Добавить статью
9:23, 12 июня 2023 2346

Кыргыз жазма поэзиясынын башаты

Кыргыз адабияты тарыхында жазма адабият XX кылымдын биринчи чейрегиндеги тунгуч «Эркин тоо» гезитинин биринчи саны менен байланыштырып келинген. Көрүнүктүү чыгыш таануучулар, илимпоздор “рун жазмалары, кыргыздар, силердики, «Кутадгу билиг», «Девони лугат-ат түрк» да силердики” деп келсе да, көпкө чейин тайсалдап, кетенчиктеп келгендигибиз да ырас. Бирок кыргыз элинин байыркы, орто кылымдык жана кийинки чыгармачыл таланттары жазма маданият, жазма адабий-эстетикалык табит XX кылымдын баш ченинде гана жаралат деп күтүп отурбагандай.

Буга жандуу мисал XIX кылымдагы Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындарыбыздын поэтикалык тексттери. Алардын чыгармалары кыргыз салттык поэзия стилинде болуп, 7-8 муундагы ыр саптарынан туруп, обондотуп айтууга ылайыкташкан. Поэтикалык таалим-тарбия берген, мурунку мавлана-муалим жазгыч акындар тууралуу маалыматтар бизде жокко эсе. Канткен ченде да насаатчы-шакирт, адабий поэтикалык салт болуп келгенби деген ой да жаралат. Жазгыч акындар поэзиясы төкмө ырчылар чыгармачылыгы менен мазмундук да, формалык да жагынан үндөшүп турган. Мындай поэзия окулган эмес, ыргактуу келип, обонго салынып ырдалган. Ырдын текстин көркөм окуу кийинки көрүнүш экендиги маалым. Жазгыч акындар поэзиясын башка бир поэзия, маселен, XX к. 20-30-жж. классикалык европалык, россиялык, перс-ирандык поэзиялар менен окшотууга болбос эле. Кала берсе XIX к. “феодал-клерикал адабият” деп таанылган коңшулаш Кокон поэзиясынан да өзгөчөлөнүп турган.

Орто кылымдык таш жазууларынан. «Күлтегиндин урматына жазуулардын», «Тонукөктүн урматына жазуунун», «Билге кагандын урматына жазуунун» жана эпитафиялардын авторлору белгисиз. Бирок текст өзүнөн өзү жазылып калбоосу дайын. Анын автору, балким, коллективдүү авторлору (акын, бедизчи), редакторлору (буюртмачы, аксакалдар кеңеши) да болуусу мүмкүн. Канткен ченде да эки-үчтөн кем эмес чыгармачыл инсандардын автордук катыштыгы бар экендигинен күмөн кылууга болбос, анткени жазуулар, эпитафиялар тарыхый өкүмдар-кагандын, же анын династиялык жан-жөкөрүнүн (тархандын, бойланын) өмүрүн, эрдик жолун баяндаган. Эми ошол текстти салыштырма-тарыхый, салыштырма-тилдик, салыштырма-адабий ыкмаларды колдонуу аркылуу кайсы этноско көбүрөөк тиешелүү экендигин билүүгө мүмкүндүк болгон. Ооба, дал ошол көбүрөөк “кимге тиешелүү” экендигин. Муну жеринде түздөн-түз изилдөөгө алган чыгыш таануучулар (В. Радлов, В. Бартольд, С. Малов) биринин артынан бири апачык эле “кыргыздарга тиешелүү” деп табышты. Кийинки А.Н. Кононов, А.Н. Самойлович, И.В. Стеблева өңдүү чыгыш таануучулар, акын котормочу Н. Гребнев, тарыхчы С.П. Бородин, казак философу А. Касымжанов, азербайжан акыны Ш. Акпер-Заде өңдүү белгилүү замандаштарыбыз кыргыз жазма адабиятынын башаты Орхон-Энесай жазмаларында, XI кылымдагы адабий эстеликтерде деп белгилешти. Демек, аталган еваразиялык көрүнүктүү илимпоздордун, чыгармачыл инсандардын бүтүмүндө кыргыз жазма поэзиясынын башаты VIII кылымга таандык.

Ушул жетиштүүбү? Жетиштүү. Ошону менен бирге бир катар кыргыз интеллектуал инсандары Орхон, Энесай рун эстеликтерин, алардын редакцияланган тексттерин жана орто кылымдык жазма поэзияны салыштырма-адабий изилдөөгө алышкан, илимий, чыгармачыл тыянак чыгарышкан. Маселен, З. Бектенов, Т. Байжиев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, С. Мусаев, Ж. Таштемиров, К. Жусупов, К. Артыкбаев, К. Асаналиев, С. Закиров, А. Эркебаев, А. Акматалиев, Ч. Өмүралиев, Ж. Шериев, Б. Кебекова, А. Абдыразаков, П. Ирисов, Т. Чоротегин өңдүү белгилүү адабиятчылар, илимпоздор орто кылымдардагы поэзиядан түрк тилдүү элдердин, кыргыздардын жашоо образына, менталитетине, маданиятына жана адабиятына мүнөздүү мазмун менен формаларды көрүшөт. Т. Сыдыкбеков Махмуд Кашкаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагында» топтолгон жандуу сөздөр дал бүгүнкү эне тилибиздеги жандуу сөздөрдүн 70-80 пайызы экендигин белгилейт.

Орхон, Энесай стелла таштарына чектелүү гана тексттер баткан. Бирок кыргыздар дал ошол тексттер менен гана чектелип калган, андан чоң көлөмдөгү жана мазмундагы теригеби, жыгачкабы, керамикагабы түшүрүлгөн дагы башка тексттери (расмий, адабий, чарбалык) болбогон деп айтууга эч болбос. Көчмөндүк турмушта мындай адабий мурастарды сактап жүрүүгө мүмкүн болбогон да, бизге таш жазма эстеликтери гана жетип келгендей. Метрикалык ой жүгүртүү мүнөздүү болгон кыргыз элинин таштагы жазуулары да метрикалык форманы сактоосу мүмкүн эле. Байыркы рун тексттеринин авторлору асканын, таштын көлөмү, формасына карай строфалык эреже, форманы карманбай таш поэзиясын жазып келишкендей. Бирок эми жазганыңы окуп берчи деген соболго ырчы автор салттуу обондуу ыргакка (балким, комузда) салып айтып (ырдап) берип турса керек. Анткени рун таш жазууларындагы көпчүлүк ыр саптары төкмөлүк поэзияга мүнөздүү жети-сегиз муундан турган.

Ушуга байланыштуу дагы бир суроо жаралат. Орхон, Энесай таш жазмалары перстик, кытайлык, индилик, гректик, римдик, арабдык тексттер эмес экен. Анда ушундай тарыхый, маданий, адабий зор жазма эстеликтерге ээ кыргыз жана тектеш элдердин жазма поэзиясы болбогон деп кантип бүтүм чыгара алабыз? Эми Жусуп Баласагындын, Махмуд Кашкаринин, Кожоакмат Ясавинин, Акмат Жүгнекинин, Кет Буканын, Токтогул ырчынын, Асан Кайгынын поэзиялары менен байыркы рун тексттериндеги интегративдик көрүнүштөрдү, параллелдерди кантип түшүндүрүүгө болор эле? Орто кылымдык жазма поэзиянын өкүлдөрү Алтай, Энесай, Монголиядагы тексттер менен жеринде тааныш болгон деп ойлоого болбос. Тек бул акын бабаларыбыз да, байыркы рун тексттерин ташка чеккен авторлор (же буюртма бергендер) да элдик оозеки чыгармачылык менен акындык поэзиянын салттуулуктарынан үлгү алышкан деп ойлоого болот.

XI кылымдагы жана андан соңку жазма поэзиядагы абал кандай эле. Тарых барактарында ортоазиялык түрк элдеринин саясий, маданий жана адабий өнүгүүсүнүн токтоп калуусу VIII-X кк. деп көрсөтүлөт. Балким, бул доор чабылып-чачылган теңир-тоолук кыргыздардын маданияты менен адабиятынын өнүгүүсүнүн кетенчиктеген мезгили болуп жүрбөсүн? Күлү көккө сапырылган перс адабиятынан да (Рудакиге чейинки), түрк адабиятынан да («Кутадгу билигге» чейинки) дээрлик эчтемке калбаган болууда. Ошондуктан да илинчек адабий мурасы жок (же чакталуу) чыгаан кыргыз атуулу Баласагындык Жусуп (XI к.) эрдикке тете иш жасаган. Балким, бул инсанда байыркы түрк поэзиясынан аман калган кайсыдыр бир үлгүлөр (поэмабы, ырлар жыйнагыбы) сакталып калган болуусу мүмкүн эле. Ошону менен бирге ага чейинки түрк тилиндеги бир куплет рубаи, төртлүк же бейт ыр саптары азырынча колубузда жок. Бирок андай поэзия болгон эмес деп кесе айтууга болбос. Анткени жашы элүүгө таяп калган Жусуп “кой, эми бир залкар поэма жазып коеюнчу” деп, поэзияга шымаланып киришпеген болуу керек. Ага чейин да аздыр-көптүр касыйда, масневи, газел, ода өңдүү поэзиясы болгон деп ишеним артууга болот. Балким, кээ бири фарсиде кетсе, башка бири «Кутадгу билигдин» тилинде кеткендир.

Дагы бир маселе. Ал кезде кайсы тилде жазуу, же жазбоо чыгармачыл адамдын жеке иши болбогондой. Анткени, хансарай акындарынын титулдук эмири болуп, ошонун уруксаты менен гана каллиграфтарга бир нече нускада көчүрүп чыгууга уруксат берилген. Ошону менен бирге кайсы этностун өкүлү бийликте турган болсо, ошол элдин тилинде жазуу өзүн актаган өңдөнөт. Маселен, саманиддер мезгилинен (IX-X кк.) бир да түрк тилиндеги ырды жолуктурууга мүмкүн эмес. (Эгерде фарсы акыны Минучихри ырында айткан VIII-IX кылымдарда жашап, чыгарма жараткан “Кештик түрк Бу Зарр” деген акынды эске албаганда. Ушул эле Минучихринин поэзиясынан айтылуу Фирдоусинин түркчө ыр жазып, ырдап да жүргөндүгүнөн маалымат алабыз). Ал эми Жусуп Баласагын хасс-хажибдин чыгармачыл мезгили саманиддерден кийинки караханид, газневид, селжукид түрктөрүнүн доору (XI к.) менен дал келет.

X кылымда илимдин тили араб тили болсо, адабий тилдин ролун фарси-дари аткарган. XI кылымдан баштап азыркы Кыргызстандын территориясында фарси-дари менен параллель эле түрк карахандар тили адабий тилдин кызматын аткарып калган. XIII кылымдан соң региондогу түрк поэзиясы чагатай адабий тилине өткөн. Кайсы этникалык бирдикке тиешелүүлүгүнө карабастан акындардын бир катары эки адабий тилде (зуллиснейн) – фарси-дариде, же карахандар (кийин чагатай) тилинде жазышкан. (Аз болсо да араб адабий тилинде поэзия жараткандар болгон). Кыргыз чыгармачыл таланттары да ушул эки адабий тилде поэзиясын жаратып келген деп ишеним артууга болот. Ооба, демейде өз эне тилинде сүйлөп, ырдап келишсе, жазма поэзияга келгенде адабий тилдин салттуулугун сакташкан. Бул кадыресе көрүнүш болгон. Эстеңиз, XIX кылымдагы кыргыз жазгыч акындар чагатай адабий тилинде, кийинкилер айтылуу «Эркин тоого» чейин татар, казак тилдеринде жазып келишкендиги маалым. Эми ошол Молдо Ниязды, же Нурмолдону чагатай дегенге болобу, же Сыдык Карачевди татар, Касым Тыныстановду казак деп атоого болор беле?

Дал мына ушундай лингво-поэтикалык салттык көрүнүш орто кылымдарда да түзүлүп, андагы бир катар кыргыз чыгармачыл инсандарын мына мунусу кыргызга тиешелүү деп таануу өтө мүшкүл иш экендиги жашырын эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, акындардын аты-жөнүнүн аталышы да ошол доордун поэтикалык салттуулугуна негизденген. Маселен, Ал-Фараби, Рудаки, Фирдоуси, Баласагуни, Кашкари, Руми, Гянжеви, Жүгнеки, Ясави, Самарканди, Бакыргани, Сараи, Кутб, Хорезми, Жами, Навои, Оши, Узгенди, Ходженти ж.б. Булар же тахаллус (этнотопоним), же нисба (поэтикалык лакап) болгон. Акындардын энчилүү аттары көмүскөдө калган. Үчүнчүдөн, чыгармалар араб арибинде жазылган. Бул ошол акындын кайсы бир деңгээлде ислам дини, араб маданияты, адабияты, тили менен байланыштыгын ырастаган. Төртүнчүдөн, адабий тилдин ролун негизинен фарси-дари аткарып келген. Түрк тилинде жазган саналуу акындардын поэзиясынан башка чыгармалар дээрлик мына ушул тилде аткарылган. Маселен, XI-XII кк. карахандар мамлекетинин хансарайында Лулуи, Гулаби, Амаку Бухари, Рашиди Самарканди, Али Баниди, Али Сипихри, Жаухири, Али Шатранжи өңдүү акындар поэзиясын фарси-дариде жазышкан. Бирок булардын бүт баарын фарсы, иран-тажик элдеринин өкүлдөрү деп тыянак чыгарууга болбос эле. Анткени, хансарай поэзия чөйрөсүндө эзелтен берки адабий салт боюнча фарси-даридеги чыгармалар колдоого алынган да, түрк тилдүү поэзияга текебердик менен мамиле жасалган. Ошондуктан акындар чыгармаларын аргасыз фарсиде жазууга өтүүсү толук мүмкүн болгон. Балким, түрк темасына көп кайрылган Минучихринин (XI к.) этникалык башаты кандай эле деген суроо да кызыгууну жаратары бышык. Теманын актуалдуулугун поэзиясын эки тилде жараткан кийинки Алишер Навоинин (XV к.) “мен үчүн фарсы тилин үйрөнүү оңойго турган эмес” дегени да ырастап турат. Бешинчиден, ыр формалары фарсы поэзиясында да, түрк поэзиясында да негизинен бирдей болгон. Касыйда, газел, масневи, ода өңдүү поэзияда аруз (мутакариб) ыр системасы басымдуу келген да, алар бейт ыр түзүлүшүндө аткарылган. Маселен, «Шах-наме» менен «Кутадгу билиг» арузда 11 муундан турган ыр саптарында аткарылган. Рубаи (“төртлүк”) (Рудаки, Ибн Сина, Омар Хайям, Жами, Бабур; «Кутадгу билигдеги» 200 рубаи), мурабба (маселен, «Насыяттар жыйнагы»), төрттүктөр (маселен, «Дивандагы» ыр түрмөктөрү 7-8 муундан туруп, силлабикалык метриканы сактаган; «Акыйкат сыйлары») төрт ыр саптарынан турган жана булардын ыр түзүлүшү кыргыз фольклорундагы санат-насыят, терме, арман, кошок жанрларына жакын экендиги айтылып келет.

Эми караңыз, ушундай тарыхый-адабий салттуулукка негизденген орто кылымдык поэзиядан кыргыз этникалык бирдигине тиешелүү чыгармачыл инсанды кантип таап чыгабыз? Маселенин баары мына ушунда. Демек, этникалык, ономастикалык, же адабий тилдик параллелдер дээрлик байкалбайт. Негизги маселе чыгарманын темасында, мазмунунда, сөздүк корунда, ыр формасында, көркөм методунда (стилинде), салттуулугунда болуусу мүмкүн. Балким, мында кыргыз тилинин говорлору, алардын изилденип, сакталуу турган адабий (фольклордук), тилдик (лексикалык, грамматикалык, фонетикалык) материалдары зарыл болуп жүрбөсүн. Бул тарых илиминдеги кыргыз тарыхын “кыргыз” деген этноним аркылуу гана эмес, кыргыздардын курамындагы көптөгөн уруулук аталыштардан издеп табуу өнүмдүү натыйжа алып келет деген идея менен үндөшүп кетет. Ооба, ушундай өзгөчөлүктөрү боюнча акындын кайсы этникалык жамаатка тиешелүү экендигин белгилүү бир деңгээлде идентификациялоого болмок. Ушундан улам байыркы поэзиянын тили азыркы кыргыз тилиндегидей болушу шарт, чыгарманын автору Кыргызстандын территориясында жашаган, же аты-жөнү азыркы кыргыз энчилүү аттарына окшош болушу керек деп эсептесек, кыргыз жазма поэзиясынын тарыхын XIX кылымдан ары бир кадам да жылдыра албайбыз.

Биздин жеке баамыбызда VIII-XV кк. кыргыз акындар поэзиясынын өнүгүү тенденциясы төмөнкүдөй схемада параллель кетүүсү мүмкүн болгон: фольклор – төкмө ырчылар (маселен, эпикалык ырчы-жарчылар Ырамандын Ырчы уулу, эр Ажыбай, эр Алманбет, Молтой) – төкмө поэзиянын жазма формасы (Орхон-Энесай тексттери) – автордук жазма поэзия (XI-XV кк.) – ырчылар чыгармачылыгы (XIII-XV кк., легендарлык-тарыхый).

Ошентип, кыргыз жазма поэзиясынын башаты VIII кылымдагы Орхон, Энесай рун тексттеринде жатат, XI кылымда жазма поэзия өнүгүп, мындай чыгармачыл процесс басыгынан жазбай XV кылымга чейин өкүм сүргөн деп ачык, даана айтууга болот. Ата Мекен тарыхында, кыргыз адабияты тарыхында ушундай жазылса жаңылбайбыз. Биз муну өзүбүз ойлоп тапкан жокпуз, башкага атаандашкан да, жоктон бар кылган да жокпуз – бул биздин басып өткөн тарыхыбыз.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Булак: Эшиев А.М. Акындар поэзиясы: эволюциясы, интегративдик тенденциясы; типологиялык процесстер (XI-XV кк.). Бишкек: «Бийиктик», 2010. – 316 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2024
Первая победа на Алтае в эпосе «Манас»
260

12-04-2024
Манаска чейинки Алтайдагы кыргыз
733

01-03-2024
Красный флаг Кыргыз журту
1025

04-12-2023
Грандиозная тризна в эпосе «Манас»
1754

02-12-2023
«Манас» эпосунун тарыхый орду жана заманбаптыгы
1580

24-11-2023
Токтогул ырчы, Асан Кайгы жана Жаныбек хандар
1420

23-06-2023
Акындар поэзиясы Чыгыш ренессансында (интегративдик тенденциялар)
2157

20-06-2023
Акындар поэзиясы орток түрк адабиятында (абалы)
2394

12-05-2023
Высший воинский титул в эпосе «Манас»
88179

03-05-2023
Орхоно-енисейские надписи и эпос «Манас»
3171

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×