Урматтуу кыргызстандыктар!
Биздин жергебизге коронавирус деген илдет келди. Бул илдет элибизге Ата-мекендик согуштан кийинки эң чоң жоготууларды алып келиши мүмкүн. Ошондуктан сиздерден суранарыбыз, үй-бүлөңүздөр менен үйдө отурууңуздар. Өтө зарыл болгон учурда гана маска кийип көчөгө чыксаңыздар болот. Италия, Иран жана башка мамлекеттерде болуп жаткан катачылыктарды кайталабоону эскертебиз.
Кымбаттуу бизнесмендер жана сатуучулар!
Элибизге келген өтө оор сыноодо сиздерден болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып ар бир жарандын азык-түлүк, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүп, элге кызмат кылууңуздарды суранабыз.
Ардактуу врачтар, окумуштуулар, энергетиктер, коммуналдык чарба кызматкерлери!
Сиздердин элибизге ак дилден үзгүлтүксүз күн-түн бир нече эсе көп кызмат кылар мезгил келди. Эл үчүн ак кызматыңыздар жемишин берерине ишенебиз.
Сиздерге терең ишеним менен,