Добавить статью
14:52, 3 апреля 2015 55714

Садыр аке

САДЫР АКЕ

(1821-1905)

Өзүн сыйлаган ар бир эл калп айткандарды, жалган сүйлөгөндөрдү жектеп, укум-тукумун, урпактарын түз айтып, түз сүйлөгөнгө тарбиялап, ал эреже-тартиптерди ырым-жырым, макал-лакап, уламыш-жомок, дастан, эпос түрүндө келечек муунга калтырып кеткен. Жогорудагылардын ичинен макалдарды эле ала турган болсок кайсыл элдин макалын алба, ал турмушка жана чындыкка дал келгендигин угуп-көрүп таң калбай койбойсуң. Себеби азыр адамдар ааламды сызып учуп, айга конуп жатканы менен мурунку муундардан калган макал-лакаптардай сөздөр жаралып жатабы? Таң...

«Атадан бала артык төрөлбөсө, акыр заман келет», – деген экен байыркы кыргыз. Азыркы кыргыз эли мурунку ата-бабаларыбыздан көп жагыбыз менен айырмаланып калдык, аны тана албайбыз. Жакшы жактарыбыз менен кошо жаман жактарыбыз дагы көбөйүп, өсүп бара жатат. «Аксакалы жок элде комедия, жаштары жок элде трагедия көп болот», – дегендей советтик идеология аксакалдарыбызды жок кылып, анын ордуна «дүжүр чалдарды», «акшакалдарды» (Шайлообек Дүйшеев), «чуут жаштарды», өзүмчүлдүгү башынан ашкан жаңы муундарды тарбиялап, өстүрүп таштаптыр. «Көпчүлүккө көө сүртпө» дегендей баарын айтканым жок, «Бир кумалак бир карын майды чиритет» болуп «бир мүйүзгө тийген сокку миңдеген мүйүздөрдү зыркыраткан» өңдүү пайдасынан зыяны, жакшысынан жаманы көп болуп жатканы кимди болсо дагы өкүндүрбөй койбойт. Бирок биз кыргыздын жакшы жагын көп айталы, мурунку унуткан нерселерибизге кайталы, аны үчүн жаңы нерселерди ойлоп табуунун эч зарылчылыгы жок.

Кыргыз элинде чындык, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк, калыстык тууралуу нечендеген макал-лакаптар жаралган. Алсак: «Ак ийилет, бирок сынбайт», «Калптын казаны кайнабайт», «Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок», «Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп», «Чындыгы аз адамдын достугу жок», «Чындыгыңды жоготконуң, өмүрүңдү коротконуң», «Чындыкты жарадар кылууга болот, бирок аны өлтүрө албайсың», «Калп айтып жыргайм дегиче, чындыкты айтып азап чек», «Калп адамдын сөзүн иритет, кайгы адамдын өзүн чиритет» дагы ушуга окшогон макал-лакаптардын ондогонун мисалга тарта берсе болот.

Анда сөз, ошол чындыкты, акыйкаттуулукту, калыстыкты туу тутуп, ал үчүн күрөшүп, анын артынан «аке» даражасына татып, элдин уулу атыгып, азыркы күндө улуттун сыймыгына айланган Садыр аке жөнүндө болмокчу. «Чындыкты сурасаң Садыр акеге бар» деп кыргыз эли бул сөздү макалга айландырып, эл ичинде Садыр акенин сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин айтылып келе жатат. Анда, алгач Садыр акенин түпкү тегине үңүлүп карап көрсөк, себеби адамдын ата-теги өзү эле көп нерсени айтып берет эмеспи: Эл ичинде Садыр акени «саяк Садыр аке» деп да атап келишкен. Түбү саяк. Саяктан Каба, Кабанын кичи аялынан Шыкмамат, Шыкмаматтан Кудаш бий – Кожояр – Асказан (Коңураш) – Күлүк – Абилет – Майназар – Жолболду – Садыр [Асанбеков, 2011 : 71].

«Бетке айткандын заары жок», – дегендей атагыңды да, чатагыңды да эсепке албай бетке айткан адамдар азыр деле көп. Бирок кай жерде, кимге, кантип айтаарды билбегенибиз андан көп. Себеби бул адамдык сапат жарашкан адамга гана жарашат. Ошондуктан ыгы келген жерде айтылса жакшы, ал эми кээде «айтылган сөздөн айтылбаган сөз күчтүүлүк кылат». Албетте, чындыкты, акыйкатты айтыш үчүн биринчи орунда өзүң таза, калп айтпаган, убадасын бузбаган, ичи кең, баарына тең болушуң керек. Алгач ошондой даражага өзүң жетүүң керек. Андай болбогон учурда «жамандын өзү теңелбесе дагы сөзү теңелет» болуп, сени менен эч ким эсептешпей коюшу толук мүмкүн.

Эми ошол аке даражасына жетип, оң-сол жана ичкилик элдери чогулган жерде бирдей ызаат-сый көрсөткөн, мансабы менен эмес даанышмандыгы менен элдин эсинде калган Садыр акенин баяндуу насыяттарына кененирээк орун берсек. Көптү көрүп, түрдүү тагдырды башынан кечирген Садыр аке: – «Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси, пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын куурай, чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү, элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык», – деген экен [Мамбетов, 2013 : 140].

Эми буларды алыбыздын келишинче талдап көрөлү. Адамга тик карап жүргөн жакшы – адамга кандай адам тике карайт: калп айтпаган, убадасын бузбаган, жамандык каалабаган, ниети таза адамдар тайсалдабай, тике карап, бош отурат. Ал эми күнөөсү бар адам тике карай албай, кайсактап, жолун таап качып кеткенге шылтоо издеп, эки жагын чукулап-укулап эмне кыларын билбей калат эмеспи; артыңда калган туяктын артыкчылыгы – атадан артык туулуш өтө кыйын, атын булгабай атага тең туулуш андан дагы кыйын. «Жамандан жаадай, жакшыдан мөөндөй уул туулат», – дегени да бар. Бирок тукумуңдун уланбай үзүлүп калышы алардан дагы жаман нерсе туура. Буга ачык мисалдар толтура, укум-тукуму уланып келе жаткан эл уулдарынын урпактары бүгүнкү күндө ар бир беш, он жылдыкта республикалык, эл аралык деңгээлдерде атактуу аталарынын мааракелерин өткөрүп, элдин эсине улам салып келишет. Ал эми тукуму үзүлүп калган канча азаматтар, улут сыймыктары эскерилбей, унутта калып жатат. Аларды жүздөп санаса болот. Мына учугу үзүлбөй келе жаткан туяктын артыкчылыгы. «Аккан арыктан суу агат», – деген макал акыры сенин тукумуңдан сага тең келген же сенден ашкан уул туулат дегени ура кыргыздын. Көрсө, атылган октун баары эле бутага тие бербейт экен. Ал тургай Сарт аке дагы «кудайым, көкүрөгүмдү алтын, көчүгүмдү бок кылып жаратыптыр», – деп өзүнөн жакшы тукум чыкпастыгын билип абдан кейиген тура.

Ак сарайдан, сайма алачыктын артыкчылыгы – илгери бир келин «үңкүр да болсо үйүм, аюу да болсо күйөөм бар» – деп бар нерсесине каниет кылган экен. Анынсыңарыдай кабат-кабат үй салганың менен анын бир бөлмөсүндө гана жашай алат экенсиң. Ырахтынан мээнетин, пайдасынан зыянын көп тартасың. Бирок ага деле кайыл болуп, дүнүйөнүн үстүнө дүнүйө курагандар дагы аз эмес. Көчмөн кыргыз эли байыртадан эле «артык дөөлөт баш жарат», – деп ашыкча дөөлөт чогулткандан алыс болуп келген эле. Мисалы, жашаган үйү жыгач менен кийизден, урунган куралы жыгач менен териден жасалган. Жоо же айыгышкан душман кол салса баарысын таштап, бала-чакасын жана өтө керектүү гана нерселерин алып чыгып кете беришкен. Дүйнөсүнө кармалганы колго түшүп кул болгон же дүнүйөсү башы кеткен заман болгон. Ошондуктан кыргыз чеп, ак сарай салбай алачык, боз үйдү артык көрдү.

Журт аталары, эл агаларынын баары эле калктын камын ойлогондордон болуп чыга бербейт тура. Аларың күчү жеткенине корсоңдоп чоң болуп, акыркы союшун тартып жеп, кордук көрсөтсө, өзүнөн күчтүүсүнө тартуу тартып, тай союп, кошоматтын «атасын таанытты». Көрсө, тарыхта Сарт аке айтып кеткендей «жакшылардын гана аты» эмес, жамандардын аты дагы түбөлүккө кала берет экен. Мына ошондой алы жеткен, көзүнө көрүнгөн тирүү жандын баарын тытып жеген жолборстон көрө, эч кимге жолтоо болбогон, курт-кумурска, чөп-чаардан башкага зыян келтирбеген көр чычкандын артыктыгын белгендигин караңыз.

Чечендикте «сүйлөй сүлөй чечен болот, көрө көрө көсөм болот», – дегендей сүйлөгөндүн баарысы эле чечен болуп кетпейт. Аны үчүн укканын унутпаган, көргөнүн эсинен чыгарбаган, кылт эткендин баарын байкаган кыраакы «көп жашаган эмес, көптү көргөндөн», «айтып туруучусу» болсо гана кызыл тилин сайрата алат. Садыр акенин ата-бабалары илгертен эл башкарган бий, манап тукумунан болгону менен ал эл катары эгин эгип, мал, жылкы багып, турмуш-тиричиликтин ак-карасын көрүп чоңоет экен. Бул анын кийинки турмуш-тагдырында чоң таасирин тийгизип, кадырын арттырган. Жашы кыркка жеткенде гана болуш даражасына жетип, эл башкарып, калктын көйгөй маселесин чечип, жакшылар менен жандашып жүрө баштайт [Мамбетов, 2013 : 140].

Садыр аке кырк төрт жашка чыкканда тагыраагы 1865-жылы күз айларында бугу менен сарбагыш уруусунун чоң жыйыны өтүп, ал жыйынга Садыр аке атайылап эле кечигип келет экен. Анын кечиккенине карабай чогулушту Шабдан баатыр баштатпай, келчү жолун улам-улам каратып убара тартат. Бир убакта Садыр акенин жоон топ менен келе жатканын көрүп, алдынан Шабдан баатыр, Жангарач бий, Кыдыр акелер баш болуп көпчүлүк алдынан тосуп чыгып, жыйын болчу жерге эмес, атайын тигилген өргөгө баштап барышып, ал күнү жыйын өтпөй кийинки күнү чоң шашкеде жыйын башталат (Бул эми санжыраларда айтылып жүргөн маалымат. Толук ишенүүгө да мүмкүн эмес, себеби, бугу-сарбагыш урууларынын жыйыны дегени бул жыйынга солтодон Жангарач бий, саяктан Садыр аке чакырылган экен. Демек, аларды чогулуштун катышуучусу катарында эмес, калыс иретинде чакырышкан өңдөнөт. Экинчиден, Шабдан баатыр (баатыр даражасына жетелек мезгили болсо керек – К.О.) ал учурда болгону 26 жашта болуп, Садыр акеден 18 жашка кичүү болгон. Бул Садыр акенин айлакерлиги экендигин эл ичиндеги акылы тунуктар бат эле түшүнүп коюшкан өңдөнөт. Демек, Садыр аке өзүнүн кадыр-баркын, тараза-салмагын ошентип текшерип көргүсү келген тура.

Ал эми көпчүлүк чогулган жерде «эр чекишпей бекишпейт», «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дегендей «укушмай-чукушмай», «сүзүшмөй-чабышмай» болбой койбойт. Ошол жыйында Садыр акенин кечигип келгенин, ашыкча сөөлөт күткөнүн, чогулушта Шабдан баатырдын оң капталында олтурганын жактырбаган Шабдандын көпкөн жигити Баяке, титиреңдеп, Садыр акени сөөмөйү менен сайып көрсөтүп: – Мырзам, тиги мурду жырык кара уйдай болуп шаңырайып олтурган ким деги? – деп калат (санжыраларда, адабияттарда Садыр акенин өңү серт адам болгон дешип сүрөттөшөт – К.О.). Садыр уксун деп атайын угуза айтылган сөзгө дароо мындай деп жооп берген экен:

– Атам Жолболду, өзүм Садырмын.

Атасы жок эли менен жат болгон,

Ага-ини менен кас болгон,

Арам ишке маш болгон,

Бычтырып салып ат болгон,

Ат төбөл карыш тебетей кийген,

Баяке деген сен болуп жүрбө [Асанбеков, 2011 : 71],

Билсең саякмын, билбесең башыңа тийген таякмын [Мамбетов, 2013 : 141] – деп элдин алдында Баякенин абийирин айрандай төгөт.

– Ап баракелде! Садыр болбосоң кое кал! Туура таап айттың, мунун уга турган кеби ушул болчу, – деп Баякенин жоосунсуз кылыгы үчүн Шабдан өзү уялып, жигитин жутуп ийчүдөй жаман көзү менен акшырая карап тим болот. Эч ким жок жер болсо эмне болот эле, көпчүлүктүн көзүнчө башка эч нерсе деп айта албай олтуруп калат. Ал эми Баяке ансыз дагы сөзгө сынып, бедели катуу түшүп, алтымыштан ашканда шермендеси куюлуп, туруп кете албай же ордунда отура албай таштай катат да калат. Отурган эл кыраан-катырыкты салган сайын кирерге жер таппай турду дейт. Себеби Баяке дагы жөн киши болгон эмес экен, учурунда Шабдандын атасы Жантайды жандап, эл жакшылары менен көп жүрүп, долулугу менен көптү, улуу-кичүүнү коркутуп көп болушка караганда кадыры менен каары өтүп, ошондуктан ойду-тоону карабай, оозуна келгенди сүйлөп калгандыгы байкалып турат.

Мына ошол жыйында Садыр аке дагы сөз алып: – «Жаратылышынан аялбаакы Кудаярдын баласы Рахматулланы той-тамаша куруп жатканынын үстүнөн чыгып, ага жигиттерин кошуп Байтик баатырдын кырып салганы ырас. Аны мен бери эле болгондо Кудаярдын найза бойлогус кылык-жоруктарына карата өч алуу катары баалаймын. Болбосо, Байтиктин бир тууган инисин «ордо жигити кыламын» деп жылуу ордунан козгоп алып кетип, уялбай-этпей туруп ажатканасын тазалаттырып койгону бери эле болгондо Кудай-Таалам кечирим бергис кылмыш. Ошондуктан бул маселеге кун төлөө талабын орунсуз иш деп баалаймын. Ал эми Байтиктин Каракол оезунан миң жылкы доолаган арызы дагы суу кечпейт. Бул барып келип эле карапайым элдин жонуна түшкөн мүшкүл, кайыштай тартылган кыл аркан. ...» [Мамбетов, 2013 : 142], – деп коюлуп жаткан бир нече маселелерди бир сөз, төп калыс, бетке айтылган таамай сөздөр менен чечип, көпчүлүктүн көңүлүнө орной алган экен.

Мынча болду Садыр акенин дагы эки-үч окуясын окурмандарга сунуштап өтөлү. Себеби окурманга биздин талдообуз эмес, окуянын жүрүшү кызык болот эмеспи.

Жантайдын жашы жетип (көпчүлүк санжыраларда Жантайга хан даражасын ыйгарып жазышканы анын даражасын көтөргүлөрү келишкендиги менен түшүндүрүлөт. Бирок наам, даража тагып, ыйгарып койсо эле адамдын кадыр-баркы жогорулап, көтөрүлүп кетпейт – К.О.) кайтыш болуп, ашы-жыты өткөн соң, атасынан кийинки бийликти же эки тизгин, бир чылбырды Шабдан колуна алат. Көп өтпөй эле «бүтүндөй түндүк кыргыздарынын башын бириктирем» деп чоң жыйын өткөргөнү калат. Жыйын өтчү жай деп Кочкордун Чекилдеги тандалат. Келе турган элди тосуу, жайгаштыруу, сыйлоо иштери сарбагыш уруусунун мыктысы, бир чети байы катарында Чоко баатырга табышталат. Чоко баатыр чынында эле бул камылгаларга катуу кам көрөт. Жатагына бир бөлөк, тамактана турганына бир бөлөк, манабына, букарасына деп аземделген боз үйлөрдү тиктирип, тамак-ашын жайнатып, баглан козусунан тайына чейин сойдуруп даярдаткандан кийин, өзү коноктордун келээр маалында жыйын өтө турган он эки канат ак өргөөнүн дал төрүнө кабаттатып жер төшөк салдырып жатып алат. «Эр энөө болот» дегендей мунусу жыйынга келгендердин баарысына жакпайт, баары бирин-бири карап унчукпай туруп калышат. Ошол учурда Садыр аке Чоко баатырды тааныбаган киши болуп, өргөнүн ичинде уй мүйүз болуп отурган Шабдан баатыр, Байтик баатыр, Жангарач бийге жана Алымбек даткага карап:

– Мына бул ооруп, ок жеген ноокасыңарды жыйын өткөрүлүүчү өргөөгө «ит көлөкөлөгөн бактын» астына байлагансып, жаткырып койгонуңар эмнеңер? Же эмне, бул оокасыңарды башка жаткыра турган жайыңар калбай калды беле, Шабдан иним? Бул кеселиңерге эптеп-септеп бир сайма алачык таап берсеңер болмок экен ишке жолтоо кылбай, – дегенде эмне кыларын билбей калган Чоко баатыр эшикке чыгып кетет. Чоко баатыр эшикке чыкканча унчукпай олтурган Шабдан баатыр: – Алда катыгүн ай-йе, баатыр ала көөдөн болот дечү эле. Уятына чыдабай бир балээнин ичинен чыкпаса болду. Деги анча-мынчаны көңүлүңүздөргө албасаңыздар экен, Саке, – дейт Садыр акеге кайрылып [Мамбетов, 2013 : 146; Асанбеков, 2011 : 72].

Чынында кабатырланган Шабдан баатыр Садыр аке жаткан боз үйдү өзүнүн жигиттерине кайтартып, катуу көзөмөлгө алдырат. Бирок Чоко баатыр кол салмак тургай үстүнө киргенден айбыгып жакын жолобойт. Жыйын тарай турган мезгил келип жеткенде Шабдан баатыр менен Байтик баатырды ортого салып, бир-эки күн конок болуп кетүүсүн өтүнөт. «Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» дегендей Садыр аке атынын башын буруп, конокко түшөт.

– Кечириңиз Садыр аке. Менден бир аз осолдук иш кетип калды окшойт. «Ойлонбой жасаган ишимден улам онтобой ооруга жолугуп олтурамын». Бир апта бою кылдат даярдык көрүп, күн-түнүмдү кечип уюштурган мааракемди бир акылсыз гана оюм менен жууп койдум сыяктанат. Бирок болоору болуп, боесу канды окшойт. Эми өз үйүңүздө олтургандай болуп беймарал конок болуп кетиңиз. Мал-жанымды, эли-жеримди, иштеткен талаа-түзүмдү көрүңүз, – деди Чоко баатыр кежигесин жаш баладай болуп кашыгылап. Ал күнү Садыр акеге аябагандай чоң сый көрсөтөт. Эртеси кетээр маалында Чоко баатыр аялы Жаркын экөө үстүнө тон жаап, алдына өзүнүн минип жүргөн тору жоргосун тартып: – Садыр аке, жашым кырк бешти чамалады. Жаркын экөөбүздүн баш кошконубузга жыйырма жылга жакындап калса дагы келиниңиздин согончогу канабады. Бала дегенде экөөбүз бирдей ак эткенден так этип келебиз. Жолдугуна мына бул өзүм минген торуну минип, ак батаңызды бере кетиңиз, – деп ага жалооруп, жообун күтүп калды. Келинчеги дагы көзүнө чолок жаш алып, Садыр акеге чоң үмүт артып тургандыгын көрүп:

– Эмине, абаңдын канжыгасына байлана жүргөн же чөнтөгүнө салып алган батасы, сен сураган баласы бар дейсиңби? Бирок келинимден батамды аямак белем, эгерде жаратканым эш көрсө, берсе берейин батамды. Ал эми «торуну» болсо жыл айлантып, уулду болгондо уулуңдун атын Казы коюп, бешик тойго арнап сойгунуң, – деп алаканын жайып, ак батасын берип кайткан экен. Садыр аке айткандай Чоко баатыр жыл айланбай уулду болуп атын Казы коюп, жентегине тору жоргосун союп чоң той өткөргөн экен. Ал эми Казы өз учурунда атасынан ашкан баатыр атыгып, өзгөчө акылмандыгы, айлакерлиги жана көрөгөч көсөмдүгү менен айырмалынып, элине ак кызматы менен жаккандыгы эл ичинде айтылып келет [Мамбетов, 2013 : 146-147].

XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башы дагы кыргыз эли үчүн «бычактын мизинде» турган тагдыры чиеленген мезгилдерден эле. Кокон хандыгынын эзүүсү, Россиянын оторчулук саясаты жана Кытай мамлекети менен чек араларды талашуу, такташуу маселелери кыргыз элинин келечегин аныктамак. Кокон хандыгы күч-кубатынан ажырап, кыргыз элине мурункудай кыр көргөзө албай алсызданып бара жатса, орус оторчулугунун уулуу саясаты күн санап өсүп, эркиндикти сүйгөн элди ичине ооп тартып бара жаткан. Бул маселе боюнча азыркы күндө түрдүү ойлор айтылганы менен аларды ошол кездеги эл билермандары кааласа, каалабаса дагы баары бир басып алуу иш аракеттери токтомок эмес. Токтотчу дагы күч жок эле. «Тарых кайталанат» дегендей бүгүнкү күн дагы ошол мезгилге окшоп бара жаткандай элес калтырып турат.

Ал эми кыргыз-кытай чек арасынын бөлүнүшү, өз ара аныкталышы бүгүнкү муунга анча маанилүүдөй туюлбай турганы менен түшүнгөн элге, экиге бөлүнүп калган бир туугандарга «кетпеген кесик, айыкпаган кеселдей» болуп бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Эгерде чек ара бөлүнүп жатканда орус-кытай мамлекеттери жергиликтүү элден Шабдан баатырды, Садыр акени, Байзак баатырды, солто Чолпонкулду, Кыдыр акени ж.б. аралаштырбай эле саясий чечимдердин негизинде чек араны аныктап коюшканда же жогорудагы аты аталган эл мыктылар эмес башкалар кошулуп калганда кандай болмок ким билет, кыскасы көптөгөн түйшөлүүлөрдү, тынчы жок ой-пикирлерди жаратып келе жаткандыгы дагы ачык.

Мына ошол чек аралар аныкталып жатканда кыргыз элинин кызыкчылыгына чечкенге Садыр акенин дагы орду чоң экендигин баса белгилеп көрсөткүбүз келет. Бул окуянын кандайча өткөндүгү тууралуу Кубан Мамбетов өзүнүн китебинде кенен чагылдырып өткөн.

Кыргыз эли көчмөнчүлүк турмушта табияттын мыйзамдарын бузбай жашап, өздөрүнүн жашоо-турмушуна эч кимди аралаштырбай турганда алдым-жуттумдан алыс болуп, адамдык сапаттарды аздектеп сактап, ач көздүктү, өзүмчүлдүктү жек көрүп, материалдык байлыкка эмес, руханий байлыкка көп ыктап келгендиктен өзүн жоготпой келбедиби. Ал эми XVIII кылымдан баштап башка элдердин, Кокон хандыгынын, Россия империясынын, Кытайдан качып келген дунгандардын кыргыздын турмушуна аралашышы көптөгөн өзгөрүүлөрдү, кыргыз мүнөзүнө туура келбеген терс көрүнүштөрдү алып келди. Айрыкча, жаңыдан киргизилген бийлик бутактарына шайлоолордун жүрүшү нечендеген кылымдар бою эрежесин бузбай келе жаткан башкаруу бийлигинин тартибин талкалап, алдым-жуттумдарга, пара бермей жаман адаттардын пайда болушуна, уруулук согуштарга жол ачкан. Алмустактан бери бий шайлоонун эрежеси бузулуп, байлыгына, элинин көптүгүнө, тааныш-билиштигине салган замана курула баштаган. Байыркы кытайлардын «алгач бөл, анан башкар» деген мурас-керезин туура пайдаланган келгиндер баё кыргыз элин каалагандай калчаганга өткөн. Бир беткей айткандан алыспыз, өзүбүз дагы аларга шыкак, курал болуп чабылгандыгыбызды дагы моюнга алышыбыз керек.

«Эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени», – дегендей Россия империясынын батыштан басып келе жатканын, чек арасын кеңейтип келе жатканын баамдаган Кытай мамлекети дагы жөн жатпастан жаңы аймактарды өзүнө бөлүп алууга ашыгып, суук колун созуп келе жатты. Кыргыз жеринин бүтүндүгүнө чоң коркунуч эми келди. Кыргыздар менен Кытайдын чек арасынын аныкталышында кимдер жеңишкен, кимдер жеңилгендигин айтуу азыр дагы кыйынга турат. Себеби, кыргыздар ондогон кылымдар, миңдеген жылдар бою мекендеп келген жерлердин ондон бири уйгурлардын жери деген шылтоо менен бөлүнүп кала берди. Тетирисинче, бүгүнкү күндө Кызыл-Суулук кыргыздарды 1916-жылкы улуттук боштондукта эле ооп барышкан деген ой менен жүргөн канча замандашыбыз бар. Муну дагы айта кетпесек болбос.

Эгерде чек аралар аныкталып жатканда жер өңүтүн, тарых-таржымалын, ата-бабаларынын отурукташкан аймактарын билбеген немелер комиссияга кошулганда канчалаган жерлер дагы кетип калат эле, ким билет?

Чек араларды аныктоо комиссиясынын мүчөсү болуп, бул ишке башынан аягына чейин катышкан Садыр аке Россия империясынын полковниги Г.Колпаковскийге тайманбай: – Орус бир туугандарыбыз биздин бүтүндүгүбүздү толук камсыздап беришсин. Ошондо гана биз, эл-жер ээси катары кытай төбөлдөрү менен тең ата талаш-тартыштарга аттана алабыз [Мамбетов, 2013 : 148], – деген шартты койгон.

Бул чек аранын бөлүнүшүндө орус генералынын бири А.Куропаткин да чоң роль ойногон. Негизги сүйлөшүүлөр Ташкен шаарында жүргүзүлүп, алгач кытайлар өздөрүнүн байыркы карталарын алып чыгып, кыргыз жашаган жерлерди чийип көрсөтүп, ал эми талашка түшүп жаткан аймактар уйгур элине таандык экендигин далилдегенге аракет жасашат. Өз учурунда орус өкүлдөрү дагы ар кылымда Борбордук Азияны изилдеген батыш окумуштууларынын изилдөөлөрүн, чийген карталарын алып чыгып, кытайлар далил катары көрсөткөн дооматтарынын баарына далилдүү маалыматтарды келтирип, катуу талаш өтөт. Бирок жыйынтыгында Садыр аке канчалык аракет кылбасын, тилмеч аркылуу айттырбасын, колунда кагаз далили жок болгондон кийин Кашкар, Үч-Турпан, Какшаал, Кызыл-Суу, Улуу Чат, Ак чий, Жылдыз, Кундуз, Текес, Кулжа, Каркыранын бир бөлүгү Кытай тарапка өтүп кетет.

Гунндардын атактуу падышасы Модэ шанүй «Жер мамлекеттин негизи» деп айткандай аймагысыз, территориясыз мамлекет болбойт, мамлекет деп аталбайт. Бүгүнкү күндө он миллиондогон калкы бар канчалаган улуттар мамлекеттик макам алалбай, көз карандысыздыкка жете албай, улуттар арасында кандуу жаңжалдарды чыгарып, алардын башын көтөргөндөрүн тып-тыйпыл кылып басып жок кылып жаткандар, эч нерсе болбогон, көрбөгөндөй көз жаздым кылынгандар дагы канчалап саналат.

Кыргызстан 1924-жылы «Кара Кыргыз автономиялык областы» макамын алганда биздин аймак 200 миң чарчы км түзсө, бүгүнкү күндө 198 500 чарчы км түзүп, кемигенден кемигенсип, чекесинен кертилип бара жатат. Ал эми жердин бүтүмдүгүн сактап калуу үчүн нечендеген кыргыздын баатыр уулдары, кайраттуу кыздары өз өмүрлөрүн садага чаап, жерин сактап, келечек муунга мурас калтырып келсе, биз кийинки муунга кертилген, кескиленген жерлерди калтырабызбы? Себеби, биз кийинки муундун (азыр жарыкка келе элек муундун) жерлерин, аманатын убактылуу пайдаланып жатабыз да. Муну унутууга биздин эч акыбыз жок. Ал эми аманатка кыянаттык кылуу өтө чоң күнөө, жоопкерчилиги татаал экендигин бардыгыбыз эле билсек керек.

Он жыл эмес, он кылымды алдын ала билген Садыр аке ушунун баарын көрө билген турбайбы. Аттигиң, биз болсо он жылды кой, он кадамдан кийин эмне болорун билбей адыраңдап, көздөр тунарып, саткандан башка нерселерди өздөштүрө албай, тирүү адам кейиптенип турганыбыз менен качан эле тарпка айланган окшобойбузбу. Андай болбосо ойгонолу, ойлонолу, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө төңкөрүш жасайлы. Аракет кылсак, Жараткан, Садыр акедегидей даанышмандыкты бербесе дагы, акылмандуулукту бере көр деген үмүтүбүздөн үзбөйлү.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Асанбеков К. Ысык-Көлдүн жети акеси: Илимий-популярдуу басылма. – 2011. – 160 б.

2. Калыгул, Арстанбек, Мойут аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке. – Б.: «Бийиктик», 2006. – 328 б.

3. Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас жана рухий дүйнө. 5-китеп. – Б.: 2002. – 420 б.

4. Мамбетов К. Ысык-Көлдүн даанышман Акелери: тарыхый даректүү басылма. – Каракол, 2013. – 228 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-02-2017
Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...
44730

14-10-2016
Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери
60712

10-05-2016
Элдик даанышмандык
45683

22-02-2016
Жакшыдан жаман туулбашы керек
52115

18-01-2016
Сөздүн күчү, сындын сыры
45314

30-11-2015
Карга акенин миң санаты
54134

09-10-2015
«Манас» эпосундагы тери иштетүү көркөм кол өнөрчүлүгү
90199

03-04-2015
Карач аке
74630

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×