Добавить статью
19:30, 20 июня 2023 2396

Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)

Акындар поэзиясы илим, адабият жана көркөм өнөр катары кыргыз адабиятында өзүнүн татыктуу ордун таап, өзүнө тагылган зор милдет менен ишенимди аткарып келет. Кыргыз көркөм адабиятынын бул тармагынын XIX кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, өнүгүүсү системага салынып, белгилүү бир деңгээлде изилденип, өздөштүрүлүп калган жана адабият тарыхында төкмө ырчылар жана жазгыч акындар деген ат менен белгилүү. «Легендарлык акындар» деген ат менен фольклордук жана акындык поэзиянын обьектисине жаткан акындардын дагы бир тобу үйрөнүлөт. Булардын баары кыргыз адабиятынын белгилүү үчилтигинин «акындар поэзиясы» деген формасында бекем орногон. Ошону менен бирге орто түрк доорунда кыргыз жазма поэзиясы болгонбу деген маселе орун алган. Бүгүнкү күнгө чейин жарык көргөн кыргыз жана чет элдик түрдүү илимий, илимий-популярдуу эмгектердин дээрлик басымдуу бөлүгү орто кылымдарда кыргыз жазма поэзиясы болгон деген бүтүмгө келген.

Боордош түрк тилдүү элдердин адабиятында акындар поэзиясынын орду канчалык деңгээлде болгон жана бул орто кылымдык поэзияга карата катыштыгы кандай эле. Бул элдердин мейкиндик абалына, тарыхый-генетикалык башатына, социалдык-саясий байланыштыгынын деңгээлине карай Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Акмат Ясави, Адиб Акмат Жүгнеки, Кутб, Хорезми өңдүү жазма адабият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын өздөштүрүү бир кылка жүрүп отурбагандыгы даана байкалат. Орто түрк доорундагы маданий, адабий эстеликтерди үйрөнүү, изилдөө жана басмадан чыгаруу тенденциясы өткөн кылымдын 70-80-жж. системалуу негизде күч алгандыгын белгилөөгө болот.

Алсак, татар аалымдары тарабынан 1985-ж. жарык көргөн алты томдук «Татар адабияты тарихы» аттуу фундаменталдуу эмгектин биринчи тому төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турган: Булгар мамлекетинин адабияты (IX-XIII кк.); XIII –XV жана XV-XVI кк. эстеликтер; XVII к. адабият; XVIII к. адабият. Эмгекте татар адабиятынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө Юсиф Баласагунинин «Кутадгу билиг» поэмасы, Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат ит-тюрк» сөздүгү, Ахмад Ясави, Сулайман Бакыргани, Ахмад Югнаки өңдүү орто азиялык белгилүү түрк тилдүү авторлордун эмгектери, Алтын Ордолук Кутбдун «Хосров менен Ширин» (1342), Хорезминин «Мухаббатнаме» (1354), Катибдин «Жумжума султан» (1370), Махмуд ибн Алинин «Нахаджул-фарадис» (1358), Сайф Сараинин «Гулистан бит-тюрки» жана «Сухайл ва Гүлдерсен» деген ири адабий чыгармалар зор салым кошкондугу баса белгиленет [1, 95-б.]. Ооба, татар жазма адабияты өзүнүн башатын IX кылымдан деп карайт жана биз кыргыз адабиятына тиешелүү деген авторлордун эмгектерин кайсы бир деңгээлде өз адабиятынын рухий башаты деп эсептешет.

X-XVIII кк. камтыган «Из истории татарской литературы средних веков» (1981), XIII к. Кол-Галинин «Кыссаи-Йосыф» тексти (1983), Х.Р. Курбатовдун «Иске татар поэзиясында тел, метрика хем строфика» (1984), М.А. Усмановдун «По следам рукописей» (1984), Х.У. Усмановдун «Источники древнетюркской и татарской литератур» (1981) жана «Древние истоки тюркского стиха» (1984) деген эмгектери жарык көрөт. Х.У. Усманов түрк поэзиясынын ритмикалык түзүлүшүнүн башатын араб аруз ыр системасынан эмес, түрк фольклору менен жазма адабиятынан издөө керек деп сунуштайт [2, 56-57-бб.].

XX к. 80-жж. орто ченинде азербайжан адабият таануусунда VII-XI кк. адабияттын тарыхы, азербайжан мифологиясы, Низами таануу, Иран Азербайжанынын адабиятынын тарыхы, адабий сындын тарыхы жана теориясы өңдүү өз алдынча илимий багыттар түзүлүп иштей баштаган [2, 20-б.]. Буга караганда азербайжан адабияты өзүнүн башатын VII к. деп билет. Орто кылымдардагы азербайжан адабиятынын тарыхы жана өнүгүүсү маселелери боюнча «Вопросы азербайджанского Ренессанса» (1982), Н. Араслынын «Низами ве түрк адабияты» (1981), Б. Азероглунун «Саиб Тебризинин санат дүнясы (1981) өңдүү көптөгөн эмгектер жарык көргөн. Ошону менен бирге бул боордош эл адабиятында Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Акмат Ясави, Акмат Жүгнеки жана алтын ордолук түрк тилдүү акындар жөнүндө программалык изилдөөлөр жүрбөгөн.

Азербайжан окумуштуулары тарабынан 1982-жылы эле «Азербайжан Ренессансынын маселелери» деген жыйнак көргөн жана Катран ибн-Мансур, Низами Гянжеви, Саиб Тебризи, Физули өңдүү орто кылымдардагы азербайжан түрк поэзиясынын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармачылыктары маселелери көтөрүлгөн. Ооба, боордош азербайжан аалымдары Батыштын чыгыш таануучулары, түркологдору эмне дейт экен деп күтүп отурушпаптыр жана орто кылымдык мекендештеринин чыгармачылыктарынан Кайра жаралуу доорунун угутун көрүшкөн, желаргысын сезишкен.

«Узбек адабияти тарихи» беш томдугунун (1977-1980) биринчи тому байыркы мезгилден (орток түрк эстеликтери) XV к. орто ченине чейинки доорду камтыса, экинчи тому жалаң Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналган. Үчүнчү том XVI-XVIII кк., төртүнчүсү XIX к. биринчи жарымын, бешинчи том XIX к. аягын жана XX к. баш ченин сүрөттөөгө алган. Ооба, ушул фундаменталдуу беш томдук эмгек өзбек совет адабиятына (1917) чейинки мезгилди гана камтыган. Өзбек илимпоздору XV к. чейинки адабиятка атайын бир томду сунуштагандыгын белгилеп кетүү зарыл. Буга Орхон-Энесай руникалык тексттери, Махмуд Кашгаринин «Диваны», Юсуф Баласагунинин «Кутадгу билиг», Ахмад Ясавинин «Дивани хикмат», Ахмад Югнакинин «Хибатул хакаик» өңдүү XI-XII кк. карханид-түрк мамлекети доорундагы адабий чыгармалар кирген. Ал эми экинчи том Алишер Навоинин жеке чыгармачылыгына арналган [3, 89-б.].

Өткөн кылымдын 70-жж. акырынан баштап казак илимпоздору байыркы казак адабиятын изилдөө маселесине өтө зор ынтаа менен киришкен. Натыйжада «Эртеги доордогу казах адабияты» (1984) коллективдүү эмгеги, «XIX кылымдагы казах поэзиясы» (1985) жыйнагы жарык көргөн. 1980-1985-жж. «Огуз-наме» жана «Мухаббат-наме» поэмалары илимий котормого алынып, алардын сюжеттери, композициясы жана жанрдык өзгөчөлүктөрү өздөштүрүлгөн. Элдик оозеки чгармачылыктын жанрларын мүнөздөөгө алуу үчүн түрк жана монгол тилдүү булактар, маселен, Орхон-Энесай тексттери, Рашид ад-дин, Жалаир, Абулгазинин баяндамалары, «Монголдордун ыйык баяндары», «Кутадгу билиг», «Дивану лүгат ат-түрк», «Кодекс Куманикус», «Огуз наме» ж.б. кенен-кесири колдонулган [4, 28-29-бб.].

Түркмөн адабиятчылары тарабынан Нурмухамед Андалибдин (XVIII к.) «Юсуп жана Зулайка» дастаны, «Насими», «Огуз-наме» жана «Лейли менен Мажнун» поэмалары басмадан чыккан. Махтумкулинин чыгармачылыгына арналган бир катар эмгектер жарык көргөн. Белгилеп кетчү нерсе түркмөн адабияты негизинен көрүнүктүү үч инсандын (Андалиб, Махтумкули, Абулгази) тегерегинде көп иштерди жүргүзүп, XVIII к. чейинки адабият маселеси дурустап колго алынбай калгандай жана айтылуу орток түрк акындары атайын изилдөөнүн объектиси катары каралбаган [4, 35-36-бб.].

Ал эми Советтик уйгур жана Кытай уйгур адабияттарын изилдөөчүлөр орток түрк адабиятынын өкүлдөрүн өздөрүнүн улуттук адабиятынын негиздөөчүлөрү катары карап, алардын поэзиясы тууралуу көптөгөн эмгектерин жаратышкан. Ошентип, XX к. 70-80-жж. тектеш казак, өзбек, татар, уйгур адабияттарында орток түрк поэзиясына программалык негизде – жалпы түрк элдеринин мурасы катары да, өздөрүнүн улуттук адабиятынын башаты катары да карашкан жана калыбынан жазбай бүгүнкү күнгө чейин илимий изилдөө иштеринин басыгын төмөндөтпөй улантып келишет.

Батыш жана Чыгыш Ренессансы маселесинин адабияттагы орду кандай эле. Орто кылымдык Батыш Ренессансы үчүн байыркы грек антик көркөм өнөрү жана адабияты материалдык булак жана идея болуп берсе, Чыгыш Ренессансы үчүн байыркы диний-рухий китептер («Веда», «Авеста», «Бал китеп»), фольклор, байыркы рун тексттери, элдик дастандар негиз болгон. Маселен, «Кут алчу билимде» башкы каармандардын бири катары элдик чыгармалардагы адабий каармандардын келиши. Фирдоусинин, Махмуд Кашкаринин, Жусуп Баласагындын поэзияларындагы тарыхый-адабий каарман Алп Эр Тоң (Афрасиаб) «Авеста» жана элдик «Шахтардын баянында» турандардын адилет падышасы. Низами Гянжевинин «Хамсесине» кирген поэмалардын дээрлик баары элдик дастандардын («Лейли менен Мажнун», «Искендер-нама», «Хосров менен Ширин») негизинде жазылган. Фирдоуси менен Жүгнекинин айтылуу поэмалары зороастрлык «Авестага», «Шахтардын баянына», фольклорго таянган.

Орток түрк акындарын «Махабхарата», «Калила менен Димна», «Тоту-нама», «Миң бир түн», «Синдбад-нама», «Вис менен Рамин», «Вамик менен Азра», «Саламан менен Абсал», «Гаршасп-нама», «Огуз-нама», «Коркут-ата» өңдүү дастандар, «Манас», «Алып Манаш», «Алпамыш», «Көр уулу», «Эр Төштүк», «Урал батыр», «Кырк-кыз» өңдүү элдик эпостор көркөм-эстетикалык жактан тарбиялап, адабий багыт, чыгармачыл шык алууга түрткү берген. Ал эми «Искендер-нама», «Юсуф менен Зулайка» жана «Саламан менен Абсалдын» байыркы батыштык да, чыгыштык да башаты бар экендиги маалым. Мына ошондой байыркы элдик оозеки да, жазма да чыгармалардын негизинде орто кылымдык фарсы жана орток түрк Ренессансы калыптанган. Бул Чыгыш Кайра жаралуусунда адамды сүйүү, гумандуулук, изгилик темасы башкы орунда турган жана көркөм метод катары негизинен реализм жана романтизм, анан да классицизм жана сентиментализм өңдүү адабий агымдардын элементтери параллель жашап келген.

Айта кетчү нерсе, ошол эле антик адабияттын өкүлдөрү өздөрүнөн мурунку эзелки рухий китептерге («Гильгамеш жөнүндө эпос», «Библия», «Беш китеп»), грек мифологиясына, Гомердин поэмаларына негизденишкен. Негизинен Чыгыш менен Батыштын тарыхый-маданий карым-катышы, өз ара интегративдик тенденциясы VII кылымга чейин тыгыз карым-катнашта жүрүп отурган. Иран, Мавераннахр жана Хорасанда (VII-VIII кк.) Батыш менен Чыгыштын ортосундагы диний-руханий, маданий-маалыматтык, көркөм-адабий карым-катнаштардын интенсивдүүлүгү басаңдаган. Өнүгүүнүн түрдүү тарыхый-саясий баскычына жана “социалдык-психологиялык климатына” (И. Гердер) карай Батыш менен Чыгыштын көркөм өнөр менен адабиятындагы тематика, идея, мазмун, форма, традициялуулук, көркөм методдор арасында чоң ажырым пайда болгон. Маселен, В.Г. Белинский үчүн элдик түшүнүк орус сынчыл реализм теориясынын контекстинде жатса, Гердер үчүн немистик романтизмдин алдындагы профессионалдык чыгармачылыктын фольклорго мамилесинен каралган. Көркөм метод түшүнүгүн биринчи болуп колдонгон Шиллер боюнча эки башка социалдык-психологиялык структуранын ар бири өзүнө гана мүнөздүү чыгармачыл методду жараткан [5, 83-б.].

Чыгыш акындары ислам цензурасынан өтө ийкем амал менен өтүшкөн: алар таухидди кынтыксыз карманышкан жана ошонусу менен поэзияларында элдик, гумандуулук идеяларын таратууга мүмкүндүк алышкан. Бул жагынан Чыгыш адабияты католиктик канондордун, чиркөөлүк догматтардын, инквизатордук караңгылыктын кучагында жаткан Батыш адабиятына караганда адабий өнүгүүнүн прогресстик, гумандуулук деңгээлинде турган. XI кылымдын башында орто азиялык геостратегиялык мейкиндикте саманиддердин ордуна бийликке келген түрк тилдүү газневид, селжукид, караханид хандыктарынын көкүрөгүндө исламга чейинки байыркы теңирчилик, зороастрлык, буддалык, несториандык, манихейлик либералдык рухий-диний ишенимдердин алсыз желаргылары дагы да болсо согуп турган. Бул диний ишенимдер көпкө чейин параллель жашап келген. Региондогу коомдук-саясий шартка жараша көркөм өнөр менен адабияттагы тема менен идея, мазмун менен форма, көркөм метод менен стиль өңдүү түшүнүктөр өзгөрүүлөргө кабылган, ыңгайлашкан.

XI кылымда калыптанган социалдык-психологиялык климаттын XVI кылымда урашы менен Чыгыш орток түрк жана фарсы Кайра жаралуу доорунун да күнү баткан. Орто кылымдагы прогрессивдүү, гумандуу адабияттын ордуна реакциячыл, конфессионалдык, деспоттук режимдердин кучагында калган көз каранды көркөм өнөр менен адабият жашап калган. Ошон үчүн да «Шах-нама», «Искендер-нама», «Кут алчу билим», Омар Хайям менен Хафиздин протест, бунттук поэзиялары, Жүгнекинин «Акыйкат сыйлары», Кутб Хорезминин «Махабат-нама» поэмасы, гедонистик шарап темасы, төкмө ырчылардын (Кет Бука, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Асан Кайгы) сынчыл-демократтык поэзиясы, Жаминин, Навоинин, Бабурдун гумандуу поэзиялары бүгүнкү күнгө чейин жетип келгендиги бекеринен эмес. Мына ушулардын баары Дантенин «Ажайып комедиясына» (XIV к.) чейин үч-төрт кылым илгери жаралып, дээрлик беш жүз жыл өмүрүн сүргөн. Бул орто түрк доорундагы көркөм чыгармачыл адабият кыргыз адабият таануусунда акындар поэзиясы деген аталыш менен өз ордун тапкан.

Кыргыз адабиятында орто кылымдык акындар поэзиясынын татыктуу орун алышынын өзүнчө тарыхы бар. Акындар поэзиясы маселеси ар кайсы мезгилде чыккан жыйнактарда көтөрүлүп келинген. Бул эмгектерде проблеманын чагылдырылышынын эволюциясы даана байкалат. Маселен, «Кыргыз поэзиясынын антологиясында» (1980) «акын-импровизаторлордун ырчылык искусствосу элдик оозеки эпостон кийинки баскычтагы көркөм кубулуш» катары каралган. Жыйнакта «Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо ж.б. сыяктуу улуу демократ акындардын ырчылык мурастары» жана «Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков, Шамей Токтобаев өңдүү жазгыч эл акындарынын» [6, 13-14-бб.] чыгармалары камтылган. Ага чейинки төкмө да, жазгыч да акындардын чыгармачылыгы жөнүндө кеп жүрбөйт. Бул коллективдүү эмгек К. Артыкбаевдин «кийинки жылдарда биздин адабият таануу илимибизде болсун, тарыхыбызда болсун, кыргыз элинин XIX кылымдагы жана андан мурдагы доорлордогу жазма адабияты жөнүндө анчалык кеп болбой жатат» («Кыргызстан маданияты», 1967, №1) деген айтылуу тарыхый идеологиялык кармашынан бир топ кийин чыкса да калыбынан жазбаган.

Орто кылымдардагы акындар поэзиясы маселесине мамиле кийинки эмгектерде да олуттуу өзгөрүүлөргө учураган эмес. «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (1988) боюнча «акындык поэзия – оозеки эл чыгармачылыгынын, жалпы эле кыргыз поэзиясынын чоң салаасы. … Орто кылымдарда жашап, өздөрү легендага айланган Кет Бука, Ырамандын ырчы уулу, Токтогул ырчы, Асанкайгы өңдүү акындардын аттары аталып, айрым гана чыгармаларынын үлгүлөрү жетти» [7, 8-б.]. Бул фундаменталдуу эмгек акындар поэзиясын беш бөлүмгө ажыратат. Анын «легендарлык акындарына» Жайсаң ырчы, Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы, «төкмө акындарга» XIX-XX кк. ырчылар чыгармачылыгы, «жазгыч акындарга» Тоголок Молдо баштаган жазгыч акындар кирет [7, 11-б.]. Эмгекте XI-XV кк. жазма поэзия жөнүндө маалымат чакталуу гана. Маселен, орток түрк акындары Хожо Ахмат Ясави, Сулайман Бакыргани, Алишер Навои, Эдил жана фарсы акындары Хафиз, Рабгузи, Софи Аллаяр Чыгыш классиктери деп берилет.

КМУУнун автордук коллективи тарабынан жарык көргөн «Кыргыз адабияты: Хрестоматия» (1995) деген жыйнакта Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасынан жана Т. Чороевдин «Махмуд Ибн Хусейин Ал-Кашгари жана анын «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген эмгегинен үзүндүлөр келтирилет. Легендарлык акындар жөнүндө сөз жүрбөйт. Ырчылар чыгармачылыгы Калыгулдан башталат.

1999-ж. «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» боюнча «орто кылымдардагы түрк тилдүү поэзия мазмун, форма, стиль жагынан олуттуу өзгөрүүлөргө учурап, бир (оозеки) абалдан экинчи (жазма) абалга өткөн, айрым үлгүлөрү классикалык деңгээлге жетип, жалпы адамзаттык маданий казынага айланган. …Ошого жараша алардын поэзиясы да өз алдынча тилге, улуттук өң-түскө, айырмалуу белги-сапаттарга ээ болгон. Муну кыргыз поэзиясынын орто кылымдардан берки тарыхы да ырастайт. Ал поэзия XX кылымга «акындар поэзиясы» деген ат менен жетти» [8, 9-б.]. Демек, антологиянын редакциясы жазма да, оозеки да чыгармачылыкты камтыган акындар поэзиясынын башаты орто кылымдарга таандык деп эсептейт. Анда кыргыз акындар поэзиясы XI кылымдагы Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкариден башталары анык. Андан соң суфий акын Кожоакмат Ясави менен дидактикалык поэзиянын чебери Акмат Жүгнекинин чыгармачылыгы (XII к.) келери дайын. Төкмө эр ырчы Кет Букадан (XIII к.), махабат темасын оболоткон Кутб (XIII-XIV кк.) менен ак таңдай Токтогул ырчынын (XIV к.) поэзияларынан соң, ойчул акын Асан Кайгынын (XV к.) чыгармачылыгы турат. «Легендарлык» аталган акындар чыгармачылыгы антологиянын «IX-XVII кылымдардагы кыргыз поэзиясынан» деген V бабында берилет. Бул антология боюнча кыргыз поэзиясынын башаты IX кылымдан деген ой жатат.

Ошентип, жогорудагы ой-тыянактардын негизинде орто кылымдардагы жазма да, оозеки да көркөм чыгармачылык «акындар поэзиясы» деген аталышына толук жооп берет. XI-XV кылымдарда акындар поэзиясы жашап, өнүгүп, чыгармачылык менен алпурушуп келгендиги ырасталат.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Булак: Эшиев А.М. Акындар поэзиясы: эволюциясы, интегративдик тенденциясы; типологиялык процесстер (XI-XV кк.). Бишкек: «Бийиктик», 2010. – 316 б.

Адабияттар:

1. Советская тюркология, 1985, №5.

2. Филологические науки в тюркоязычных республиках в XI пятилетке. Советская тюркология, 1986, №1.

3. Советская тюркология, 1982, №3.

4. Советская тюркология, 1986, №1.

5. Лекции по истории искусства. Ленинград, 1974.

6. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. I том. Фрунзе: «Кыргызстан», 1980.

7. Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Бишкек, 1988.

8. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. I том. Бишкек, 1999.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
261

12-04-2024
Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз
734

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
1026

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
1755

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
1581

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
1421

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
2159

12-06-2023
Кыргыз жазма поэзиясынын башаты
2347

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
88196

03-05-2023
Орхоно-енисейские надписи и эпос «Манас»
3172

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×