Добавить статью
10:27, 2 декабря 2023 907

«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы

”Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантында (Манас. I, II, III, IV китептер. Фрунзе: “Кыргызстан”, 1980, 1981, 1982, 1984) ‘журт’ жана ‘уруу’ деген этникалык түшүнүктөр активдүү колдонулат. Уруу уруктардан туруп, ар бир уруунун автономдуу мамлекеттик-саясий статусу болгон. Аны уруу жыйынында шайланган уруу башчы (кан, бек, бий) башкарган. Уруу башчынын укугу жана милдеттери так аныкталып, ыйгарым укугунун чегинде гана аракеттенген.

Эпосто ‘Кытай журту’, ‘Кыргыз журту’, ‘Орус журту’, ‘Кырым журту’, ‘Ооган журту’ (III китеп, 152-б) деп Евразия мейкиндигиндеги эң ири федеративдик журттар (державалар) айтылат. Бул геосаясий чөлкөмдөгү этникалык бирдиктер (этнос, уруу, фратрия) ушул аталган журттардын бирине таандык болгон. Кеп бул жерде Кытай (кара кытай (кыдан), калмак, ойрот, манжур, жунгар ж.б.), Кыргыз (кыргыз, казак, кыпчак, ногой, каракалпак, найман, нойгут ж.б.), Орус (чыгыш славян этностору), Кырым (хазар, азербайжан, булгар, аз, кумык ж.б.), Ооган (иран, авган, пуштун, күрт ж.б.) ири согуштук-саясий этникалык бирикмелери жөнүндө жүргөндөй.

Кыргыз журту (державасы)

Кыргыз журтуна кимдер кирген? Албетте, тарыхый кандаш уруулар. Булардын этникалык башаты, тили, маданияты, каада-салты, жашоо образы бир болгон. Мезгилдин өтүшү менен үй-бүлөлөр урукка, уруктар фратрияга, фратриялар урууга бириккен, уруу, элдер бирикмелери журтту (державалык мамлекетти) түзүшкөн. Көчмөндүк согуштук демократия саясий түзүлүш өкүм сүргөн. Деспоттук, диктатордук башкарууга көчмөндүк жашоо образ жол берген эмес.

Биздин оюбузча кырк уруу кыргыз журтунун башатында ‘аз’ рухий-эпонимдик ишеним турган. Кыргызга бириккен кырк уруу бирдиктери ‘азды’ өзүнүн рухий, эпонимдик башаты деп эсептешкен. Ушул кырк уруу этнос өздөрүн кыргыз (кырк-ок-аз) деп аташкан (‘уруу’ менен ‘ок’ деген сөздөр синонимдик мааниде келген). Кыргыз – бул журт (федерация), б.а. кырк уруу бирикмеси. Эпосто журт ушундай статуста катышат. Бул журт этникалык түшүнүгүн эл, калк, будун, этнос, уруу түшүнүктөрү менен бирдей кароого болбойт. Эзелтен кыргыз журтун түптөп, кыргыз журтунун атынан чыгып, кыргыздын башатында турган Кара кан, Огуз кан, Аланча кан, Байгур кан, Бабыр кан, Түбөй кан, Көгөй кан, Ногой кан ата-бабаларынын геосаясатын, идеологиясын туу туткан Манас, Бакай, Семетей, Сейтек кыргыздын атынан чыгышкан. Алардын журту, эли, уруусу, уругу кандык кыргыз болуп, кыргызды урууга, тек-жаатка бөлүп кароо болбогон (Бакай: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, // Бөлүнүп калды кыргыз деп // Бөлөк элге кеп кетет” (IV китеп, 195-б.)).

Алтайдагы кырк уруу кыргыз

Эпос боюнча кыргыз, казак, кыпчак, ногой, каракалпак, үйшүн, катаган, нойгут, жетиген, окчу, думара, аргын, алакчын, алчын, төөлөс, найман, багыш, тейит, коңурат, татала, калча ж.б. уруулар Кыргыз журтун түзүшкөн. (Көкөтөйдүн керээзинен: “Казак, кыргыз, катаган, // Жетиген, нойгут, думара // Баарыбыз бир атадан...// Каңыры, тейит, багышы // Канча журтка угулган // Кара кыргыз дабышы” (III китеп, 14-15-бб.)). Аталган уруулар “Манас” эпосунун доорунда, б.а. IX-X кк. кыргыз мамлекетинин негизин түзүшкөн. Эпос боюнча кытай каны Дуушаңгөр кыргыз каны Ногойдун о дүйнөгө кетишинен пайдаланып, кыргыз журтун чаап-талап дүйнөнүн чар тарабына кууп тараткан. Ушунча элди тукум-курут кылып кырып-жоюуга мүмкүн эмес эле. Кытай журтунун (кара кытай (кыдан), кара калмак, манжу, ойрот) негизги максаты – Кыргыз журтун таракатып, кайра бириктирбей, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кубаттуу согуштук-саясий атаандашты жок кылуу болгон. Ушул чабылып-чачылган кырк уруу кыргыздын негизин кандык кыргыз (Бай Жакып, Бакай, Манас, Байжигит, Бактыгул, Акбай), казак (Камбаркан, Айдаркан, Көкчө, Бообек), кыпчак (Таз, Төштүк, Үрбү), ногой (Эштек, Чагоо, Жамгырчы), нойгут (Акбалта, Акымбек, Чубак), каракалпак (Бердике, нукус Кыргыл), аргын (Каракожо, Ажыбай), түрк (Дамбылда), алчын (Атай), үйшүн (Үмөт), кара кесек (Сыргак, Серек), тейит (Саламат), жетиген (Чегиш, Багыш), окчу (окчо) (Санжыбек, Ошпур), төлөс (Медер), калча (Буудайык, Музбурчак), думара (тонгра), кызай, абак, тарак ж.б. уруулар түзгөн. Бул уруулар Манастын чоң атасы Ногойдун төрт уулу (“Бай деген бир агаң бар, // Ополду жердеп калганы. // Орозду деген агаң бар, // Жайлайт деп угам Алайды... /// Үсөн аттуу агаңды, // Үмүтүм андан үзүлдү, // Кытайдын кыям жагында, // Даңгирди жайлайт шекилдүү” (I китеп, 136-б.)) менен кошо төрт түрдүү аймакка куулуп айдалат. Кыргыз журтун кыйраткан Кытай журту Борбордук Азияны жеке ээлеп, салыгын салып, тынып жатып калат.

Кыргыз Бай Жакып менен кошо Алтайга казак Айдаркан, кыпчак Таз, ногой Эштек, нойгут Акбалта, каракалпак Бердике, аргын Каракожо өз уруулары менен чогуу үрккөн. Бирок кээ бир уруулар Алтайга айдалган эмес. Маселен, кыпчак Төштүк, катагандын кан Кошой, “орчун кыргыз уругу окчу Каракесек”, “дөөлөстүн Медер султаны”, Ташкенде кыргыз Көкөтөй, Кыйбанын калча Буудайык, Испарадан окчо Санжыбек ж.б. Булар Кытай журтуна салыгын төлөп, тынчтыкта жанаша жашап келген сыктуу.

Манаска чейинки кыргыз мамлекети

Эпос боюнча ‘кырк уруу кыргыз’ деген аты эле болбосо Манастын доорунда кыргыз журтунда он эки, кийин тогуз уруу кыргыз гана калган (“Ошо күнү чакырды // Он эки уруу кыргызды” (I китеп, 62-б.); “Кырк уруу кыргыз элек, // Тогуз уруу кыргыз калдык” (IV китеп, 8-б.)). А, калган жыйырма сегиз (кийин отуз бир) уруу кайда кеткен деген суроо туулушу мүмкүн. Алар Кыргыз журтунан оо илгери эле чыгып өз алдынча эгемендүү мамлекеттер болуп калгандай. Балким, кыргыздын скиф, сак, ашпар, гун этникалык биримдиктери менен этникалык жакындыктары болуусу да мүмкүн.

Кеп бул жерде Cактардын доору (б.з.ч. VIII-IV кк.) жана андан да мурунку мезгил жөнүндө жүрүүдө. Эзелки Кыргыз журту болжол менен б.з.ч. II миң жылдыкта бурут (бөрүлөр) тотемдик эпоним-этнонимден кийин калыптануусу мүмкүн эле. Муну кытай жазмаларындагы кыргыз мамлекетинин расмий аталышы да ырастап тургандай. Кытай тарыхчылары Кытай (хан, тан, чин, цин, ханзу) журту менен тең тайлашкан, же ага үстөмдүк кылган ушундай ири бирикменин (Кыргыз мамлекети, б.з.ч. 209-ж.) гана аталышын жазууну туура көрүшкөндөй. Ошол себептен да Кыргыз журтунун ичиндеги этнонимдер кытай жазмаларында атайын бөлүнүп белгиленбеген болуу керек. Биздин з.ч. тарыхый маалыматтарда гун, нукус этникалык бирдиктери тууралуу маалыматтар гана бар.

Ушуга байланыштуу эпосто тактоону талап кылган ыр саптары да кездешет. Маселен, Манас Жолойду “нак өлтүрөр кезекте” Кошой: “Түбү бизге тууган деп, // Түшүнө албай турган деп, // Не кыласың өлтүрүп” (III китеп, 296-б.) деп арачалап калат. Ошондой эле эпосто кырк чилтендин (кырк бөрү) “Башыңа дөөлөт конор деп, // Өлүп жаткан калмактын // Баласы жолдош болор деп” (I китеп, 139-б.) дегени боюнча манжулук калмак Айнакул, Шакум (Мажик), ишенимдүү чоролордон болуп калышат. Кырк чоронун бири маңгул Күлдүрдүн эпостогу өтө позитивдүү ролун белгилөөгө болот. Муну алтай тилдик бүлөгө түрк, монгол, тунгус-манжур тилдери киргендиги да ырастоосү мүмкүн.

Манас - Кыргыз журтунун үмүтү, ишеними

Манастын негизги миссиясы чар тарапка чачыраган кыргыз журтун жана мамлекетин кайра тикелөө болгон. (“Кулаалы таптап куш кылдым, // Курама жыйып журт кылдым”). Бай Жакып, Кошой, Бакай, Манас кыргыздын эзелки рухий дүйнөсүнөн (алла таала, кудай, ак, эге, бар, жапар, барбардигер, кызыр иляс, кырк чилтен, ата-бабалар арбагы) жардам күтөт. Урушта “ногойлоп”, жакыптап”, манастап” ураан чакырылат. Балага кыргыздын байыркы рухий дүйнөсүнүн атынан “ак күлөлүү дубана” аты Манас болсун деп көздөн кайым болот. Ооба, бул ат сакралдык касиетке ээ болгон. Манас (МанАз) - эзелки кырк уруу кыргыздын эң биринчи рухий дүйнөсү болгондой. Эпосто ушул атты алган уул кыргызды кытай эзүүсүнөн эркиндикке чыгарат деген идея жаткан. Муну кыргызда ‘Манас’ аттуу бала туулуп, алтыга чыгыптыр, баралына жеткенде “Ааламга салат түлүк дейт // Чоң Бээжинге ок атар // Чоңойгондо жүрүп дейт” (I китеп, 173-б.) деген кытай төлгөчүлөрүнүн айтканы да ырастайт. Балким, Евразия континентиндеги тарыхый Манаска чейинки ‘Манас’ (Manas, Manis, Manah; Манес, Манасес, Манассий, Менестей, Менес, Манаус, Мануш, Маннус ж.б.) аталышындагы рухий дүйнө, эпоним-антропонимдерди ушул өңүттөн түшүндүрүү орундуу болуп жүрбөсүн?

Ооба, Манас Борбор Азиядагы күч-кубаттуу Улуу Кыргыз журтун кайра тикелген кыргыз каны болуптур. Манастын доору тарыхый Кыргыз Улуу державасынын доору (IX-X кк.) менен дал келүүсү мүмкүн. Буга ал Кытай журтун (кара кытай (Эсенкан, Коңурбай), кара калмак (Жолой), “чала кытай” (Нескара)) бузуп талкалоо менен жетишкен. Биринчи жүрүштө бир катар калмак (Текес, Култаң, Куяс), ойрот (Оргу), кытай (Акунбешим, Тулус) кандыктарын багынткан. Кийинки Кыргыз жерине жүрүштө Анжыян-Алайдагы кара кытай Алооке кандын, Памир-Алайдын түштүгүнөн калча Шоорук кандын туусун жыккан.

Айтылуу Каркырада “Көкөтөйдүн ашындагы” окуялар Манастын Кыргыз журтун бекем түптөгөндүгүн, күч-кубаттуу согуштук-саясий мамлекетти (журт башчылары: Манас, Бакай, Кошой, Алманбет; кандык мөөрү, жардыктары; жалпы мобилизациялык укуктары, аскердик мыйзам; ыйгарымдуу элчилик: эр Ажыбай, Ырамандын Ырчы уулу, жаш Айдар; кырк чоро, “себилдүүсү сексен төрт” журт гвардиясы; жансакчылар кызматы) түзүп алгандыгын тастыктаган.

Манас - Кыргыз журтунун туусу

Бирок “алты кандын чатагы” Кыргыз мамлекетиндеги суверендүү этностордун (уруулардын) өз алдынча мамлекет болууга, эгемендүүлүккө карай умтулуу тенденциясын ырастаган. Ар бир уруунун бир нече түмөндөн (он миң) турган колдору болуп, жикчил сепаратист кандар кыргыз журт башчысы Манас менен серпишүүгө да даяр турушкан. Муну Манас мыкты билген, саясий кырдаалдын олуттуу экендигин түшүнгөн. Анын айкөлдүгү автономдуу уруу башчыларынын (“алты кандын”) калпыс ниетин, дымагын кыргыз журтундагы коомдук пикирди эффективдүү (Бакай, Алманбет, Ажыбай чечен, Ырамандын ырчы уулу, кырк чоро) пайдалануу менен агылып келген согуштук күчтүн энергиясын Түп Бээжинге чоң казатка буруп жибергендиги эле. Кечээги өткөн тарыхты унутпаган кыргыз этностору, андагы согуштук күчтөр Манасты кудайындай көрүшкөн, ага сыйынышкан, өз уруу кандарына караганда айкөл журт башчыны жогору баркташкан, жардыгына баш ийишкен. Ооба, кыргызды кытай эзүүсүнөн бошоткон Манастын жеке авторитети өтө жогору болгон. Кайсы уруунун өкүлү экендигине карабай аскерлер Манасты көрүүгө, анын сөзүн угууга, жардыгын аткарууга даяр турушкан. Мына ушундай саясий, коомдук кырдаал каяша айтам деп келген алты кандын кыңк этпей Манастын айтканы менен болууга өбөлгө түзгөн. (Эпосто алты канды Манас Аккуланын үстүндө отуруп күтүп алгандыгы, эр Төштүктөн башка бүт баары аттан (учуп) түшүп, кол куушуруп салам бергендиги айтылат (IV китеп, 53-б.)).

Манастын мамлекеттик идеологиясы

Ооба, тарыхый Манас болбогондо чилдей тараган кыргыз урууларынын азыркы Кыргызстандын территориясында кайра Кыргыз журтуна (мамлекетине) биригүүсү дээрлик мүмкүн эмес эле! Жер бейиши Кыргыз жергесинен регионалдык гегемон, күч-кубаттуу Кытай журту эч качан кетмек эмес экен да, бүгүнкү геосаясий карта башкача өң-түстө болмок экен! Бул - кан Манастын кыргызга жасаган тарыхый эң башкы сиңирген эмгеги.

Кыргыз журт башчысы Манастын кыргызга жасаган тарыхый экинчи эмгеги Борбор Азия геосаясий мейкиндигинде Кыргыз мамлекетине биригүүдөн башка альтернатива жок экендигине кыргыз урууларын (кан-бектерин, эл-журтту) айныгыс ынандыргандыгы! Кан Манас уруучул болбой бир бүтүн кыргыз болууга чакырыптыр! Манас атабыз уулу Семетейге, небереси Сейтекке, кыргыз мамлекетине кайра бириккен эл-журтка ушундай баа жеткис түбөлүктүү эстафетаны тапшырып кеткен экен!

Манас бабабыздын он эки кылым илгерки улуттук идеологиясынын бүгүнкү актуалдуулугун караңыз! Эми бүгүнкү ааламдык глобалдашуунун шартында Айкөл Манастын миң жылдык улуттук идеологиясын турмушка ашырууга, улуттук кызыкчылыкты туу тутууга, мамлекеттин бекемдигин, аймактардын биримдигин, эл-журттун ынтымагын, эзелки улуттук каада-салтын, мамлекеттик кыргыз тилин көздүн карегиндей сактоого, өнүктүрүүгө саясий эрк, жарандык ар-намыс жетиштүүбү? Ооба, жетиштүү. Бир гана маселе – Манастын мамлекеттик идеологиясын кыргыз улуттук таламынын негизинде иштеп чыгуу, эл-журтка жеткирүү, турмушка ашыруу заманбап маселе экендиги анык.

Кыргыз согуштук демократиясы

Эзелки көчмөндүк салтка ылайык согуштук демократиянын мыйзамдары толук сакталган. Маселен, Текес канга аттанган колдун кандыгына казак Айдаркан, чоң казатка аттанган отуз түмөн колдун кандыгына алгач ирет Бакай, андан соң Алманбет шайланат. Баары көчмөндүк мыйзамдын чегинде кагазга жазылып, мөөр басылып, жардык колго жеткирилип аткарылган. Бул процесстердин баарын мамлекет башчысы кан Манас башкарып тескеп турган. Кыргыз журтунун башчысына согуштук-саясий кырдаалга жараша ыйгарымдуу укуктар берилген. Аскердик колдун канынын укуктары такталган болуп, зарыл учурда аскердик-саясий чечимдерди жеке өзү (маселен, Алманбет) чечкен.

Кыргыз мамлекетин башкарууга кыргыздан башка казак да талапкердигин көрсөтө алган. Маселен, “биз Манасты кан шайлап алганбыз” деген Айнакулдун (Кыргылдын) сөзүнө казак патриархы Камбаркан теригип, небереси Көкчөнү “атыңды аядыңбы” деп зекип кирет (I китеп, 285-б.). Бул эпизод казак уруусунун Кыргыз журтунун курамындагы кан болуп шайланууга укуктуу күч-кубаттуу этнос экендигин, Көкчөнүн төрөлүккө шайланышы казактын кыргыз журтундагы башкы таасирдүү ордун билдирген.

Алтайда журт тагдырын чечкен бардык согуштук-саясий маселелер уруу аксакалдарынын, алтымыш акылман билермандардын жыйынында чечилген. Жыйынды Бай Жакып чакырган, алыс-жакындагы уруу-урук кан, бек, бийлери өз убагында жетип келип турган. Бардык маселелер кол көтөрүп добуш берүү менен кабыл алынган. Канчалык династиялык кан тукумунан, журт башы болбосун Бай Жакып, кийин Манас, андан соң Бакай, Кошойлор маселени жеке чечкен эмес, эл менен кеңешип, бир жыйынтыкка келишкен.

Манастан кийинки кыргыз мамлекети

Ооба, Манастын о дүйнөгө кетүүсү менен акыркы ири кыргыз федеративдик мамлекети да ыдырап, уруу-урууга тыркырап таркап кеткен болууда. Семетейдин, андан кийинки Сейтектин саясий аренага келүүлөрү да бул процессти токтото алган эмес. Бир нече миң жылдык тарыхка ээ кырк уруу Кыргыз журту Манас менен кошо сапарын карыткан экен. Натыйжада казак, кыпчак, ногой, эштек, каракалпак, найман, аргын, алчын ж.б. этникалык бирдиктер эгемендүүлүк алып кыргыз журтунан чыгып кеткен. “Семетейдеги” Манастын кырк чоросунун Семетейдин суранып-өтүнгөнүнө, коркутуп-үркүткөнүнө карабай кетиши (Кыргыл чалдын Семетейге айтканынан: «Байкушум тапкын жөнүңдү, // Көрбөйбүз кыргыз элиңди,..// Биз кайтпайбыз кыргызга, // Бекер бизге тырмышпа!») кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий ыдыроосунун жогорку чекитин ырастаган. Анткени кырк чоро ар бир уруу өкүлдөрүнөн туруп, Кыргыз журтундагы уруулардын өз алдынча мамлекет куруп бөлүнүп кетүү процессине эч кандай саясий күч, эч кандай коомдук пикир тоскоолдук кыла албаптыр. Батыш жана Чыгышка сапар тарткан кезектеги дагы бир Улуу көчкө (X-XI кк.) кирбеген бир топ кыргыз уруулары азып-азайып кетсе да түпкүлүктүү кыргыз мамлекетин сактап калышкан. Алар Бакай, Кошой, Ажыбай, Чыйырды, Каныкей, Сары Таз, Семетей, Күлчоро, Сейтекти жандап, колдоп кыргыз журтунүн биримдиги, ынтымагы үчүн күрөшкөн уюткулуу кыргыз уруулары эле.

Батыш жана Чыгышка сапар тарткандар кимдер?

Биздин пикирибизде “Манас” эпосундагы бир катар уруулук бирдиктер Манастын о дүйнөгө кетишинен кийин батышка Дешт-и-Кыпчак, Байыркы Русь, Болгария, Венгрия, Урум, Кырым көздөй Улуу көч менен сапар тарткандай. Маселен, кыпчак (кыучак, Кончак; Тааз, Урбү), калча Шоорук кан (галич, Шарокан, Шарукан), каракалпак Бердике (черные клобуки, Беренди), тарак (торк), ногой (ногай, Ногай Мурза, Ямгурчи), кезек, кесек (Гзак, касоги), Солобо, Чылаба, Бас (Баз), Музбурчак (Бурчевич), тоорул (Тугоркан) антропоним, этнонимдер. Балким, буга чейин аты-заты чыкпаган бул этностордун тарыхый даректерде жазыла башташы Кыргыз журтунун ыдырашынан кийин болуп жүрбөсүн?

Байыркы Русь, Венгрия, Урум аймактарында аракеттенген Боняк (Манак), Кобяк (Кебек), Котян (Котан) Сутоевич (Шато, Сеулту) сыяктуу белгилүү половец кандардын аттары кыргыз баатырдык эпосунда байкалбайт. Бирок булар жогоруда аты аталган мурунку кыргыз этникалык бирдиктери менен туугандык карым-катнашта болушкан. Маселен, XI кылымдагы Поросьелик (днепрдик) батыш половецтерге кирген Боняк (Манак) айтылуу кыпчак Таз, Урбү, Тугоркан (Тоорул кан) менен кандаш тууган болгон. Ал эми XII-XIII кк. Кыпчак Талаадагы (итил-дондук) чыгыш половец Котян Сутоевичтин дурут (төрт эл) бирикмесин аргын, найман, керей, коңурат уруулары түзгөн. Бул төрт этникалык бирдик эпикалык Кыргыз журтунун курамында казак этносу менен катарлаш тургандыгы маалым.

“Манас” эпосундагы башка бир уруулук бирдиктер XI-XIV кк. чыгышта Түштүк Сибирь, Түндүк-Чыгыш Кытай аймактарында кездешет. Маселен, катаган (Хадаан), дөрбөн (Дорбен), үйшүн (Хорчи-Усун), Көкөтөй (Коко-Цос, Коко), төөлөс (Тоелес), кары (керей), Эштек (Иштяк), коңурат (Унгират), кутчу, кушчу (Гучу), Чагоо (Чаган, Цахаан-Ува), найман (Найман), калча (Халчжа), алчын (Алчи), алакчын (Алак), маңгул (Монгал, Моңал, Моал), даңгыт (тангут), жедигер (Чжедер), төбөй (Тубас, Тобсаха), тыргоот (Тархуд, Таргутай), тоорулчу (Тоорил) антропоним, этнонимдер. Түштүк Сибирь (Шибир) токой элдеринде Темучинге да, Жамухага да куралдуу бейтарап кыргыз этникалык биримдиги белгиленет.

Чыгыштагы кээ бир уруу-уруктар “Манас” эпосунда байкалбайт. Маселен, Тагай (Дегай), Жалаир (Чжалаир), байат, барлас, нукус (Негус), кытай (Кетай), Шибир, Тухас ж.б. антропоним, этнонимдер. Бул этностор “Манас” эпосуна чейин эле кырк уруу Кыргыз журтунан чыгып кеткендей.

Караңыз, “Манас” эпосундагы аталган этникалык бирдиктер сүйлөшкөндөй бири Батышка, бири Чыгышка сапар тартышкан экен. Бекеринен “Семетей” эпосунда беш уруу кыргыз калдык деп безилдешпеген экен. Ошондуктан кыргыз тарыхын изилдөөдө ‘кыргыз’ деген этноним менен кошо кырк уруу кыргызга кирген уруулук этнонимдерди параллел изилдөө эффективдүү натыйжа берет деген ишенимдебиз.

Биринчи манасчылар

Манастын доорундагы Кыргыз журтунун, Манастын тарыхын салттык жети-сегиз муунда ыр түрүндө кимдир бирөө биринчи болуп айтканы ырас. Биз аны Ырамандын Ырчы уулу деп келебиз. Бул ак таңдай төкмө Сагымбай Орозбаковдун версиясында активдүүлүгүн көрсөтөт. Анын ушундай ардактуу даража-наамга эгедер болууга коомдук-саясий укугу, эрендиги, чыгармачыл таланты, эрудициясы жетиштүү келген. А, экинчи, үчүнчү, онунчу варианттарды кимдер жараткан эле? Албетте, алардын баары ошол кырк уруу кыргыздан калган он эки уруунун Манасты көрүп, чоң казатка (кичи казаттарга да) катышкан эрен чыгармачыл таланттары болушу толук мүмкүн. Ырчы-жарчы аргын эр Ажыбай Шапак Рысмендеевдин вариантында өтө активдүү катышат. Ыйгарым укуктуу элчи, мамлекеттик чабарман, ырчы-жарчы жаш Айдарды эстеңиз ж.б.

Манастын кыргыз ордосунда, кырк чородо кырк уруу кыргыздын ар биринен бирден өкүл болгон деп ойлоого негиз бар. Маселен, Кыргыл нукус, Ажыбай аргын, Сыргак менен Серек кара кесек, Чубак нойгут, Акбай кыргыз, Шакум-Мажик манжулук калмак, Күлдүр маңгул, Тазбаймат кыпчак ж.б. Демек, Манас о дүйнөгө сапар тарткандан кийин ошол Ырчы уулдан кийин эле Кыргыз журту менен Манастын тарыхын, чоң казаттын кошогун алгачкы ирет айткан казатчы биринчи манасчылар кыргыз, кыпчак, казак, ногой, найман, нойгут, каракалпак, жетиген, үйшүн, катаган, аргын, маңгул, окчо, кара кесек, думара ж.б. уруулардын өкүлдөрүнөн болуусу мүмкүн эле. Мына ушул этностор “Манасты” Батыш менен Чыгышка сапар тарткан дагы бир улуу көчкө жана маңгул Чынгызканга чейин кыргыздын атынан айтып келген болуу керек. Чынгызкандан баштап дүйнөнүн саясий картасы кескин өзгөрүп, кыргыз журтунун ыдыроосу дагы күчөгөндөй. Кыргызды унута баштаган, Евразия континентинин түрдүү аймактарына чачыраган мурунку кыргыз этникалык бирдиктер эми өзүнчө эл-мамлекет болуп, уруулук тенденция үстөмдүк кылып Кыргыз журтунун “Манасын” элдик эс-тутумдан чыгарышкандай. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”. Ошондуктан да башка боордош элдердеги кийинки “Алпамыш”, “Көр уулу” өңдүү орток дастандарга окшоп “Манас” эпосу башка элде айтылбай кырк уруу кыргыз журтунун уюткусун сактап келген кыргыз урууларында гана айтылып бизге жеткен болууда.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Булактар: Эшиев А.М. Манастын Улуу Кыргыз мамлекети: рухий дүйнөсү, идеологиясы, геосаясаты, маданияты. Бишкек: “Улуу тоолор”, 2014. – 260-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
174

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
1022

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
795

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
1734

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
1762

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
1733

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
72265

03-05-2023
Орхоно-енисейские надписи и эпос «Манас»
2691

24-04-2023
Акыны-импровизаторы в эпосе «Манас»
6389

18-04-2023
Молдо Нияздын «Санат дигарасттары» тарыхый-этнографиялык булак катары
4650

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×