Орто кылымдык тарыхтан Токтогул ырчы, Асан Кайгы өңдүү айтылуу ойчул, акылман төкмө акындарды күчкө салып басынтып келген Жаныбек хан аттуулар кездешет. Жашап өткөн доору боюнча алгачкысы Алтын Ордо ханы Жаныбек хан болгон. Н.А. Аристовдун маалыматы боюнча Өзбек хандын уулу Жаныбек 1342-1356-жж. өкүмдарлык кылган [1, 394-б.]. Өзбек хан Алтын Ордону 1312-1340-жж. бийлеп келген. Дагы бир маалыматтар боюнча Жаныбек хандын бийлик сүрүүсү бир аз башкача берилет. Маселен, Х. Хукхем Ордонун акыркы күчтүү ханы Жаныбек 1340-1357-жж. хандык кылган деп жазат. Анын айтмында Жаныбек хан өлтүрүлүп, анын ордуна Сарайдык төнкөрүштөн уулу Бердибек такты ээлейт. Бирок чыныгы бийлик анын жездеси Мамайга өтөт [7, 118-б.]. Токтогул ырчынын «Жаныбек ханды табалап ырдаганынан» төмөнкүдөй ыр саптарын жолуктурабыз:
Берендигин карматып,
Бердибек болду ханыбыз.
Берен түрктүн балдары,
Тынчыды эми жаныбыз
Куттуу болсун ханыбыз [4, 505-б.] .
Токтогул төкмө бул ыр саптарын 1356-1357-жж. айткан болууда. Канткен ченде да XIV кылымдын орто чени анын жарандык позициясынын, төкмөлүк өнөрүнүн туу чокусу болгондой. Буга караганда Токтогул болжолу XIV кылымдын биринчи чейрегинде жарык дүйнөгө келип, быягы Чагатай улусу, тыягы Алтын Ордо болуп кыргыз, казак, ногой, кыпчак, моголдордун ээликтеринде жашап өткөн тарыхый инсан экендиги ачыкталат.
Токтогул ырчы:
Толубайга жапжакын,
Тууган элем Токтогул …
Айрылып калдым жете албай,
Агам Толубай жакындан,- [4, 504-б.]
деп ырдаганына караганда Толубай сынчы (саяпкер) Токтогул ырчыдан жашы боюнча бир топ улуу келип, ары “жапжакын тууган” болгондугу маалым болот. Толубай сынчы аталаш иниси Токтогул ырчы тирүү кезинде көзү өтүптүр. Бул болжолу Бердибекке чейинки Жаныбек хандын тушунда XIV к. 50-жж. орто чени болуусу мүмкүн.
Токтогул ырчы Жаныбек ханга:
Ата түрктүн балдарын
Алды-алдынан айдадың
Адилет ишке барбадың.
же
Сенден кордук көрбөгөн
Түрк баласы калбады [4, 504-б.] .
Бирок Токтогул ырчы чыңгызиддер династиясына тикелей каршы чыкпайт, адилет бийди урматтайт, акыйкат хандан элине калыстык күтөт. Ал Жаныбектин ордуна такка отурган уулу Бердибекти:
Куттуу болсун ханыбыз.
Кумардан чыктык баарыбыз.
Атпай түрктүн балдары,
Аман болсун жаныңыз! – [4, 505-б.]
деп аны кош колдоп кубаттайт, куттук айтат.
Токтогул ырчынын чыгармачылыгынан анын кыргыздын кайсы этникалык бирдигине тиешелүү экендиги тууралуу маалымат алуу кыйын. Кыргыз ак таңдайы орто кылымдык калыптанган салт боюнча атпай түрк элинин атынан ырдайт.
Ата түрктүн балдарын
Алды алдынан айдадың
Адилет ишке барбадың,- [4, 504-б.]
деп Алтын Ордонун өкүмдары Жаныбек ханга ачык нааразылык билдирет. Орто кылымдык фарсы жана түрк жазма поэзиясынын өкүлдөрүнөн өзгөчөлөнүп көчмөндүк жашоо образы менен турмуш кечирген эл акындары бийлик төбөлдөрүн ачык айтып сындай алышкан. Бул, биринчиден, эл ырчысынын көчмөндүк жашоо образынан; экинчиден, материалдык да, моралдык жактан да бийликке көз каранды эместиги; үчүнчүдөн, сарай акындарына окшоп бир орунда (маселен, хан сарайында) катталып жашабагандыгы, анын эркин болуп, конуп-көчүп турмуш кечиргендиги менен түшүндүрүлөт. Алардын өмүрүнө коркунуч түшкөндө калк камкордугуна алынып, алдын ала эскертилип, алдына туурасынан тартылган атына минип, үзөңгүлөшү коштоп, дагы бир кандаш элдин (уруунун) куттуу коногу болуп “ат жалына казан асып” кете беришкен.
Токтогул ырчынын:
Эр өлтүрүп кун бербей,
Талап алып пул бербей,
Канкорлугуң арбыды,
Сенден кордук көрбөгөн
Түрк баласы калбады, - [4, 504-б.]
деген сөздөрүн уккан Жаныбек хан эл ырчысын соо коймок эмес, муну өзү да сезген Токтогул конуш которуп, из жашырып “ичкени ирим, жегени желим” да болгондур. Бирок куугунтук басаңдай түшкөн сайын, кайра эле комузун колго алып, эл аралап, “калмактыгы билинген, калк ичинде сүйлөтпөй, жинин кагып, белин баскан” Алтын Ордонун каардуу өкүмдарынан запкы жеген “арманы көп Токтогул” кайрадан эле шаңшып чыккан.
Токтогул ырчынын:
Жалпы түрктө сайраган
Булбул элем Токтогул.
же
Берен түрктүн балдары…
Атпай түрктүн балдары… [4, 504-505-бб.]
деп кыргыз же башка бир элдин эмес, жалпы түрк элдеринин атынан, атпай түрк элдерине арнап ырдаганын ошол орто түрк доорунун тарыхый, коомдук-саясий абалы менен эриш-аркак кароо зарылдай. Ооба, Токтогул төкмө уруулук аталышты атабайт, “жалпы түрк”, “атпай түрк”, “берен түрк” деп ырдайт. Демек, XIV к. орто ченинде азыркы Борбордук Азиянын чегинде Алтын Ордого бириккен бир нече кылымдык бирдей тарыхы, маданияты, соода-сатыгы, орток тили бар түрк тилдүү этностордун бирдиктүү коомдук-саясий федерациясыбы, бирикмесиби жашап келгендей.
М. Борбугулов А. Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасындагы ойду төмөнкүчө тыянактайт: «Акырында Толубайды кордогон хан жөнүндө төрт саптан турган кыска гана кабар берилип, ушуну менен дастан бүтөт:
Аз кеп бар хан жөнүндө эки-үч сабак,
Кытайга аттанган дейт колун санап.
Канетсин тулпары жок канга батып,
Жеңилип кайтыптыр деп кеп кылышат.
Хандын жортуулга барып жоодон жеңилип, багы басылып кайтышы – Толубай үчүн алган жазасы» [2, 54-б.]. Ооба, адам канатынын сынчысы жөнүндөгү чыгарманын автору эзелки хан менен акын түбөлүктүү теманы атпай түрктүн айтылуу чыгармачыл инсанынын пайдасына чегерген экен.
Эмнеликтен Толубай саяпкер жөнүндө аңыз кеп калган эле? Көчмөн калк, атпай кыргыз «Ат - адамдын канаты» деген макал сөздү бекеринен айтпаптыр. Ат – бул баскын-чапкындан коргонуунун, аскердик чоң жана кичи казаттардын башкы согуштук күчү, каражаты, куралы болгон. Тулпар ат бир нече күн чарчап-чаалыкпай эр азаматты кан майданда карсылдашкан чабышта алып жүргөн. Манастын Аккула, Аксаргыл, Айбанбоз, Койонбоз, Торучаар, Тайбуурул согуштук тулпар аттарын, Алманбеттин Сараласын, Көкчөнүн Көгаласын, Каныкейдин Тайторусун, Курманбектин Телтору атын эстеңиз. Мына ушундай күлүк, жорго, тулпар, майдан аттарды мыкты саяпкерлер гана таптап сынга даярдаган. Саяпкердин коомдогу социалдык орду жогору болуп, ага атпай журт урмат-сый менен мамиле кылган. Токтогул ырчы менен Толубай сынчы ысымдарынын орто кылымдык тарыхтан бүгүнкү күнгө жетип келгендигинин негизги себеби, бул эки кесиптин – төкмөлүк өнөр менен саяпкерлик өнөрдүн коомдо зор кыймылдаткыч күч болгондугу менен түшүндүрүүгө болмок. Ооба, хан, бек, бийиби, карапайым калкпы, кары-жашыбы ушул экинин бири атыккан төкмө ырчы менен сынчы-саяпкерди айланчыктап, жипсиз байланып, маданий суроо-талап муктаждыгын канаат алдырып, социалдык, аскердик статусун дагы бийиктетип, күндөлүк жашоо-турмуштан ырахат алып, эртеңки келечекке үмүт, ишеним менен карап келгендиги да ырас.
Токтогул ырчы:
Кудаяндын тушунда куурап калдык,
Куургуч баштуу кожону туурап калдык,
Динине Мухамеддин киргизем деп,
Конокту кордук кылдык боюн тоноп.
Кескени Темирхандын душманы эмес,
Кудаян бул айтканың жалган жомок.
Арбагы Кыргызхандын сени урар,
Кыргызды кыйын кыйнап салдың домок
[ФОНДу, инв. 5193, 55-б.].
Токтогулдун бул ыр саптарына караганда XIV кылымдын орто ченинде кыргыз мусулмандыкка толук өтө элек кез болуп, Кыргызхандын арбагынан үмүт кылынат. Арбакка ишеним байыркы салты б.з.ч. VI к. көчмөн скиф Иданфирстин доорунан бери маалым экендиги ырас. Төкмө ырчынын “Куургуч баштуу кожо” дегени алгачкы эмиссар селдечен молдокелер болуусу ыктымал.
Ошентип, «Токтогулдун бул ыры эки жүздүү кошоматчылар аркылуу Кудаянга жетет. Кудаяндын каары келип, мусулман динине ачык каршы чыккан катары Токтогул ырчыны Самаркандагы Тимурга жөнөтөт. Ал көп элдин алдында даргага тарттырып, жору менен ит-куш жесин деп ай талаага таштатат» [2, 356-б.]. Бул боюнча байыркы диний көз карашты аркалаган Токтогул ырчынын тагдыры ушундай кейиштүү аяктаган экен.
Токтогул ырчы менен Толубай сынчы XIV к. орто ченинде Чагатай улусу менен Алтын Ордону бирдей жердеп келишкен кыргыз журтунун өкүлдөрү катары калк таламын талашкан, алардын эркиндиги, токчулугу жана геосаясий абалынын туруктуулугу үчүн күрөшкөн коомдук-саясий ишмер, эл атынан сүйлөгөн инсандар катары доордун коомдук-саясий тарыхында орду бараандуу. Бул доордон башка бир аттуу-баштуу эл баштаган тарыхый инсандардын аты-затын уга элекпиз. Мына ушул эки тарыхый инсан ырчылык, сынчылык өнөрүнөн, даанышмандык касиет-сапаттарынан, акыйкат адилдигинен жана туруктуу элдик позициясынан улам эл оозуна алынып, анын ишенимин артып, караламан калкка жөлөк-таяк болуп калгандыгынан да санат-насыяттарынын, элдик ойлорунун, таалим-тарбиялык идеяларынын бүгүнкү күнгө жетип келиши мыйзамченемдүү көрүнүш. Мезгилдин өтүшү менен оош-кыйыш замандын түрдүү сыноо соккусунан жүзү жарык чыккан эл ырчылары жалпы атпай түрк үчүн, этникалык бирдик башчылары (хан, бек, бий) үчүн, биринчи кезекте «төкмө келсе, төр бошот» болуп, журт аксакалы, билгилер катары саналган. Мына ошондуктан да булардын коомдук-социалдык, маданий-маалыматтык жана адабий ишмердүүлүгү кайсы доордо болбосун «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген накыл кептегидей заманбаптуу да, актуалдуу.
Токтогул ырчы:
Аз Жаныбек ханыбыз,
Аман жүрсүн жаныңыз [4, 504-б.]
Жаныбектин алдында Аз деген сөздүн келиши хандын байыркы глобалдык Аз рухий-эпонимдик бирикмесине [8, 401-402] тиешелүү экендигин туюндуруусу жана Толубай саяпкердин легендарлык Азиз ханынын туура аталышы Аз хан болуусу ыктымал. Жучинин урпагы Өзбек хандын интронизациялашкан түпкү аты Азбек хан болгондой («… Русские имена шуринов Азвяка – хана Золотой Орды Узбека (1282-1342) – результат поздней замены») [6, 333-б.].
Ал эми кыргыз, казак, ногой элдери өз акыны катары санаган айтылуу Асан Кайгы XV кылым ичи жашап өткөн. Тагдырдын тамашасы болуп, Токтогул ырчынын тагдыр жазмышына Жаныбек хан туш келгендей эле, Асан Кайгынын шор пешенесине да Жаныбек хан буйруп турган экен. Бирок бул эки Жаныбек хандар эки башка доордо жашап өткөндүгү менен өзгөчөлөнөт.
«Жанибек-хан (каз. Жәнібек хан (Әз-Жәнібек)) (1428—1480) - казахский хан, один из основателей Казахского ханства и его правитель. Именовался ханом, но не являлся единовластным верховным правителем. Был соправителем с Керей-ханом» [5, 21-б.]. Экинчи башка бир Жаныбек хан өзүнөн мурунку тектеш хан адашынан болжол менен жүз жыл кийин келип, бул хандын тагдыры бир топ башкача жүрөт. Жучинин урпагы саналган Абул-Хаир-хан XV к. орто ченинде Яик (Жайык) дарыясынан Чагатай улусуна чейинки ээликте өкүмдарлык кылган. Өкүмдар өзүнүн алыс башка бир бутакка кирген Жучинин урпактарын катуу кысмакка алат. Ошондо Өзбек ханга эмес Ордо-Иченге (Жучинин тун уулу) караштуу урпактардан болгон Жаныбек-хан менен Керей-хан Моголистанга Иса-буга-ханга качып өтүшөт. Бул окуя 1456-ж. болгон. Иса-буга-хан экөөнө Моголистандын батышынан Чүй өрөөнүнөн жер бөлүп берет. Абул-Хаир хан өлгөндөн кийин өзбек улусу тополоң түшүп көптөгөн уруулар топ-тобу менен Моголистанга Жаныбек-хан менен Керей-ханга көчүп өтүшөт. Алардын саны эки жүз миңге жетип, алар өзбек-казактар деп аталган [1, 364-б.]. Мындан чыкты Токтогул ырчы менен Толубай сынчынын Жаныбек ханы Жучинин Өзбек ханынан, ал эми Асан Кайгынын Жаныбек ханы Жучинин Ордо-Иченинен тарагандар болуп чыгат. Үчүнчү дагы бир Жаныбек султан (XV-1529) (Жучинин Шибани хандан тараган) Фергана чөлкөмүндө айтылуу тимурид, «Бабур-нааманын» автору Бабурдун тушунда жашап өткөндүгү маалым. Жаныбек деген ат чынгызид Жучинин династиялык антропоними болуп, Жан (тон, жон, джон, йон, чон, чоң) эпониминен [9, 331-333-б.] жана бек титулунан туруусу мүмкүн.
Кыргыз-казактын төкмө акыны Асан Кайгы Жаныбек ханга каршы эл ичинде ырдап, куугунтук жеп, бирок сынынан кайтпай, протестин ачык бетке айтып келген. «Асан Кайгы убагында Керей хан менен Жаныбек ханды ушунча элдин башын бириктиргендиги үчүн колдоп кубаттайт, бирок хандардын элге каршы саясатынан улам оппозицияга өткөн» [3, 14-б.].
Токтогул ырчы менен Асан Кайгынын айтылуу Жаныбек хандарга каршы ырларын атайын карап тактабаса кимисине тиешелүү экендигин дароо билип ажыратуу кыйынга турат. Алардын төкмөлүк поэзиясында маанилик жактан жакын, окшош ыр саптары арбын кездешет. Маселен,
XIV к. Токтогул ырчыда:
Келин-кызга ээ кылбай
Кылып турду зордукту.
XV к. Асан Кайгыда:
Катын алдың карадан,
Айрылдың кандык каададан.
Токтогул ырчыда:
Кошунуңду эсиртип,
Кодулап журтту жайладың.
Асан Кайгыда:
Чабылып жаткан калкың бар,
Аймагың көздөп көрбөйсүң.
Токтогул ырчыда:
Хан болсо да кабарлайм,
Сөзгө кулак салыңыз,
Азирет ханым кебим бар,
Арзымды угар эбиң бар.
Асан Кайгыда:
Хан чакырса барайын,
Каадалуу сөзүм салайын.
Нечен кыяр сөз болот,
Кээде душман өз болот.
Токтогул ырчыда:
Акыретке барганда
Чыкпас торго кармалдың.
Асан Кайгыда:
Тура бербейт бул чоңдук.
Зордун түбү кор болот. [4, 504-510-бб.]
Бир кылым кеч өткөн Асан Кайгы мурунку Токтогул ырчынын поэзиясы менен тааныштыгы болгонбу деген суроого “ооба” деп гана жооп берүүгө болот. Мына жети кылым өтүп Токтогул ырчы тууралуу биз азыр билгенди кийинки кылымдагы Асан Кайгынын кабардар болушунан күмөн саноо болбостур. Бул айтылуу эки ырчынын ыр саптары негизинен кыргыз төкмөсүнө мүнөздүү жети-сегиз муундан туруп, комузда коштоп айтууга ылайыкташкан. Дал ушул өзгөчөлүктөрү бул чыгармачыл эки инсандын “кыргызга жакын каркыбар” экендигин күбөлөндүрөт. Ырларындагы уйкаштыктар элдик оозеки чыгармачылыктагы санат-насыят, терме, арман, кошокторго мүнөздүү туташ, аттама уйкаштыктардан турат. Токтогул ырчы менен Асан Кайгынын чыгармачылыгындагы типологиялык параллелдерди, жакындыктарды мыйзамченемдүү адабий салттык көрүнүш катары кабыл алуу оң.
Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору
Адабияттар:
1. Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. - Бишкек, 2001.
2. Борбугулов М. Адабият теориясы. - Бишкек: “Шам”, 1996.
3. Калиев С. XV-XVI гасырлар акын-жырауларынын поэзиясындагы педагогикалык ой-пикирлер. - Алматы, 1990.
4. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 том. - Бишкек, 1999.
5. Материалы по истории Казахских ханств / С.К. Ибрагимов, Н.Н. Мингулов, К.А. Пищулина, В.П. Юдин. - Алма-Ата: "Наука", 1969.
6. Русское народное поэтическое творчество. Хрестоматия. Ленинград, 1987.
7. Хукхем Х. Властитель семи созвездий. - Ташкент, 1995.
8. Эшиев А.М. Эпоним Аз в исторических источниках и эпических сказаниях. Евразийское научное объединение. 2019. № 12-5 (58).
9. Эшиев А.М. Эпоним Тон (Тоң, Чон, Чоң, Джон, Жан) и эпические параллели, аналогии. Евразийское научное объединение. 2020. № 1-4 (59).