Добавить статью
14:35, 23 июня 2023 2159

Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)

«Дүйнөнүн синхрондуу тарыхы» таблицасы боюнча 925-1230-ж.ж. роман искусствосун, 1230-1455-ж.ж. готиканы камтыйт, ал эми ренессанс 1455-1577-жж. менен көрсөтүлөт. Бул хронология Европа өлкөлөрү үчүн туура келүүсү мүмкүн, бирок Чыгыш көркөм адабиятынын өнүгүү баскычы менен коошпойт. Биз жогоруда келтирген роман искусствосу доору менен Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкаринин, Кожоакмат Ясави жана Адиб Акмат Жүгнекинин, Низами Гянжеви жана Кет Буканын поэзиялары замандаш. Готика менен Кутб Хорезми жана Токтогул ырчынын, Асан Кайгы, Лүтфи жана Жаминин чыгармачылыктары, ал эми европалык ренессанска Алишер Навои жана Бабурдун прогрессивдүү көркөм адабияты дал келет.

Батыш ренессансынын чыгааны Данте (1265-1321) менен этникалык түрк, фарси-дариде жазган индий акыны Эмир Хосров Дехлеви (1253-1325) бир эле мезгил ичи жашап өтүшкөн замандаштардан болууда Ал эми бул экөөнө чейин Жайсаң ырчы, ал-Фараби, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Коркуд Ата, Юсуф Баласагуни, Махмуд Кашгари, Адиб Ахмад Югнаки, Кожо Ахмад Ясави, Низами Гянжеви, Кет Бука Найманлы өңдүү улуу инсандар өздөрүнүн чыгармачылыгында жалпы элдик мүдөө-талаптарды, гуманистик идеяларды, адамдын улуулугун шардана кылып келишкен. Европалык кайра жаралуу доору менен орток түрк поэзиясынын айтылуу инсандарынын чыгыштык прогрессивдүү, гуманисттик, рационалдык көркөм өнөрү менен бирдей келип чыгышы дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнүн тенденциясынын глобалдык интегративдик табияты катары түшүнгөн оң.

В.В. Бартольд, И. Крачковский, Е.Э. Бертельс, М. Конрад, Б. Гафуров, А. Мец ж.б. VIII-XVI кылымдарды Чыгыш жана мусулман ренессансынын доору деп белгилешкен. Белгилүү чыгыш таануучулардын ал-Фарабини (870-950) чыгыш ренессансынын баштоочусу катары баалашканы бекеринен эместир. Убагында улуу фарсы илимпозу Ибн Сина (980-1037) да ал-Фарабиге кайрылган экен. Аны Ибн-Синанын «Каноны врачебной науки» китебинде жазганы аркылуу билебиз. «Кут алчу билимдеги», «Түрк сөздөрүнүн жыйнагындагы», «Акыйкат сыйларындагы», «Насыяттар жыйнагындагы», «Хамседеги», табышмак ырларындагы, бийликке карата каяша ырлардагы, орток түрк жана фарсы поэзияларындагы адам, гумандуулук, изгилик темалары илгерки XI кылымдан эле өмүр сүрүп келген. Ошондуктан Чыгыш кайра жаралуу доору батыштык аналогиясынан үч-төрт кылым илгери эле башталып, калыбынан жазбай XV кылымдагы Навоинин мезгилинде туу чокусуна жеткен болууда.

Орто кылымдык көркөм адабияттын хронологиясын эске алуу зарыл экендиги талашсыз, бирок аны көркөм адабияттын тарыхый эволюциясын негиздөөдөгү башкы принцип катары кабыл алууга да болбос. Ошондон улам да орто кылымдык акындар поэзиясынын эволюциялык өнүгүү маселесинде тарыхый-генетикалык табиятынын негиздүү экендиги ишеним артат. Бул ошол беш-алты кылымдык (XI-XV кк.) ажырымына карабастан акындар поэзиясынын эки формасынын тең бир бүтүндүктү түзүүсүн, гармониясын, интегративдик мүнөзүн ырастайт. Ошону менен бирге көркөм адабияттын өнүгүүсүнүн кээ бир жеке мыйзам ченемдүүлүктөрү такталган. Маселен, анын социалдык-экономикалык абалга карата бирдей эмес өнүгүүсү, кээ бир жанр менен түрлөрдүн бир кылка өнүкпөөсү, бир эле жанрдын өнүгүүсүнүн кетенчиктеп кетүүсү ж.б.

Дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүндөгү Кайра жаралуунун реализминин тарыхый сиңирген эмгеги турмуш чындыгын көркөм чагылдырууда диндик түшүндүрүүдөн жана элестерден арылтуу гана болбостон, адамды мифологиянын кучагынан сууруп чыгуу болгон. Көркөм адабиятта реализм адам жана коомдун жашоо-турмушун таанып билүү процессинин көркөм формасы катары гана эмес, ага таасир берчү, жамандыктын бет пардасын сыйруунун, аны менен күрөшүүнүн каражаты катары келип чыккан жана өнүккөн. Батыш ренессансы адам жана коомдун жаңы, гумандуу, орто кылымдык теологиядан кол үзгөн концепциясын алып чыккан жана гуманизм реализмге негизденген көркөм өнөрдүн өзөгү болуп калган. Ошону менен бирге орто кылымдык Чыгыш поэзиясында исламдык теологиядан кол үзүүгө аракет акылга сыйбас иш болмок, анын тетирисинче деспотизмди, бийликтин адилетсиздигин айыптоодо курал катары пайдаланган. Ошондуктан бийликти исламдын эрежелери менен кыйыр түрүндө «коркутуу», тооп кылууга, аскетизмге үндөө, аны гумандуулукка, изгиликке чакыруу идеялары оозеки да, жазма да поэзиясынын өкүлдөрүнүн дээрлик баарында кездешет.

Акындар чыгармачылыгы, албетте, диалектикалык бир бүтүн система катары дайыма өнүгүүдө турган, бир орунда токтоп турган эмес. Кандай гана коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жагдайларга карабастан элдин түбөлүктүү да, утурумдук да проблемаларынын үстүндө адабий чыгармачылык өз өнүгүүсүн уланта берген. Бирок ошого жараша поэзиядагы тема менен проблема да өзгөргөн. Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман кезинде бир башка болсо, апаат баскан (согуш, жут, табият кырсыктары) мезгилдерде бир башка болгон. Маселен, эмне үчүн Токтогул ырчы (XV к.) менен Асан Кайгынын (XIV к.) айтылуу Жаныбек хандарга каршы протест ырлары идеялык-тематикалык маани-маңызы, стили жагынан окшошуп кетет, эмнеликтен дал ушундай темадагы ырлары бүгүнкү күнгө ошондой турпатында жетип келген – булардын баары теманын актуалдуулугун ырастаган.

Мына ошентип доордун заманбап темасынын үстүндө Баласагындык Жусуптан баштап акындардын дээрлик баары расмий бийлик менен «саясий-социалдык келишим» түзүп алып чыгармаларынын негизги проблемаларын чечип келишкен. Бул үчүн жазма адабияттын өкүлдөрү бир катар формалдуулукту, маселен, биринчи кезекте таухидди (алла-тааланы, пайгамбарды, төрт халифти жана өз өкүмдарын даңазалоо) кынтыксыз карманууга милдеттүү болушкан, экинчиден, поэзиясынын биринчи нускасын өз өкүмдарына арнап келишкен жана алардан сый-урмат көрүп турушкан. Болгону ушул, анан өзүнүн чыгармачыл табитине туура келген, заманбап проблемалардын үстүндө эмгектенүүгө «индульгенция» алган болот. Ошондон уламбы айтылуу гедонисттик шарап темасын орто кылымдык фарсы да, түрк да тилдүү акындардын дээрлик көпчүлүгү козгоп келишкен. Буга динаят өкүлдөрү нааразы болгону менен расмий саясий бийлик өз жайына коюптур. Анткени, бул «эйфорияга чөмүү» темасы бийликтин кызыкчылыгына карама-каршы келген эмес.

Орто кылымдык көркөм өнөрдөгү интегративдик тенденциялар адабий чыгармачылыктын актуалдуу маселелеринин бири экендиги ырас. «Кут алчу билим» менен «Акыйкат сыйларында» өз ара жалпылыктар, окшоштуктар, интегративдик мүнөз даана байкалат. Ушуга жараша бир кылым кеч келген Акмат Жүгнеки мурунку Жусуп Баласагындын поэмасы менен тааныш болгонбу деген суроо туулат. Буга «ооба» деп гана жооп берүүгө болот. Алардын эмгектеринин жакындык жактарын жана өзгөчөлүктөрүн бир катар белгилүү окумуштуулар баса белгилешкен. Убагында Алишер Навои үч кылым илгерки «Акыйкат сыйларын» өз эне тилинде окуп, чоң таасир, таалим алгандыгын жазган. Рудакинин, же Ибн Синанын рубаилерин жетесине жете үйрөнүп чыкмайын Омар Хайямдын айтылуу рубаилери да өз деңгээлиндей чыгуусу күмөн эле. Мына ушундай көрүнүштөрдүн баары орто кылымдык поэзиянын эволюциялык өнүгүүсүнүн, интегративдик тенденциясынын жемиши болору анык. Көркөм адабияттын интеграциясы анын эволюциялык өнүгүүсү менен тыгыз байланышкандыгы ырасталат.

Көркөм чыгармадагы типологиялык көрүнүштөрдү кокустук катары кабыл алууга болор беле деген суроо да жаралышы мүмкүн. Негизинен ар бир окшош көрүнүштүн, параллелдиктердин кандайдыр бир башаты, диалектикалык биримдиги, өнүгүүсү, өтмөлүүлүгү болуусу мүмкүн деп жооп берүүгө болот. Маселен, Абу Муиззи менен Кет Буканын лугзы, табышмак ырлары, Омар Хайям менен Санаинин ырларындагы коендой окшош ыр саптары, Токтогул ырчы менен Асан Кайгынын ыр саптарындагы жакындыктар, «Шах-намадагы» каармандардын «Акыйкат сыйларында» дал өзүндөй кездешүүсү ж.б. Мифология менен фольклордо да ушундай аналогиялар кездешет. Мисалы, еврей калкын ээрчиткен Моисейдин жана Чыйырды, Каныкей, Семетейди коштогон Бакайдын дарыянын агымын токтотуп өтүүлөрү, Паристин Елена сулуусу менен Семетейдин Айчүрөгүнүн ак куу тотеми менен байланыштыгы, байыркы грек поэзия каарманынын согончогу менен эпикалык каармандын далысына мүрөктүн суусунун жетпей калуулары, же Жээренче чечендин кемчонтоюнун мактанычы жана «Шах-намадагы» жаш Бахрам шахтын бир ок менен эликтин бутун кулагына кадап атуулары ж.б. Булардын быйыркылык бирдейлиги, параллель башаты болуусу толук мүмкүн.

Акындар поэзиясынын XI-XV кк. актуалдуулугу эмнеде? Ушул доор ичи жазма да, төкмө да акындардын өз ара рухий, диний, чыгармачыл, тео-космогониялык жакындыгынын желаргысы сезилип турат. Интегративдик тенденция адабий чыгармачылыкта гана эмес, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык тыгыз карым-катнаштыктын, географиялык бир бүтүндүктүн (Мавераннахр, Хорасан, Чагатай улусу, Чыгыш Түркстан, Жети-Суу), этникалык (кыргыз, кыпчак, казак, ногой, өзбек, түркмөн, уйгур, тажик ж.б.) биримдиктин кучагында өнүгүп отурган. Эбегейсиз зор территорияда түрк тилдүү караханид, газневид, селжукид династияларынын хандыктары, бир ислам дини, бир араб алфавити, бир орток түрк тили өкүм сүргөн. Иран-тажик элдери түрк тилинде, түрк атуулдары фарсыда эркин сүйлөй билишкен жана поэзияда зүллиснейн акындардын келип чыгышына шарт түзүлгөн. Маселен, Жусуп Баласагын (XI к.) менен Акмат Жүгнекинин (XII к.), же тилчи Махмуд Кашкаридеги поэзия менен Кожоакмат Ясавинин поэмасындагы мазмундук жана формалык интегративдик көрүнүштөр; Абу Муиззи менен Кет Буканын табышмактуу ырларындагы типологиялык параллелдер. XV кылымдагы Алишер Навои үчүн XII кылымдагы Низами Гянжеви, же XIV кылымдагы этникалык түрк Хосров Дехлеви кечээги пикирдеш замандашындай каралгандыгы. Акмат Жүгнекидеги элдик накыл кептердин Асан Кайгынын поэзиясы менен интегративдик мүнөзү ж.б. Мындай салыштырма-типологиялык көрүнүштөргө бир катар акындардын муназаралары, назиралары мисал болуп бермекчи. Бул беш кылымдын руху, менталитети, маданияты, тили бир болгондой элес калтырат.

Тема менен идея эриш-аркак жүрөрү дайын. Маселен, Кожоакмат Ясави менен Акмат Жүгнекинин чыгармачылыгында согуш, апаат тема дээрлик жокко эсе. Алар кара кытай жана чынгызиддердин чапкынына чейинки поэзия өкүлдөрүнөн. Бирок фарсы акындарынын чыгармачылыгынан кара кытай, огуз чапкыны темасы арбын кездешет (маселен, XII к. Амйак Бухараи, Анвари, Али ас-Самаи), ал эми Фирдоусинин «Шах-намасында» араб баскын темасы кенен чагылдырылган. Махмуд Кашкаринин «Сөздүгүндөгү» силлабикалык мураббаларда согуш темасы да жок эмес. Бул Алишер Навоинин поэмаларынан, масневилеринен да кезигет. Демек, чыгармачыл инсан өз доору, анын коомдук-саясий абалы менен гармонияда, ажырагыс биримдикте жашоого эрксиз мажбур болгон.

Акындар поэзиясынын эчен кылымдык салттуулугу болбосо, көркөм-эстетикалык баралына жеткен «Кут алчу билим», «Акыйкат сыйлары», «Насыяттар жыйнагы», «Махабат-нама», же Низами Гянжеви менен Хосров Дехлевинин «Хамселери», Асан Кайгынын космогониялык поэзиясы, Жаминин «Жетилиги», Навоинин «Бештиги» да жаралбоосу мүмкүн эле. Башатында байыркы грек, араб, фарсы, түрк дастандары турган эзелки поэтикалык темалардан чыгармачыл акын заманбап проблеманы, идеяларды көргөн. Ошондон улам да көркөм метод катары Низами Гянжевинин атактуу беш поэмасына («Хамсеге») Хосров Дехлеви, Жами, Кутб, Хорезми, Навои, Ашрафи өңдүү көптөгөн акындар талантына, кругозоруна, турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбасына, көз карашынын деңгээлине жараша өз стилинде окшош теманын үстүндө ар башка проблеманы коюп келишкен. Маселен, «Хамседеги» бир эле тема Низами Гянжевиде «Искендер-нама» деп аталса, Жамиде «Искендердин даанышман китеби», Навоиде «Искендердин сепили» деп аталат, ошого жараша автордук ой, чыгарманын негизги идеясы, сюжет, композиция маселелери түрдүүчө кеткен. Тема бир, проблемалар ар башка, көркөм метод бир, автордук стилдер ар башка, салттуулук бир, жекелик ар башка. Айгандын алдына «тил кесмей жок» экендигин эш тутуп барган Кет Буканын да, каар замандын чеңгелинен чыкпай калган Токтогул ырчынын да, ордонун астанасын тайманбай аттаган Асан Кайгынын да жеке төкмөлүк чыгармачылыктары жалпы эле фольклорго мүнөздүү салттуулукка негизденген.

Фирдоусинин «Шах-нама» поэмасы баштанаяк мутакариб деп аталган метрикада жупташкан рифмалык саптар менен жазылган. Жусуп Баласагындын «Кут алчу билиминдеги» ыр саптар да «Шах-намадагыдай» эле Чыгыш поэзиясына мүнөздүү классикалык аруз ыр түзүлүшүнө негизделген. Аруз түрк тилдеринде сүйлөгөн калктардын классикалык поэзиясында, ошондой эле араб, фарсы адабиятында тараган ыр түзүлүшү экендиги маалым. Мында ырлар узун жана кыска муундардын кезектешип алмашуусуна негизделет. «Кут алчу билимден» кийинки Акмат Жүгнекинин «Акыйкат сыйлары» поэмасы да аруз ыр формасында жазылган чыгарма экендиги маалым.

Көркөм адабияттагы салттуулук менен жекеликтин, метод менен стилдин, тема менен проблеманын, типтүүлүк менен мүнөздүн замандын агымы менен ээрчишип жүрүүсү табигый көрүнүш болгон. Жусуп Баласагындын айтылуу «Кут алчу билими» дал ошол XI к. жазылып калгандыгы да бекеринен эмес. Демек, ал мезгилде ушундай улуу чыгарманын жаралышына объективдүү себептер жаралып калган. Сен ушундай темада поэзия жарат деп түздөн-түз буйрук албаса да, диван үлпөттөрүндө, расмий кабыл алууларда кыйыр маанидеги кептер анын көкүрөгүндөгү идеяга түрткү болуусу да ыктымал. (Маселен, Ахсатан шахтан «Лейли менен Мажнун» поэмасына буюртма алгандагы Низами Гянжевинин аянычтуу абалын эстеңиз). Мында бала кезден фольклордук чөйрөдө чоңоюп эс тарткан Жусупка «Шах-наманын» түздөн-түз таасири этүүсү мүмкүн эле. Балким, Насир Хосровдун (1004-1072) диванындагы «Усталарга алкыш сөз», «Дыйкандарга даңк», «Билим», «Тил», «Акыл-эс», «Изгилик» деген өңдүү темадагы ырлары да түрткү болгондур. Бирок Жусуп Баласагынга чейин бир да фарсы акыны мындай глобалдуу, түбөлүктүү теманы – адам, гумандуулук, илим-билим, этика проблемасын ушунчалык чоң масштабда көтөрүп чыккан эмес. XI к. коомдук-саясий кырдаал, карахандар династиясынын өкүмдарларынын интеллекти, көркөм өнөргө лоялдуу көз карашы, таланттарга «аталык» мамилеси Баласагындык Жусуптун хасс-хажиб даражасына жеткидей абалга алып келген деп ойлоого негиз бар.

Орто кылымдык поэзиянын фольклор, элдик дастандар, фарсы поэзиясы менен болгон интегративдик тенденциясы «Кут алчу билим» баш болгон акындар поэзиясынын дээрлик баарында жүрүп отурган жана поэзиядагы жаңычылдыкка, сапаттык өнүгүүгө негиз болуп берген. Мына ушундай көрүнүштөрдүн баары орто кылымдык поэзиянын эволюциялык өнүгүүсүнүн, интегративдик тенденциясынын жемиши болору анык. Кыргыз акындар поэзиясы орток түрк адабияты менен эриш-аркак Чыгыш ренессансынын алкагында татыктуу өз ордун ээлегендиги күмөн туудурбайт.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
261

12-04-2024
Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз
734

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
1026

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
1755

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
1581

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
1421

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
2395

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
2347

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
88191

03-05-2023
Орхоно-енисейские надписи и эпос «Манас»
3172

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×