Добавить статью
9:51, 18 апреля 2023 9413

Молдо Нияздын «Санат дигарасттары» тарыхый-этнографиялык булак катары

Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата

Кыргыз элинин улуу акыны Молдо Нияздын “Санат дигарасттарынын” “Үч кол китебинде” Кокон хандыгы, кийинки орус оторчулук саясаты мезгилиндеги коомдук-саясий, маданий, адеп-ыймандык, жүрүм-турумдук тематикадагы жыйырмадан ашуун санаттары камтылган. Молдо Нияз XIX кылымдагы кыргыз жазма адабиятынын көч башында тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул доордо андан мурун кимдир бирөө жазма поэзия менен алектенгендиги белгисиз. Ал кыргыз эне тилинде сүйлөп, ырдап, чагатай тилинде жазып, фарсы тилин мыкты өздөштүргөн, арапча жазган өз мезгилинин алдыңкы интеллектуал инсаны. Анын санаттарын угуп, көрүп, аңдап-туюуга миңдеген угарман аудитория агылган.

Курбанҗан датка.

Акындын санатындагы “Алымбек датка балдары // Абдыллабек, Асанбек // Айры калпак кыргызда // Ашкере түшкөн төрө эде” (103) деген ыр саптарынан оң-сол кыргыздын кадыресе ак калпак кийип жүргөнү, ал эми “Ак илечек султаны // Аты чыккан Курбанжан” дегенинен кыргыз аял заты салттуу ак элечегин башынан түшүрбөгөнү дайын болот.

Молдо Нияз “Алымбек датка балдары // Атасыдан зор болду // Албарс кафир оруска // Акыры жүрүп кор болду” деп датканын беш уулунун мыкты чыккандыгын айтып, бирок орус оторчулук саясатынын курмандыктары болгондугуна кейип кепчийт. Акын санат дигарларында ошол “албарс кафир орус” дегенин бир эмес бир нече жолу кайталайт. Бул анын падышалык орус колонизаторлоруна карата өтө терс көз карашта экендигин билдирген. Бул санатында “Сибирге кетип жок болду: Мурзапайаз, Баатырбек, // Булардын дарди бир жактан // Макмутбек деп мас болду. // Камчыбек деп гаш болду, // Ичкени заар аш болду” (103) деп, Алай ханышасынын энелик өтө оор психологиялык абалын Түштүк жергесиндеги коомдук-саясий кырдаал менен удаалаш сүрөттөп отурат.

Акындын “Тогуз уруу журт барып // Тойлугуңду айтамин” (104) дегенине караганда Курбанжан датканын түштүк аймактагы бийлиги тогуз уруу журт менен чогуу-чаран жүрүп отургандай. Ыр саптарында “Ажалдин аччык шарбатин // Балдарың кетти баары ичип, // Сен хам таткын, даткайым!... // Жан күйдүргөн балдарың // Жаннаттан тапкын, даткайым!” (105) деп айтылат. Мында датка айымдын уулдары о дүйнө сапар тарткан болуп, эми сен да акыретке жол алып, бейиштин төрүнөн орун тап деген ой жатат. (Кээ бир булактар боюнча Мамытбек (1913-ж.) менен Асанбек (1909-ж.) Курбанжан даткадан кийин бир топ жыл жашаган). Белгилеп кетчү нерсе, айтылуу Алай ханышасына мындай жан ачыткан ачуу сөздү ар ким эле айтууга акылуу болбогон. Молдо Нияздын минтип айбыкпай бетке айтканына анын датка айым менен илгертен эле алакада болуп, анан илим-билими, жаамы-журтка акылмандык, акындык атагы кеткендиги өңдүү бир катар факторлор себепчи болгондой. Биздин баамыбызда ал “Манастагы” эр Ажыбайдай, Жаныбек хандагы Асан Кайгыдый, же Ормон хандагы Калыгулдай эле кадыр-сөөлөт күткөн, билимдүү, даанышман инсан болгон. Балким, бул ыр саптарын акын датка айым өзү катышкан кайсыдыр бир мааракедеби, же атайын чакырылган чоң аштабы кошок иретинде айткан болуу керек.

Караңыз, Молдо Нияз датка айымга “Асылып кетти балам деп, // Арман кылба, даткайым! // Жан эгем берер жаннатти // О дүнүйанин давлатин. // Балдарың менен кошулуп, // Максатка жеткин, даткайым!” деп, кой эми, Курбанжан, көп арман кыла бербе, кудайым бейишин берсин, эми акыреттин дөөлөтүн, шейит кеткен балдарың менен кошо көрүп, максатыңа жеткин, өткөн ишке салават деген ойду көзмө-көз ыгына келтирип ырдап айткандай элес калтырат. Улуу акын бул санатынын акырында “Камчыбекке кабыр кыл, // Мурзапайаз, Мамытбек, // Баатырбекке сабыр кыл! // Алымбектей дарман кыл! // Абдылдабекти арман кыл! // Асанбекке шүгүр кыл! // Акыретти фикир кыл! // Эч арманың калбады // Эгемни дайым зикир кыл!” (106) деп жыйынтыктайт. Мындай күчтүү пафосто аяктагандыгына караганда ал токсонду таянган Курбанжандын маңдайында эле туруп эки уулуңан айрылдың, эки уулуңдан, бир небереңден дайын жок, бир уулуң турат жаныңда, эми дарман кыл, о дүйнөгө фикир кыл, бир кудайга зикир кыл деп армандуу санатын токтотуптур. Ооба, “Асанбекке шүгүр кыл” дегенинен Асанбек уулунун (“Шерхимматтуу Асанбек // Билдирбеди бел байлап”) гана эсен-соо Курбанжан энекесинин жанында жүргөндүгү дайын болот. Балким, ошондо датка айымдын Мамытбеги сүргүнгө айдалып кеткенден ың-жыңсыз дайыны жок болуп, оо кийин гана кайрылып келген көрүнөт. Ал кезде акын бабабыз да бу дүйнөдөн эчак өтүп кеткен болсо керек эле. Бул санатында Тоо ханышасы Курбанжан датка, Курбанжан жана датка айым деп кезектешип айтылат. Молдо Нияз датка айымдан он эки жаш кичүү келип, бул кошоктуу арманын айтканда алтынчы мүчөлдү ортолоп калган кез окшойт.

Миң-Төбө кайгысы.

Молдо Нияздын IV санат дигарында Анжиян көтөрүлүшүнүн акыбети, ага карата акындын коомдук-саясий көз карашы чагылдырылат.

Экинчи калпа жөн жүрбөй

Жыйын кылды дешедир.

Дүйүм журттун баарыга

Дайын кылды дешедир. (IV, 96)

“Экинчи калпа жөн жүрбөй” дегенинен акындын бул көтөрүлүшкө тескери көз карашта экендиги дайын болуп, “Анжийанда көп адам // Абак болду дешедир” деп кабатыр оюн жашырбайт. Бул экинчи калпа ким эле? Санат дигарда экинчи калпа деп Мухамедали калпа Сабыр уулу сөз болуп жаткандай. Молдо Нияз “экинчи калпа” деп эле жазыптыр, башка бир түшүндүрмө бербейт. Буга караганда калпа калк арасында ошентип эле лакап алып, атагы дайын дагы бир мурунку биринчи калпа да болгондой. Акын “Экинчини асылып, // Өлүп калды дешедир” (97) деп экинчи калпанын дарга асылганын кабар кылса, “Өлгөн жок деп бир кылдар // Жолго түштү дешедир” (97) деген ыр сабынан “жолго” дегени Сибирге, Сахалинге сүргүнгө жол алганы болушу ыктымал. Кантсе да, бул ыр саптары аскердик соттун акыркы чечими чыккан сентябрдын орто ченинен кийинки экендиги түкшүмөлдөнөт. Кыязы, ошондо эл арасында “сүргүнгө айдалыптыр” дегендин ордуна “а, шору барлар жолго түшүптүр, аа” деген аймактык (говордук) сөз колдонуп келгендей.

Молдо Нияз “Экинчи калпа кул чыкты” (97) деп, Мадали калпаны кул деп, жактырбай басынтып, эч бир өзүнө жакындатпайт. “Чыдабай шондой кыларбы ой // Берген наны, ашыга // Бекер кылды экинчи // Мээнет салып башыга” (97) деп, жүздөгөн караламан бей-бечараны чогултуп, бекер тамак-аш берип, жатакана жай бөлүп, анан элдин башына түйшүк салганына күйөт. V санат дигарында да экинчи калпа жөнүндө чү дегенде эле “Анжияннин үстүдө, // Араваннын астыда // Миң адам барса аш берип, // Билбейбиз кандай бай болгон // Миң-Төбөдө жай болгон” (99) деп, ушунча байлыкты кайдан тапканын, ким каржылаганын билбей, өзү да таң калганын жашырбайт. Акын “Төрүдөн чыккан калпасы // Төрөлүк кылбай турбады // Худайдан илхам болбосо... // Эгемнен илхам болбосо // Эрки канча банданин... // Албарс каттык жоо экен // Өлүп кетти йакшылар” (99) деп калпага кудайдан, эгемден буйрубаса, жеке өзү эмне кылмак эле, анын калпыс төрөлүгүнөн көптөгөн эр азаматтар набыт болгондугуна катуу кейийт.

Отуз жылга жакындап

Орус келип зор болду,

Оң-солдун баары кор болду. (IV, 97)

Бул ыр саптарында көп маселе жатат. Эгерде кеп Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышынан (1863-1968-жж.) бери болуп жатса, анда “отуз жылга жакындап” калганы дал келбей калмак. Анткени муну Анжиян көтөрүлүшүнө (1898-ж., май-сентябрь) удаалаш жазган ченде да отуз жыл толуп ашып, минтип кемитип жазмак эмес беле. Эгерде сөз орус оторчуларынын Кокон хандыгын каратып алгандан (1876-ж.) берки мезгил жөнүндө болуп жатса, анда “отуз жылга жакындаганына” караганда Молдо Нияз Анжиян козголоңун болжолу 1900-жылга утурлаш жазган болот. Муну “Колго түшүп качкандар // Келип калды дешедир” (97) дегени көтөрүлүштөн соң, соттолуп, айдалып, анан убакыт өтүп качып келгендер жөнүндө кеп болуп жатканы да коштоп тургандай. Маселен, төкмө акын Токтогул сүргүндөн 1903-жылы качып келген деп айтылат. Ооба, ушунча чоң маалыматты камтыган, тактыкты талап кылган IV, V санаттарын аяк-башына толук чыкпай жазып коюшу күмөн эле. Бул эки санат дигарын ал убагында бир аш-тойдобу, же жоролош чакан бир топтобу айткан болуу керек. Бир кызык жери, ак пашанын колониалдык саясатына каршы мындай кооптуу ыр саптары орус бийлигинин колуна тийбей калган көрүнөт, болбосо санатындагы адабий каармандары менен тең кошо Токтогулдун артынан кетмек экен.

Дыйканбайдын ашы.

Бул VI санат дигар боюнча “Кетмен-Төбө жеринде // Кең саяк журттун элиде... // Анжиян менен Аркада // Аты чыккан Дыйканбай” (106) бай-манаптын ашында Молдо Нияз ырчы өзү катышып, калың эл алдында санатын айтып чыккандыгы байкалат. Ыр саптардын башкы каарманы Рыскулбек уулу Дыйканбайдын атагы Анжиян (Түштүк) менен Аркага (Түндүк), Россиялык колониалдык бийликке (“Ногой менен оруска”) дайын болгондугу айтылат. Акын “Ырыскы улук азалдан // Рыскулбектин баласы // Дыйканбайдай ким өттү?” (107) деп кыябын келтирип калайык калкка шардана кылып ортого риторикалуу собол таштаптыр.

Дыйканбайды сурасаң...

Жер сулуусу Таластай...

Кырк чоронун төрөсү

Байыркы өткөн Манастай (VI, 107)

Ооба, акын бабабыз удулу келгенде адабий каарман Дыйканбайды эч аянбай Таласка да, Манаска да салыштырып мактап кириптир. Кептин баары акындын кырк чоронун төрөсү байыркы өткөн Манасты мыкты билгендигинде болууда. Туура, ушул эки сап ыр акындын XIX кылымдын эрудит инсаны, эл акыны катары кан Манастын байыркы доордо жашап өткөндүгүнө эч күмөн кылбагандыгын маалымдайт. Балким, доордун замандаш манасчылары Келдибек, Бaлык, Акылбек, Тыныбек, Чоюке өңдүү залкарлардын манас айтканына күбө болуп да келгендир. Ал кезде улуу дастанды манасчыдан түздөн-түз угуп, көрүп гана көкүрөгүнө катып, аңдап-туюп келишкен. “Манастын” жазма текстине дагы жарым кылым ашыгы менен бар эле.

Молдо Нияз Дыйканбайдын ашында өзү катышып, маараке күнөкөрүн атын чыгарган коомдук пикир көтөргөн заманбап поэтикалык ыкманы ыктуу колдонгон экен. Маселен, Аркадан “Бошкой, Канай баласы // Бөлөкбай, солто төрөсү // Боларман чыккан Байтиктай”, “Пишпек, Токмок жерлеген // Сарбагыш, тынай уруусу // Жантай баатыр баласы // Атамтай чыккан Шабадандай” (107) экендигин калайык-калкка даңазалап өтүптүр. “Ичкиликтен мен айтсам... // Күмүш товду жайлаган // Миңбашы датка Максыттай” (107), “Көк-Жаңгак, Көк-Арт ортосу // Көрүп өткөн давлатти // Нусуп менен Чыйбылдай... // Алымкулдун баласы // Адөөлөт мырза Шерматтай” (108) деп ичкиликтин аттуу-баштуу дөө-шааларына салыштырат. Акындын арка-ичкиликтин айтылуу бек-бий манаптарынын көпчүлүгүн мыкты билген, сыйын көрүп, кол алышып, кол берип келгендиги башка санаттарында да кездешет. Анын ары экинин бири, даанышман, илим-билимдүү, ары кайда барбасын “төкмө келсе төр бошот” делип, “көчмөнчүгө үй даяр” болуп, Анжиян менен Аркада таклип кылынбаган аш-тою да калбагандыр.

Дыйканбайдын ашы о дүйнө кеткенинен (1885-ж.) кийин, ошондо “Алымбектин балдары // Алды кетти асылып, // Кийини кетти Сибирге” (109) дегениндей, бери дегенде эле он беш жылдай мезгил өтүп (1898-1900-жж.) болгон кыязы. Ал ортодо ашты өткөргөн уулу “Ак жолборстой Акматтар // Саккиз ай жатты абакта” (109) болуп, эми гана боюн түзөп, аяк-башын жыйып, оңдонуп-түзөнүп калган кези окшойт. Санатта эмнеликтен Акмат сегиз ай абакта жаткандыгы айтылбайт. Ошентип, султан төрө Акмат Суусамырда жайлап келип, атасы Дыйканбайдын ашын Кетмен-Төбөнүн төрүндө өткөрүптүр. Акмат ар тарапка ат берип, чабарманын чаптырып: “Башы Токмок, Чүй, Талас, // Кара багыш, көп мундуз, // Анжиян, Ак-Суу, Наманган, // Ашка келе берсин” (110) деп жар чакыртып, төгөрөктүн төрт бурчуна кабар жеткирткен экен. Эпикалык “Көкөтөйдүн ашында” эр Ажыбай, эр Алманбет, Ырамандын Ырчы уулу ак таңдайлар комузун күүлөп жар чакырып шаңшыгандай, оң-солдон миң-миңдеп агылган калкты күтүп, коштоп, жайгарып, аштын көркүн чыгарган атактуу акындардын көч башы сабында Молдо Нияз акын да тургандыгынан шек кылууга болбос.

Жазгыч акындык өзгөчөлүк.

Белгилеп кетчү нерсе, ичкилик кыргызда комузда да, комузу жок да төкмөлүк өнөр салты болгон (маселен, биз жакшы билген Барпы, Ботобай, Сыдык Алайчы уулу ж.б.). Жазма поэзиясын (ырын, поэмасын) окуп берүү (көркөм окуу, декламация) салты болгон эмес. Молдо Нияздын кат сабаты мыкты болуп, өзүнүн санаттары ошол бойдон калып, дайынын таппай кетишин көкүрөгү менен сезип-туюп, кийин эл аягы суюлуп, тынып калганда куржундун эки көзүндөгү сары барактарына өзү айткан ыр саптарын эстеп тизмектеп жазып киргендей. Акындын ырлары баштан аяк 7-8 муунда айтылып, уйкаштык, аллитерация, ассонас, анафора, эпифора ыгы менен шурудай тизилет. Бул салттуу кыргыз төкмө поэзиясына гана мүнөздүү келет (маселен, Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгы, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Барпы ж.б. акындык поэзиясы).

XIX кылымда ошол эле Кокон хандыгында “Кокон адабияты” деп аталган жазма поэзиянын өкүлдөрү Фазлий, Гозий, Хозик, Увасий, Надира, Дабир ж.б. касыйда, одаларды 11-12 жана андан ашык муундагы мусаммас, мусаддас, мусамман, газелдин мустазод ыр түзүлүшүндө жазышкан. Бул орто кылымдык фарсы жана түрк жазма поэзиясына мүнөздүү ыр формалары. Балким, Фергана өрөөнүнүн Анжиян, Наманган, Маргалаң ж.б. вилайеттеринде жер кезип жүргөн биздин интеллектуал, полиглот акыныбыз кокондук замандаш бир катар акындардын поэзиясын окуп да, көчүрүп алып, сактап да жүргөндүр. Айтылуу Гянжеви, Руми, Ясави, Кутб, Жами, Навои ж.б. колдон колго өтүп, эскилиги жеткен кол китептерин тамшана окуп, таң берип да келгендир. Бирок эң башкысы, акындын санат дигарларындагы бир ыр сап да кыргыздын салттык төкмөлүк ыр түзүлүшүнөн четтеген эмес.

Улуу акындын акыл-зиректиги ырларын кагазга түшүрүп сактап калгандыгы. Ушундай салтты кийинки жазгыч акын аталган Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо, Нурмолдо өңдүү кат сабаттуу молдоке акындар улантып кетишкен. Маселен, айтылуу Тоголок Молдо “Он сегиз жашка келгенде, // Акын болдум атанып. // “Манасты” бүт үйрөндүм, // Тыныбектен жат алып” дегенине караганда тестиер бала молдокелигине чейин эле төкмө акын атанып, Тыныбектен “Манасты” бүт үйрөнүп алган экен. Өзүнүн “Манасын” кийин 30-жылдары үчилтик катары жазып, анан жаздырып өткөргөн.

Эң башкысы, улуу акындын “Санат дигарасттарындагы” адеп-ыйман, жүрүм-турум насаат ырларын ондогон, жүздөгөн күйөрман санаалаштарынын маңдайында, чоң мааракелердеги коомдук-саясий мүнөздөгү санаттарын миңдеген угарман замандаштарынын алдында ырдап айтып келгендиги, айтканын ак баракка өзү тизмектеп жазып түшүргөндүгү, үч кол китеп, каттарынын бүгүнкү күнгө жетип келгендиги менен баалуу. Байыркы Геродот колу жетпеген жерден маалыматтарды респонденттерден алган экен. Биздин акын ырчыбыз “Арка журттун баарисин // Сардарини көргөнмүн” (94) деп, Ат-Башы, Арпа, Кочкор, Жумгал, Куртка, Кашкар, Чүй, Токмок, Талас, Суусамыр, ичкиликтен Алай, Ош, Көк Арт, Анжиян, Маргалаң, Кокон, Исфара аймактарын өзү кезип чыгыптыр. Аталган аймактардын дээрлик аттуу-баштуу бийлери, баатыры, дорго, улуглары, ажы, жакшылары менен көзмө-көз учурашып, урмат-сыйын көрүп, үлпөттөрүнө өзү күбө болуптур. Укканын абайлап, көргөнүн айтып жазыптыр.

Колубузда XIX кылымдагы Кокон хандыгы, Россиянын Жети-Суу, Фергана өрөөнүндөгү колонизатордук саясаты, 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү, кыргыз элинин коомдук-саясий, маданий турмушу жөнүндөгү ыр менен жазылган тарыхы турат. Ар бир төрт ыр саптын артында ой, маани-маңыз жатат. Молдо Нияздын санат дигарлары XIX кылымдагы кыргыз тарыхын тактоодогу баа жеткис тарыхый-этнографиялык булак болуп саналат.

Бул “Санат дигарасттар” мындан туура 30 жыл илгери О.Сооронов жана Р.Зулпукаров тарабынан көп мээнет, талыкпас эмгек менен даярдалып, 30000 нускада китеп болуп чыгып, миңдеген окурмандардын колуна тийгендиги менен баалуу.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 11-апрелинде Молдо Нияздын 200 жылдыгына арналган “Молдо Нияз алгачкы жазгыч акын, агартуучу, философ жана тарыхчы” аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция жогорку илимий, илимий-методикалык деңгээлде өткөрүлдү.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Булактар: Молло Нияз. Санат дигарасттар. Түзгөндөр: Р.Зулпукаров, О.Сооронов. Бишкек: “Учкун” концерни, 1993. – 176 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

31-05-2024
Барпы апыздын төрт такылети
2439

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
1879

12-04-2024
Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз
2268

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
2756

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
3386

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
3340

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
3119

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
3561

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
4028

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
4043

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×