Добавить статью
2:04 9 Октября 2019

Кыргыз элинин ооз эки чыгармачылыгы жөнүндө эки ооз кеп

Эгер сиз Платондун диалогторуна көз жүгүркөн болсонуз, ал жерден диалогтордун эӊ кызыктуу жерине келгенде үзүлуп калганын көрөсүз, сөз такыр башка нукка бурулуп же такыр эле бүтүп калат. Мунун себебин, мындайча түшүнсө болот. Платон чыныгы философияны ооз эки түрдө гана боло алат деп эсептеген, ал эми жазылган философия философиянын маани-маӊызына доо кетирет деген көз карашта болгон (муну кийинки философтор дагы белгилешкен). А чыныгы философияны Платон өзунун академиясында өзүнө эӊ жакын деп санаган шакирттерине гана оозеки түрдө (көбун эсе суроо-жооп аркылуу, (ошол себептен диалог аталып калган)) сабак өткөн (анткени философия элиталык жана кыйын илим деп эсептелинген («геометр болбосон кирбейсин»)). А Платондун диологтору кантип жазуу түрүндө сакталып калды деген суроо турушу мүмкүн. Негизги текстеринин сакталып калышынын бирден бир себеби, Платондун окуучулары анын оозеки айтып аткан сөздөрүн кагаз бетине (конспект) түшүрүп алышкан. Андан соӊ текст бир калыпка келтирилип азыркы келбетин алган. Демек, Платон азыркы биз сымал отуруп алып текстерин өзү жазган эмес.

Мартин Хайдеггер (ойду жеткируу кыйын болорун сезип турам, ошентсе да аракет кылып көрөйүн) Платондун «идеялар» (теоретизирование) аркылуу дүйнөну таануу концепциясын чанып, дуйнө (вещь) менен тузмө-түз карым карым катнашта гана таану керектигин көрсөту аракетинде болгон (феноменология). Бул жерде Хайдеггер үчүн сөздүн күчү чоӊ мааниге ээ болгон, ошон үчүн бизге эмес, немистердин өздөрү түшүнүүгө кыйын болгон сөздөр менен жазган. Жалгыз гана акындар дуйнө менен аябай жакын (жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт) мамиледе болот жана алар аркылуу биздин жан дүйнөбуз өзүнө (подлинное бытие, собственное) келет деген пикирди карманган (менин бир философ досум айткандай, акындардын жан-дүйнөсүн Гегелдин акыл үстөмдүк философиясы менен «катыртпаш» керек). Ошон үчүн Хайдеггер улуу немис акыны Гелдерлинге кайрылып (язык – дом бытия), анын дүйнөнүү таанууда жана жеткирүүдөгү (толкования, интерпретация) сөз чеберчилиге суктанып (айрыкча байыркы грек дүйнөсүн), өзүнүн философиясын поэзиясын элестете албаган.

Бул кыскача жана ары түшүнүүгө кыйын болгон тест менен эмнени айткым келди. Мен эс тарткандан бери (мектептен баштап, университетке чейин), менин билишимче биздин өлкөдө биздин «профессорлор» тарабынан биздин оозеки чыгармачылыкты фольклордун бир бөлүгү катары карап келишет (сугубо сциентистский подход) (ал тургай «Манас» эпосун дагы ушул сапка жазышат). Мындай каралышынын себеби дагы түшүнүктүү болду, бирок ага азыр токтолуунун кажети жок деп ойлойм. Оозеки чыгармачылыкты фольклордук көз карашта кароо менен бирге, биз анын кунун бир кыйла түшүрүп жана аны изилдөөдө өтө кууш жолду тандап алабыз, бул негизинен менин оюмча туура эмес. Эгер сөзгө маани бере турган болсоӊуз, бизде «айтылуу» деген сөздү көп колдонушат, мисалы: «айтылуу Токтогул», же «айтылуу Барпы» деп, бул биздин (коллективный бессознательное, архетип (К. Г. Юнг)) аӊ сезимибиздин түпкүрүндө оозеки маданият калыптанганынын бир белгиси. Чымынды маӊдайыбызга коюп алып бул аары деп изилдөөгө болбогон сыӊары, оозеки чыгармачылыкты изилдөөдө да методология жактан дыкат болуу керек чыгар.

Ошондуктан ооз эки чыгармачылыкты («ооз эки» деген сөздүн өзү эле көп нерсени айтып жаткандай өӊдөнөт (философия языка)) чануу менен бирге биз өзүбүздүн уюткубузду (собственное, Хайдеггердин термини) издөөдө тунгуюк жолду тандап алып, колубуз кыска болуп аткандай шекилдүү.

Ошондуктан, биздин «профессорлорго» жооп иретинде ушул багытта татыктуу илимий-философиялык эмгек жаратуу вазийпасы тургандай.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×