Добавить статью
17:34 20 Июля 2020 3408

Жангороз Каниметовдун элесине: «Жакшы» деген сөз жакшы жарашчу...

Жангороз Каниметов
Жангороз Каниметов

Кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири, белгилүү коомдук ишмер, көрүнүктүү окумуштуу, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Жангороз Каниметовдун көзү өтүп кетти.

Көзү өткөн адамга арналган аза күтүү митингдерде: “Шум ажал арабыздан жулуп кетти...” – деп көп айтылат. Анча маани деле берчү эмесмин. Бүгүн түшүндүм. Жөн эле акырын “алып кетти”, “жетелеп кетти” эмес, “жулуп кетти”. Мыктыларын, акылдууларын, алдыда жүргөндөрүн ушинтип, күтүүсүздөн шак “жулуп кетет” экен да. Ден соолугу начар болсо, ооруп жүрсө да бир жөн эле. Жетимишке жаңы чыкса да дене-бою чымыр, ыкчам, шайдоот, жан дүйнөсү да, өзү да сулуу киши эле. Кыргыздар “түзү ийгиден түнүлбө” деп бекер айткан эмес.

Адамды жерге коюп жатканда молдокелер “кандай адам эле” деп сурайт. Ж. Каниметовду билгендер “жакшы адам эле, жакшы мугалим, жакшы окумуштуу эле” деп айтабыз. “Жакшы” деген сыпаттама сөз профессор Каниметовго жакшы жарашчу.

Мен ар дайым бул адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгына, акылынын тунуктугуна, жигиттигине суктанчу элем. Бир жагынан эрктүү, күчтүү, кескин, курч, экинчи жагынан, жаш баладай жароокер, назик, боорукер эле. Мындай адамдарды кыргыздар: “Оозун ачса, жүрөгү көрүнүп турат” – деп коюшат. Мен өз тагдырымда ушундай адамга жолугуп, мамиле кылып, уулдарынын бирине өкүл ата болгонума ар дайым сыймыктанчумун, мындан ары да сыймыктана берем.

Мен билгенден Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болду. Эки чакырылышта билим берүү, илим, маданият комитетин башкарды. Ошол кезде Ж.Каниметов иштеп чыккан мыйзамдар азыркы билим берүүбүздүн уюткусун түзүп турат. Муну баса белгилеш керек. 2003-жылы кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын автору да Ж.Каниметов. Канча жыл өттү. Ал мыйзам азыр да жакшынакай иштеп жатат. Ага карата ушунча жылдан бери бир дагы олуттуу доомат уга элекмин. Демек, аябай терең ойлонулган, келечекке багытталган мыйзам. Бөлөгүн айтпай эле коёюн, биз эми араң жаңыдан киргизип жаткан “аккредитация процесси” ошондо эле бул мыйзамда камтылган экен.

Жангороз Каниметович коомдук ишмер, мыйзам чыгаруучу гана эмес, белгилүү педагог, окумуштуу катары да таанымал.

Бир аз убакыт өтүп, ой-сезимибиз ызадан бир аз арылгандан кийин бул адам жөнүндө кеңири сөз кыларбыз. Бирок бир чындыкты баса белгилегим келет. Кайда болбосун, кайсы кызматта жүрбөсүн Жангороз Каниметовичтин ишмердүүлүгү билим берүү маселелери менен тыгыз байланыштуу болду. Ал жөнөкөй айылдык мектептин мугалимдигинен баштап, райондук, областык билим берүү уюмдарын башкарып, кийин Билим берүү министрлигинин жетекчилеринин бири болуп иштеп, парламентте негизинен билим берүү маселелери боюнча мыйзамдарды токуп, акыркы жылдары өз төркүнү болгон билим берүүгө, тактап айтканда, жогорку билим берүүгө кайтып келген. Ал дайыма сыймыктануу менен: “Мен мугалиммин” – деп айтчу. Мугалимдин кадырын көтөрүү, ага татыктуу мамиле жасоо багытында бир топ аракеттерди жасап жаткан. Парламенттен кеткенден кийин ал толугу менен илим, билим берүү чөйрөсүнө өтүп, бир топ монографияларды, окуу-методикалык куралдарды жазды, бир катар илимдин кандидаттарын тарбиялады.

Дагы бир арман – быйыл жаңыдан 70 жашка чыгып, биз, тилектеш, жакын адамдары бир топ юбилейлик иш-чараларды, өзүнүн каршы болгонуна карабай, даярдап жаттык эле. Эң негизгиси илимий конференция өткөрмөкпүз, программа, кинотасма, чакыруулар даярдалган.

Өзү көптөн бери иштеп жүргөн, эскерүүлөрүнөн, ой-толгоолорунан, илимий макаларынан турган чоң эмгегинин кол жазмасы даяр болгон. Мен окуп чыгып абдан ыраазы болуп, эң бийик баа бергем. Укмуш китеп.

Жангороз Каниметович бул чоң иш-чараларды БГУдан өткөргөнгө макул болгон. Мени өзү юбилейлик иш-чаралардын төрагасы кылып дайындаган. Анын үстүнө 65-жылдык юбилейинде да мен конференцияда модератор болгом. Айтор, баары жашынакай келе жаткан. Ортодон пандемия кырсыгы чыга калды. Баардык ишти күзгө калтырганбыз. Эми минтип ойго келбеген кырсык болуп кетти.

Айла жок, болоор иш болду. Бирок биз, анын ниеттештери, кесиптештери, жакындары, жөн эле ыйлап-сыктоо, арман айтуу менен эле чектелгенибиз туура эмес.

Жангороз Каниметовичтин көзү өтсө да, биздин, аны билгендердин, сыйлагандардын, жүрөгүндө, эс-тутумунда, эмгектеринде анын экинчи өмүрү улана берет.

Кудай буюрса, өзүнүн көзү жок болсо да, бардык пландаштырган иш-чараларды, анын ичинде илимий конференцияны, күзүндө өткөрөбүз. Даярдаган китебин жарыкка чыгарабыз. Бул китеп эл-журтка, өзгөчө, билим берүү тармагына абдан керек. Жылына Каниметовдук педагогикалык окууларды өткөрүп турабыз. Жангороз Каниметовду көргөн, билген, сыйлаган адамдар турганда анын жарык элеси өчпөйт.

Кыргыздар канчалык кыйналып турса да, сурасан “жакшы” деп жооп берет. Муну “жакшы тилек, жарым ырыс” дейт, “элди эл кылган уютку тилек” дейт.

Жангороз Каниметов ушундай жакшы адам эле. Бир кишини жамандаганын, бир киши аны жамандаганын ушул убакка чейин укканым жок. Дайыма жакшылыкты издеген, жакшылыкты тилеген адам эле. Ушул улуу адамдан үлгү алып, жакшылыкты оозанып, жакшылыкты тилейличи. “Кудай тилегенинди берет” деп бекер айтылган эмес да.

Абдылда Мусаев,
профессор.

абдылда мусаев, жангороз каниметов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-04-2020
COVID-19: Образование проходит испытание на прочность
6072

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×