Добавить статью
15:03, 4 июля 2022 4717

Тең бөлгөндү теңирим сүйүптүр

Ыймандын жетимиш бутагы бар, анын бири - бул "кайрымдуулук кылуу" деген ыйман сезими. Кыргыз эли илгертен эле кайрымдуу эл болушкан. Жамааттык баам-сезимге ылайык, ар бир кыргыз өз үй-бүлөсүн, жакын адамдарын, элин жана журтун өзүнөн өйдө коюп, кайтарымсыз жардам берүүнү парзындай көргөн. Ошондуктан, көчмөндөрдө жетимдер үйү, карылар үйү деген болгон эмес. Материалдык жактан бири-бирине кам көрүүгө бардыгы милдеттүү болушкан. Кыргыздар бейтааныш, чет элдик адамдарга да жоомарттык кылып, сураса кайыр садага бере беришкен. Эгер бир жолу бербей калса, сураган адам Кыдыр алейхисалам болуп жүрбөсүн деп кыжаалат болушчу.

Кыргыз элинин кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, марттык, айкөлдүк сапаты кылымдарды карытып, социализм доорунан да өтүп, айыл жергелеринде сакталып калган болчу. Бирок, анын сакталышы токчулукка эмес, жокчулукка байланыштуу болгонбу, айтор, эгемендик алгандан элибиз байыган сайын пейил кетип, ичи тардык, ач көздүк, өзүмчүлдүк өкүм сүрө баштады. Ошондуктан, жаштарды өзүмчүлдүктөн, ач көздүктөн алыс кылып тарбиялап, боорукердикке, адамгерчиликке, кайрымдуу болууга үндөй турган насааттар болсо, ашыкча болбостур.

"Бай" болгонду үйрөткөн кээ бир мотивациялык китептерди окуп калсаң, миллионерлердин бир сырын ачып берет экен. Ар бир тапканыңдын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап турсаң, жолуң ачылып, байлыгың өзүнөн-өзү көбөйө берет дейт. Көрсө, жөөт дининде байлыктын ондон бир бөлүгүн садага кыл деген насаат бар экен, батыштык байлар ошону амал кылышат экен. Биздин ата-бабалар болсо, байлык үчүн эмес, адамгерчилик үчүн илгертен эле кайрымдуулук кылып келишкен. "Тең бөлгөндү теңирим сүйүптүр" деп, ата-бабалар ар бир азыгын бөлүшүп жеген, колунда бар нерсени жалгыз пайдаланганды сүйчү эмес. Динибизде болсо, байлар жыл сайын байлыгынын кырктан бирин зекет кылууга милдеттендирилген. Садака дегени - байлар да, кедейлер да акыреттик сооп үчүн алына жараша ыктыярдуу кайрымдуулук кылуусу. Биз, мусулмандар, кайыр садага берип турсак, алдыда боло турган кырсык-балээни болтурбай, алдын алабыз деп ишенебиз.

Кайрымдуулук жөнүндө илимий тил менен айта турган болсом, анын 2 түрү болот:

1) эгерде материалдык жактан муктаж адамдарга жардам берилсе - бул филантропия;

2) эгерде илимпоздорго, спортчуларга, өнөрпоздорго жардам катары берилсе - бул меценатчылык.

Кыргызстанда филантропиянын өнүгүшүнө молдолор, динди сыйлаган ишкерлер көп эмгек сиңирип жатышат. Ал эми меценатчылыкты бейөкмөт уюмдар, ар кандай бизнесмендер өнүктүрүп жатышат. Ошондон улам бизде жарандык коом күчтүү экенин, бул жагынан үлгүлүү элибиз кырсык учурунда ыкчамдык менен бири-бирин колдоп кете ала турганын көрүп жатабыз. Бирок, мунусун да, тигинисин да кээ бирөөлөр кудай үчүн чын ыкластан кылса, кээ бири популисттик максатта жасашат.

Кайрымдуулук дейбиз, бирок анын экинчи тарабы жөнүндө да айтпай кетсек болбойт. Кээде адамдардын ашыкча эле наалып, өзүн өтө эле алсыз көрсөткүсү келгендерин байкап калам. Ааламга алты саныбыз аман болуп жаралган соң, ар бир аткан таңда жутканга аба бизге ырыскы катары берилип жатса, кыймылдаганга жүрөктүн иштөөсү токтобосо, издегенге көзүбүз көрсө, ойлонгонго акыл айныбаса, анда аракетин кылып, берекесин алганды үйрөнбөйлүбү. Кээде материалдык жактан, кээде руханий жактан муктаж болуп калабыз, бирок, Аллах Таала ар бирибизге алыбызга жараша гана сыноо берерин унутпайлы. Ар ким өзү муктаж болуп турса да, өзүнүкүн өзгөлөргө берип коё ала тургандай ыймандуу болушса кана деймин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×