Добавить статью
11:25, 31 мая 2024 Обновлено 11:32 31 Мая 2024 2438

Барпы апыздын төрт такылети

Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине карата

Барпы Алыкулов – улуу төкмө ырчы. Комузу жок төгүп айткан. Санат, ашыглык ырларынын устазы. Айтышып жеңдирбеген. Акынды угууга эл миңдеп агылган. Качан, каерде экен деп акмалап турушкан. Апыздын ырларын аш-тойлордо утуру ырдагандардын саны өткөн кылымдын 60-80-жж. бир топ болгон.

Барпы акылман, ойчул акын. Философиялык ойлорго жык төкмө ырчы. Акынлын “Күн”, “Жер”, “Аккан суу”, “От”, “Шамал” аттуу ырлары этникалык философемадан кылчайбай аттап, ыраактап бийиктеген, байыркы грек жана кытай натурфилософияларга ирегелеш, бирок өзүнчө кыргыздык табият философиялык терең ой-идеялар.

Мындай (аалам, күн, жер, адам, жашоо) төкмө поэзия, балким, Барпы ырчы орто жаштан өтүп, көзү дурустап көрбөй (“Азиз элем жетелеп, // Алыс жолду төтөлөп, // Алып жүрөт курбалым”), карылыкка моюн сунуп калганда калыптана баштаган беле. Аны каерде, кимдерге биринчи айтып, ошондо уккан аудитория кандай кабыл алды экен (“Санат ырларын, дүйнөнүн кубулуштарын ырдаганда угуучуларды бирде алтынчы асманга алып чыкса, бирде жетинчи жердин алдындагы окуяларга дуушар кылчу...” [2, 193-б.]). Акын билгенди, айтканды, ким кандай туюп түшүндү экен. Угузуп да, угузбай кандай ой, тилектер айтылды экен. Эл ичинде калысы да, кат-сабаттуусу да, сынчысы да болгон. Бирок эртеси кайра эле аш-тойго апызды аңдып агылган.

Төкмөлүк поэзия. Ыр 7-8 муунда ырдап айтылган. Комуз менен да, комузу жок да. Ыр муун сакталган. Бул кыргыз акындар поэзиясына гана мүнөздүү. Оозеки айтылган. Угарман, күйөрман, сынчы – баары көрүп, угуп тыңшаган. Ыракат алган. Эч ким артынан түшүп жазып калбаган. Ой да болбогон. Жүздөгөн жылдар ичи.

Айткан ырларынын кийинки тагдырын ойлогон Барпы апыз өзү аракеттенип жаздырыптыр. “Барпы менен кездешүү” (Т. Шамшиев), “Акынды эскерүү” (Т. Байзаков), “Кайнатамдын ырын жазгам” (Т. Бекибаев), “Барпынын ырын жазгамын” (Т. Токтосунов), “Атамдын эсерүүсү” (А. Касымов) [2, 186; 193; 244-254; 274-бб.] ж.б. Бирок бул айла жоктун иши болгон. Издеп, таап, чакырып, иреттеп жазгандарга баракелде. З. Бектенов: “Ушул жолу Барпынын чыгармасын жаздыруу иши үч айга созулду. Үч айдан кийин Барпы аке: - Менде болгон ыр казынамды жаздырып бүттүм, - деди” (1946-ж.) [2, 205-б.]. Ооба, өкмөттүк деңгээлде мамиле болбогондо ойчул ырчынын көптөгөн ырлары унутта калмак экен. Бирок жазылбай калганы канча эле.

Ойчул ырчы философиялык ойлоо деңгээлине кантип жетти экен. Китеппи, кол жазмабы, көгөргөн көк дептерби окугудай кат сабат ачылбаса, калем кармап жазбаса (“Илимден кемчил болуп өстүм өзүм”), бала кезден көзү ооруп келсе, кайдан жүрүп кайдагы аалам, күн, жер тематикасын билип, түшүнүп, анан буларды төгүп ыр менен айткан эле.

Барпы апыздын чыгармачылыгын изилдеп келген белгилүү адабиятчы К. Даутов: “Барпы кээ бир философиялык ойлорду айткан эле акын эмес, а илим өнүккөн элдерде кездешчү зор философиялык системасы бар ойчул акын экендиги, ал Аалам түзүлүшү жана Адам табияты жөнүндө санаттары менен кыргыз даанышмандыгын Чыгыш философиясынын деңгээлине көтөрүп таштаган бийиктеги титан экендиги, азырынча изилдөөчүлөрдүн түшүнө да кирбейт. Андай баскычка жетиш дагы кыйла мезгилди талап этет” (1995-ж.) [1, 9-б.]. Ооба, андан бери отуз жылга жакын убакыт өтүптүр. Ошону менен бирге жогорку макаладан оо илгери эле (1978-ж.) А.А. Байбосуновдун “Барпынын чыгармаларындагы космологиялык ой жүгүртүүлөр” деген илимий макаласында акын Күн, Аалам темасында “стихиялык түрдө гелиоцентрикалык (Борборунда күн турган дүйнөнүн системасы) принципти түшүнө билгендигин ачык байкоого болот... Ушул фактылар Барпынын материалисттик көз карашын накта мүнөздөп турат” [2, 141; 303-бб.] деген пикир айтылган. Бирок төкмөнүн кыргыздык табият философиясын канча мезгил өтсө да ийине келтирип изилдеп жарыя кылуу оңойго турбастыгы талашсыз. Башкысы уучубуз кур эмес.

Барпы ойчул акындын дүйнө түркүгү - төрт такылетине кээ бир ой туюмдар.

Жер.

Төгөрөктүн топугу –

Төрт такылет турбайбы. [1, 27-б.]

Ойчул акындын төрт такылет (Жер, Суу, От, Шамал) деп, дүйнөнүн түркүгү (төгөрөктүн топугу) болгон төрт элементти айтат. Ооба, ашык-кеми жок төрт такылет дейт. Беш, же үч такылет дебептир. Анткени алар туптуура төртөө экенин так билген. Элемент деген грек терминин Барпы такылет деп айтат.

Байыркы жана орто кылымдардагы натурфилософияда: дүйнөнүн төрт негизги принциптери (жер, суу, аба, от) белгиленет. Байыркы грек философу Эмпедокл (б.з.ч. V к.) төрт элементтин теориясын биринчи болуп иштеп чыккан. Кийинчерээк төрт элемент концепциясын Платон (б.з.ч. V-IV кк.), анан Аристотель (б.з.ч. IV к.) улантып өнүктүрүшкөн [4].

Аристотель боюнча ар бир элемент бир негизги заттын абалынын бирин билдирет. Негизги сапаттардын белгилүү бир айкалышы - жылуулук, муздак, нымдуулук жана кургактык. Маселен:

Аристотелде: жылуу + кургак = От.

Барпыда: Жагылуу От, жаркын От – // Жылуулуктун теңири.

От жылытат ар убак, // Ордолуу үйдүн турагын.

Оролуп Күндүн багына, // Отурдум Оттун табына. [1, 40-44-бб.]

Аристотелде: жылуулук + нымдуулук = Аба.

Барпынын төрт такылетинде Аба айтылбайт. Байыркы кытай натурфилософиясында да Аба беш элементке кирбейт.

Аристотелде: муздак + нымдуулук = Суу.

Барпыда: Топуракты намдатып, // Сызып чыккан аккан суу.

Ар ким ичсе кубанып, // Маза кылган аккан суу. [1, 29-30-бб.]

Аристотелде: муздак + кургак = Жер.

Барпыда: Бир чөлкөмдө кум жатат, // Бир чөлкөмдө ным жатат,

Бир чөлкөмдө чым жатат, // Бир чөлкөмдө дың жатат. [1, 28-б.]

Байыркы кытай натурфилософиясында төрт элемент эмес, беш элементти (стихияны) камтыган Ву-син (От, Суу, Жер, Дарак, Металл) окуусу болгон.

Төрт такылет тууралуу Барпы ырчы “Аккан суу” деген ырында да кайталайт. Туурасы, төрт такылетин аккан сууга карай дагы бир ирет тактап өтөт.

Дүнүйада эң керек

Төрт такылет, аккан суу.

Төртөбүндө барабар

Бар акыбет аккан суу. [1, 35-б.]

Акын төрт такылет дүйнөдө эң керек, алар бири-бирине барабар, анын ичинде аккан суу бар деп баса белгилейт.

Ойчул ырчы төрт такылетке Жер, Суу, От, Шамалды киргизет. Байыркы гректик төрт элементтен өзгөчөлөнөт (Аба эмес Шамал). Балким, дал ушул өзгөчөлүгү Барпы төкмөнүн байыркы грек жана кытай натурфилософияларындагы элементтер тууралуу маалыматы болбогондугун, аларды туурап эрчибегендигин айгинелеп тургандыр. Ооба, такылеттери апыздын жеке өзүнүн тапканы экендиги күмөн туудурбайт. Бирок эмнеден, кантип, кайдан. Жоопсуз суроолор. Таң калдырат.

Суу көп дешет дүйнөдө,

Сууну да Жер көтөрөт. [1, 27-б.]

Ооба, 5-класстын окуучусу менен тең жарышып, суу 71%, жер 29% түзөт деп шыр жооп бермекпиз. “Дүйнөлүк океандар жер бетинин 71% ээлеп, сууга толгонуна карабастан, океан суулары жердин массасынын 0,023% гана түзөт” [6]. Бирок география сабагындагы 71% океан, деңиз, көл, дарыя ж.б. суулар ошол Барпы апыздын Жеринде жаткандыгы ушунча мезгил ичи эч оюбузга келбегендиги да жашырын эмес. Караңыз, улуу акын муну “ошол көп деген сууну Жер өзү батырып көтөрүп жүрбөйбү” деп, эки ыр сабы менен ой калчоого жем таштайт.

Аккан суу.

Тувулган жердин баласы –

Такылетин карачы,

Тарбиялап аккан суу. [1, 29-б.]

Барпы ырчынын бул ыр саптарында аккан суу бир такылет катары Жердин туулган баласы (жаратканы) болууда. Акын аккан сууга тарбия көргөн (өз нугунда аккан) такылетин (стихиясын) карачы деп суктануу менен карайт.

Бууңан булут ичкени

Жамгыр болгон аккан суу. [1, 32-б.]

Мында ойчул апыз суу бууланып, анан булутка айланып, кайра жамгыр болуп жерге жаайт деген суунун айлануу циклин ыр менен жеткириптир. “Табияттагы суунун айлануусу (гидрологиялык цикл), нымдуулуктун цикли – жердин биосферасындагы суунун циклдик кыймыл процесси. Суу жер бетинен жана суу объектилеринен (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар ж.б.) бууланат, бирок суунун көпчүлүк бөлүгү дүйнөлүк океандын бетинен бууланат” [3]. Ооба, мактаб босогосун аттабаган, кат-сабаттан алыс калган төкмө ырчы күн – жер - суу – буу - жамгыр – суу айлампасын жатык тил менен санаттап айтып жеткирет.

Жолдоштугуң Күн менен

Сүйлөшөсүң ким менен?

Күн жолдошуң эритет

Уюлдун калың музуну.

Ай жолдошуң тиктеди,

Аккан суу сенин жүзүңдү. [1, 33-б.]

Барпы ырчы аккан сууну Күн менен жолдош кылып, Күн жакшы тийбесе кайдан суу болмок, кайра муз болуп тоңуп калмак деген ойду айтат. Уюлдун калың тоң музу да күн нуруна туруштук бербей эрип сууга айланары ырас. Аккан сууга күндүзү Күн, түндөсү Ай жолдош экен. Аккан сууга асмандагы Күн жана Ай түздөн-түз себепчи деген ой жатат.

Ай он беште жык толуп,

Жарык болгон аккан суу.

Дүнүйө бою ыраатың

Анык болгон аккан суу. [1, 34-б.]

Барпы акын ай он беште суу өзөн-сайга жык толот, мелт-калт болуп күнгө чагылышып жарык чачып турат деген ойду элестүү берет. Ай он беши качан эле деп, төкмө ырчы билгенди биз түкшүмөлдөп турганча, айтылуу Алыкул (Осмонов) “Айга” деген ырында “Жаз мезгили, он беште ай, // Уйкуга мас өзөн-сай. // Көркүн калам айта алгыс, // Олдо тоонун түнкүсү ай” (1944) [5] деп, кадыресе жаздын келиши менен “уйкуга мас өзөн-сай” сууну он бешке караган түнкү ай менен тогоштуруп чечмелеп берет.

Баш келиш жериң Күн чыгыш,

Токтолуш жериң Батышта,

Пурсат жок тынчып жатышка. [1, 36-б.]

Апыз аккан суу Күн чыгыштан башталат да, Батышты көздөй агып отурат дейт. Ооба, Кыргызстанда жер рельефине карай дарыя-суулар чыгыштан батышты көздөй агат. Маселен, Нарын дарыясы, Жазы дарыясы, Көк-Арт суусу, Чүй дарыясы ж.б. Караңыз, чоң суулардын акканын күндө көрүп турсак да, неге ушундай экенине маани бербей келет экенбиз.

Жер бүткөндө жаралган,

Элден мурун аккан суу. [1, 36-б.]

Ырчынын аккан суу жер бүткөндө эле жаралган, анда адамзат жарала элек кез дегени илимий да, библиялык да версиялар менен шайкеш келет. Ал мындай маалыматты кайдан уккан эле, же жеке өз ой-туюмунан улам калыптанган беле. Адам суусуз жашай албастыгы чындык. Ошон үчүн да акын айткан “Жетимиш миң макулук” (27-б.) да, “Адам” (40-б.) да суудан кийин жаралгандыгы анык.

Ада болбойт аккан суу,

Ар канча ырдан мен айтсам. [1, 36-б.]

Акын аккан суу түгүнбөйт дейт, ал түбөлүктүү экен. Адамга көз каранды эмес. Сууну адамзатты бириктирген нерсе, универсалдуу символ деп түшүнүп келебиз.

От.

Жалындуу Күн, жаркын От –

Жылуулуктун теңири. [1, 40-б.]

Барпы ырчы жаркын Отту жалындуу Күнгө бирдей карап, жылуулуктун теңири – кудайы дейт.

Бүт тириглик Отто бар,

Болбогула арасат. [1, 40-б.]

Апыз адамзаттын бүт тиричилиги От менен байланышкан, буга күмөн санабай эле койгула дейт. Ооба, кудайдын жараткан күнү от жагып күн өткөргөн адам Оттун табиятын аңдап-туйбагандыгы да ырас. От өчпөгөн коломтонун миң-миң жылдык санжыра-санаты дайын экендиги да маалым.

Булутка булут жабышса,

Булутка булут кагышса –

Жарк-журк этет чагылган.

Жарып өтсө асманды

Жалынга окшоп жагылган...

Опурталдуу болсо да,

От ошондон табылган. [1, 41-б.]

Барпы төкмөнүн дал ушул ыр саптары анын От тууралуу айтайын деген бүт оюн тыянактап тургансыйт. Ооба, мында булутка булут кагышып - чагылган – От жаралат, адам алгач ирет биринчи Отту ушул чагылгандан алган деген ой жатат.

Бекеринен да байыркы грек мифологиясында асман, чагылган кудайы, от менен ойлонгон Зевс бийлик амирине баш ийбей моюн толгогондорду чагылган оту менен жазалабаса керек эле. Ал эми дагы бир байыркы грек мифтик титан, скифтер падышасы аталган Прометей адамдар үчүн Олимптен Отту уурдап ала качып келген деп айтылат. Прометей бул адамзат тагдырын чечкен жоругу үчүн аталаш тууганы, бүт кудайлар ана башы Зевстин каарына калгандыгы да маалым.

Оттун ай-ааламдык, адамзаттык маани-маңызын акындын төмөндөгү ыр саптары ырастап тургандай:

От менен дүйнө уланат,

Оту жок дүйнө куланат. [1, 41-б.]

Ооба, От бар үчүн дүйнөдө жашоо уланат, От өчсө дүйнөдө жашоо да токтойт деген ой жатат. Туура, бирок кептин баары ошол өзү көзү азиз бу инсандын От тууралуу ой-туюмдары эмнеден улам жаралган да, мындай ой тыянакка чыгарганга эмне түрткү болду экен деген ой келет. Дагы да тагыраак айтканда мындай (илимге чейинки) билимди кайдан алган дейсиң да. Анткени мындай ай-ааламдык ой тыянак “жөн эле, а эми бир кеп да” деп жаралбастыгы ырас, артында жабылуу ачыкталбаган билим турат.

Шамал.

Жарышканы күн менен,

Жолдоштугу түн менен.

Биле албадым эмгиче

Сыр сурашат ким менен? [1, 37-б.]

Мында Барпы апыз аккан суудагыдай шамалды күн менен түндүн жолдошу дейт. Анан аккан сууну сүйлөшөсүң ким менен дегендей, шамалды да ким менен сыр сурашасың деп риторикалык суроо салат.

Калкка керек шамалдын,

Калкка белек шамалдын,

Бар кызматын айтайын... [1, 38-б.]

Акындын айтымында шамал элге керек да, белек да экен, элге кызмат да кылат экен. Бул зор энергиялык күч-кубатка ээ табият стихиясынын зыяны менен кошо пайда жагы да бар дейт. Маселен, “Айта берсе түгүнбөйт // Айдар аттуу шамалдын // Пайда менен зыяны” (39-б.), же “Жайында жан сергитип, // Жабыкса көңүл эргитип, // Үйүр болот адамга” (39-б.) деген ыр саптары. Эми бизде болбосо да, шамал кээ бир башка өлкөлөрдө электр энергиясын берүүчү булак катары колодонулары дайын.

Оңунан жүрсө - таң аткан,

Орунсуз жүрсө - түн баскан. [1, 38-б.]

Мында шамал булуттарды башкарып, оңунан жүрсө кара булуттарды айдап ак таңды атырат, анан орунсуз жүрүп калса баягы кара булуттар күндү жаап, караңгы түндү түшүрөт дейт. Ырчынын оюнча буга каршы эч кандай күч жок, башкарууга болбойт. Бул шамалдын өзүнүн табийгый стихиясы экен эми деп колун жаят.

Кышында жүргөн шамалды

Жокчулук десе эп болот.

Күзүндө жүргөн шамалды

Токчулук десе эп болот.

Жазында жүргөн шамалдын

Ачы менен тогу бар.

Жайында жүргөн шамалдын

Жан сергитер оңу бар. [1, 39-б.]

Апыз өзүнүн төрт стихиясынын бири Шамалдын төрт мезгилге карата ордун иреттеп өтөт. Кышында жүргөн шамалды жокчулукка, күзүндө жүргөн шамалды токчулукка себепкер дейт. Ал эми жазында жүргөн шамал токчулукка да, ачарчылыкка да бирдей себепчи, мунун акыбети ар пенденин эс-жадында болушун эске салат.

Барпы ырчынын төрт такылетине канатташ, жандооч нерселер, көрүнүштөр, кубулуштар.

Аба, Жамгыр, Шоола, Түн –

Адилет Жердин коногу. [1, 26-б.]

Ооба, бул Аба, Жамгыр, Шоола, Түн - төртөө Жердин коногу экен. (Айтмакчы, Жердин бул төрт коногу Барпынын төрт такылетинде жок. Караңыз, байыркы грек натурфилософиянын төрт элементиндеги Аба мында Жердин коногу экен). Эми конок деген бир келип, анан кайра кетет, тагыраагы үйдүн кожоюну эмес. Акын ушуну айткысы келет. Демек, бул төртөө өз алдынча, Жерге көз каранды эмес табийгый нерселер, көрүнүштөр, кубулуштар. Туура, Аба, Шоола, Түн ааламдык, Күн менен байланышкан түшүнүктөр. Жамгырга Суу (океан, деңиз, көл, дарыялар) себепчи, Жерден жаралат. Бирок Жамгыр түздөн-түз Жерге жайланып, байланып турбайт. Акын жогорку ыр сабына жамгырга удаалаш эле аккан сууну кошпоптур, анткени суу Жерге караштуу, бир мүчө, конок эмес. Айтарыбыз, акын баарын бир куржунга тыгып чаташтырууга жол бербептир.

Төкмөлүк өнөрдүн мындай жеңил-желпи эмес тематикасын байыркы натурфилософия, космогония, кыргыз философия тарыхын, акындар поэзиясы табиятын, Барпы апыздын жеке төкмөлүк өзгөчөлүгүн айкалыштырып өздөштүргөн изденүүчү аркалап кетет деген ишеним бар. Оозеки философиялык поэзиянын ар бир ыр сабында терең ой жатат. Бири-бирин улап коштоп отурат. Бир да ашыкча ыр сап жок. Бир башкы өзгөчөлүгү ойчул ырчы ушундай кыргыздык табият философиясын кара сөздө шашпай айтып, же жазып бербептир. Ыр саптарын шурудай тизип, токтолбой шыр, төгүп айткандыгында. Ушунусу менен Барпы акын өзүнө чейинки натурфилософиялар, концепциялар, ой-идеялар, көз караштардан бута атымдай ыраактап өзгөчөлөнүп турат.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Барпы. Чыгармалар. 1-том. Түзгөн: Б. Апилов. Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы ред., 1995. – 320 б.

2. Барпы: Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. Түзгөн: Б. Шамшиев. Б.: Кыргыз Энциклопедиясынын башкы ред., 1994. – 312 б.

3. Круговорот воды // Большая советская энциклопедия. - 3-е изд. - М.: Советская энциклопедия, 1969-1978.

4. Элементы // Новейший философский словарь. // А. А. Грицанов. - Минск: Книжный Дом, 1999.

5. Айга. [Режим доступа]. URL: https://bilim-kg.com/ajga/ (кайрылган күн: 29.05.2024).

6. Происхождение воды и земли. [Режим доступа]. URL: https://ecosoft.ua/ua/blog/origin-of-water/#:~:text=%D0%BF%D0%BE% (кайрылган күн: 29.05.2024).

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
1879

12-04-2024
Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз
2268

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
2756

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
3385

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
3340

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
3112

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
3561

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
4027

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
4043

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
105191

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×