Добавить статью
12:24, 10 июля 2015 31823

Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)

Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны

Тарыхый дарек

2012-жылдын, 27-январында Кыргыз республикасынын президенти А.Ш. Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Указга кол койгон. Указда: “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрөөгө олуттуу салым кошо алат. Ал экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кѳтѳрүлүп жаткан чаралардын комплексинде заманбап коомду жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнү курууга, жарандык атуулдукту жана өлкө үчүн сыймыктануу сезимин калыптандырууга тийиш” – деп баса белгилеген.

Презединт А.Ш. Атамбаевдин Указында каралган, Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүүнү уланта берүүгѳ толук мүмкүнчүлүктѳрүбүз бар. Эгемен эл болгондон бери, мурдагыдай сырттан – улуу агаларбыз дегендердин буйруктарын күтпѳстѳн, кыргыз тарыхын жаңыча окуп, жаңыча жазып, жаңыча тааныганга толук мүмкүнчүлүк ачылды дешке болот.

Адамзааттын жашоо турмушунда канча деген жерлер ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болуп, жаратылыштын каталклизмаларында эмне деген окуялар болгон жок. Жер титирѳѳ, топон суу, метеорлордун түшүшүнѳн ѳрт каптоолор болуп ѳтүп, анын ичинде канчалаган турак – жайлар, кѳз жоосун алган курулуш имараттары жер астында калып, миң-миң деген адамзаты жабыр тартпады. Мындан тышкары, бир элди экинчи бир эл келип чаап, бир хандыктын салдырган шаарлары, экинчи бир хандыктын баскынында калып, ал шаарлардын күлү кѳккѳ сапырылып, ѳртѳнүп, кыйроолорго дууушар болбогон.

Ошондой болсо да, баары-бир курулган шаарлардын уранды дубалдары менен чептин жер астындагы нугу калып, ал жердеги жашаган адамдардын буюм-тайымдары, соодага пайдаланган алтын, күмүш теңгелери ушул убакка чейин археологиялык казууларда табылып жаткан шаардын калдыктары жер астындагы калың топурактар басып калса да, канчалаган кылымдардан кийин дайын болуп жатат. Азыр илим ушунчалык жетишип, качанкы бир убактагы чалдыбары чыккан шаарлардын курулуштары «Клиометрика» илимине ылайык окумуштуу-тарыхчылар башындагы курулган имарататарды, чептерди байыркы баштапкы калыбына келтирип жатканы бекер эмес чыгар.

Орто кылымдагы Кошой-Коргон шаар чалдыбары жѳнүндѳ алгачкы маалыматтар X-XI к. таандык болгон араб жазуу булактары да кездешкенин билгендиктен, анын негизги тарыхый түптѳлүшү VII-IX к. байыркы түрк каганатынын дооруна барып такалгандыгы жѳнүндѳ далил бар эле. Ушуну менен катар Чүй жергесиндеги - Ак-Бешимдеги Суяб шаары, Буранадагы Баласагун шаары, Ѳзгѳндѳгү - Ѳзгѳн мунарасы, Талас жергесиндеги - Ак-Дѳбѳ, Атлах шаарлары ж.б. ушул сыяктуу байыркы курулуштардын ордун толуктай алат жана жаңы шаардын ачылышын тастыктаган кийинки убактарда адамдар чыгууда. Ошондой адамдар дагы деле болсо ѳзүнчѳ күйүп-бышып, азыркы учурларды ал жерлерге айыл-кыштактар түшүп, орун-очок алып калган кыштактардын жер астыларында дагы канчалаган маданий катмарлар бүгүнкү күндѳ толук изилденбей, иликтенбей жаткандары арбын экенине жер астында басылып калган топурактардан чыккан табылгалар далилдеп турганы тарыхый чындык.

Журналисттик кесипти аркалып жүрүп, ар кандай кызыктуу адамдарга жолугуп, алар жѳнүндѳ жазгандарым болду. Бул жолу, Кочкорлук Кайырбек Коңурбаев деген инсанга жолугуп, анын колунда кармаган портфелине ноутбугун салып алган кол жазма эмгектерин окуп кѳрдүм. “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” президент А.Ш.Атамбаевдин жарлыгы менен толук маалымдуу экенине, 40 жылдан ашык тарыхка ѳмүрүн арнаган эмгектерине баа бердим. Азыркы кезде ѳзүнүн кесиби бѳлѳк болсо да, бүтүндѳй 40 жылдык ѳмүрүн тарыхка, археологияга арнап – ѳз алдынча иликтѳѳ, изилдѳѳлѳрдү жүргүзүп, табылгалардын атайын экспонаттарынан үй музейин уюштуруп, Кум-Дѳбѳ айылынын жашоочусу, 67 жаштагы Кайырбек Коңурбаевдин эмгектери жѳнүдѳ жазгым келди.

Анын кѳп жылдык эмгектерине кѳңүл бурбай коюга болбойт, бир топ эмгектерди жасаган: Үй музейи, археологиялык казуулар, байыркы шаарлар, андан табылган тарыхый буюмдардын топтому ж.б. ар бир табылгага ѳзүнчѳ мүнѳз бергени, тарыхы ѳзүнчѳ эле бир жомок. Баарлашкан адамды бир топ ойго салып, чын эле ушундай болуп жүрбѳсүн деген ойду калтырып, ишеним жаратат. Чындыгында илимий тарыхта канча деген эмгектерди арнаган изилдѳѳчү – окумуштуулар жаратпады. Кыргыз жерлерине байыркы кытай тарыхчылары келип – изилдеп, жазып кеткен эмгектерине таянып кыргыздар жашаган жерлердеги элдердин айтымдарынан кагаз беттерине түшүрүп, илимий эмгектерди жазгандары белгилүү. Орустун окумуштуулары: Бичурин, В.В.Бартольд, Н.А.Аристов, Б.И.Зимин, А.Н.Бернштам жана башкалардын эмгектери да айтууга да, мактоого арзырлык.

К.Коңурбаев, «Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алаамат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши» жѳнүндѳ аталган райондогу: Тѳрт-Кѳл, Кырк-Чоро, Кужнар-Башы, Кочңар-Башы (Кочкор-Башы) шаар сепилинин пайда болуш тарых сырын ачкан тарыхый далилдерди келтиргени кѳңүл бурарлык. «XI к. Махмуд Кашкаринин «Ааламдын картасында» Кочкор-Башы (Кочңар-Башы), Кочкордогу (Йарышдагы) шаарлардын бири деп жазган. «Занби-Арт Кочңар-Башы менен Баласагундун ортосундагы бир ашуунун аты» дейт. (Махмуд ибн Хусейин Кашгари. Түркий тилдер сѳз жыйнагы. «Кыргыздар» жыйнагы. Б. «Кыргызстан», 1993. 459 б.). Кочкор ѳрѳѳнүндѳ бештен ашык шаар болгон делет. Алар: Кул-Шуб, Жол-Шуб, Кулан, Касра-Бас (Кочкор-Башы, Кужнар-Башы) жана Суяб. Мындай ойго орус тарыхчысы Н.Ф. Петровский да кошулат, ал шаарлар Александровский хребеттинин (Кыргыз Ала-Тоосу) түштүк жагында деп жазгандарынан бери кѳңүл бурган. (В.В.Бартольд. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. «Кыргызстан –Сорос ф. 1996. 399 б.)

К.Коңурбаевдин айтуусу боюнча, Тѳрт- Кѳл, (Кырк-Чоро), Кочкор-Башы же Кочңар-Башы шаар чалдыбарларын атайын изилдеген адамдар болгон эмес, болгону үстүртѳдѳн гана жазышкан. В.В.Бартольд 1897 ж. бул шаар жѳнүндѳ угуп, бирок араба жолу болбогондуктан келген эмес. Кийин 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А.Н.Бернштам келип, сепилдин дубалына салынган күмбѳздѳрдү сүрѳткѳ тартып, 18-19 к.кыргыз элитасынын мүрзѳлѳрү экенин аныкташып, дѳңсѳлүү дубалдары XII к. шаардын калдыгы экен деп гана коюшкан.

Тарыхта – Суяб шаары Караханиддердин хан ордосу делип жазылып, Карлуктардын, Түрктѳрдүн, Түргѳштѳрдүн ордосу делет да, байыркы шаар катары эмне себептен жок болуп кеткени тууралуу белгисиз болуп калганы жазылбай калган. Казакстандын окумуштуулары: С.Байтлен менен К.М.Байпаков, «Түрк каганытынын ордосу Суяб шаары X к. чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып, андан кийин жок болгон, кайда?» - деп жазышат. В.В.Бартольддун жазгандарында да эки ача ойду жараткан, ал алгач: «Суяб шаарын Чүй суусунун башынан издегиле» дейт да, кайра айнып: Токмок шаарынын жанындагы Ак-Бешимдин сепилинин чалдыбарын болжолдойт. Н.А.Аристов, Суяб шаарын Кичи Кеминдеги Кара-Булак айылынын жанынан издегиле, деген. А.Н.Бернштам болсо, Чоң Кемин ѳрѳѳнүнүн Новороссийск (Шабдан) сепил чалдыбары менен байланыштырган. Сепил Чүй суусунунан 25 км. алыс деген жерди – Кожемяко сепилди изилдегенде, VIII-XI к. маданий катмары жок экенин аныктаган. Ошентип, орустун кѳптөгөн окумуштуулары, тарых изилдѳѳчүлѳрү, кыргыздын тарыхчы окумуштуулары – Токмоктун түштүк батышындагы Ак-Бешим шаар сепилинин чалдыбарын Суяб деп келишет. Божомолдонгон Ак-Бешимдин аянты менен археологиялык изилдѳѳлѳрдүн материалдарына карап, X-XI к. тарыхый жазмалар менен географиялык изилдѳѳлѳрдѳ Суяб шаары жоголгондугуна байланыштуу болгон.

Ак-Бешимди изилдеп, археологиялык казууларды жүргүзгѳн Л.Кызласов, Караханиддерге тийштүү артефактылардын аз экендигине жана бул шаар сепили Суяб эмес экендигин ачык эле айткан. Орто кылымда Суяб шаары, Орто Азиядагы негизги шаарлардын бири жана Жетисуудагы кыргыздардын, батыш түрктѳрдүн, түргѳштѳрдүн, карлуктардын каганынын борбору болгону анык (К.К.). Будда кечили – Сюань-Цзань, 630-жылы Индияга бараткан жолдо Суй е дарыясынын жээгинде, Суяб шаарын таптым. Шаар айланасы менен 6-7 ли. Ал жер, ар жактан келген соодогерлер жана согдиликтер жашаганын кѳргѳн. Суябдын айланасындагы шаарлар жана турактардагы адамдардын жашоо турмушун, кийиген кийимин, каада-салтын, сүрѳттѳп, шаарларда кол ѳнѳрчүлѳр жана соодогерлер жашаганын жазган. Ушундай эле сѳздѳрдү улаган тарыхчылар: В.М.Массон жана В.Д.Горячевалар, Сюань-Цзань –«Суй е Шуй коңшу мамлекеттердин соодогерлердин чогулган жери түрк, түргѳштѳрдүн кагандары жана карлук башкаруучуларынын борбору- Суябды Ысык-Кѳлдүн батышында Чүй суусунун башталышынан тапкан», деп жазат. Дагы бир кѳңүл бура турган маалыматты келтирейин: «Сюань-Цзань достигнув юга восточной берега Иссик-Куля, проехал 500 ли вдоль берега озеро и дальше на севера запад до упомянутого города. Из этого видно, что город, как заставляет предпологать уже его название следуеть искать на берегах Чу дейт. (В.В.Бартольд. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б. «Шам» басмасы, 1996 ж.,400 б.).

Чүй (кытай тарых булактарында Суй е, Суйше) монголдордун келишине чейин мусулман адабиятында айтылбайт, бирок шаардын аты Суяб аталышы (суй-«вода»+перс. Аб-«река» - Суй-Аб) дарыянын аты менен байланышкан (В.В.Бартольд. Аталган эмгек. «Шам» бас.1996 ж., 292 б.). Сюань Цзань «Ысык-Кѳлдү жээктеп чыгышынан түндүк батышка 500 ли (250 км) жол басып, Суй е дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли экен. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм ѳсѳт, жапайы чыккан токойлор жок эсе. Аба ырайы суук жана аркырыган шамал жүрүп тургандыктан жашоочулар кийизден тигилген кийим кийишет экен». ( Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. 1997., 230 б.)

К.Коңурбаев: «Чындыгында эле, Кочкор ѳрѳѳнүндѳ токойлор болбогон. Ошол кезде шаардын айланасы сепил болгон, азыркы Кум-Дѳбѳ айылынын орду 6-7 ли болот. Башка ѳрѳѳндѳрдѳй болуп карагай ж.б. ѳспѳйт. Бул ѳрѳѳндѳ шамал басымдуулук кылат. Таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүмдүн ѳскѳнү ѳрѳѳндүн түндүк тарабы Кайнарда таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүм ѳсѳт. Ак-Бешимде же Чүй ѳрѳѳнүндѳ аркыраган катуу шамал болбойт. Сюань Цзандын аныктамасына кѳз чаптырсак, 250 км менен 178 км кѳлдүн узундугу, кѳлдѳн Кум-Дѳбѳгѳ чейин 72 км болот. 178+72= 250 км. Арабдардын астрономиялык аныктамасы боюнча, Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү - Кочкор-Башы жана Суяб шаарына дал келип жатат. Мындай тактык - В.В.Бартольддун шилтемеси менен азыркы тактыктарды салыштырганда да так келүүдѳ. В.Д Горячеванын «Средневековье городские центры и архитектурные ансамбли» деген эмгегинде, Ф. 1983 г. минтип жазганы бар: «Интересные, но несколько противоречивые описания города дают китайские путешественники и чиновники Танского двора. Они описывают путь в обратном направлении – с востока на запад: От прозрачного озеро (Иссык-Куль) через 100 ли (то есть около 50 км) лежит город на реке Суй-е (Суйап)» деп.

Ал эми саякатчы – Семенов-Тянь-Шаньский жиберген жаңылыштыгында, аты окшош жерлерди талдабай эле болжолдой берген. Анын айтуусунда, Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, Талас жергесинде да Миң-Булак деген жер бар, ал Миң-Булакты Түркстан шаарынын жанына да алып барат. Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү Миң-Булак Сарала-Саз жайлоосун экени анык. Бул жѳнүндѳ кенен изилдебей туруп, аты окшош жерлерди элдин оозунан жазып алып, ушул жер экен деп жазып койгонуна шек жок. Кыргыз жерлеринде аты окшош жерлер толгон- токой, менин оюмча анын болгон жерлеринде кагаз бетине түшүрүп, ак падыша үчүн ѳзүнүн жиберген отчётунда жооп катары жазып койгону байкалып турат.

Кочкор ѳрѳѳнүндѳ бузулган суунун сели жүргѳндѳн кийин, суу ылдыйлап – Сарала-Саздын коктуларынан булактар чыкпай калганын аныктабаганы Семенов – Тянь-Шаньскийдин адашуусунда кѳрүнүп турат. Анын дагы бир адашуусу, ал кербендерди Боом капчыгайы аркылуу ѳткѳн, деп жазат. Ал убакта Боом капчыгай аркылуу кербендер жүргѳнгѳ жол жок болгон. Капчыгайдын ичи аска-зоолор болгондуктан, ортосунда дарыя гана агып турган, анын кыры менен «кой жол» деген гана жалгыз чуума жол болгондуктан, бир эле жѳѳ койчу менен койлорго ылайыктуу жол болгон.

Ал убакта негизги жолдор: Шамшы (Шамчы), Калмак-Ашуу, Чоң-Кемин ашуулары аркылуу каттап турушкан. Терс суу деп – Кочкор суусу аталган. Себеби, түндүктѳ жападан жалгыз тетири – батыштан чыгышка аккан Кочкор же Чүй суусу. Семенов – Тянь-Шаньский жазгандай, Талас менен казактардын Түркстанында терс (тетири) аккан суулар жок. Орто кылымда Чүйдѳн: Кашкар, Кочнар-Башы, Суяб, Тянь-Шанга, Нарынга, Атбашыга катоочу – Шамшы, Кочкор ашуусу аркылуу жалгыз жол каттамы гана болгон. Дагы бири, Чүй ѳрѳнүнѳн Синь-Цзянга кетчү жол: Чоң-Кемин, Кѳк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Кѳлдүн түндүк жагы Чолпон-Атанын тушунан чыккан жол болгон. Ал убакта Боом (Буум, Бугам) капчыгайы туюк болгон. Чүй (Кочкор) суусу Ысык-Кѳлдѳн агып чыккан эмес, бирок Ысык-Кѳлгѳ куйган.

"Миң жыл мурда Кѳк-Мойнок көлү, Ысык Көл жана Туз- көл ( Шор –Көл) болгонун Сюань-Цзан «үч кѳл бар экен» деп жазат. Ошол кезде үч кѳл болгону анык: Ысык-Кѳл, Кѳк-Мойнок жана Туз-көл( Шор –Көл). Х- кылымдын биринчи жарымында Ысык-Көлдүн чыгышы чөгүп, ага Туз –көлү(Шор-көл) кошулуп,кийин Көк-Мойнок көлү жырылып кеткен"дейт К.Коңурбаев.Чүй ѳрѳѳнүнѳн Синьцзянга кеткен жол – Боом капчыгайы аркылуу эмес,Чоң Кемин,Кѳк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Кѳлдүн түндүк жагына Чолпон-Атанын тушунан чыккан». (А.Н.Бернштам. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и кыргызстана. т.1. 416 б.Б. 1997 ж.«Сорос»).

«Туура жазган, ал заманда Боом капчыгайы менен эмес, Шамшы ашуусу аркылуу Чүй тарапка кеткенде ортодон Суяб шаары, ал шаар азыркы Кум-Дѳбѳ айылындагы Кырк-Чоро, Тѳрт-Кѳл чалдыбары экени анык», дейт К. Коңурбаев. Кайырбектин кѳп жылдык изилдѳѳсүндѳ, толук маалымдуу кабар дешке да болчудай, анын божомол – аныктамасы боюнча, Чүй (Кочкор)дарыясы 1200 жыл мурда ѳзүнүн суусун толук кѳлгѳ куюп турган. Мындан 1000-1500 жыл илгери Ысык-Кѳлдүн деңгээли азыркы абалынан ылдый болгон. Кургакчылыктан кѳл азайып отуруп, 100 метрге ылдыйлап кеткен эмес, кѳлдүн чыгыш жагынын чѳгүүсү менен кѳл тѳмѳндѳп кеткен. Тѳмѳндѳгѳн кѳлдү толтурууга, азыркы абалына келүүсүнѳ 5-6 кылым убакыт кеткен. «Трансгрессия жана регрессия кубулуштарынын пайда болушунда эбегейсиз көп бузулган суудан – сел жүрүп. Суу ушунчалык кѳп болгондуктан – Айгыр жал тоосунан ашып түшүп, Сандык тоолорунун бетине чейин жабылат.Туз тоолорунан – көптөгөн туздарды агызып кеткен.Туз тоолорун карап көргөндө, туз, чопо менен булганган катмарлар агып отуруп ѳрѳѳндүн түштүк жагы менен ѳтүп, туздарды эритип агыза брип, коктуну чоңойтуп салган. Кочкор өрөөнүнөн агып барган туздан башка, Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Туз-Көлдүн (Шор Көлдүн) тузу да кошулган. Туз көл жөнүндө В.В. Бартольд .Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Введение к изданию Худуд –ал –алам. Бишкек 1996-год. Стр.589.

Ысык -кѳлдѳ суусунун кошулмасында – туздун концентрациясы көбөйүү менен, өрөөндө аба ырайын кескин өзгөрүүгө алып келген. Көлдүн суусунда туздун кристаллдары күнгө күзгү сымал чагылуусу менен, үстүнкү аба катмарында ысык абаны пайда кылган. Ошол себептен Хан Теңгриден соккон жел ысык абаны батыш тарапка айдагандыктан – Тоң, Кочкор, Кемин жана Көк-Мойноктун тоо беттерине чейин жеткен. Натыйжада, бул жерлерде кургакчылык пайда болуп , өсүмдүктөрдүн өсүүсү азайып, тоолордо мөңгүлөр топтолбой, өрөөндөр чөл кейипке айлана баштаган. Кочкор,Тоң жана Көк-Мойнок өрөөндөрүндө тоо беттери жылаңач калып, чөптѳр өспөй, какыраган таштуу кум дөбөлөрдү пайда кылган. Бул өзү регрессиянын (кургакчылыктын) башталышы болгон. Тарыхта жазылган кургакчылыктын (регрессиянын) мезгили башталган. Ысык –Көл азыркы деңгелинен 100 метрге ылдыйлап кеткен. Көлдүн азыркы дээңгелине келүү мезгили 5-6 кылымга созулган. Күндүн ысыктыгы 40 градустан ашып, жер бетиндеги баардык нерселерге өзүнүн белги – тагын салган. Кум-Дөбө айылы турган аймакта бара-бара кумдуу дөбөлөр пайда болгон.

Абанын үстүнкү катмарына тийгизген таасиринен, батыштан келген муздак жел Ала-Тоонун кырларында ысык жел менен аралашып, муздак – нымдуу шамалды пайда кылып, күчѳп отуруп – Кызарттын жана Уландын ыркыраган шамалдарын пайда кылат. Ысык Көлдүн таасиринен, шор аралашкан желден улам тоолордо ар кандай ѳсүмдүктѳр өсүүгө нымдулук болбогондуктан – Кочкор жана Тоң өрөөндөрүндө карагай өспөй, жылаңач тоолор пайда боло баштайт.

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда, Ысык- Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка, эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүк же түндүктөн бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат. Элдик уламыштарда, көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат... (Н.А.Аристов. «Усуны и кыргызы или кара-кыргызы». Бишкек. “Сорос”. 2001. 29,53 б.).

Ысык-Кѳлдүн чыгыш жагы чѳгүп кетишинен, чѳккѳн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш-Чокунун түбүнѳн 3800 метр бийиктиктен оргуштап атылып чыккан – жүз миллион куб суу ѳтѳ чоң – кубаттуу болгондуктан, бир ѳрѳѳндүн тоо башындагы мѳңгүлѳрүн эриткенин эритип, таш, топурак, кум аралаш сел каптаган бойдон Сарала-Саз жайлоосун бүтүндѳй аралай агызганы тарыхта белгилүү. К.Коңурбаев: “Мен бул сел жѳнүндѳ эски кишилерден жана ѳз атамдан кѳп угар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ чындык, уламыштар унутулуп калды”- дейт. Мезгилинде Г.Фетисов, 1877-жылы кѳлдүн түштүк-батыш жээгинен доктор Ригел менен кыдырганда, Кѳтмалды менен Барбулактын ортосундагы жээкте кѳптѳгѳн карапанын сыныктары жана адамдарын сѳѳктѳрүн жатканын кѳрүшкѳнүн эскеришет.

Мында, X к. биринчи жарымында Кочкор ѳрѳѳнүн сел каптаганы бул тарыхый чындык. Сел, Кочкорбашы – Суяб шаарынын борбордук бѳлүгү менен сепилдердин дубалдары бүтүндѳй талкаланып, бул жердеги мыкты имараттар, мечиттер, медереселер, хан – ордо, ордонун жоокерлер жашаган жайлар, адам үйлѳрү аябагандай чоң селдин астында кѳз ачып-жумгуча заматта кала берип, үстүлѳрүн топурак аралашкан кумдар басып калганынын дайыны азыркы убакта белгилүү болуп жатат.

Байкоолордо, мурдагы муундардын айткандарында жана аныктамаларына караганда – жер астындагы курулуштардын калдыгы, казылып табылган сѳѳктѳрдѳ – малдаш токунуп отурган бир канча адамдар ошол отурган бойдон чыккандары далил боло алат. Алаамат – сел түн ичинде каптап, Суяб шаарынын жашоочулары аман калып калууга эч мүмкүн болбогон. Топурактын астында калып калгандары жер астында калып, суу үстүндѳгү калкып калган буюм-тайымдар менен адамдардын денелерин бүтүндѳй агызып отуруп, Ысык-Кѳлдүн ѳзүнѳ чейин агыза алып келген. Ага, бир канча кылым бою кѳлдүн жээгинен табылган адамдын сѳѳктѳрү жана буюм-тайымдар далил боло алат. «Миңдеген адамдардын сѳѳгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүүгѳ болбойт. Алааматтын кандай деңгээлде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз кѳп адамдардын сѳѳгү менен кошо кѳптѳгѳн кыштар (кирпичтер) жана карапанын сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын» (Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. Сорос. 2001 ж., 44 б.) деп жазат.

Тарыхый маалыматтарга караганда, “Улуу Жибек жолунун жоголо башталышынын мааниси, Ысык-Кѳлдүн чыгыш жагынын чѳгүүсү, Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү – топон суунун жүрүшү же Түндүн Тянь-Шандагы жер титирѳѳнүн кесепети жана Кочкор-Башы (Суяб) шаары, анын эли, ѳрѳѳндѳгү шаарлар, турак-жайлардын селдин-суу стында калып, эл башкарып турган кандар, бектер, жоокерлер, кербен-соодогерлер, жашоочулар заматта жок болуп кетишинин себеби алибетте аймактагы ѳзгѳрүүлѳргѳ байланыштуу деп айтууга толук негиз бар” дешке болот. Илимий негизде тарыхка байкоо жүргүзгѳн болсок, 2012-жылы 14-17 ноябрда “Кыргыз каганытынын 1170 жылдыгына” арналган Бишкекте болуп ѳткѳн илимий конференцияда, Россиянын Новосибирск академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, кыргыз изилдѳѳчүсү, археолог – Юрий Худяков: “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы” дейт да, ошол эле убакта суроо берет: “Адамдар эме болуп жок болуп кетти, эпидемия болдубу, согуштан кырылдыбы же башка себеби барбы?” - деп.

Мына ушундай суроого: Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алаамат менен Ысык-Кѳлдѳгү шаарлардын жок болуп кетиши жѳнүндѳ илимий жооп болуп жүрбѳсүн. Болбосо, кыргыз каганытынын ордосунун заматта белгисиз болуп кетишине эмне себеп болот?

“Кыргыз каганаты – Бобрбордук Азиядагы ошол доордогу түрктѳрдүн эң кубаттуусу болгон. Бул боюнча Кыргыз каганатынын ошол доордогу кыйрашынын себептери жакшылап изилдене элек, маалыматтын жоктугунан ал мезгилди изилдеп, үйрѳнүү да кыйын жана жооп да жок. Кыскасы 847 жылдан кийин кыргыз тарыхы дээрлик маалыматтар жок”. (Е.Кычанов, Т.Бейшеналиев. Юань мин доорундаг кыргыздар. К.Жусупов. Кыргыздар. 2 т., 232, 248 бб.)

1988-жылы, айыл ичинде бала-бакча салууга жер пайын казганда кезде, бир жерден 18 адамдын сѳѳгү чыккан болсо, Таалай Дүйшенбековдун үйүнүн жер тѳлѳсүн казган убакта, 4 адамдын отурганы абалында жана ортодо кумара болгону табылган, аларды ошо отурган жеринде эле сел келип басып калган, деп болжолдоого болот. Суяб шаары боюнча кѳптѳгѳн илимий материалдар жазылылгандыктан – К.Коңурбаевдин 40 жыл изилдеген эмгектериндеги далилдер, айрым тарыхчы – авторлорду кооптондурушуда мүмкүн, Суяб шаары Ак-Бешим эле, деп. К.Коңурбаевдин кесиби – маданият кызматкериби же инженерби, кептин баары анда эмес, тарыхый чындыкта. Тарыхчылар изилдеп тактабаса, археологдор Союздун тушунда бир элдин оозун карап: эмне айтат, кандай буйрук берет, кай жерди изилдеп каздырат, акча каражатын бѳлүп береби (?) деген психологияга кѳнүп калган адаттан чыга албай, бир элдин – бир беткей түртмѳгүндѳ калгандыктан, ушу кезге чейин кыргыз жерлеринин тарыхый-археологиялык шаарлары так, даана изилденбей дагы деле келатканында сѳз болуп жатат.

Тарыхый байлыктарыбыз, археологиялык жергебиздеги табылган тарыхый мурастарыбызды, артефактыларды ооз ачтырбаган заманда – Россиянын тарыхый музейлерине ташып алып кеткен фактылар четтен чыгат. Кайырбек Коңурбаевдин айтуусунда:Тарыхчылар кыргыз тарыхын тактап жазышбаса, археологдор изилдеп казууга акча жок деп жатышса, айла жоктон, күйгѳнүмдѳн тарыхчы да, археолог да болот экенсиң. Папан Дүйшембиев деген журналист: “Кабинеттерде отуруп алып абстрактуу трактаттарды тырактата беришкенден кѳрѳ, кѳйгѳйлѳрдү чечкенге конкретүү салымдарын кошушса, илим үчүн да, мурастар үчүн да алда канча пайдалуураак болмок ” деп, бир жолу Кыргыз Туусуна 2009 жылы 21 декабрда жазыптыр. Кѳрсѳ, ал дагы мага окшоп күйгѳнүнѳн жазса керек. Анткени, мен кѳп эле адамдарга кайрылдым, бирок жоопторду бир беткей алдым. Кыргыз академиясынын окумуштуу археологу – Бакыт Аманбаевага Суяб шаарынын жер астындагы курулушун көрсөтсөм,ал: “сардоба” десе, Кыргыз Түрк “Манас” университенин профессору – Кубат Табалдиев, бул “күмбѳз” же “ханака” дешкенде күйбѳгѳн жерим күл болду. Изилдебей туруп ушунтип жыйынтык чыгарышкандыктарына баракелде дедим, башка эмне деп айтам, дейт Кайырбек. Бул тереңдиги 11 метр жер астында уникалдуу архитектуралык тарыхый шаардын калдыктары жатат деп, ишенимдүү айта алам. Канча деген жерден 3-4 метр бийктикте чыгып турган шаардын үстүлѳрүндѳгү бышкан кыштарын элдер ташып алып, ар кандай иштерине жаратып алышты. Менин сунушум, Бул курулуш имараттарын казып, изилдѳѳгѳ алып, сактап калуу үчүн зор эмгек керек. Азыркы кездеги карыялар: “Атаңдын кѳрү! Биз бала кезде эмне деген карапа, чоподон жасалган суу түтүктѳрүнүн, канча деген карападан жасалган идиш-аяктарды талкалабадык. Кош айдалып жатканда, канча деген трактирлер айдоо учурунда чуңкурларга түшүп кетти. Ошодон улам ата-энелерибиз, ал жака барбагыла, ажыдаарлар чыгып силерди соруп же жеп кетет деп, бизге барганды тыю салбады”, дешет.

Мен болсом, айдоо жерлердин астында калган шаардын калдыктарын баардыгын билем. Бул ѳрѳѳндѳ 3 шаардын калдыгы бар, археологиялык, антропологиялык, палеография жана геология илимдеринин жардамы керек. Мындай изилдѳѳлѳргѳ ѳкмѳт тарабынан алгылыктуу кѳңүл бурулса, бул жердеги жердин астындагы архитектуралык, археологиялык монументалдык эстелик шаарлар – Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү орто кылымдагы шаарлардын бир бѳлүгү болуп калары чындык. Ар жактан келген ээнбаш “черный капателдер” (казуучулар), 2011-жылдан бери баалуу буюмдарды издѳѳ максатында жер астындагы курулуштарды жапондук жүктѳѳчү техниканы жалдап алышып, жогорку сапаттагы салынган бышкан кыштарын менен дубалдарын эч кимден уруксат албай, жер астындагы кѳк боёк менен сырдалып кыналган кыштарын аңтарып, казып, бузуп киришкен. Бул жер астындагы имараттын бийиктиги 8,5 м. чейин терең казып, андан нары чыгыш тарапка 3 м. имараттын ордуларын дагы казып, андан чыккан ар кандай буюм-тайымдарды алып кетишкен. Бул жер астындагы калган шаардын архитектуралык тарыхый баалуулугун сактап калуу керек. Кочнар-Башы- Суяб шаарынын бир кылымдан ашык жер астында жатканынын тарыхы далилденмек деп, Эгер менин үнүмдү президентибиз, парламенттин спикери, ѳкмѳт башчысы менен ѳкмѳт мүчѳлѳрү, маданият министрлиги, илимий чѳйрѳ кѳңүл бурушса, орто кылымдагы жок болуп кеткен тарыхыбыздын орду табыларына толук ишенимим бар, дейт Кайырбек Коңурбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
25454

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
50736

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
38335

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
19668

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
22240

09-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
12428

08-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
26417

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
26224

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×