Добавить статью
15:23, 16 марта 2021 6899

Жусуп Абдрахманов — Кыргызстандын биринчи Конституциясын түзүүчүлөрдүн бири

2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республика­сынын президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрах­мановдун туул­ган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда Кеңеш доо­рун­дагы кыргыз мам­лекеттүүлүгүн түзүүгө зор са­лым кошкон, чыгаан мамлекеттик, саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын улуттук масштабда, жогорку деңгээлде майрамдоо, тиеше­лүү иш-чараларды уюштуруу сунуш­тал­ган. Жакын­да, 5-мартта биздин Ош мамлекеттик юридикалык институтунда президенттин жарлы­гы­на ыла­йык «Жусуп Абдрах­­манов жана Кыргызстандын бирин­­чи Конституциясы» - аттуу сту­дент­­тер менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практи­калык кон­фе­­рен­ция өткөрүлдү. Конференцияда Жусуп Абдрахма­нов – Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетин негиз­дөө­­чү­лөр­дүн бири, анын ишмердүүлүгү, көөнөргүс руханий мурастары жана алар­дын азыркылар үчүн маани-маңызы. Кыргызстандын биринчи Конституция­сы: жазылуу жараяны, кабыл алынышы, анын саясий, укуктук жана тары­хый мааниси сыяктуу багыттарда кеңири пикир алмашуу болду. Бул макала, ошол конференцияга сунушталып, зор кызыгууну жана талкууну жараткан или­мий баяндамалардын бири.

Биз тарыхчылар эгемендүүлүк жылдары негизинен, алгачкы Өкмөт баш­чы­быз Жусуп Абдархмановдун саясий, социалдык-экономикалык ишмердүү­лү­гү­нө көбүрөөк көңүл бөлүп, анын кыргыз эли, мамлекети үчүн кылган да­гы бир маанилүү ишмердүүлүгү көмүскөдө калып кеткен. Ал Жусуп Абдрах­ма­нов­дун кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түз­гөн расмий, мый­зам­­дык документтерди иштеп чыгуудагы ишмердүүлүгү. Эң башкысы, ал Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республика­сы­нын тү­зү­лү­шү туу­ралуу Декла­ра­циянын, Кыргыз АССРинин класси­ка­лык бирин­чи Конс­ти­туциясынын долбоор­лорун даярдоо, талкуу­лоо жана кабыл алуусуна, мам­ле­кет­тик мекемелердеги иш кагаздарды улуттук тилге өткөрүү боюнча (коренизации) комиссиянын негизги жоболорун даярдап, кабыл алууда жи­гер­­дүү, иштиктүү жана натыйжалуу катышкан, кыргыз элинин чыгаан уул­дарынын бири.

Мындай ишмердүүлүккө анын ээлеген кызмат орду да түрткү болгону шек-сиз. Жусуп Абдрахманов 23 жашында Туркестан АССРинин БАК Президиу­му­­­­нун мүчөсү, жооптуу катчысы, Кыргыз автономиялуу областынын Рево­лю­­­циялык комитетинин мүчөсү, 24 жашында Кыргыз областтык партиялык бюронун жоопту катчысы, областтык Аткаруу коми­те­­тинин төрагасынын орун басары, 25 жашында Кыргыз ССРинин тү­зү­лү­шү тууралуу Декла­ра­ция­­нын жана биринчи Конституциясынынын долбоорун даярдоо комис­сия­­сы­нын мүчөсү, 26 жашында Кыргыз АССРинин биринчи Өкмөт башчысы – Эл Комисарлар Кеңешинин төрагасы болгон. Мына ушундай расмий кыз­мат­тары Ж.Абдрахмановду Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түзгөн, не­гиз­­ги, укуктук таянычы болгон Баш мыйзамды, бир топ тиешелүү мыйзамдык, актылык документтерди даярдоого түздөн-түз каты­шуу­га, алар­да элдин, улуттун, кыргыз мамлекети­нин кызык­чы­лыгын коргоо милдеткер кылган десек болот.

Биз ошол Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын баардык дол­боор­­­лорунун тексттерин баштан аякка кимдер, качан, кантип даярдаганына байла­ныштуу, көйгөйлүү маселени ар тараптан иликтөөгө алып, аларды так­тап, аныктап чык­тык. Экинчи максатыбыз аталган иштерге ошол кездеги кыр­гыз­дын чыгаан мамлекеттик ишмери Ж.Абдрахмановдун тиешеси бар-жо­гун иликтеп көрдүк. Тилекке каршы, азыркы учурга чейинки тарыхый, укуктук или­мий изил­­дөөлөрдө, Кыр­гызстандын классикалык маани­де­ги би­рин­чи Конс­ти­ту­циясы­нын 1926-1929-жылдары 4 долбоорун даярдап, кыргыз коомчулугунун на­зарына алып чыккан авторлор туу­ралуу маалыматтар юрист­тер арасында да, тарыхчылар ара­сында да дээрлик жокко эсе. Эң бирин­чилерден болуп биз, аспирантым Акбарали кызы Токтобүбү экөөбүз изилдей баш­та­дык.[1]

Макаланы толугу менен бул жерден көчү­рү­п алсаңар болот: документ

Тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору Байболот Абытов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
2559

07-04-2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы
2332

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
4241

07-02-2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)
1889

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
2610

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
3855

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
5221

16-03-2022
Аксы окуясына 20 жыл
5151

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
8144

21-06-2021
Нестандартные, спорные вопросы Великой Отечественной войны
10033

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×