Борбордук Азиядагы көчмөн түрк элдеринин бирдиктүү кагандыгы кулагандан кийин, 7-кылымда Орто Азия аймагы үч чоң дөөлөттүн талашында калган. 8-кылымдын башында батыштан Араб халифалыгынын аскерлери келип, Мавернахырды каратса, ага чейин эле чыгыштан Тан империясы Жетисуу тоолорун ээлеп, Фергананы талашып турган. Ал эми түштүк жактан Тибет империясы Тарим ойдуңун өзүнө каратып, буддизмди жайылткан. 715-жылы арабдар Фергана өрөөнүндө кытайлар дайындаган ихшидди түшүрүп, өз кишисин бийликке алып келишсе, кайрадан 10 миң кытай аскери келип, өздөрүнүн кишисин коюшкан. 717-жылы араб-тибет-түргөш союзу Аксуудагы салгылашта кытайлардан жеңилип калышкан. Орто Азия ошондо толугу менен Тан империясынын карамагында калуусу коркунучу бар болчу. Кытайлардын Орто Азияны толугу менен каратуусун токтотуу максатында арабдар менен тибеттиктер союздаш болушкан. Тибетти 52 жыл башкарган император Меагцом 717-жылы Кашкарды каратса, 726-727-жылдары тибеттиктер менен кытайлар Турпанды талашып согушкан.
Булардын ортосунда жергиликтүү элдердин эгемендиги үчүн Чүй өрөөнүн борбор кылган түргөштөр гана аракет кылган. Сулук каган баштаган түргөш жана согдулар 731-жылы арабдарды Самарканд менен Балхтан кууп чыгышкан. Бул убакта араб-умави (омейяд) халифтери ички саясатын эптей албай, тышкы саясатта алсырай башташкан. Себеби, тынчы жок харижийлер көбөйүп, алардан ибадийлер, байхасийлер, ажрадийлер, саалабийлер пайда болгон. Калбий-кайсий чабышы күчөгөн. 739-жылы Зейд баштаган шийалар бийликке каршы көтөрүлсө, 746-жылы Түндүк Африка менен Йеменде көтөрүлүш болгон, ал эми Андалусия (Испания) унутулуп калган болчу. Ошондой кырдаалда аббасийлер да өз саясий үгүтүн ачык баштагандыктан, 747-750-жылдары Үчүнчү фитна (жарандык согуш) болуп жаткан эле. Ага карабастан арабдар Мавернахырдагы бийлигин сактай алышкан. Себеби, түргөштөргө арттан кытайлар сокку уруп, ортодо тоскоолдук жоюлган.
Кытайды 44 жыл башкарган император Сюань-Цзун ички да, тышкы да саясатында ийгиликке жетип, акырындап Орто Азияны каратып келе жаткан эле. Ал уйгурлардын жардамы менен 744-жылы түндүгүндөгү чыгыш-түрктөрдү каратса, 747-жылы Тибет менен согушууга аскер жиберип, Памирди карата баштаган. Тан империясынын корей тектүү генералы Гао Сянчжи 748-жылы Чүй өрөөнүн, 750-жылы Ташкентти баш ийдирип, талап-тоноп кеткен. Ошондо орто азиялыктар Араб халифалыгына жардам сурап кайрылышкан.
Ал жылы арабдарда бийлик жаңыдан алмашып, күчүнө келе элек болчу. Антсе да, биринчи аббасий халифи болуп жарыяланган Абулаббас ас-Саффах арабчылыкка эмес, мусулманчылыкка басым жасагандыктан, эл тарабынан жылуу кабыл алынган. Кытайларга каршы Орто Азиядагылар жардам сурап келгенде, аббасийлердин ишенген генералы перс Абумуслим тез арада көп аскер топтоп, тажрыйбалуу араб кол башчы Зияд ибни Салихти башчы кылып жиберген. Ошентип, Зияд менен Гао баштаган эки империянын аскерлери 751-жылы Таласта беттешип, эки цивилизациянын кагылышуусу болуп өткөн. Салгылаштын тагдыры карлуктардын арабдар тарапка өтүшү менен чечилген.
Салгылашуудан кийин Орто Азия кимге калды?
755-763-жылдары Кытайда теги бухаралык генерал-губернатор Ань Лушань чоң көтөрүлүш кылганда, чегарадагы аскерлер борборго чакырылган. Ошондон кийин көп кылымга Орто Азияга кытайлар тарабынан коркунуч туулган эмес. Гао Сянчжи 756-жылы көтөрүлүштү бастыра албагандыгы үчүн айыпталып, өлтүрүлгөн. Таласта туткундалган 25 миң кытай аскерлеринен мусулмандар кагаз өндүрүүнү үйрөнүшкөн.
Арабдар да Мавернахыр менен токтолуп, Орто Азиянын калган бөлүгүн каратууга умтулган эмес. 754-жылы халиф болгон ал-Мансур, кийин анын уулу ал-Махди, андан кийин анын уулу Харун ар-Рашид да Мавернахырды башкарууну перстерге ыйгарып келишкен. Бара-бара Мавернахырда перс-тажиктердин Саманий мамлекети курулган.
Орто Азиянын тоолорунда түргөштөрдүн ордуна карлуктар 766-жылы өз кагандыгын түптөшкөн. Карлуктар менен кыргыздарга Мансур ал-Халлаж, Абунасыр Самани ж.б. перс сопулары исламды жеткире башташкан. 9-кылымда уйгурлар Чыгыш Түркстандан тибеттиктерди сүрүп чыгарышкан, бирок өздөрү буддизмди кабыл алышкан.
Ошентип, Талас беттешинен кийин Орто Азиядан империялар кетишкен, бирок артында дини, маданияты калган. Ар кандай маданияттардын таасиринде жергиликтүү элдер үчкө бөлүнүп калгандыктан, регионду бириктирүүгө кадам таштоочулар ислам, буддизм же манихеизмдин бирин тандоосу керек эле. Ошондуктан ала-тоолук караханийлерден Сатук буурахандын урпактары исламды тандап, алар 11-кылымда Орто Азияны толук бириктире алышкан. Ошондон кийин караханийлер чыгышка, селжуктар батышка, ал эми газневилер түштүккө карай жортуул жасап, эми Орто Азиядан чыккан үч империя тарыхты өзгөртө турган болушкан.