордени менен сыйланган.

9. Нурматова Идаят жана Сайдакматова Иноят “Дружба народов” медалдары менен сыйланган.

10. Азыркы учурда Ходжояров Уктам Исфара райондук ооруканасында врач-терапевт.

11. Жураев Ашим Токтоназарович – Исфара райондук ооруканасынан реанимация бөлүмүнүн башчысы.

12. Назаров Алимкул – Матпари айылындагы ден соолук борборунун башчысы.

13. Халбекова Гүлмира №20 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими ж.б.

Ошондой эле Исфаралык кыргыздардын Баткен аймагында да иштеп, Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө өздөрүнүн салымын кошкон өкүлдөрүн атап кетсек, алар:

1. Миңбаев Шариф Ташинбекович – Баткендегеи ички иштер бөлүмүнүн чарбалык иштер боюнча башчысынын орун басары

2. Миңбаев Шахобидин Ташинбекович – Баткен областык салык кызматынын юристи

3. Хусейинова Файзинисо – ПРООН СПИД боюнча областтык координатору,

4. Хусейинов Ахат – Баткен областык ооруканасынын башкы бухгалтери

5. Хусейинов Рустам – Балдар реанимация бөлүмүнүн башчысы

6. Кумарбаев Камолиддин – терапия бөлүмүнүн башчысы

7. Халбеков Нуридин – педагогика илимдеринин кандидаты, Баткен мамлекеттик университетинин доценти ж.б.

Шаарстан(Шахристан) району боюнча жападан-жалгыз кыргыз мектеп №10 Т. Шерматов атындагы орто мектеби Фирдауси же Бөрүгөн айылындагы ачылган. Айылдан чыккан белгилүү инсандар:

1. Тухлиев Камалиддин – физика-математика илимдеринин кандидаты.

2. Исманкулов Каршибай -физика-математика илимдеринин кандидаты.

3. Ризакулов Туракул Рабимкулович – экономика илимдеринин кандидаты.

Кайраккумдагы Көк-Тонду мазары чапкылдыктарга таандык болгон. Акыркы шайыктары да чапкылдыктардан болгондугун Даркум айылынын тургуну 1930-жылы туулган Галжигитов молдо Халил көп айтчу. 1970-80- жылдары бул мазарда Жайнак чолок деген чапкылдык шайык болуп турган.

Кыргыздар кезинде Ходжент (Ленинабад) шаарындагы жападан жалгыз Жогорку окуу жай болгон С. Киров атындагы Ленинабад педагогикалык институнда(азыркы Худжант мамлекеттик университети) да эмгектенишип, илим изилдөө жаатында да иш алып барышкан. Алардын сап башында математика илимдеринин кандидаты, профессор Толбаев Балтабай турган. Ошондой эле экономика илимдеринин кандидаты Ризакулов Туракул, физика-математика илимдеринин кандидаттары Тухлиев Камалиддин менен Исманкулов Каршибай жана башкалар бул окуу жайда иштешкен.

Падышалык Россиянын тушунда Ходжент уездине караштуу Чапкылдык болуштугу чыгыш тарабы: түштүктөн түндүккө карай Мадиген, Севистан, Мазар-Тал, Жийдели айылдары, батыш тарабы: түндүктөн түштүккө карай Демай, Катма, Майты, Сүлүктү (азыркы Булак-Башы), Котур-Булак (азыркы Коргончо), айылдарынын чегинде жайгашкан чоң аймакты ээлеп турган. Түштүк-чыгыш тараптан Фергана облусунун Кокон уездине караштуу Аваат (лейлек) болуштугу, чыгышта Кокон уездине караштуу Исфара болуштугу, түндүк-чыгыштан Кокон уездине караштуу Махрам болуштугу, түштүк-батыштан Ходжент уездине караштуу Исфана болуштугу, батышта Ходжент уездине караштуу Кистакөз, Унжу, Гулякандаз, Ноо жана Бөксө-Сибирги волосттору менен чектешкен. Түндүк тарабы чыгыштан батышты карай Махрам волостунунун чегинен Кистакөз волостунун чегине чейин Сыр-Дарыя менен чектелет. Кистакөз волостунун чегине келгенде түндүк тарапка Кожо-Бакырган Сайдан Кистакөзгө келген арыкка чейин келип, батышка Доңуз-Көпүрө, Катма айылдарына карай кетет. Андан ары Ноо, Гулякандаз волосторунун менен чегинен кайрадан түндүккө карай Майтыга келип, ал жерден туштук-батышка карай Сүлүктү, Куруксай, Котур-Булакка келип такалат. Чапкылдык волостунун идарасы Кистакөз кыштагында болгондугун аксакалдар айтып жүрүшөт. Кистакоз деген аталыштын этимологиясын кыргыз-өзбектер мындайча айтышат: Бул жерде дайыма шамал болгондуктан, кээде өтө катуу шамалдан “көз кыса турган жер” (көз жумуп) же кыскартканда “кыса көз” деп айтылгандыгынан улам, Кыссакөз орусча транскрипция менен Костакоз болуп калгандыгын айтышат.

Кыргыздар Кистакөз кыштагынын эки жеринде жашашкан. Кыштактын күн батыш тарабында автожолдун Катаганга карай бурулган жеринде Чынардын таги деген жерде жана күн чыгыш тарапта дүлөйлөр жана сокурлар үчүн курулган жатак мектептен көчө менен ылдыйга же түндүккө карай Фергана каналына чейин түшкөн жерде турушкан. Илгерки Улуу жибек жолу же жергиликтүү элдин тили менен айтканда “Кокон жол” өткөн жер. Бул жерде Рустамов Жусуп аксакал, Рустамов Абдилла аксакал, Наби аксакал, Ганы сопу жана Базарбай бай, Адина байлар жашап турушкан. Ал эми Чынардын таги деген жерде Доор аксакал жана башкалар болуп 20 кожолук кыргыздар жашап турган. Кистакөздөгү кыргыздар, негизинен, Арка өрөөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп чыгышкан.

Кистакөздөгү тажик туугандар менен Чапкылдык волостунун кыргыздарынын ортосунда достук мамиледен башка экономикалык байланыш да болгон. Даркум, Даргаз, Маргун, Бешкент айылдарында жашаган кыргыздардын Кистакөздө ата-бабаларынан бери дос болуп, үй-бүлөлүк катышта турган тажик ашинасы болгон. Ашина – бул дос гана эмес, азыркы тил менен айтканда, каржылык (финансовый) агент болгон. Ар бир кыргыз өзүнүн ашинасына келип, азык-түлүк жана башка товарларын насыяга алып турган. Күзүндө мал жайлоодон түшкөндө өз ара эсептешип алышкан. Кыргыздар негизинен малчылыктан өндүрүлгөн продукция: эт, тери, жүн жана жүндөн жасалган таар, килем, ошодой эле сүт азыктарынан сары май, айран, сүзмө, курут менен камсыз кылып турган. Алардын ортосунда ишеним болуп, жазылбаган мыйзамдын негизинде иш алып барышкан. Бул жөнүндө Н.Лыкошин “Чапкулукская волость” деген эмгегинде “көчмөндөр менен отурукташкан элдер бирин-бири экономикалык жактан толуктап жана камсыздап турушкан” деп жазат.

Ошондой эле Махрам волостуна караштуу Махрам кыштагында да кыргыздар өзбектер менен аралаш жашап турушкан. Махрам кыштагында ушундай эле аталыштагы Кокон хандыгынын чеби болгон. Кыргыздар Кокон хандыгынын тушунда Махрам чебинде аскер кызматында болушкан. Мурда чеп Жийдели айылынын күн батышында жайгашып, Шум-Коргон деп аталган. Шум-Коргон чебине жакын кыргыздын чапкылдык уруусуна таандык эски көрүстөнү болгон. Учурда Махрам чеби да Шум-Коргон чеби да Кайраккум суу сактагычы курулгандан кийин суу астында калган. Махрамда кыргыздардан Нурумбет уулу Ормон аксакал, Марахимов Шайдилла жана Шоорук уулу Осмон аксакалдардын үй-бүлөлөрү жашап турушкан. Булар да кези келгенде Арка өрөөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп келишкен.

Фергана өрөөнүндөгү чапкылдыктар: Жапар, Ажыбек, Бакыбек, Дидар, Калтатай, Тайлакы (Актайлак), Асанали (кытай) болуп жети уруктан турган. Имамшайык, Салимбек жана Каландер Ажыбектин балдары. Бирок бүгүнкү күндө алар да башкалар менен теңата болуп жүрөт. Ошондуктан учурда чапкылдыктар: Жапар, Бакыбек, Дидар, Калтатай, Тайлакы, Салимбек, Асанали, Имамшайык, Каландер болуп тогуз урукка бөлүнөт. Чапкылдыктарда «Жапар эл агасы» деген сөз бар. Ал «эң улуусу» дегенди билдирет. «Тайлакылар олуя тукуму» деп айтылат. Анткени алар Ак-Тайлак олуянан тарашат. Ак-Тайлактын өзүнүн жана тун уулу Жаныбек (Жаныбек-Баба) менен кызы Агачанын мазарына зыярат кылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Тайлакылар Тагайбек (Калдар), Жаныбек, Кошонбек жана Алдарбек деген уруктардан турат. «Бек тукуму – Салимбек» дегени, бул Салимбектин тукумунан көптөгөн бектер чыккан. Мисалы, бектердин акыркысы Бердикул миңбашы, анын небереси Гапар Кошмуратов Кыргыз ССРинин Финансы министри болгон. «Бакыбек-баатыр» дегени «бакырыгы таш жарган, ажалдан кайра тартпаган» жоого аттанганда Бакыбек-баатыр чапкылдыктарга кол башчылык кылган. Анын урпагы Түлкү-бий учурунда Исфара-Чоркуну башкарган бий болгон. Сөөгү Керавшин тоосуна коюлуп, күмбөзү бар. Имамшайык болсо кадимки Бухарадан билим алып, элине келип имам болгондуктан, өз аты аталбай «Имам» деген атка «шайык» сөзү кошулуп «Имам-шайык» же кыскача «Мамшык» деп айтылып калган. Калтатай уругу «кокондук», «оштук» жана «ташкенттик» деп да бөлүнөт. Буга учурунда Калтатай уругунан төрт бек чыгып, Ошту, Коконду, Маргаланды жана Ташкентти бир мезгилде бийлеп турганы себеп болгон. Ташкент тарапта «Калтатай-Арык», Шайхантоур же Шайхан-Дөбө деген жерде Калтатай кварталы же махалласи ж.б. жер-суу аттарынын учураганы буга далил. Ошол эле учурда Оочу-Калачада “Калтатай мазар” деген калтатай уругунун эски көрүстөнү жана бул уруктан чыккан атактуу инсандын күмбөзү бар жана бул мазар менен көрүстөн да Тажикстанда калып калган. Асанали (Асан-бий) «кытай» аталганы Асан-бий Кашкарга хан болуп турганда мурдагы хандын кызына үйлөнөт. Так талашуу күч алып, күчтүү жоого туруштук бералбай Асан-бий хандыгын жана айы-күнү жетип турган кош бойлуу аялын таштап, Кашкардан эли менен ата журту болгон Кожентке кайтат. Кашкарлык аялынан төрөлгөн бала эресеге жеткенде атасын издеп, Кожентке келет. Уулунун келишине арнап Асан-бий чоң той берип, аны элге тааныштырат. Бараалы келгенде ал атасы Асан-бийдин ордун ээлеп, чапкылдык уруусуна бий болот. Ошондо аны жеңелери «кытай уул» деп, тергеп жүргөндүктөн улам, өз аты калып «кытай» аталып калат. Чапкылдык уруусунун өкүлдөрү Тажикстандын Согди (мурдагы Ленинабад) облусунун Исфара районунан башка Канибадам районунун Мазар-Тал, Маданият жана Жийдели айылдарында, Ходжент районунун Сада, Селкен, Калача, Жабар Расулов районунун Демай, ал эми Гафуров районунун Катаган, Исписар, Кистакоз ж.б. айыл-кыштактарында илгертен бери байырлап жашап турушат.

Өзбекстан аймагында Чаткал тоосунун койнундагы Аксак-Ата, Нур-Өкүм же Нурек-Ата айылдары чапкылдык уруусунун Жапар уругунун мекен жайлары. Кезинде бул айылдардын калкын пахта аянтын кеңейтүү максатында дың жерлерди өздөштүрүү үчүн өзбек бийликтери Бөкө, Паркент, Коммунист райондорунун аймагына мажбурлап көчүрүшкөн. Ташкенттик чапкылдыктар: жапар, бакыбек, калдар жана калтатай деген уруктардан турушат.

Чапкылдыктардын негизги бөлүгү Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду, Бешкент, Жаңы-Жер жана Маргун айыл округдарын жана Сүлүктү шаарына караштуу Кольцо айылын же мурдагы Чапкылдык болуштугунун аймагын жердеп турушат. Баткен районуна караштуу Кара-Токой жана Боз-Адыр (Дидар, Бакыбек, Жапар ж.б. уруктар) айылдарында да жашашат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев (Дидар, Калтатай жана Бакыбек уругунун Кочкор, Эрдеке жана Мөндөкө топтору) жана Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар (Тайлакы жана Асанали уруктары) айылдарында турушат.

Орунбай Ахмедов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×