Добавить статью
16:55, 11 января 2017 25447

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

«Cырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбѳсүн?»

Жашарбек Курманалиев 1950-жылы Талас районундагы Кырк-Казык айылында туулган. Кесиби боюнча кыргыз тил мугалими. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргѳн. Бир канча жыл Талас райондук элге билим берүү бѳлүмүндѳ инспекторлук кызматта, андан кийин Талас обласындагы айылчарба техникумунун чарбалык иштер боюнча кызматкер болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Азыркы учурда Бишкек шаарынын тургуну.

Жашарбектин айткандары: «Менин бала кезим, ойноп жүрүп Ѳмүрзак Айдаралиев деген кишинин күмбѳзүнүн ичине жыйнап койгон арап арибиндеги кол жазма китептерден бир тууган агам Бѳкѳнбайга кѳргѳзүп, экѳѳбүз 2-3сүн үйгѳ кѳтѳрүп келдик. Кол жазмалар араб тилинде болгондуктан, окутуу үчүн айылыбыздагы Таштан молдо дегенге алып бардык. Ал окуп кѳрүп: «Бул китептин ичинде жазылгандын бардыгы эле ыр экен, силер кайдан таптыңар?» - деди. Биз, кѳргѳн-билгенибизди айттык. Тапкан китебибизди кайта сурасак, катып алдыбы ким билсин, кайтарып берген жок. Ал китептерди таап алганыбыздын сыры мындай болгон.

Илгери, тѳкѳ уруусунан Сапар молдо деген Аксы тарапка барып, бир топ жыл жашап, кайра Кырк-Казыкка келгенде, табыпчылык жѳндѳмү байкалат. Оору-сыркоолорду ар кандай жол менен дарылап, айыктырып койгондуктан, айылдын элине абдан кадыр-барктуу боло турган. Сапар молдонун баласы Шерипбек молдонун айтканына караганда, Жеңижоктун ала оорусунан ошо Сапар молдо айыктырган дешет. Ошондон улам Жеңижок Пишпекке (Фрунзе) алып келген бир куржун кол жазмасын кандайдыр бир себептер менен бастыра албай (ал убакта Казандан бастырчу) кайра Кѳксулуу экѳѳ алып кеткен экен. Ошол кол жазмасы илгери ала оорусунан Аксы тараптагы тайларына жер ооп кеткендиктен, кайра элиме жетер бекен деген кыязда Сапар молдого дайындап кеткенби деген ой келет, айтор, ал Кырк-Казыкка келгенде ала келип, эч кимге билгизбей сактап жүргѳнү сыр бойдон кала берген сыяктуу. Кийин бир чоочулоонун айынан, балким, репрессиядиянбы, айтор, ошол алып келген бир сандык китептин сырын билген баласы Шерипбек молдо Кырк-Казык айылындагы алгачкы интеллигент, биринчи башкарма, советтик-партиялык кызматта иштеген, кол тийгис баркы бар Ѳмүрзак Айдаралиевдин күмбѳзүнѳ кѳмдүргѳнү да ошо суук кѳздѳрдѳн далда балсун деген аракетинен болсо керек. Мезгил ѳтүп, ѳзүнѳн башка бирѳѳ-жарым билсе да, элге белгисиз болуп, жанагинтип биз таап алып жатпайбызбы.

Мүрзѳлѳр айылга жакын болгондуктан, күмбѳздүн ичине кирип-чыккан балдар ойной берип, күмбѳздүн ичинде мүрзѳнүн топурактары жайылып, басырылып, андагы катылган сандыктын үстү ачылып калат. Ойнок балдар, ал сандыкты ачышып, ичиндеги китептерди алып чыгып, күмбѳздүн текчелерине коюп коюшат. Балдардын арасында мен да бармын. Ошол сандыкты ѳз кѳзүм менен кѳрүп калдым, ал бѳлѳк сандыктарга окшобогон, жасалгасы да бѳтѳнчѳ, сырты кайыш менен капталып, кооз боло турган, балким, арчадан жасалган болушу да мүмкүн. Анда бала кезибиз, Сапар молдону касиеттүү киши катары угуп, билгендиктен, сандык менен китептерге тийгенден коркчубуз.

Бѳкѳнбай агам, анда анын да бала кези, азыр кыргыз элине белгилүү инсан, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Экѳѳбүз, сандыктын ал-жайын үйгѳ айтып келдик. Атам Борке, айылдагы билерман молдолор, «ал сандыкты кайра кѳмдүрүш керек, сырын ачабыз деп мертинип калбагыла» - дешип калды. Ошол кезде жаңы кайтыш болгон тѳкѳ уруусунун кызы, быры Садырдын аялы Кызайга казылган мүрзѳсүнүн казанагынын сыртына койдурууну чечишти. Кызай апаны казанакка алып койгондон кийин, оозун кыш менен кынап, топуракты ыргытып киргенде, казанактын сырткы оозуна сандык толтура китепти кошо койдуруп, үстүн топурак менен кѳмдүрүп салышты. Ошентип, сандык толтура китептин сыры жабылды да калды.

Мындан 5-6 жыл мурдараак, Жеңижок жѳнүндѳ сѳз болгондо, мен болгон окуяны эстеп, агам Бѳкѳнбай Боркеевге айттым. «Эсиңдеби, Таштан молдонун айтканы, «берген китебиңердин ичи бүтүндѳй ыр экен» - дегени десем, ошондо ѳткѳн окуяларды эстеп, ал кѳмүлгѳн сандыктагы китептерди каздырмай болуп, Кызай эженин балдары: Жаныбек, Каныбектерден уруксат сурап, макулдугун алып, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бѳлүмүнүн кызматкери Омор Сооронов менен бирдикте казмай болушат. Бирок ошо кезде ал киши да ооруп калып, казылбай калып, сырдуу сандыктын сыры ошо бойдон ачылбай калат. Казабыз дегенге кѳп деле убакыт ѳтѳ элек» - дейт Жашарбек.

Анын айтымында, сандыкты кѳмгѳн мезгил 1965-66-жылдар эле. Бѳкѳнбай Боркеевдин айтканына караганда: «Эгерде ал мүрзѳгѳ суу каптап эле кетпесе, сандык жана анын ичиндеги китептер ошол эле бойдон сакталып турган чыгар. Кокус, Жеңижоктун кол жазмалары болчу болсо, бул бир ѳтѳ баа жеткис табылга болмок. Акын ѳзү айткандай: «Ак куржун толо ыр калды» - дегендин сыры ачылмак да, Токтогул сүргүндѳн келгенде, адеп Аксыга барган сайын ошо Жеңижоктукунда жашап жүргѳн себебин, анын чыгармачылыгына берген баасын билмекбиз.

Жазып алган: Кайнарбек Бийлибаев

Б=к=нбай Боркеев:

«Рыспай жашоомдун мащызы болуп калды».

Жазуучу Б=к=нбай Боркеев баштаган чыгармачыл топ «Рыспай» деген 6 томдук эмгек бътърдъ деген кащшар тарады. Эми бир инсан тууралуу бир китеп жазыш итапкан иш,, ал эми 6 томдун азабы ошнчо эмеспи…? Анын чоожайын билели деп авторго кайрылган ж=нъбъз да ошондон.

- Б=к=нбай Курманалиевич, ушунча тъйшъкк= чыдаш ъчън чощ камылга керек го?

- Албетте, адегенде ошо камылгага каражанды карч урган жандъйн= даярдыгы тъпт=лг=н. Байкасам, ошол даярдык те 64-жылы Рыспай Абдыкадыровдун «Тъг=йъм» деген обонун уккандан башталды шекилди. Ага чейин, ырас, к==д=ндъ к=бърт= турган к=р=щг= бар эле. Атам Борке санжыраны саймедирете сайраган, комузда кол ойнотуп, =зънън обондору да бар =н=рлъъ, окумал киши болгон. Ошондой зиректигинен. Талас =р==нънд=гъ Сталин колхозунда алгачкы башкарма болуп, карыганча актиптердин арасында жърдъ. Апам Сейилкан - атама 13 жашында келип, 13 баланы т=р=г=н, оозкомузда ойноп, кубулжута обон созгон, кадимки Атай Огомбаевдин карындаштарынан болгон. Алардын он экинчи баласы менде кичине к=р=щг= болсо, м=лбулактын башы - ошолор. Ошонъчън 5 жашыман комуз чертип, Чалдыбар жатак мектебинде бардык музыкалык аспаптарда ойноп калгам. Атъгъл ошонун баарын эринбей ъйр=тк=н Сенйдин деген музыкант агайымдын солфеджиосу менен кийин оолугуп обон да чыгарып, нотага =зъм тъшър= баштагам. Мага «Тъг=йъмдъ» баян менен ъйр=тк=н да ошо Рыспайдын курсташы Сейдин Оморбеков болгон.

- Эмне эле Тъг=лбай Казаков сизди «обоновед» дейт десе, к=рс= обондун ыкы-чъкъсън билгенищизден айткан тура. А эмне ъчън обончулук =н=рдъ таштап койдущуз? +зъщъз айткандай, «шапкени ыргытсащ эле обончунун башына тийген» заманда сиз деле тирилигищизди ощдоп алмак экенсиз.

- Ошентсем болмок, бирок кумирим Рыспай; «ойлонбой чыккан токтом к=п, обончу деген поктон к=п» деп, кендиримди кесип койгондон кийин, анын обондорун ащдан тъшън= баштагандан кийин «кырса тъг=нгъс» алешем обончулардын арасында араб=к жъргъм келбеди. Анъстън= бир обонумду уккандан кийин Рыспай ж=неле тил учунан «жакшы» деп койду, больбосо «ой къспуруш» дейт эле. Ал - жактырганы. Ошо менен обон деген оолукмамды кан буугандай буудум да, жетпей калган кесибимдин кегин алайын деп, «обоновед» болуп кеттим да, 1983-жылы элге кещири тааныма жыйырмадай обончунун чыгармачыл таржымалын иликтеген «Ырга айланган =мър» деген китеп чыгардым. Бул аталыш Рыспайга энчиленсе де, =мърън ырга айлантышкан замандаштарыма кащкуулаган тилегим эле. Азыркы жайнаган обончулардын уютусун, =з=гън ошолор тъзг=н.. Чынында эле Рыспай Абдыкадыров 1964-жылы чыгарган «Тъг=йъм» деген обону менен ырдъйн=сънд= жащы агым ачып, аркасынан обончулардын жащычыл муунун жамырата ээрчите келди. Ал - салттуу ырлар менен европалык музыка маданиятына салган кайрык-к=пър= эле. Ошогезде бардык =н=р дъйн=сънд= ошондой =зг=ръъ болуп аткан.

- Ошол =зг=ръъл=рдъ улуттук нукка бурган эгемендъълък желергысы сизди да кыйгап =тп=г=ндър?

- Антпей анан. Мындай жащычыл ж=р=г=л=рдън башында дайыма журналисттер турат эмеспи. Поюздун темир букасындай буркан-шаркан журналисттер =зън жащычыр нукта таптап жъръш ъчън бир жерде ъч гана жыл иштеш керек экен. Антпесе, =зън =зъ кайталап, тандаган темасына таптакыр адистешип алгандан кийин, «профессионализм башталган жерде жаратмандык =л=т» дегендей, камырдан кыл сууругандай ашкерек акылдуу кесипк=й болуп чыга келесищ. Ршрнъчън мен «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында, Кыргыз совет энциклопедиясында, «Ленинчи жаш» гезитинде, КыргызТАГда, «Мектеп» басмасында, Кыргызмамбаста эки-ъч жылдан ишеп, анан 1986-жылы КТРге барып, сормо сазынан чейрек кылым чыгалбай калбадымбы.

- Бирок аерден деле элдин эсинде каларлык иштерди жасадыщыз го

- Ал басмас=зд= такшалгандан улам болду. Болбосо ага чейин макалаларды ъзд=й жазып, ончакты котормо жана =з китебим чыгып калган. Аерге барганы уюштургуч «сайракан» болуп, жазмакерлигим калып калды. Болбосо сыналгынын жъзъ аталган Бейшембек Калыков менен Дъйш=к +мъралиевден жакшы акын чыкмак. Деегеним, жамакерликтен тайып кетипмин, пенсияга чыккандан кийин бир жылча калем кармай албай жърб=дъмбъ. Дагы жакшы, кээде макала жаза коюп, кичине идирегим калыптыр, Адегенде «Рыспай» деген роман жазып, анан.минтип 6 томго кириштим. Бирок «Шерине», «Кадыр тън», «Жылдын мыкты ыры», деген к=рс=тъъл=ръм, «Ысыл-К=л», «Талас тащшыйт», «Менестын эл-жери» деген эларалык телефестивалдарым эмгиче элдин эсинде болсо керек. Эл тукулжурап турганда 1993-жылы «Манас ордо» деген к=рс=тъъ уюштуруп, Чыщгыз Айтматовдун «Манастын 1000 жылдыгын =тк=ръъ керек» деп айткан с=зън бетке кармап алып, Аскар Акаев 1994-жылы июнда указ чыгарганга чейин элди кайра-кайра ънд=п, акыры «Манастан аянба, калайык!» деген 13 сааттык теремарафон менен чыгармачыл топ, тъз эфирде айтылгандай, 60 миллион рубль чогултуптурбуз. Кийин ошолордун бааоын которгон Таласпромстройбанкка барсам, 25 миллиону гана тъшъптър, маселен, ошондо Чъй облакими болуп турган АпасЖумагулов эл алдында айткан 5 миллиондун ордуна ъч миллион, Ысык-К=л облакими Жумагул Сааданбеков 11 миллиондун ордуна 3 миллион гана которгон алеми 40 миллион топтодук деген Талас облусунан (окими Дастан Сарыгулов) 18 миллион гана тъшк=н, калганын кайсап койсо керек. Башка облустар деле ошондой, эгер танып кетьебиз дешсе, баары тасмада сакталуу.. Аларды кийин «Манас ъчън кайрычы болдук» деген макала жана к=рс=тъъ менен безилдеп ашкерелеп чыктым, бири да дыщ деген жок. Атъгъ-: «Ошонун жарымын Боркеев жеп алыптыр дегендер да болуп, артыман тинтъъ салып, ъйъмдън кебетесин к=рг=нд=н кийин ж=н коюшкан. Атащг=ръ, депутаттар Кумт=рдън жемкорлоруна гана жазык чарасы эскирбейт дебесе, ошондой миллиондорду ап дегендер эми минтип хансарайларда сайрандап жашабас эле. Баса, жаза чегин Кумт=р менен гана чектегенге кошулбайм, анткени Жеръй, Кемин, Чаткал жана башка кендер турат, аерде да жемкорлор жърг=нън эмитен эле кащкуулашууда. Бътънд=й эл-жер байлыгын дешсе болмок.

- Анан эмне, Манастан тъщълдъщъзбъ?

- Жок. Майрам Акаеванын оту менен кирип, кълъ менен чыгып жърг=н Токтош Айтикеева деген жемкор КТРге Президент болуп келип, коллегияда: «Кыргыздар кой турбайсыщарбы» десе, мен: «Ошолордун арасында сиз да барсыз» деп койбоюмбу, анан ошондон балээсине кетиргенге шылтоо таппай, мен жетектеп турган «Рух» продюсссердик борборун жойду, алеми Мелис Эшимканов болсо, «Курманбектин куйругу» деген макалам ъчън «Манас фкеномени» деген к=рс=тъъмдъ алып таштап, =зъмдъ акчага сатып алган мыйзамы менен КТРден чыгарып койду. Анан, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сищирген ишмер болсом да, 4200 сом пенсия менен, мына, жети жылдан бери «Рыспай» деген оору менен ооруп атам. Мага окшоп Рыспай дегенде ъй-бъл=сън да жыйыштырып койгон Султан Борошев деген ЖАМУнун окутуучусу бвр экен, 1994-жылы 10-майда Абдыкадыров тиръъ кезде эле =зънън катышуусу менен «Рыспай клубун» ачып, болгон материалдарды чогултуп, мени ишке чегерип салды. +зъ болсо жакында Рыспай Абдыкадыров боюнча кандидаттык диссерьациясын жактаганы калды. Дагы музыкалык редактор катары ноталарын компьютерге тъшърг=н Билим акаденмиясынын илимий кызматкери Жумабек Дъйш=налиевди, илимий сереп салууга ОшМУнун прфессору Букарбай Иметовду ишке тартып, ар бир ыры кытай, англис тилдерине которулган, араб, латын арибине тъшърълг=н, ар бир тому РЫСПАЙдын бирден тамгасын алып жърг=н 6 томду энциклопедиялык мерчем менен иштеп чыктык. Эми, эсищизде болсо керек, ЖАМУда волонтёр болуп иштеп, Рыспайдын ырларын кыргызча ырдап чыккан америкалык скрипач, композитор Вини Пааштын агасы анын «Сагынуу» деген ырын 45 мън=ттък симфония кылып иштеп чыккан, аны 70 жылдык мааракесинде угуздук го, ошонун партитурасын, башка аспаптарга, оркестрге иштеп чыккан ырларын АБДЫКАДЫРОВ деген 7-томго топтоп атабыз. Бътк=н китеп эки жылдан бери дем==рчъ жок чыкпай жатты эле, шакирти Тъг=лбай Казаков маданият министрлиги аркылуу тендер менен чыгарууга жардамдашканы жатыры. +зъм болсо пирим мага калтырып кеткен керээзин «Рыспайдын акыркы чындыгы» деген роман жазып баштадым. Мындан тышкары к=зъ =тк=нд=н бери жылына туулган кънъ эскеръъ концертин берип, беш жылда бир сынак =тк=ръп келебиз. Быйыл да 75 жылдык мааракесине арнап сынак =тк=ръп, аткарылбай жърг=н ырларын, жаш аткаруучуларды, Рыспайга обон арнаган отуздан ашык обончуну =зънч= сынакка коштук. Демек, шакирттери анын экиинчи =мърън улап жатат.

-Чын эле жашоощузду ансыз элестете албаган досущузга =мъръщъздъ сайып койгон экенсиз.

- Ага кънд=лъгън=: «Ò¿íê¿ ñààò 2.00. Áºêºíáàéäû ñàãûíäûì. Êàéäàñû¢? Áó ä¿éíºäºí àøûðãàí êûìáàò àäàìäàðäûí áèðè ñåíñè¢. Ìåíèí èøåíåð áèð òóóãàíûì æîê. Ìåí ñàãà ãàíà èøåíåì. Áèð òóóãàí áîëóø ¿÷¿í áèð àòà, áèð àïàäàí òóóëóøòóí êåðåãè æîê. 14-ôåâðàëü, 1989-æûл». деп жазып койгону жооп болот. Мага миндан ашкан баанын да, милдеттин да кереги жок.

\

Маектешкен Кайнарбек Бийлибаев

Манапбаев Кушубак мүрзѳнү казып алып, кайра мүрзѳнүн ичине койгон киши, билет.

куржун, китеп ырлар
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
50721

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
38329

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
19665

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
22230

09-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
12425

08-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
26410

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
31817

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
26216

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×