Добавить статью
10:57, 4 декабря 2014 47896

Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (1 бөлүк)

Кириш сөз

141204_2 Урматтуу окурман кыргыз калкынын башка улуттардан өзгөчө бир касиеттеринин бири өз улутунун тарыхын, урпактарынын уруу – уруу болуп таралышын, ата – тегинин ким экендигин талдап улам кийинки муундарга санжыра кылып айтып калтырып келгенинде эмеспи. Ошол салтыбызды улап улутубуздун тарыхын талдап санжыра айтып, жазып калтырып жүргөн атуулдарыбыз көп, ошолордун бири Эсенкул Төрөкан уулунун 1995 – жылы басылып чыгарылган “Кыргыздын кыскача санжырасы” аттуу экинчи китебин окуп чыгып, кыргыз элинин “Оң” канатынын таралышы жөнүндө автор тарабынан бир топ эмгек жумшалгандыгына ынанбай койбойсуз. Ошону менен бирге, Тынымсейит уруусунун таралышында орчундуу каталыктарга жол берилген, айрым ата – бабаларыбыздын аттары туура эмес аталып, ата – тегибиз алмашып, Бактыгул атабыздын үч аялынын аттары, балдары катары көрсөтүлүп калган жана негизинен толук эмес.

Ошондой эле автор тарабынан Тынымсейит уруусу жалпы эле Сарбагыштын (Кылжыр) экинчи уулу Орозбактынын тукумдары кандайча болуп “Бугу” уруусу болуп аталып калган тарыхын Нарын шаарында жашаган Тынымсейит уруусунан чыккан санжырачы Найманбай уулу Мукаш карыянын айткандарына таянганын белгилеген. Мен Мукаш аваны жакындан жакшы билген адам катары ал кишинин билгендери эмнегедир толук камтылбай окуянын аягы башкача нукта баяндалып, күмөн саноону пайда кылды, атаганат Мукаш ава көзүнүн тирүүсүндө уккан – билгендерин китеп кылып калтырып кеткенде мындай ажырым болбойт беле деген ойго келесиң. Ошентип мен толугураак маалымат алам деген үмүт менен Нарын шаарында жашаган Мукаш аванын улуу уулу Жанболотко кайрылдым, ал киши атасы жазып калтырып кеткен Тынымсейит уруусунун баяны тууралуу эмгегинин көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берди, балдары чогулуп бул эмгекти китеп кылып чыгарабыз деген далаалаты бар экен ийгилик каалап, терең ыраазычылык билгизип жолума түштүм.

Ошентип мен бул эмгекти баштан аяк окуп чыгып раматылык Мукаш ава көзүнүн тирүү кезинде Тынымсейит уруусунун таралышын тагыраак тактап жазып калтыруу үчүн бир топ эмгек жумшагандыгына күбө болдум, Эсенкул Төрөкан уулунун китебиндегилерге караганда Тынымсейит уруусунун таралышы көлөмү жагынан бир топ эле кенен, ата – бабаларыбыздын аттары так, даана белгиленген. Бирок бул жазмаларда деле орчундуу кемчиликтерге жол берилген, алсак Бактыгул атабыздын урпактары толук эмес үстүртөдөн жазылып калган, менин “Меңдибек” туугандарымдын жарымына жакыны кирбей, өзүмдүн бабам жана жотом алмашып калган, анткени бул адамдарга толугураак тактап айтып бере алган адамдар жолукпаган чыгаар. Ушул бойдон Мукаш авамдын бул китеби дагы жарык көрүп калса баары бир тактоолор керек экендигине көзүм жетип, тобокелге салып маалымат топтоого кириштим. Менин атам Шарше раматылык санжыраны жакшы билген адам эле, убагында көңүл буруп жакшылап тактап угуп же болбосо магнитофонго жазып албагандыгыма абдан өкүнөм, мындай мамиленин болушуна ошол мезгилдеги Коммунисттик доордун таасири болуш керек деп ойлойм.

Ошондой болсо дагы атамдын санжырадан кеп салып эл менен баарлашып отургандарына бала кезимде көп эле күбө болгом айрым кызыктуу жерлери эсимде калганына топук кылам. Атам айтып калаар эле балам жети атаңды так билип жүргүнүң, жети атасын – тегин билбегендерди кыргыздар илгертен кулсуң, кулдун тукумусуң деп шылдыңдап келишкен. Ошондуктан мен эс тартканы жети атамды толук билип, атамдын таасири менен аздыр көптүр ата – бабаларыбыздын таржымалын билген адам катары колумдан келишинче толуктап, тактап жазып калтырууну атуулдук милдетим деп эсептедим. Кандай деңгээлде такталып жарык көргөндүгүн, урматтуу окурман өзүңүздөр тастыктап баа берет болушуңуздар керек. Ошондой болсо дагы баардыгын так, толук жаздым дегенден алысмын сөзсүз түрдө кемчиликтер кетет бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, ошондуктан айрым бир катачылыктарга жол берилген болсо сиздерден алдын – ала кечирим сурайм.

Урматуу окурман мындан сырткары Эсенкул Төрөкан уулунун жогорудагы сөз кылган китебинде тарыхчыларды, санжырачыларды ойлонто турган орчундуу окуяга күбө болдум. Бул окуя Тынымсейит жалпы эле Бугу уруусуна тиешелүү болгондуктан тактап кетүүнү туура көрдүм. Бул китептин төртүнчү бетинде Сарбагыштын(Кылжыр) Орозбакты тукумунун “Бугу эли” болуп калышынын себебине токтолгон. Анда, илгери – илгери Орозбактынын балдары Нарын өрөөнүндө өйүз – бүйүз болуп жашап турушкан экен. Орозбакты тукумунун ичинен Асанмырза менен Карамырза мергенчи болуп чыгат. Алар жаш кезинде Аламышык (Аалам Шайык) тоосунан мергенчилик кылып жүрүшүп караган – чердин арасынан, булактын боюнан 8-9 жаштагы бир кызды таап алышат. Кызды алып келишип, кайберен уулап жүрүп таап келдик деп, улуу агасы Арыкмырзага кыз кылып алыңыз деп беришет. Арык ава байбичеси экөө багып чоңойтуп, бойго жеткенде, иниси Мырзакулдун уулу Алсейитке алып беришет, ал кыздын башында мүйүзү болгон деп айтылат. Бул окуяны автор Нарын аймагында жашаган Тынымсейит тукумунун чөбөрөсү Найманбайдын уулу Мукаш карыянын айткандарын окурмандарга тартууладык деп көрсөткөн.

Ал эми Сабыр Аттокуровдун 1995-жылы жарык көргөн “Кыргыз санжырасы” аттуу илимий китебинин 112-бетинде, Бугу уруусу байыркы кыргыздардын чоң уруусу болгондугун тастыктап келип, Бугу деген ысымдын экинчи чечилмеси, ошол эле Асанмырза жолдоштору менен Ала-Мышык тоосунан, Талды-Булак деген жерден бир кыз таап алышат. Кызды Мырзакулга үйлөнтүшөт. Ал кыздын башында мүйүзү болот. Аны кайыптан болгон дешип уруунун жалпы атын Бугу деп аташат деп көрсөтүлгөн. Бул чыгарма Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы, тарых институту тарабынан чыгарылган илимий эмгек, ошондуктан мындан ары, мүйүздүү энебизге Алсейит үйлөнгөнбү же, Мырзакул атабыз өзү үйлөнгөнбү деген эки ача ой пайда болот. Ал эми Тоголок Молдо атабыздын санжырасында ошол эле Асанмырза Ала –Мышык тоосунан бир кыз таап келип, агасы Карамырзага никелеп алып берген деп көрсөткөн, мына окурман ойубуз үч анжы болду да калды.

Ошондуктан санжырачылар, тарыхчылар тереңиреек изилдеп тактоолору керекго деп ойлойм. Менин ойумча жалпы Орозбактынын тукумдарын Бугу уруусу деп атаган соң, Бугу энебизди Мырзакул атабыз алганы чындыка жакындашат деген ойдомун. Ошондой эле Сабыр Аттокуров жогорудагы китебинин, “Санжырачылар” деген бөлүмүндө санжырачы этнография илиминде колдонуп жүргөн жөнөкөй бир кабардын булагы эмес. Ал уруунун, элдин тарыхын жатка билген эң укмуштуудай эсти жаратылыш берген, өзгөчө инсан. Көчмөн турмуштун, токтобогон согуштун, сабатсыздыктын шартында келип чыккан феномен. Анын нукуралыгы, өзгөчөлүгү ушунда. Бул бардык эле элде боло бербейт жана кездешпейт. Ал кыргыздардын рухий дүйнөсүнүн чагылышы. Аны алып жүрүүчүлөр – санжырачылар – деп аныктама берген. Ошондон улам мен өзүмдү санжырачы катары эсептебейм, мен Тынымсейит уруусу жөнүндөгү мурда жазылган, айтылгангандарды жыйнап, бүгүнкү күндө жашап жаткан урпактарына чейин тактап, жазып китеп кылып калтырсам деген гана ойдомун. Ушул ой ишке ашып, бул китеп ойдогудай чыгып калса, жалпы Бугу уруусунун, ошондой эле Кыргыз улутунун санжырасын жыйнап жазуучуларга кичине болсо дагы жардам болот деген чоң ишенич бар.

Дагы бир айта турган сөз, мындан бир нече жылдар мурда Тоголок Молдо атабыз ыр түрүндө жазып калтырган Кыргыз элинин кыскача санжырасын насип болуп көчүрүп алган элем, бул чыгарма дагы колдон колго өтүп, улам көчүрүлүп келген экен, качалык деңгээлде сапаты сакталганын өзүңүздөр күбө болосуздар деген ойдомун. Ошентип урматтуу окурман Кыргыз калкынын тарыхынын башаты катары баамдап Тоголок Молдо атабыздын ушул жазып калтырып кеткен мурасы – санжырасы менен сөз башын баштаганыбыз дурус болотко деген жыйынтыкка келдим. Эмесе урматтуу туугандар сиздерди ийгилик жылоолосун, ата-бабаларыбыздын арбактары колдосун, кыргыз калкынын тилин, дилин сактайлы, каада- салтын, үрп-адаттарын кастарлайлы, тарыхыбызды талдагандан, ата-тегибизди тактагандан талыкпайлы, чарчабайлы.

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

Эң башында Кыргыздар Ээн-Сай деген жерде экен, Атактуу Алтай тоосу бар Айдың чалкар көлдө экен, Ээн-Сайды орустар Енисей деп жүрбөйбү, Чарбак Алтай чайчөптү Башка – башка түрдөйлү. Ээн-Сайдан эл конуп Ыссык-Көл жайлоо жер болуп, Берекелүү жарыктык Мелтиреген көл болуп, Жети жерде өрөөндө Суулары аккан сел болуп, Ак карлуу бийик тоо болуп Адыр, адыр коо болуп, Абасы таза тунук суу Адамдын дени соо болуп.Аңазалуу экен деп Узун калпак Муратай, Атабыз келген бул жерге Анда калган Супатай. Алты агайын киши экен Айдаган малы жыш экен, Ырыс, Даркан улуусу Теги кыргыз уруусу, Төртүнчүсү Домбул бий Сары-Өзөн чүйдө туруучу, Үчөө анда калыптыр Чынгыз ханга жан тартып, Баатыр экен Супатай Келбестир мында ал кайтып. Ырыс, Даркан атаны Алдап Чынгыз чакырып, Кайтара алып кетиптир Калган жерди сапырып. Муратайдын тукуму Сынап менен Күртө дейт, Алда канча эл болуп Аралашып Түрктө дейт. Жийделүү байсын жердешип, Түрктөр менен теңдешип Жердик болуп калган дейт, Анткен менен шарттары Тиричилиги малдан дейт.

Домбул бийден Долон бий, Келгенде мында туулган Долон бийден тараган, Ак уул менен Куу уул Кыргыз наамын көтөрүп, Ааламга салып чуулган Оң менен Сол мааниси Ошол жерден угулган. Эки ата уулу оң болгон, Жети ата уулу сол болгон Ак уулдун эки баласы, Болжолу жок чоң болгон Адигине, Тагай деп, Ай ааламга зор болгон. Куу уулдун жети баласы Жер кезинде бай болгон Батыш менен чыгышта Малга ылайык жай болгон. Эмне үчүн оң деди Эмне үчүн сол деди Маанисин угуп алгының Майда уруктар кор деди, Долон бийдин аялы Эгиз эркек төрөгөн Эки бала тең түшүп Киндик кесип бөлөгөн, Экөөнүн мойну оролуп Бирге түшкөн курсактан Бири мурда түшкөн жок Бир чарайна тунгактан, Экөө тең түшкөн себептен Улуу кичүү деген жок Уламачы баары айтат Жазылган тарых белен жок, Ал балдарга той берип Эл чакырган Долон бий Калмак менен кыргызды Тең чакырган Долон бий, Кийин энчи бөлөрдө Улуусуна улуудай Бөлмөк болду атасы, Кичүүсүнө кичүүдөй Бермек болду атасы Бирок балдар тең үчүн Калыстар айткан кеп үчүн, Бийлик менен байлыкты Арнайлы дегендер үчүн Төрөлгөндө жанында Тургандардан сурашты Дегенден соң кемпирлер Балдарды ороп алганда Көз жарганда көргөндөр Тунгагын алып жаргандар Оң бөйрөктөн түшкөнү Ак уул дешти далили, Сол бөйрөктөн түшкөнүн Куу уул дешти баарылап, Бул себептен карылар Оң деген наам Ак уулга, Сол деген наам Куу уулга Арнаган экен ошентип Эгиз эркек уулга Андан кийин бийликти Оңго берген Долон бий, Кара энчи байлыкты Солго берген Долон бий Ошон үчүн Ак уулдун Эки уулу тең бий болгон Адигине, Тагай деп Атагы журтка дүң болгон, Куу уулдун жети баласы Жетөө бирдей бай болгон Талас, Ноган, Андижан Сол уулуна жай болгон Какшаал менен Кара жүл Жери тоолу сай болгон Ашта, тойдо учаны Сол уулуна тартканы Аш аксакалы дешишип Адат болуп шарттары.

Куу уулдун жети баласы Эң улуусу Аскаалы Экинчиси Каңдабас Өйдө ылдыйды аңдабас, Үчүнчүсү Кулунчак Мындан тукум абдан аз Төртүнчү менен бешинчи Кулунсарык, Сапарбай Алтынчысы Бичине Тарап кеткен жата албай, Жетинчиси Килет дейт Жеткилең кары билет дейт Бардыгынын тукумун Кантип адам иреттейт. Аскаалыдан Чоң Багыш Баарысы Кытай жеринде Башкачараак ыразмы Чарык кийгизет келинге Каңдабастан бешөө дейт Эң улуусу Каратал Экинчиси Кагазды Бул үчөөнө кут түшкөн Эли сынчу бут түшкөн Кутчулар деп аны үчүн Аталып калды муну үчүн. Каратал деп чакырган Бул экөөнүн урааны Каратал, Кагазды айтылбай Алмашып калды бу дагы Андан кийинки эки уулу Мундус менен Саруу дейт Куу уулдун төрт уулунан Курама солдун баары дейт Керки тамга базыстар Кылыч тамга камандар Таластагы кытайлар Кыйла жерге тараган Көкчөгөз бар төбөй бар Нечендерге бөлүнөт, Чачкын болуп ар жерге Тарап кеткен көрүнөт. Дагы сол деп аталат Жетиген деген элибиз Сол болбоско бир себеп Эки түрдүү шегибиз Бир түрдө кээ бир каралат Жети бала келген дейт Адегенде Таластан Кутчуларды көргөн дейт, Каратал багып чоңойтуп Катын алып берген дейт.

Ал жетинин тукуму Жетиген болгон себеби Жетөө жети шаардан Келген үчүн дегени, Биринчиси Чимкенттен Экинчиси Наманган Үчүнчүсү Майкенден Төртүнчүсү Жаркенден Бешинчиси Ташкенден Алтынчысы Байкенден Жетинчиси Нокенден Мына ушул себептен Жетиген деп койду дейт Жетиген Кутчу мааниси Себеби ушул болду дейт. Экинчи түрүн айтайын Саяктардын баатыры Жортуулчусу бай болот Алып келген акыры Ичкериден шаардан Окуп жүргөн баланы Ала качып келиптир Баланын жок залалы Бара-бара чоңоюп Молдо болгон ал бала Элге намаз үйрөтүп Дин жолу бар анда да Бир көзү карек бала экен Молдолугу тууралу Атын Эшен карек койду дейт Катын алып дуулады Андан болду төрт уул Ажырап чыккан көркү бул Төртөө тең молдо болуптур Үч кылымдан берки бул. Молдо Шакир улуусу Молдо Жусуп экинчи Молдо Ибрагим үчүнчү Молдо Сыдык төртүнчү, Бул төртөөнүн уругун Ушундай дейт угумум Молдо Шакир дегени Өңү сары көзү көк Атасынан үйрөнүп Дин жолунда сөзү көп Кыргызча эле тил менен Чекир молдо деп койду Бир ата урук чакыр деп Ураанын катуу бек койду. Саяктардын ичинде Тукумунун баары чоң Кулжыгач дейт Чоро дейт Курманкожо дагы чоң Ак Кавак ыйман ошондон Ар кимисин таратып Ар жагында жазаармын Абыдан кызык жаратып Булардан кийин айталы Уругу арбын таркады.

Эриш бузуп эл чапкан Толуп жатат залкары Эшен карек молдонун Экинчи уулу Жусуп дейт Бул Жусуптун тукуму Кашкарда арбын түзүк дейт, Уйгур менен аралаш Сүйлөгөн тили бирге дейт Анткен менен аз эмес Түтүнү жетет миңге дейт, Молдо Сыдык балдарын Кызыл бөрк деп атаган Чымкент менен Сайранда Казактарды такаган Эшен карек атасы Тиккен дешет беш терек Төрт уулуна төртөө деп Өзүнө сайган бир терек Ата баба мурасы Кара энчини тең берет Беш терек деп аталып Белги калган кейиптенет Уругу ушу жерде дейт Чымкент менен Сайраны Эшен карек турган жер Мазар болгон жайлары. Молдо Ибрагим тукуму Кутчулар менен бир болгон Ибрагимдин жети уулу Жетиген наамын колдонгон Булардын дагы себеби Ачык айтып берели Бир уулу тегирменчи экен Бир уулу жүгөн өрчү экен Бирөө мерген болуп жүрчү экен Бирөө уста дүкөн урчу экен Бирөө отун алчу экен Бири коргошун алчу кенчи экен, Биринин аты Бөкөнчү Мына ушул кесиптен Жетөө тең кенчи деп айтат Кайсынысы чын экен Буларды чечип ким айтат. Сол уулунун тарашы Мына ушулар жонунан Айтып кийин жазалы Ар кайсы өткөн чоңунан.

Эми оңдун тукуму Таралышын жазалы Далай – далай сындалат Тарыхчылар казалы, Ак уулдан эки уул бир кыз дейт Булардын тукуму арбын кыргыз дейт Тутка болгон элине Убададан жалгыз дейт, Адигине, Тагай бий Карындашы Наалы дейт Ошо кезде хандардын Далайга тийген каары дейт, Ак уулдун экинчи аялы Кыз Момуш деп аталат Мындан туулган тукуму Он үч уулга таралат Эрке, Кашка, Түпүкен Маңгыт менен төрт экен Бешинчиси Сокулук Анжияндан жер алып Туруп калган чөлдү алып Кодо, Коочу, Жоош дейт Кийген кийими кооз дейт Тогузунчу баласы Жылкыалды деп айтканы Жортулга күз кетчү экен Жаз алды менен кайтканы Жылда ошентип жүргөндөн Жылкыалды деп ат койгон Бул атакты көбүнчө Анжияндык Сарт койгон. Онунчусу Сарала Он биринчи Итике Он экинчи Бөкөрү Он үчүнчү Чүтөкө, Чүтөкөнүн наамын Татарлар деп коюшат Оюн күлкү тамаша Оюу менен болушат, Кыз Момуштан тараган Уруулар ушу болучу Мунун баары түштүктө Ата мекен конушу. Адигине баатырдын Он баласы болуптур Өз өзүнүн тушунда Дөлөтү каркып толуптур Эң улуусу Сатар бий Экинчиси Баргы дейт Башкалардан башкача Кенен болгон арты дейт, Баргынын укум тукуму Ааламга жеткен даңкы дейт Бөрү, Көкчө, Олжоке Тоок менен Сапай дейт Одүйнөгө барганда Кемибептир таалай дейт Андан кийин Жору дейт Буда журттун зору дейт Эң кенжеси булардын Ардай менен Мүнүк дейт Адигине ичинде Экөөнүн ыгы бөлөк дейт Ойлогону өчтү дейт Ичкен ашы ботко дейт Чатак баштап элдерди Чакыра берет тойго дейт.

Баргы деген уруктан Кечээки өткөн Алымбек Датка болгон эмеспи Балдарынын баары бек Абдылдабек, Мамытбек Ортончусу Батырбек Камчыбек менен Асанбек Бешөө бирдей бек болгон Жаңыдан орус келгенде Жасоол курап бет койгон, Абдылдабек кайда өлгөн Андижан шаар жайда өлгөн Алты атаар менен атканда Жарды да өлгөн байда өлгөн Атасы датка Алымбек Кудаяр хандын тушунда Мен арачы болом деп Шеит болгон тушунда. Арачынын мааниси Кыргыздар коркуп душмандан Колдо курал-жарак жок Кара өзгөй жоодон куткарган Тууган үчүн айланып Көпөлөк болуп учкандан. Кудаяр хан какшыктап Барман агы деп койгон Алдап бир күн чакырып Өлтүрүүгө бет койгон Шеит кылып датканы Желдеттери жеп койгон Алымбек датка өлгөн соң Аялы анын Курманжан Датка болгон бу дагы Эли калыс тургандан Датка турмак ал кезде Алайга туруп хан болгон Аялда болсо Курманжан Бактысы артык жан болгон Кыргыз, Казак, Өзүбек Оруска чейин даң болгон Алайдын аял ханы деп Тарыхта бу да бар болгон.

Эми муну мындай коетур Эмки сөздү Тагайдан Тараталы угуп тур, Тыңшасын келип далай жан Тагайдан туулган үч уулду Богорстон, Койлон, Кылжыр дейт Үчөө тең канат куйруктуу Адамдан чыккан тунжур дейт, Богорстондон кадимки Болгон Солто эмеспи Сары өзөндүү кең Чүйгө Толгон Солто эмеспи, Богорстондун өз уулу Эштек деген киши экен Анын уулу Солто дейт Бактылуунун өзү экен Эштектин аты чыга албай Атак алган Солтосу Ал Солтонун үч уулу Айрым болгон ортосу Күнтуу, Култуу, Чаа деген Үчөө тең мыкты шаа деген, Бул үчөөнүн тукуму Бөлөкбай, Талкан, Каракчы Дагы- дагы көп урук Сары өзөн Чүйгө таратты. Кан болуп өткөн бектер бар Булардан канча эрлер бар Жалпы көрүп жыргалды Касиеттүү элдер бар, Койлондон кооз Жедигер Андижандын бетинде Кайда барсаң жаза жүр Эс акылдан кетирбе, Бир азыраак чачылган Жедигердин уругу Жумгал менен Чүйдө бар Ар кайсы жер туругу.

Үчүнчү уулу Тагайдын Кадимки чоң Сарбагыш Мойну кылжыр себептен Буруп айтып алган иш, Кылжырдан Орозбакты дейт Дөөлөс экөө бир тууган Бул экөөнүн уругу Кайчылашкан тең тууган Тынымсейит, Бугулар Орозбактан ушулар Маани жайы эң кызык Бул сөзүмдү угуп ал Чаласы калса Актандан Уламыштап угуп ал. Асан мырза Мырзакул Орозбактын балдары Арык деген бирөө бар Тукуму көп ал дагы, Асан мырза жаа атчу Абыдан адис мерген дейт Ала-Мышык тоосунан Кийик уулап жүргөн дейт Карагай чердин ичинен Бир кыз таап келген дейт Агасы Кара мырзага Никелеп алып берген дейт, Таап алган ал кыздын Башында мүйүзү болгон дейт Ал себептен Бугу деп Калктын атын койгон дейт Жалпы жонун айтабыз Тынымсеит, Бугу деп Эне наамын чакырган Нечен түрлүү уруу дейт. Кыздын аты Олуят Байбиче дейт карылар Актандан барып сурасаң Далай кызык табылаар, Башка түрүн мен айтсам Байбиченин шеги бар Ачыгын айтып жиберсем Аркырап Актан жулунаар.

Ошентип уруу уруулар Бир-бирине теңешти Дөөлөстөн төртөө эмеспи Токо, Жантай, Элчибек Манап деген кенжеси Буларды толук эл билет Өзүк, Молой, Чечейлер Токодон экен сурап ал Кара курсак аталып Калк ичинде бу да бар, Жантайдан, Жантай деп койот Акчабуу менен Аюуке Токтоокү жана Таштокум Кызуу сөзгө маш токум Майда болуп уругу Тарап кетип куруду, Анткен менен булар да Сарбагыштын уругу, Элчибектин тастары Тас болуптур баштары Көпчүлүгү Кочкордо Тарап кеткен жактары, Ат-Башы менен Нарында Анча мынча аздары, Эки Кемин, Чүйдө да Тынайларды сактады. Манаптын Сүтөй, Жарбаңы Баарыдан бийик арбагы Бир чети Чүй, Кеминде Ат-Башы, Нарын тармагы Кочкор ата өзөнүн Жердеп турат калганы, Сүтөйдөн Эшим, Сарысеит Бий болуп өткөн ал дагы Үчүнчү уулу тукумдан Чоң Чороалы бар дагы Булар да Кочкор жеринде Сөзүмдө жок жалганы.

Үчүкө, Түлкү бир тууган Сарысеиттин балдары Тарыхтан булар жоголбойт Баары кыргыз кандары. Үчүкө, Түлкү тукумун Эсенкул менен Тынай дейт, Солтолордун ураанын Эшкожо менен Коной дейт Атагы калган түпкү ата Адигине, Тагай дейт Оң менен Солдун ар жагын Ажыратыш далай дейт. Ак уул менен Куу уулдун Тараганын баштадым, Эгиз бала бир болуп Жаралганын баштадым, Чоң-чоң уруу кыргыздын Ураанынан баштадым, Тукумдары кайда экен Турганынан баштадым, Эми кандай сурайсыз Жазып кагаз таштадым, Эмне үчүн аларды Анча неге наздадың Өткөн ата-бабанын Бир кыйласын таппадым Толуктап кийин берээрмин Эсимден чыгып калганын, Тоголок Молдо болгону Ырчы атка конгону Далай жыл болду болжолу Өлө электе алып кал Чыга берет ойдогу.

Тоголок Молдо – Абдыкалык Чоробаев – Тостоктун уулу Өмүралы

Мына окурман Тоголок Молдо атабыздын кыргыз калкынын мурда кайсы жактарда жашап келишкенин, кандайча болуп ушул берекелүү, касиеттүү конушубузга келгендигибизди, бул жерге келип төрөлгөн ата-бабаларыбыздын кандайча болуп оң, сол аталып калгандыгын, ошондой эле оң, солдон таралган урууларынын кайсы жерди жердешип, кандай болуп өнүп- өсүп келе жаткан кыскача тарыхына күбө болдуңуздар. Куйулуштуруп ыр түрүндө жазгылган бул кыскача тарыхты окуган соң Тоголок Молдо атабыздын акындык талантына таазим кылбаска аргаң калбаса керек. Ошентип жогоруда айтылгандарды жыйынтыктасак Долон бийден Ак уул (оң канат) жана Куу уул (сол канат) тарагандыгын, Ак уулдан – Адигине, Тагай, ал эми Тагайдан – Богорстон, Койлон, Сарбагыш (Кылжыр). Сарбагышдан (Кылжыр) – Дөөлөсбакты (сарбагыш уруусу), Орозбакты (бугу уруусу) тарагандыгын тастыктап билдик окшойт. Андан ары уласак Тагай бийдин Сарбагыш (Кылжыр) деген уулунун экинчи уулу Орозбактыдан Арык мырза, Асан мырза, Кара мырза, Мырзакул жана Токоч мырза деген беш уулу болгону, кандайча болуп “Бугу” уруусу болуп аталып калгандыгы тууралуу дагы маалымат алдыңыздар болуш керек. Эмки сөздү ошол Орозбактынын Мырзакул деген уулунан төрөлгөн Алсеит жана Тынымсейит деген эки уулунун кенжеси Тынымсейиттин урпактарынын таралышына кезек берели.

Тынымсейиттин тукумдарынын таралышы

Тынымсейиттин Турга деген байбичеси көпкө чеин төрөбөй койгондуктан Супа деген энебизди экинчи аялдыка алыптыр. Супадан үч уул төрөлөт, алар калдуу бала Калбек (Кабели), жалдуу бала Жалбек (Шалтак) жана Мортук. Кыргыз эли илгертен бала төрөлгөндө ат койуу аземине сергек мамиле кылып келген эмеспи, балким Калбек төрөлгөндө денесинде калы, ал эми Жалбек төрөлгөндө далысында билинээр – билинбес жалы болгон чыгаар. Калбек бой тартып үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатып саяк Кабанын эли менен жамаатташ жайлоого чыгып ынтымакташып көпкө жүргөндүктөн (болжолу кайын журту болгон деген каңшаар бар) Каба эли деген мааниден “Кабели” атка конуп кеткен. Ал эми Жалбекти кичинесинде тентек болсо керек, шалтактап кир болуп жүрсө ата – энеси шалтагым деп эркелетип жүрүшүп “Шалтак” атка конуп кеткен, балким көз тийбесин деп ырымдап атайын эле аташкан чыгаар. Эң кенжеси Мортукту балам чоңойсо, кудай өмүрүн тоспосо хан болот деп жүрүшүп “Кан Мортук” деп аталып калат. Үчөөнү уйкаштырып Кабели, Шалтак, Кан Мортук деп эл оозунда айтылып калыптыр. Алгачкы сөздү Тынымсейит атабыздын улуу уулу Кабелиден баштасак.

Уландысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-12-2014
Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (6 бөлүк)
10163

04-12-2014
Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (5 бөлүк)
16799

04-12-2014
Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (4 бөлүк)
9251

04-12-2014
Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (3 бөлүк)
10565

04-12-2014
Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра (2 бөлүк)
12016

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×