Добавить статью
14:57, 3 апреля 2015 74619

Карач аке

КАРАЧ АКЕ

(1837-1914)

Даанышмандык кеменгерлиги менен атагы чыгып, улуттун уңгусуна айланган айтылуу Сарт акенин «Кагазга түшкөн кат өлбөйт, жакшы адамдын өзү менен сөзү өлбөйт», – деп ташка тамга менен басылгандай айтылган октуу сөздөрү канчалаган мезгилдер өтсө дагы көөнөрбөй, кайра күүлөнүп, мезгилдин өзүн каарытып, өмүр-жашоосун токтотпой улантып келе жатат.

Өмүр, өмүр эле дейбиз, өмүрдүн өзү кандай нерсе? Өмүрдүн наркы канча же кантип бааланат? Же Тилекмат аке айткандай «өмүрдүн дагы атасы барбы?», – деп, дагы ушуга окшогон түбү жоктой, жообу такыр табылбастай сезилген суроолорду даанышман акелерибизге бергенде, алардын айтканын угуп, ой менен акылдын чеги жоктугуна дагы бир жолу ынанып, сөз кумарына канып, карк болор белек? «Уй түгүндөй болбосок да, аттын кашкасындай» болгонубуз менен сөөгү таза уңгулуу, кылымдап жашаса да ирибеген уюткулуу эл эмеспизби, эл арасында бардыр, жок болсо, чыгаар деген илгери үмүтүбүз үзүлбөсүн.

Анда, «Алымбай алынча» дегендей өзүбүз берген суроолорго өзүбүз жооп бергенге аракет кылып көрсөк. Өмүр – колго кармалбаган, көзгө көрүнбөгөн же баскан изи жок убакыт сыяктуу эле Жараткандын макулугу тура. Себеби жандуу менен жансызга, жакшы менен жаманга, татуу менен ачууга, бар менен жокко, аз менен көпкө, кичинеси менен чоңуна да бирдей эле өмүр берилет. Бирок бир өмүр эки келбейт, өмүр өзүн өзү кайталабайт. Демек, өмүр мезгил менен сыналса, анда, «өмүрдүн – атасы убакыт» турбайбы.

Мына ошол, бул замандан өткөнүнө кылым тогошуп жатса дагы эл оозунан түшпөй узун уламышка, улуу жомокко айланып, уландуу өмүрү эл арасында жашап келе жаткан даанышман акелерибиздин бири Карач аке. Караңыз эгер мезгил, убакыт кааласа каза болгон адамдардын деле өрнөктүү өмүрү үзүлбөйт да, өлбөйт да тура.

Кыргыз эли көчмөнчүлүк менен өмүр сүрүп турган мезгилде ата конушун сактоо, баскынчылардан коргонуу үчүн дайыма минген аты мамыда, кылычы кынында, күл азыгы жанында жүргөн. Кыргыз жоосу менен жоолашты, душманы менен чабышты. Бирок колго түшкөн туткундардан кул күткөндү жактырбады, кулдун санын эч качан көбөйтпөдү. Бирок чабылып-чачылган журтта калган жаш балдар болсо, өлтүрбөй бала ордуна бала кылып, багып алды. Белектин уулу Шапактын тондуу баласы Чүрүмкашка ошондой тагдырга туш келген экен. Кыргыз саламдашкандан кийин эле ата-тегин, жерге-жегин сүрүштүрүп баштайт эмеспи, анынсыңарыдай биз дагы Карач акенин тегин сүрүштүрүүдөн баштап көрөлү.

Чүрүм өзү калмак уруусунан болгон экен. Чүрүмдөн Эсембай (К.Асанбековдун эмгегинде Эсенгул деп аталып жүрөт [Асанбеков, 2011 : 80]), Эсембайдан Мендегул, Мендегулдан Карач туулат. Айрым бир санжыраларда: «Карачтын бабасы болгон Чүрүмкашка эр өлтүрүп, канга кан деп өлтүрүшүп коердо жан аргасын издеп, кыргызга жер которуп келип, башынан өткөн оор тагдырын баян кылат. Баш терисин байкаган Шапак баатыр «эр жигиттин башына эмнелер гана түшпөйт» деп, өзүнө тондуу уул кылып алган экен» деп айтылат [Мамбетов, 2013 : 157].

Кыргызда элеби, башка элдерде дагы барбы билбейм, улуу адамдар өлгөндөн кийин, кээде өлгөнгө чейин эле алардын жашоосун узун уламышка айлантып алмай өнөкөтүбүз бар, «эки эле саат уктайт экен», «ойлонгондо башынан көк түтүн чыгып турат экен» деген дагы ушуга окшогон баш-аягы жок сөздөрдү көбөйтмөй адатыбыз да бар. Ошол сыяктуу эле Карач акенин тарых-таржымалына байлашкан дагы бир маалыматты келтире кетели.

Турмуштун айынан Чүрүм Кытайдан кыргыздарга качып келип, Аңкылдак Көбөк дегенге жалданып, анын малын кайтарып, жалчысы катары туруп калат. Бирок Аңкылдак Көбөк жер ооп келген баладан шектенип, анча ишеним арта бербейт. Анткени минген аты тың, кийген кийими мыкты, кылган иши толумдуу, бардык нерсеге көзү жетип турган зиректигин көрүп-билип, жөн жердин тукуму эмес экендигин болголойт. Дагы бир нерсеси адамга тике карай албай жалтактап турушу, аны шексинте берет. Ошентсе дагы баягы бала Аңкылдык Көбөктүн малын багып, көңүн жагып, ишин кылып жүрүп калат. Катардагы күндөрдүн биринде досу Шапак баатыр анын үйүнө мейманчылап келет. Көчмөндөр, анын ичинде кыргыздар өтө кыраакы, баамчыл элдерден эмеспи, досунун үйүндө чоочун жигиттин кызмат кылып жүргөнүн байкайт.

Көчмөндөрдүн меймандостугунун дагы бир себеби, алар сырттагы жаңылыктардын көбүн жолоочулар, меймандар аркылуу угушкан. Жаңылыктар алар аркылуу жетип турган. Ошондуктан аларды үй ээси сыйлоого толук милдеттүү болгон. Эгерде, келген конокко үй ээси, үй бүлө мүчөлөрү тийиштүү көңүл бурбаса, анда бир уруу эл жыгылыштуу болуп, айыбын тарткан. Көчмөндөрдүн мыйзамдары өтө катаал болгон.

Конокко келген Шапак баатырга Аңкылдак Көбөк кызмат кылып жүргөн баланын качкын экенин, баскан-турганы, кыймыл аракети тың экендигин, анан да ага ишенбей жүргөндүгүн, анын үстүнө тили буру неменин тилине түшүнө албай кыйналганын айтып, саймадереп берет. Шапак баатыр досунун айткан сөзүнүн баарын угуп, бирок эч нерсе деп айтпай, берген тамагын ичи-жеп, коштошуп үйүнө кете берет. Негедир үйүнө баргандан тартып эле басса-турса дагы баягы бала эсинен кетпей коет. Акыры чыдамы жетпей бир жумадан кийин досунун үйүнө кайрадан барат. Барса, баягы бала дагы деле мурункусундай эле астейдил кызмат кылып, чын пейили менен бардык нерсени жасап жатканын көргөн Шапак баатыр дагы ичинен ыраазы болот. Аны досуна билгизбей, бала тууралуу тамырын тартса, дагы эле ишенбей жүргөнүн билдирет. Ошондо гана Шапак баатыр баланы жанына чакырып алып, анын башынан өткөргөн окуясын толук угат. Көрсө, ал калмактын төрөлөрүнүн биринин баласы экендигин, өз ажалынан өлгөн калмак ханынын баласынын өлүмүнө себептүү деп күнөөлөшүп, өлтүрөөрдө качып чыккандыгын айтып, сөзүнүн аягында: – «... багып алуучу бирөө жарым болсо, бала болуп, өмүр бою кызматын кылып өтөт элем», – деп сөзүн аяктайт.

Шапак баатыр өзү менен кошо баланын баянын угуп турган Аңкылдак досуна карап, «эмне дейсиң» десе, баладан кутула албай, тажагандыгын туюндурат. Досунун макулдугун жана ыраазычылыгын алгандан кийин, Шапак баатыр баланы өз атына учкаштырып алып, үйүнө келип, мал союп, чоң той берет. Той аяктаарда бала-чакасын, тойго келген коноктордун баарына жапырт, төмөндөгүдөй оюн жарыя айтат: – «Чүрүмдү бөлөк-бөтөн көргөндөрүң, менин кыйышпас жоом болосуңар», – деп туугандарын, коноктордун баарын таң калдырат [Мамбетов, 2013 : 159].

«Өз баладан өзгө бала күйүмдүү болот» дегендей Чүрүм Шапак баатырга өтө жакын болуп, бардык нерсени айттырбай кылып, урук-туугандын баарына бирдей жагып, эл оозуна акырындап кире баштайт. Бирок Чүрүмдүн акыркы учурларда эч нерсеге көңүлү чаппай, уйгу-туйгу болуп жүргөнүн астыртан байкаган Шапак баатыр сырын тартып сураса, калмакта калган атасынан энчисин бөлдүрүп келүүгө уруксат берүүсүн өтүнөт. Шапак баатыр эмне кылаарын билбейт. Уруксат бербей коеюн десе санаадан саргарып кеткен баласын аяйт. Берейин десе, кайра келбей коебу деп өзү санаа тартат. Уруксат бербей коюуга чамасы калбай, барып келүүсүнө макул болот. Арадан бир-эки ай өткөндөн кийин эле Чүрүм алдына салып күргүштөгөн мал айдап, анысы аз келгенсип жанына кичинекей бир баланы ээрчитип кирип келип калат. Шапак баатыр тондуу баласынын айдап келген малына эмес, өзүнүн кайра келгенине сүйүнүп, жанындагы баланын ким экендигине кызыгат. Ал бала дагы калмак улутунан, бирок тууганы эмес экендигин, мунун качкындыгын, тоголок жетимдигин айтып берет. Көңүлү шай болгон Шапак баатыр ал баланы дагы багып алат.

Арадан бир канча жылдар өтөт. Калмактарга жылкы тийгени жортуулга кеткен Шераалы аларга колго түшүп калат. Аны бошотуп келүүгө эч кимдин дымагы жетпей турганда, Чүрүм атасы Шапак баатырдан уруксат алып, курал-жарагын асынып жөнөп кетип, эми такыр келбей калат го деп үмүттөрүн үзүп койгон туугандарына олжолуу, Шераалыны бошотуп кайтып келет. Ошондон кийин эл арасында анын кадыр-баркы артып, кайсыл бир жортуулда колго түшүп келген калмак кызы Чүрүмгө үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатып, адилеттүүлүгү, калыстыгы менен дагы элге алынып, туруп калат.

Жогорудагы санжыралык маалыматтардан көрүнүп тургандай Карач акенин бабасы Чүрүмкашка дагы жөнөкөй эрлерден эмес экендиги баяндалды. Ал эми Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып, Өмүр баатырдын алтын мөөрүн алууга татыктуу болгон (Санжырада: «Өмүр, Балбай эгиз шер…» – деп уламыш сөзгө айланып да, айтылып да келет). Өмүр Баатыр – Карачтын чоң атасы, Эсенбай менен уялаш бир тууган. Өмүр баатыр 1807-жылы туулган. 1840-1855-жылдарда Бугу эли менен Сарбагыштардын кыргындуу чабыштары жүрүп, Ормон хан, Төрөгелди баатыр баштаган кол менен бейкут жаткан Бугу элин чаап, жерин басып алууну ойлогон душмандан Өмүр, Балбай баатырлар ат жалында кылыч, найза сунуп күн-түн кызыл кыргын чабышта жүрүп эл жерин сактап калышкан. Булардын катарында Карач Аке да болгон. Ал өспүрүм кезинде эле Өмүр атага жакын болуп, улуу жортуулдарда ат алмаштырып берип, жолуна канат болуп келген. Негедир Өмүр атанын Карачка, Карачтын Өмүр атага боор толгоо жакындыгы болгон. Ошондон улам Карачтын баскан жолун үчкө бөлүп кароого болот. Жаш болсо да согуштарга жалтанбай жүргөндүгү үчүн баатыр, ал эми элдин башына мүшкүл иш түшүп турган чакта капилеттен ой, караңгыда жол тапкандыгы үчүн акылман, сөз келгенде шыр калыс, таамай айткандыгы үчүн чечен Карач деп айтууга болот. [Жунушалиев, интернет булак; Асанбеков, 2011 : 81]. Бул маалымматтан көрүнүп тургандай Өмүр баатыр Карач акенин чоң атасынын бир тууганы болуп, кыргыздардын уруулук согуштарында, жортуулдарында бугу уруусунун намысын коргоп жүргөндүгү баяндалып жатат.

Өмүр баатыр каза болоорунун алдында тогуз жашынан бери өзү менен бирге жортуулдарга ээрчитип жүргөн Карачты чакырып, ага керээзин айтып, манжасындагы мөөр шакегин берген экен. Ал окуяны акын жана журналист Турганбек Жунушалиев төмөндөгүдөй ыр саптарына айлантып, элге арнаптыр:

– Олтурчу, балам Карач, садагасы,

Түш көрсөм бийик терек чынар башы.

Ошондо кылда учунда олтурупмун,

Балдарым жете албады мага баары...

Сен келип, тизе алдыма конуп балам,

Чынардын учун тиктеп улам-улам.

Канатың мендей болуп жетилгенде,

Учаарың боолгоп турдум болсоң аман.

Деди да, Өмүр баатыр алтын мөөрүн,

Колуна салып, өөп анын жүзүн.

«Ак батам ушул болсун балам сага,

Тарыхта кыргыз атын өчүрбөгүн!» [Асанбеков, 2011 : 81] – деп батасын берген экен. Албетте мындай көрүнүш көчмөн элдердин арасында, айрыкча кыргыз элинде көп кайталанып келген. Себеби жакшыдан дайым эле жакшылар төрөлө берген эмес. Ошондой учурда өзүнөн кийин ууруну бийлеп кала турган, элин башкаларга кор кылбай аздектеп, сактай ала турган ылайыктуу бирөө жарымы болсо, аны дайыма жанына ээрчитип жүрүшүп такшалтышкан. Бул өз учурунда жортуулга чыгуунун, согушка даярдануунун, эл башкаруунун мектеби сыяктуу болгон. Анткени көрүнгөн эле жаш баланы жылкы тийүүгө, өз ара согуштарга ээрчитип бара беришкен эмес. Жаш кезинен бардык нерсеге каныктыруунун бир ыкмасы катары болгондой.

Кыргызстандын түндүк аймактарында Россия империясынын бийлиги чыңдалып, алардын шайлоо системалары күчүнө кире баштагандан тартып болуштукту талашуу, шайлоолордун уруулар арасындагы чоң жаңжалдар менен коштолуп туруусу өнөкөткө айлана баштайт. Орус империясы кыргыз-кытай чек араларын чыңдоо жана аскер горнизондорун жайгаштырыш үчүн атайын жерлерди ылайыкташтырып, алгачкы чептерди кура баштайт. Кийин ал чептер акырындык менен шаарга айланышкан. Мына ошол Каракол шаары Россия империясынын тушунда, тагыраак айтканда, 1869-жылы 1-июлда негизделген. Кыргызстандын түндүк аймагы Жети-Суу областы деп аталып, ал: Токмок жана Ысык-Көл уездери деп бөлүнгөн. 1893-жылдан тартып алар Пишпек жана Пржевальский уездери деп атала баштайт. Ал эми уездер өз учурунда волостторго ажыраган [Кангелдиев, Ибраев : интернет булак].

Мына ошол Пржевальский уездинин башчысынын жардамчысы Чыныбай Тилекмат уулу орус падышачылыгына салыктарды төлөбөй жатат деген шылтоо менен Белектин Салмаке, Жаркын деген аялдарынан тараган тукумдарын жөнү жок жерден эле Атбашы, Нарын тарапка күч менен жер котортуп жиберет. Албетте, кубаланып барган эл менен жергиликтүү элдин ортосунда майда тирешүүлөр, жылкы, мал тийүүлөр болбой койбойт. Нааразычылыктар күчөгөндөн күчөп олтуруп жергиликтүү элдин тыңдары орус оезуна (уезд башчысы) чейин кайрылышып, аларды көчүрүү тууралуу чечим кабыл алынат. Эми эмне кылаарын билбей калган Белектин эли чоң отурум-жыйын курушат. Жыйында Кытай тарапка ооп кетүү тууралуу дагы сунуштар түшөт. Бирок жалпы элдин чечими менен көлгө кайра көчүп келүү чечими кабыл алынгандан кийин, алгач, оездун жардамчысы Чыныбай менен сүйлөшүп, маселени чечип келүү үчүн аттуу-баштуу, кадыр-барктуу деп Малай аксакал элчиликке шайланып жөнөп кетет.

Чыныбайга келген Малай аксакалды кадырлап эч ким тосуп албайт, ал-акыбалын сураган киши болбойт, өзү ирегеде олтуруп, айткан саламы, көтөргөн көйгөйү жолдо калат. Акырында гана:

– «Акмак журттун» мүдөө-маселеси оез тарабынан небак чечилип калган, – деп башын кагаздан көтөрбөй колун шилтеп коет [Мамбетов, 2013 : 161]. Айласы куруган Малай аксакалдын оюна Чүрүмдүн небереси Карач аке түшүп, үйүнө түз бастырып келип, болгон окуяны баштан аягына чейин эч нерсесин коротпой, ашыкча сөз кошпой кейиген абалында айтып берет. Карач аке бардыгын угуп болгон соң, ал күнү эмес, таң атпай эрте туруп, Чыныбайдын үйүнө барат. Таң атпай Чыныбайдын оту жагылуу, казаны асылуу, бардыгы орду-орду менен, келген элди кабыл алып отурат. Бирок таң атпай Карач акенин үйүнө кирип келгенине Чыныбай дагы шек санап, жөн сөз болбосутугун түшүнөт. Ошентсе дагы, сыпайкерчилик үчүн Карач акеден төргө өтүшүн айтып калат. Ошол эле сөздү күтүп турган Карач аке камдай келген сөзүн айта салат:

– Калк кадырманы, ошол эле Белек уруусунун улуу аксакалы Малай карыя олтурган ирегенден «кул» катары кантип өйдө өтөмүн, – деп сыңар тизелеп, ирегеде турган ордуна эле отура кетет.

– Ой, жарыктык киши десе, деле жаш баладай болуп таарынчактыңыз калбайт, – дейт Чыныбай, кийинки сөз өзүнө тиерин баамдабай эле.

– Анан таарынбай этпей турган нерсеби? Бүтүндөй Белек уруусун «акмак журт» кылып, аны эл катарына теңебепсиң. Ырас, Белек тукумунун акмактыгы дагы турулуу иш. Өйдө-төмөн, тээ Атбашы, Нарынга чейин сүрүлүп, удургуп көчүп турганы дагы алардын өз укугун өздөрү билбегендиги. Антпесе алар «Каңгайдан келген мага, капкайдан тентип келген сендей тексиз кулга» эки тизгин, бир чылбырды ишенип берип, өзүн кайдан-жайдан келген «келгин куштарга» бийлетип, кайра өзүнүн үстүнөн сурак жүргүзүп коюшат беле? Ошондон улам «Өзүңдү өзүң билип, өтүгүңдү төргө илип», орустардын жугундукору болуп, алардын колтугуна өзгөлөнүп кирип, тегерек-четиңди кабанаак иттей болуп аркырап качыра салып, жеткен жериңдин бир капшытын үзө тиштеп, улуу элдин урпактарын азган-тозгон адамдарга теңеп, анын балдарын өз туурунан, ата конушунан ажыратып, көчүртүп жаткан турбайсыңбы? Кеч боло электе бууккан оюңдан артка кайткын [Мамбетов, 2013 : 161], – деген экен. Азыркы куудулдар: – «мен оңой жеринен айыл өкмөтү болуптурмунбу», – деп айтып жүрүшкөндөй Чыныбай манап дагы «жөн теринин бучкагы эмес» же оңой жеринен эле оездун жардамчысы боло калган бекен. Иштин татаалданып, башка өңүттө өнүгүп бара жаткандыгын түшүнүп, Белектин элин кайра өз ата журтуна көчүшүнө уруксат бериптир.

Кыргыз эли жай турмушта бир дөбөгө чогулуп алып, өткөн-кеткенден, санжыра-тарыхтан, баатырдык окуялардан кеп салып отурганды жакшы көргөн эмеспи. Сөзгө чебери улуу сөздөн баштаган учурда улуу-кичүү дебей чогуу олтуруп, кеп тыңшашкан экен. Ошондой бир отурушта ошол өрөөндүн дагы билерманы сөз тыңшап олтурган жаш балдарды эл олтурган жерге жакындатпай, бирин чаап, бирин тээп, бирин сөгүп, кубалап жүргөндүгүн көрүп-байкап калган Карач аке, бир чети Сооданбекти ордуна коюу үчүн, бир чети бул адаттын жаман экендигин олтурган элге түшүндүрүп, мындай деген тура: – Ээ кудай аткан Сооданбек, кечээ жакында «балык кармап бербейсиң» деп бир эле кара таман байкушту асый бээге доога жыктың эле. Эми минтип эч жардамы жок, бешиктен белдери чыга элек бала-ботого да тап болуп алыптырсың. Деги сен ойлогондой биз экөөбүз айлана-тегерегибизге киши кондурбай калгыдай «боз чөп дөбө» болуп калышыбыз керекпи? Же эмине, кимдир бирөө аалгалап, акмалап, айла күтүп, айланчыктап турбашы керекпи? Бизден кеп-сөз, акыл-наасат, санжыра-санат, уламыш-дастан угууну каалагандарды жаныбыздан оолактатып кууп, эртең эле баш көтөргүс болгон кеп-сөзгө чыланып калбайлык. Ансыз деле сен экөөбүз эч кимге устуканыбызды ыраа көрбөй олтуруп, мүлжүгөн сөөктөрүбүз Тепкенин белине тете болуп баратат көрүнөт. Сүткөрлук кылып, элден-журттан кеби-сөзүңдү, бала-чакадан, койчу-колоңдон бир муштум этиңди, жарым-жартылай мүлжүнгөн устаканыңды кызганбай жүрсөң боло [Мамбетов, 2013 : 163], – деп көпчүлүктүн арасында катуу уят кылган экен. Бул окуядан кийин Сооданбек эле эмес, башкалар дагы кылып жаткан иштерине абайлап мамиле жасап калышат.

Күндөрдүн бир күнүндө дейт Карач аке Каркыра тараптан ат өргүтүп келе жатса (ал эми К.Асанбеков эмгегинде: «Текес тараптагы Жылдызды жердеген туугандарынан келе жатса» деп баштайт), береги Сан-Таштын жайыгында туугандары бир нерселерди эле талашып жатышкан болушат. Жакын келип калган Карач акени байкаган аксакалдардын бири, ага кайрылып, учурашпай эле: – Ырас эле болбодубу Карачым, талаш-тартышыбызды баш-аягына чыга ала турган эмеспиз. Сенин Жамгырчыңды болуштукка көтөрсөк деп кызыл чеке болушуп жаттык эле, – деп калышат. Анда, Карач аке атынын оозун тартпастан: – Талашып-тартышуунун деле эч кажети жок. Жамгырчынын азыр болуш болууга чарк-чамасы келе элек. Андан көрө болуштукка тиги Мамбеттин уулу Байзакты эле көрсөтүп алганыңар туура болоор, – деп жолу менен жүрүп кеткен экен. Эл болгондон кийин түрдүү адамдар чыгат тура. Же болбосо мурун-кийин деле «менин баламды кызматка коесун» деп идиреги барбы, жокпу карабай эле чуркап жүргөн канчалаган аталарды көрүп-байкап эле жүрөбүз.

Көлдөн чыккан даанышман акелердин көпчүлүгү бири-бири менен көрүшүп, ал тургай азилдешип, туура эмес азилдерине өздөрү дагы уят болгон учурлары да болуптур. Чынында эле «жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» эмеспи, мына ошол эки залкардын бир жолку жолугушуусу төмөндөгүдөй болуп өткөн экен. Ал окуя К.Мамбетовдун эмгегинде төмөндөгүдөй баяндалат:

Саяк Садыр аке бала чагынан Нышаа деген байдын жылкысын асырап, бээлерин саашып, баралына келгенде эл кадырына арзып, болуш шайланып, кара жаак чечен, сөз зергери катары элге алынып кетиптир. Күндөрдүн биринде Жыргалаң суусунун жээгинде көп эл чогулган топ өткөрүлүп, аны ошол эле Саяк Садыр аке башкарып калат. Бул жыйынды капысынан кеч угуп, шыдыр эле эч камылгасыз келген Карач аке кийген чепкенине деле анча маани бербей, чогулган элге саламын айтып, атынан түшүп калат. Саламын жылуу алик алып, колун берип учурашкан соң Садыр аке анын чепкенинин бир этегинен муштумдай жүндүн булайып чыгып турганын көрүп, бырс күлүп жиберет. Топто олтурган көпчүлүк дагы чыдай алышпай күлүп жиберишкенде, кыраан каткырык «дуу» дей эле түшөт. Эл арасына жаңы эле кирген Карач аке эки жагын каранып, эч нерсе түшүнбөй Садыр акени карап калат. Ошондо Садыр аке аны атайылап эле сөзгө сындыргысы келип, ага тийишип:

– Ээ Карачым, жакшы эле эл-журтту бөрттүң эле. Кара жаак чечен, кыйгач бармак уз катын алды десем, кара баскан ишсиз, көк ийненин көтүнөн түртпөгөн, бечара бир-эки буттуу немени алган турбайсыңбы, – деп калат. Ошондо гана кеп төркүнүн түшүнгөн Карач аке Садыр акенин тамашасына бир чети жооп, экинчи чети каймана-какшык иретинде мындай дептир: – Олда адам баласындагы түркөйлүк ай-йе. Олда жумуру башка берген жылкы мүнөздүк кыял ай. Башка унутса дагы күндү күн деп билбей, түндү түн деп билбей Нышаанын жылкысын багып, бээлерин сааганыңды унутуп калдыңбы? Азоо бээлер азынап, чакаңды нечен ирет томолото тээп, башыңа ылдый сааган ынак сүтүң куюлуп, ошол сүттүн жыты жакаңдан али күнгө кетпей жүргөнүн сен дагы көз жаздымда калтырган экенсиң [Мамбетов, 2013 : 163], – деп эл башкарып, каада күтүп олтурган Садыр акени катуу сөзгө жыгыптыр. Адамдын башынан бак тайырда ушинтип келип эле жөнөкөй жерден кепке чалынып, эл оозунда калат экенбиз. «Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө» же «Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» дегендей кадыр-баркым, атагым, оозумда сөзүм бар деп көзгө көрүнгөн нерсени айта берсең, сага көрүнбөгөнү менен элдин баары көрүп турган «жооруңду» жогорудагыдай кылып чокуп, абийириңди айрандай төгүп коюушу толук ыктымал. Бирок акылга бай адамдар карапайым элдердей болуп жаакташып айтышпайт эмеспи, жеңилдиңби кийинкиде абайлап сүйлө, бул дагы чоң сабак.

Жогорудагы «жаакташуудан» кимиси жеңди, кимиси жеңилди деген ой туулар. Экөө тең жеңген жок, экөөсү тең жеңилди. Себеби эл кадырлаган адамдар эки жакка чыкканда шашып жатканын шылтоолобой, эринбей кийим-кечесин, астын-үстүн карап алганы оң болот эмеспи. Көзгө көрүнүп, эл кишиси даражасына жеткен адамды баары карайт, жөн карабай талдап карайт. Азыр деле эки түр байпак, эки түр бут кийим же костюм шым менен спорттук бут кийимин кийип алган «элдик баатырларыбыз» деле көп жолугат. Ал өнөр эмес, элдин кыжырына тийбеген кийимдерди кийип жүрү өзгөчө шарт. Ал эми экинчиси боюнча, адамдагы кемчиликти эл астына алып чыгуунун өзү уяттуу нерсе. «Жакшы кишинин бир көзү көрбөйт, бир кулагы укпайт» дегендей бирөөлөрдөгү көзгө чалдыккан кемчиликтерин айтып, шылдың, шакаба кыла берүү акылдуулуктун белгиси эмес.

Залкарлардан улуу сөздөр менен түбөлүк атак-даңк калат экен. Ал эми бизден кандай сөздөр калат экен, аны заман өзү аныктаар...

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

1. Асанбеков К. Ысык-Көлдүн жети акеси: Илимий-популярдуу басылма. – 2011. – 160 б.

2. Жунушалиев Т. Сыдык Карачевдин чыгармачылык орду. http://nbisu.moy.su/_ld/21/2194_IGUJUNUSHALIEVA.

3. Калыгул, Арстанбек, Мойут аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке. – Б.: «Бийиктик», 2006. – 328 б.

4. Кангелдиев Б.С., Ибраев Ч.Т. Исторические сведения об административно- территориальном делении Ысык-Кульской области (XIX-XXI вв.) http://arch.kyrlibnet.kg/uploads/Kangeldiev_Ibraev_ISU.

5. Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас жана рухий дүйнө. 5-китеп. – Б.: 2002. – 420 б.

6. Мамбетов К. Ысык-Көлдүн даанышман Акелери: тарыхый даректүү басылма. – Каракол, 2013. – 228 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-02-2017
Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...
44718

14-10-2016
Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери
60699

10-05-2016
Элдик даанышмандык
45674

22-02-2016
Жакшыдан жаман туулбашы керек
52095

18-01-2016
Сөздүн күчү, сындын сыры
45302

30-11-2015
Карга акенин миң санаты
54125

09-10-2015
«Манас» эпосундагы тери иштетүү көркөм кол өнөрчүлүгү
90186

03-04-2015
Садыр аке
55698

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×