Добавить статью
9:38, 23 мая 2022 3972

Эл өкүлүнө берилүүчү бата

Илгери элдин жүгүн көтөрөм деп, бийликке умтулган талапкерлерге кыраакы кишилер минтип бата беришчү экен:

"Көөдөнүң толо боор болсун!

Жонуң туташ жоор болсун!

Кулагыңан шыбыр кетпесин!

Эшигиңден дүбүр кетпесин!"

Бирок, мындай батаны уккан адам дароо өзүн жогото жаздап, көз алдына кемчиликтери элестетилип, бул батадан качканга шашчу экен. "Бул батада мен эмес, бул батага мен тең эмес!", "Бул ажайып, ыйык, ак тилектин ээси башка. Ээси табылбаса, барып тиет ташка!", "Эгер ээсине жетсе, Аллах кабыл этсе, анда ошол адамдын атагы кылымга кетет" - деп, "Мен өз катамды оңдоюн, батаңызды кайра артка алыңыз!" - деп, бата бергендин бутуна жыгылып, батасын кайра алуусун жалбарып суранышкан. Көрсө, бул "Жети баштуу, жердиги жакшы" деген өтө таасирлүү батанын үзүндүсү турбайбы. Дуба-тилеги кабыл болуучу инсандар бул батаны кимге айтса, бата сураган кишиге өмүр бою элдин жүгү жүктөлүп калмак да, эгер көтөрө албаса, азабын тартмак.

"Эшигиңден дүбүр кетпесин" дегени - "Артыңдан ар дайым адамдар ээрчип калсын" деген мааниде. Сени ээрчиген ар бир адамды кайсы жолго баштасаң да, акыретте ар бири үчүн сурак бересиң. Эгер адаштырсаң, алардын күнөөлөрү да өзүңө жүктөлүшү мүмкүн.

"Кулагыңдан кужур кетпесин" дегени - "Элдин мүдөөсү, элдин үнү эч качан эсиңден чыкпай калсын" дегени. Өмүр бою адамдардын көйгөйлөрүн угуп өтөсүң жана ар бир укканыңды чечип берүүгө милдеттүү болуп каласың. Кулакка жеткен маселелердин бирөө чечилбей калса же бирөө туура эмес чечилсе да ар бирине Кудай астында жооп бересиң.

"Жонуңду айыкпас жоор бассын" дегени - "Элдин жүгү сага жүктөлүп калсын" деген мааниде. Өмүр бою элдин тарткан кыйынчылыгын сен да тартып каласың. Ошондуктан элдин кыйналбай жашоосуна шарт түзүү үчүн өмүрүңдү арнашың керек болот.

"Көөдөнүңө бакас боор толсун" дегени - "Эгем элдин ызаатынан эгерим айырбасын" дегендей мааниде. "Эл ичинде ар бир адам сени таанып, сага ишеним артып калсын" дегендей. Бирок, ар бири ар кандай жамандыктардын да, жакшылыктардын да себептерин сенден көрүп калат. Ар бир жарандын сенден сурак сураганы - бул алардын акысы, алардын укугу. Демек, үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөндөй эле, эл ичиндеги ар бир адамды бир бооруңдай көрүүгө милдеттүү болосуң.

Эгерде мунун барын көтөрө албасаң, "бийликке умтулуу" деген өтө жоопкерчиликтүү, өтө коркунучтуу ниеттин баасын төлөй албай, катуу азабын тартып каласың...

(Бул накыл кептердин өзөгү Р.Бобукеевдин китебинде орун алган)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×