Добавить статью
10:15, 28 февраля 2018 64614

Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (2-макала)

Автор: КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Кененсариев Ташманбет (E-mail: t.kenensariev@gmail.com)

НҮСҮП МИҢБАШЫ: МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР ЖАНА ТАРЫХЫЙ ИНСАН

2-макала (1-макала бул шилтемеде, 3-макала бул шилтемеде)

Нүсүп хандыктагы кыргыз кошуунуна кол башчы

Элчилик сапардан ийгиликтүү кайткан Нүсүптү Мадали хан бүткүл Кокон армиясындагы кыргыздардын кошуунуна аскер башчы кылып дайындайт. Жаңы кызматка көтөрүлгөн Нүсүп аймактардагы аскердик абалды билүү максатында Чаткал, Наманган, Анжиян тараптарды кыдырып чыккан.

Мадали хан 1832-жылы Нүсүп паңсатты Ысык-Көл боюндагы Каракол чеп-калаасын куруу үчүн жиберилгендиги да маанилүү. Сепил курулгандан кийин анын айланасына жергиликтүү кыргыздар көчүрүлүп келип, жайгаштырылат. Жергиликтүү элдин кол кабыш көрсөтүүсү менен Нүсүп баштаган кокондук аскер бөлүкчөлөрү тез аранын ичинде эле шаардын курулушун ийгиликтүү аякташат. Шаарга эң биринчи базар, мечит жана чакан дүкөндөр салынат. Натыйжада, Нүсүп Кара-Кол калаасында бир жылдан ашык убакыт жүрүп, калаанын чыңдалышына өзүнүн салымын кошот. «Кокондон - калаага лашкер жиберилмейинче, өз бөлүктөрүңүз менен ошол жерде болуңуз» – деген буйрукту алган соң, Нүсүп үй-бүлөсүн да көчүрүп барууга мажбур болгон. Бир жыл Каракол калаасын чыңдоого аракет жасаган Нүсүп Кокондон лашкер келери менен ордого кайтып, кайрадан аскердик кызмат өтөөгө буйрук алат[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 114-120-бб.].

Нүсүп Кокон хандыгынын ичиндеги жана анын жака-белиндеги түрдүү опурталдуу окуяларды оперативдүү чечүүгө дайыма башчылык кылып келген. Маселен, 1834-жылы жазга маал Оро-Төбөдө кайрадан козголоң башталганда Мадали хан өзү Кокон армиясын баштап Оро-Төбөгө аттанган. Кан төгүүнү каалабаган Мадали хан, бир аз сүйлөшүүлөрдөн соң, оро-төбөлүк козголоңчуларга жекеме-жеке эр сайышта кайсы тараптын баатыры жеңсе, жеңиш ошол тараптыкы болсун деген сунуш киргизет, ага жергиликтүүлөр макул болушат. Бул кармашка бир канча талапкерлер каралып, Хаккулу Нүсүп паңсатты сунуштаган. Нүсүп ошол кезде туптуура 40тын кырында, баатырдыгы жана балбандыгы менен бүтүндөй Кокон хандыгына таанылган алп болучу. Шартка ылайык, жекеме-жеке таймашуу башталат. Баатырлар ат үстүндө найза сайышуудан баштап, кылыч чабышууга өтүшөт. Найза, кылычтарын сындырышкан баатырлар жеке күрөшкө түшөт. Бул окуяны баяндаган Таджир аттуу жергиликтүү автор Нүсүп паңсаттын чапчандык кылып, күрөшкөн жоосун жеңгендигин эскерет [Таджир Гараиб-и сипахтын кол жазмасындагы бул маалымат Ж.Алымбаевдин “Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы (Б., 2015) ” деген китебинин 132-бетинен алынды]. Нүсүптүн жеңишинен соң, шартка ылайык Оро-Төбө Кокон бийлигин таанып, баш ийүүгө туура келген.

Оро-Төбө алынаары менен Нүсүп паңсат Кокондон Каратегинге жөнөтүлөт. Анткени, Мадали хандын убагында эле каратылып алынган Каратегин көп өтпөй Ооганстанга таянып, Кокон бийликтерин тана баштаган болучу. Каратегинге 1834-жылы кирип барган Нүсүптүн эки айга созулган согушунан кийин, бул аймак Кокон хандыгынын бийлигин кайрадан тааныган. Оро-Төбө жана Каратегиндеги кызматынан кийин Нүсүп Каратегинге акимдикке дайындалат. Өз милдетин аткарууга киришкен Нүсүп, аймактагы абал менен таанышып, өзүнө караштуу жерлерге көзөмөл иштерин күчөтө баштаган. Аскер иштери менен да алек болуп, сарбаздардын жана калктын турмуш абалын жеңилдетүүгө аракеттенип, алардын арыз-муңун териштирүүгө киришет[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 134-б.].

Нүсүп эл арасында

Мадали хандын учурунда Нүсүп аскердик гана милдеттерди аткарбастан, эл башкарып бий кызматын да аркалаган. Мисалы, 1840-жылга чейинки мезгилде Нүсүп Таласка таякелерине көп келип, алардын аш-тойлоруна катышып, байге алып элге таанылган. Таластагы саруунун баркы уругунун белгилүү бийи Жанболоттун айылында жашаган Шералынын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болгон.

1830-жылдардын экинчи жарымындагы эл аралык мамилелердин туруктуураак мезгилинде, ордодогу бейкуттуктан пайдаланып, аксылык, таластык туугандарынын арасында болуу максаты менен Нүсүп Мадали ханга жолугуп, атасы Эсенбай Аксыда тургандыгы үчүн, Таластын бийлигин сураган делет эл оозундагы санжыраларда. Нүсүптү жакындан билген хан, анын өтүнүчүн орундатып, мөөр жасатып, Таласты башкарууга макулдугун берип, аны коштоп баруу үчүн бир топ аскер бөлүп берген экен. Ошентип, Авлетимдик Бөрүкүл Акулов аттуу карыянын айтуусунда Нүсүп таластын бийи болуп кызмат аткара баштаган [Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 135-б. ].

Ушул жерде Нүсүптүн эмне үчүн Талас жергесине ыктап, жашоого аракеттендигинин түпкү себебин аңдап карап, Таластын Эчкили тоосунун этегиндеги Нылды өзөнүндө жашап жаткан Шералынын үй-бүлөсү, анын таластык баркы уругуна болгон туугандык тийешеси кандай болгондугуна, Чот уулу Асперди даткага жана кокон хандары менен байланышып келген таластык төбөлдөргө токтоло кетүү оң.

Тарыхый экскурс: XVIII кылымдын аягы

Саруулардын баркы тобунун таласта жашаган белгилүү бийи Чот баатырдын Умсунай деген кызы 1770-1798-жылдары бийлик кылган Кокон ханы Нарботонун (өз аты Абдул Хамид) бир тууган иниси Кажы бийдин аялы болгон. Нарбото хан болуп турган жылдарда Кажы бий Аксы, Ала-Бука, Чаткал тараптардагы кыргыздардын арасында жашап, кадыр-барктуу күйөө бала гана болбостон, бийлик да жүргүзүп турган. Маселен, ХVIII кылымдын акыр ченинде Кажы бий Наманган вилайетине бектик кылган. 1798-жылы жылы агасы Нарбото өлгөн. Салт боюнча хан тактысы иниси Кажы бийге тиймек. Бирок, Нарботонун тун уулу Алим бий бийликти узурпациялап алгандыгы белгилүү [Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы//Тарыхты сүйүүчүлөрдүн китеп текчесине.—Ош: ОшМУ,1997, 20-б.].

Ордого агасынын ашына келген Кажы бийди Алим тымызын өлтүртүп салган. Бул окуянын кайсыл жылы болгондугу так эмес (1799-1800-жж.). Ошондон кийин Кажы бийдин аялы Умсунай 3 баласы менен жесир калып, кыйын тагдырга туш болгон. Алимдин Кажы бийдин үй-бүлөсүн да өлтүрүп коюу мүмкүнчүлүгүн сезген, ал мезгилде ордодо кызмат өтөп жүргөн таластагы баркылардын Чот баатырынын уулу Асперди эжеси Умсунайды балдары менен ордодон качууну уюштургандардын бири болгон. Түн ичинде төртөөнө паранжы кийгизип, Кокондун тар көчөлөрү менен жигитердин коштоосунда шаардан чыгарып кетишкен [Абасбеков А.Т., Молдокасымов К.С. Кыргыз айымдары тарых таразасында. XIX кылым) – Б., 2004.–19-б; Рахманкулов М. Коконду башкарган хандар, Таластан чыккан даткалар. Б., 2012. –33–б.].

Саруулар “хан тагасы”...

Балдарынын тагдырынан корккон Умсунай үч уулунун улуураак экөөсүн: 16 жаштагы Улугбекти жана 14 жашар Шералыны ишенимдүү бир жигитке кошуп, Аксы тарапка качырган. Ал жигит Эсенбай бийдин кайниси Назарбек сакоо болушу мүмкүн деп божомолдонот. Умсунай кичүү уулу Бекоглу экөө Кокондун атрабында бир жерде жашырынышкан. Улугбек менен Шералы кыйынчылыктар менен качып бара жатышып, жолдо бир эски күмбөздө түнөшкөндүгү, Улукбек бир мазардагы эски күмбөздүн көлөкөсүндө китеп окуп олтурганда күмбөздүн эскилиги жеткен дубалы урап кетип, өспүрүм көз жумгандыгы жергиликтүү булактарда айтылып калгандыгын орус окумуштуусу В.Наливкин белгилеп кетет [Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886,-78-б.]

Тирүү калган 14 жашар Шералыны атка өңөрүп, Аксылык кырк уул уруусунун бийи Эсенбайдын кайниси Мухаммед Назарбек сакоо Авлетимге алып келгенде Эсен¬бай датка, “Баланын бул жерде турганы кооптуу, бул жакка ордодогулар¬дан көп катташат, Таласка ашырып жиберсек, ал жак¬ка кокондогулардын колдо¬ру жетпейт” деп Таласка, өзүнүн таякелерине алып барып тапшырган. Назарбек “сакоонун” жездеси Эсенбай даткага Шералыны алып баргандыгы туурасындагы маалымат Жунайид Аваз Мухаммад молдонун кол жазмасында да эскерилет. Эсенбай датка Таластын Күмүштак жайлоосунда жайлап жаткан таякелеринин аттуу-баштуу бирөөсүнүн (“Базар баатыр”) үйүнө келип түшөт [Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 179-191-бб]. Тактай кетчү нерсе, Эсенбайдын апасы Канымжан Таластык саруу кызы болгон. Ал эми Эсенбай бийдин таякесинин ысмы булактарда так эмес. Ошол эле учурда Эсенбай Шералыны алып барган айыл Жанболот баатырдын айылы болушу да мүмкүн. Анткени, Эсенбай бийдин аялы Нарбү Жанболоттун карындашы болгон.

Шералы Кажы бий уулу жана таластык саруулар

Шералы алгач Жанболот бийдин үйүндө жүрүп эресеге жеткен. Белгилүү тарыхчы А. Хасанов: «...Шералы Таластын Коен-Токой деген жеринде (азыркы Ленинполь району) бир нече жыл бою Жанболот аттуу бийдин карамагында жашап турганын» жазып кеткен [Хасанов А. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства.– М., 1977.–19-б.].

Шералынын Таласта жашашынын дагы бир негизи, апасы Умсунайдын Кокон ордосунда кызмат кылып жүргөн иниси Аспердинин туугандарынын ал аймактагы аброю да болгон. Демек, жаш Шералы таякелеринин камкордугуна баш-баанек кылган. Бул жерде көркөм чыгармаларда Ажы бий, Ажыбай аталып келген Асперди датка жөнүндө кыскача айта кетүү оң.

Таластагы саруулардын баркы уругунун насили Аспердинин атасы (1780-1864) саруунун белгилүү инсаны Чот баатыр болгон. Шералынын апасы Умсунай Чоттун улуу кызы эле. Асперди атасы Чоттун нускоосу менен жашында Кокондо медреседе окуган экен. Мүмкүн Түмкатар деген медреседе болуу керек. Эр жигит курагынан эле Кокондо аскердик, ордодогу иш-башкаруучу кызматтарын аркалап келген. Аспердинин Шапак, Андаш деген уулдары, Зыйнат аттуу кызы болгон. Кызы Зыйнатты эркек сыяктуу чыйрак тарбиялап, аны ордодо кызмат кылып жүргөн мезгилде жанында ала жүргөндүгү маалым.

1819-20-жылдары Асперди Меккеге ажылыкка барган. 1826-жылы Мадалиден “датка” наамын алган. Ошондон баштап Ажы-бий, Ажы-датка деп атала баштаган. Ошондуктан Эл жазуучусу Т.Касымбеков китебинде “Ажыбай датка” деп берип, бул маалымат кийинки көп изилдөөчүлөрдү адаштырып жүргөндүгүн белгилей кетүү абзел. Өзү Кокондо жашаса да Таласта таасири күч Асперди гана эжесин жана Кокон хандарынын ханзадасын сактап калуусу мүмкүн эле. Эсенбай бийдин муну даана түшүнгөндүгү так көрүнүп турат.

Мына ушундай таякелери тургундаган Таласка 1800-01-жылдары качып келип, баш калкалаган Шералы эр ортону жашына келгенче ошол жакта жашагандыгы маалым. Шералынын эр жетишине, үйлөнүп, балалуу-чакалуу болушуна таластык баркылардын ичиндеги Аспердинин туугандарынан Жанболот бийдин ролу чоң. Жанболот тээ Баркы бийдин кичүү уулу Жабайдын урпагы болучу. Баркы бийдин бир уулу Андабайдан Нияз, андан Бүргө, андан Чот баатыр болсо, Баркы бийдин кичүү уулу Жабайдан Коңгайты, андан Кызыроо. Кызыроонун экинчи аялынан Бостон. Бостондон Жанболот бий туулган.

Кокон ордосу Шералыны унуткан эмес

Таластагы Шералы менен байланыш Омор хандын мезгилинде башталган. Шералыга камкордук Омордун аялы Моклар айым тарабынан көтөрүлүп, аны кубаттаган Омор хан Кокондон Назарбек сакоо баштаган чакан кербенди Таласка аттанткан. Хандын белек-бечкегинен сырткары, кербен менен Салим аттуу молдо кошо барган. Салим молдо Шералынын кат-сабатын жоюуга киришкен. Демек, Шералыны хан болгонго чейин эле сабаттуу адам катары кароого болот[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, -179-191-бб.].

Шералы Мадали хандын тушунда да ордонун көңүлүндө болуп, Аспердинин, кийин Нүсүптүн жардамы аркылуу Кокон менен байланышта болгондугун боолголоого болот. Анын үстүнө Омор хандан баштап, кийинки ордо билермандары Алтын-Бешиктин дагы бир урпагынын Талас жергесинде жашап жаткандыгынан кабардар болуп турушкан. Орус окумуштуусу В.Наливкин: “...намангандык, чусттук кыргыздар 35 жылга жакын Таласта жашап жаткан ... Шералы менен тыгыз байланышта болушкан” - деп жазган [Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886.-146-б.].

Шералынын сүйүүсү жана Нүсүп

Шералы 25терден ашып кер мурут жигит болгон чакта ага таластык багыштардын Бекболот бийинин кызы Сонону алып беришет. Шералы алгачкы жылдары андан балалуу болбой жүрөт. Бир нече жыл өткөн соң, жайлоодо аксылык баркылардын Токтоназар бийинин кызы Жаркынды көрүп, ага ашык болуп, ал дартын жакын санаалашы Нүсүпкө айтат. Бул жерде аксылыктар менен таластыктардын жайлоосу бир болгондугун эскерте кетүү зарыл. Нүсүптүп апасы таластык баргылардын бийи Бостондун кызы Нарбү экендигин дагы бир жолу эскерте кетели. Демек, Нарбү Бостондун уулу Жанболот бийдин карындашы болгон. Эсенбай бий Аксынын Авлетимин жердеп, Токтоназар бий чыккан жайлоолордо бирге жайлаган. Беш-Таш, Ат-Ойнок ашып, таластык саруулар да Муз-Төр, Өкүн жайлоолоруна конушкан. Ошондуктан Шералы менен Нүсүп жаш кезинен эле бири-бирин таанып, Нүсүп Шералыдан бир канча кичүү болсо да алар курбалдаштар катары жакын болушкан.

Элдик санжырада Шералы Жаркын сулууну жактырып, аны көрүп, сүйлөшүү үчүн эки жолу Аксыга келгендиги айтылып калган. Атүгүл, Жаркынга ашык болгондугу жөнүндө ыр жазгандыгы уламыш катары берилет. Ал ыр Жаркындын туугандырынын урпактарынын эсебинен ушул күнгө чейин сакталып калган. Ырдын төркүнүнө келсек, Токтоназардын уулу Кедейбай датканын перзенти Дөөлөтаалы болуш жөнүндөгү кол жазма дептердин 37-бетинде Шералынын Жаркынга арнаган ыры жазылып турат. Анда:

«Улуу тоодо улар бар,

Уйкулуу көздө кумар бар.

Унутуп койсоң сен мени,

Үстүбүздө Кудай бар.

Кыштообуз башы Кырташтан,

Кыргыйек учат бир баштан.

Кызыл көйнөк, кымча бел,

Сен кыйкырсам кеттиң укпастан.

Жайлоонун башы Жар-Таштан,

Жагалмай учат бир баштан.

Жашыл көйнөк, узун чач,

Сен жалынсам кеттиң укпастан»...

Бул ырды сактаган Дөөлөтаалынын небереси Ныязаалы уулу Жамшитбек карыя болуп саналат [Калбаев А. Аксы жерим алтын бешигим.-Б.,2012, 35-б.]. Ал киши Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Топ-Жаңак кыштагында жашап жүрүп, 2011-жылы 13-июль күнү өттү.

Нүсүп Шералынын суроосун канааттандырып, атасы Эсенбайга айткандан кийин ал Токтоназарга жуучу болуп барган. Токтоназардын улуу уулу Кедейбай ал кезде Намангандын беги кызматын аркалап турган болучу. Токтоназар бий Кыз-Раватка өзү баш болуп, уулу Кедейбай, ордодо кызмат өтөп, эл-журтка тааныла баштаган Нүсүп менен бирге келип, 18-19дагы кызы Жаркынды көндүрүп, 34-35 жаштагы Шера¬лыга турмушка чыгарган. Элдик айтымдарда Наманганда, дагы бир маалымат булагында Гава-Сайдагы Токтоназар бийдин чарбагында бир жума оюн-шоок менен той берип, Жаркынды Шералыга узатышкан делет [Калбаев А. Аксы жерим алтын бешигим.-Б.,2012, 35-б.]. Бул тойго Нүсүп бий да катышкан. [Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы, Б., 2015,-208-б.]. Окуя 1820-21-жылдары болгон деп болжолдоого мүмкүн.

Шералынын жай турмушу жана Нүсүп

Шералы Жаркынга үйлөнгөндөн кийин алгач жашаган жери Таластагы Эчкили тоосунун этегиндеги Нылды өрөөнүндө болгон. Кийин Жанболот бий Шералыны үй-бүлөсү менен Сары-Куурайга же Койон-Токойго көчүрүп келген. Нылдынын этегинен сугат жер бөлүп берген. Ошентип, Шералы 1842-жылга чейин азыркы Өзгөрүш, Кең-Арал айылдарынын аймактарында шалы айдап, дыйканчылык, малчылык менен жөнөкөй турмушта жашаган. [Жолдошев Н.Ж., Назарбеков Т.К. Баркы: санжыра жана тарых.-Б.: Турар, 2017, 146-б.].

Шералы Жаркынга үйлөнгөндөн кийин деле балалуу болбой жүргөндүктөн Сарымсак аттуу баланы багып алган деп айтылат санжыраларда. Экинчи бир булакта ырымдап багып алган баланын аты Өмүр болгон делет. [Жолдошев Н.Ж., Назарбеков Т.К. Баркы: санжыра жана тарых.-Б.: Турар, 2017, 146-б.]. Ырым кылганы кабыл болгондой көп өтпөй Шералы улуу аялынан Малабек, Сопубек, Аптап, Махляр деген уул-кыздарды, ал эми Жаркындан Сарымсак, Кудаяр, Султанмурат, Нарчучук, Айжан айым, Саадатчучук деген уул-кыздарды көргөн. (Зиябидин Мазуми. Фаргана хандарынын...-135, 195,201-бб.). Аталган балдарынын баары эле Таласта туулган.

Шералынын, анын үй-бүлөсүнүн жашоосу, перзенттеринин туулушу Нүсүптүн көз алдында болгон. Нүсүп Шералынын үй-бүлөсү менен тыгыз катышып, ордодогу жаңылыктарды да жеткирип турган. Шералы менен Нүсүптүн Кокон ордосунун абалы, анын келечек тагдыры боюнча далай кеп кылгандыгынан күмөн саноого болбойт.

Нүсүп кайрадан саясий жоопкерчиликте

Эл арасында болуп, жөнөкөй кыргыздын көнүмүш турмушу менен узак убакыт жашоону Нүсүпкө тагдыр буюрган жок. 1841-жылы Мадали хан Нүсүптү ордого чакырып, кайрадан жаңы тапшырма жүктөйт. «Мамлекетибиздин түштүк жагында жайгашкан: Рушан, Шугнан, Бадахшан аймактарында абал жакшы эмес, коңшулаш мамлекеттер менен алака түзүп, чек араларды бекемдеңиз», -деп буйрук берет жана ал жерлерде тартип орнотуу үчүн чоң укуктарды ыйгарат. Хан буйругунан соң, Нүсүп 500 аскери менен Сох аркылуу хандыктын түштүк вилайеттерине жол тартат. Бул жолу да хандын көрсөтмөсү өз учурунда аткарылат.

Кокон ордосундагы 1840-жылдагы саясий кризис

1840-жылдарынын башында Кокон ордосу Мадали хандын жеке кызыкчылыктарына негизделген жүрүм-турумуна байланыштуу саясий кризиске учурагандыгы тарыхтан белгилүү. Орус окумуштуусу Н. Петровский: “Мадали хан мамлекеттик иштерден оолак болуп, өз “гареминен” чыкпастан, шарап ичүү менен күн өткөргөн” десе [Петровский Н.Очерки Кокандского ханства// Вестник Европы, 1875. – №10. – 736-б.], Зиябидин Магзуни: “Саид Мухаммад Алихан (Мадали хан) оюн-зоок, таң-тамашага берилип, өз жыргалчылыгын гана ойлоп калды. Атасы кашыктап жыйнаган казынаны чөмүчтөп чачты. Ыр-кесе уюштуруп, тамашага батууну адатка айлантты. Ал үнү келишкен ырчыларды чогултуп, ырларына кумарланып, өзү шараптан жутуп коюп, жамбаштап жатчу болду. Оюнга түшкөндөрдүн, ырдагандардын өзүнө жаккандарына тилла, күмүш тартуулачу”, деп белгилеген [Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007, –50-б.]. Орус чиновниги жана окумуштуусу В. Наливкин: «Бул бала, ыгы жок эрке, мүнөзү чыр, каардуу, ыймансыз, кераяк жана катын жандуу адам эле”, өз “гареминдеги сулууларга убактысын кетирген хан, өз атасы Омордун жаш сулуу аялына (өгөй апасына) ашык боло баштаган” деп белгилеп кеткен.[Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886,–122-б.]. Ал сулуу аял ошо кездеги Борбордук Азиядагы сулуулуктун эталону катары Айчучук айым болучу.

Мадали менен жаш сулуунун ортосундагы ынактык Омор хандын тирүү кезинде эле башталгандыгы тарыхый маалыматтардан белгилүү. Ооруп каза болгон Омордон кийин Мадали турмуш куруу максатын көздөп, сулууга үйлөнүүнүн шарият боюнча жолун издей баштаган. Уламалар хан каалагандай жооп таба албагандан кийин Мадали: “Ага үйлөнүүгө жол тапкыла!. Антпесеңер баарыңардын башыңарды алам!”,- деп буйрук берген деп белгилейт ошол замандын изилдөөчүлөрү. [Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007, –51-б.]. Баары бир Мадали зордук менен уламалардан чечим кабыл алдырып, ага өз мөөрүн басып, өгөй энесине үйлөнгөндүгүн изилдөөчүлөр белгилеп кетишет [Бабаджанов Б.М. Кокандская ханство: власть, политика, религия. –Токио–Ташкент, 2010.–581-82-бб.]. 1841-жылы ордодогу бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргүсүп, Ташкентте, Бухарада жана Шахрисябзда эмиграцияда жүргөн оппозиционер жамааттардын Мадали хандын жоругуна нааразы болгон тобу «Мадали хан өз энесине үйлөндү, шариятыбызды жана мамлекетибизди динсиз хандан куткарыңыз” деген өтүнүч менен Бухара эмирине кайрылышкан. Ошентип, Коконду басып алууну мурунтан эле көздөп жүргөн эмирге “аялдардын ханы” атка конгон Мадалинин жогорудагы жоругу шылтоо гана болгон.

Насрулла 1841-жылы Коконго басып кирип, 1842-жылы Фергана чөлкөмүн толук ээлеп алган. Кокон шаары таланып, Мадалы хан жана анын бир туугандары өлтүрүлгөн. Кокон тактысына марионет Ибрагим Хайал коюлган [Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы//Тарыхты сүйүүчүлөрдүн китеп текчесине.—Ош: ОшМУ,1997, 21-б.]. Омор хандын жесири, Мадалинин сүйгөнү Айчучук айымдын сулуулугуна ашык болгон эмир, сулууну өз гаремине алып кетип, ага өзү үйлөнгөн. Айчучук сулуу башка бирөөнүн аялы болушун каалабаган Насрулла өлөр алдында өзү көз жумгандан кийин, Айчучукту да өлтүрүүгө буйрук берген делет изилдөөлөрдө.[Бабаджанов Б.М. Кокандская ханство: власть, политика, религия. –Токио–Ташкент, 2010.–182, 569-бб.]. Айчучук сулуунун (хан-падыша Айымдын) тагдыры ушинтип аяктаган.

Насрулланын саясаты Фергана өрөөнүндөгү жашаган калк үчүн өтө трагедиялуу болгон. Мисалы, Канибадам менен Беш-Арыктын ортосунда жайгашкан Кара-Жаңгак кыштагынын тургундарын азык-оокат бербедиңер деген шылтоо менен бухаралыктар талап-тоноосун жергиликтүү автор Мухаммад Хакимхан төрө минтип жазган: «Бул ырайымсыздар кара көз сулуу аялдарга жабышып, алардын кооз жасалгаларын жана кийимдерин тартып алышты. Үйдөгү буюмдарды, эмеректерди талап-тоношту. Эркектердин селделерин, өтүктөрүн, аялдардын тагынган кооз жасалгаларын тартып алышты... ...сулуу келин-кыздарды олжо катары аттарына өңөрүшүп, алып кетишти. Канга боёлгон аялдар жана эркектер көчөлөрдө сарбаздардын аттарынын тепсендисинде калышты».[Мухаммад Хакимхан төрө Мунтахаб ат таварих / Кол жазма]

Кыргыздардын хандыкты сактап калуусу

Бухара эмираты Кокондо бийликти көпкө кармап тура алган жок. Себеби, Фергана чөлкөмүндө буга жол бербөөгө чамасы жете ала турган көчмөн кыргыздардын жана кыпчактардын кубаттуу күчү бар эле. Натыйжада кыргыз бийлери тактыга мураскор издешип, Таласта жүргөн эр ортону болуп калган Шералыга токтолушат.

Демек, түштүк кыргыздары өз мамлекети катары санаган Кокон хандыгынын тагдыры таразада туруп, бүтүндөй бир өлкө Бухара эмиратына каратылып, Ферганадагы саясий ээликтин күнү бүтүп калуу коркунучу келгенде кыргыз бийлери кадимден келе жаткан тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн ордонун тактысына кадимки Амир-Темирдин урпагы Бабурдун, анын уулу легендарлуу “Алтын Бешиктин” насили Шахругдардын династиясына тийешелүү деп, так ушул Шералыны тандагандыгы тарыхый логикага туура келген.

Ошентип, бул демилгени ишке ашыруу ушул кезге чейин эле Мадалынын тушунда ордодо жогорку бийлик сересине жеткен, хандыкта кеңири белгилүү, Кыркуул уруусунун бийи Нүсүпкө тапшырылган. Бул жерде татаал кырдаалда Кокон бийлигин өзү алып коюуга деле Нүсүптүн чамасы жетмек. Нүсүптүн хан болууга, эл башкарууга жеке сапаты, саясий аброю, эрки, аскердик тажрыйбасы деле жетишерлик болучу. Бирок, Нүсүп хан болуу укугуна ээ болгон “Алтын Бешиктин” урпактарынан эмес эле. Салтка айланган мамлекеттик бийликке жетүүнүн тектик “мифологиясы” Нүсүп өңдүү кыргыздарды хан тактысын ээлөө укугунан ажыраткан. Хан ордосундагы“ордо оюндарын” жакшы түшүнгөн Нүсүп баш болгон кыргыздын ак сөөк билермандары “кыргыздашкан” миң династиясынын өкүлүн бийликке алып келүү амалын издей башташкан.[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 141-б.].

Хан тактысына ылайык ханзада табылды...

Ордодо Мадали хан үй бүлөсү менен өлтүрүлүп “ордо төңкөрүшү” жасалган мезгилде Нүсүп Кокондо эмес эле. Хандын кезектеги тапшырмаларын аткарып, Фергана өрөөнүнүн түштүк чегараларын чыңдоонун аракетинде жүргөн. Ордодогу болуп жаткан тополоңду угар замат Памирдин Сары-Таш аймагында жүргөн Нүсүп Коконду коргоого аттанат. Жол тартып келе жатып, Бухара эмиринин адамдары ордону ээлеп, Мадали хандын үй-бүлөсү өлтүрүлгөндүгүн угуп, Коконго баруудан баш тартат. Язаван, Наманган аркылуу Аксыга карай бет алат. Хан сарайдагы саясий иштерге аралашып, тажрыйбага ээ болуп калган Нүсүп “Кокон колдон кетиптир” - деп жатып албай, мекенди баскынчылардан бошотуп, бийликти колго алуу амалын издей баштайт. Туш тарапка чабарман чаптырып, кабар айттырып, тез арада Соот-Булан (Сафед-Булан) мазарына көчмөндөрдүн алдыңкы өкүлдөрүн жыйноого үлгүрөт. [Алымбаев Ж. Нүсүп миң башы жана Кокон хандыгы.// Заман Кыргызстан.-1999, 21,28 май].

Сафид-Буландагы кеңешмеде Нүсүп: “Туугандар, журтубузду чоң мүшкүл басты, бийлигибиз жексен болду. Ханыбыз өлтүрүлдү. Бухара эмиринин талоонуна түштүк. Дарыя-дарыя кан агып, мекендештерибизден ажырадык. Бул абалга чыдап турууга мүмкүн эмес. Мекенибизди азаттыкка чыгаруу биздин милдетибиз! Азаттык күрөшүн баштоо үчүн, өзүбүзгө жол башчы шайлашыбыз керек! Биз тоолуктар бийликти алышыбыз керек!» деп жалпы журтка кайрылган. Нүсүп калың элге Таласта жүргөн Шералынын талапкерлигин хан тактысына сунуш кылганда чогулган аттуу-баштуулар бул чечимди колдоп, тез эле Нүсүп баш болгон атайын өкүлдөр Таласка жөнөшкөн. [Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007,– 67-б.].

Шералыны хан тактысын ээлөөгө көндүрүү бир топ кыйынчылыкты туудурган. Тарыхтын келме-кезеги кыргыздарга ооп турганын улам эскертип турган Нүсүпкө Шералы биротоло жооп бергиче көпчүлүк аны күтпөй эле «Хандык кут болсун! Хандык кут болсун!», – деген үндөр менен туш тараптан жаалаганда, эл арасында турган Соно менен Жаркын да жүгүрө, күйөөсүн куттукташкандыгы Кокондук Нияз молдонун китебинде жазылып калган [Нияз Мухаммед Хуканди молдо. Тарихи-и Шахрухи. / Кол жазма].

Шералыны хан көтөрүү жана Нүсүптүн чечими

Ошентип, Нүсүп баштаган топ 1842-жылы май айында Таластан Беш-Таш, Кара-Буураны ашырып келип, Шералыны үй-бүлөсү менен азыркы Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Карагүп деп аталган чакан кыштакка жайгаштырат. Ал кезде Карагүп аталган кыштак, Жаркындын атасы Токтоназар бийдин ээлиги болучу. (Азыр ал жер Топ-Жаңак деп аталып, саруунун баркы уругунун бүлөлөрүнүн мекени). Орус окумуштуусу В.Наливкин: “Июндун башында Шералы өзүнүн үй-бүлөсү менен Кара-Буураны ашып келип, тоонун этегиндеги Кара-Суу дарыясынын боюна жайгашат да, уулдары Кудаяр менен Сопубекти окутуу үчүн Нанайдан Ташбай молдону чакыртат” деп жазып калтырган. (Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886.-146-б.). Чынында, Нүсүптүн чечими бул жерде тыныгуу менен катар эле, кырдаал ыңгайлашканча Шералы, уулдары менен ордо турмушуна сөз менен да болсо таанышып, даяр болуу максаты эле.

Ошентип, бир нече миң адам топтолгон соң, июндун аягында Шералыны коштогон куралчан аскерлер Сафед-Буланга карай жол тартышат.

Легендарлуу Шах Фазлдын күмбөзү жайгашкан Ферганадагы байыртан бери таанымал бул мазарда көчмөндөрдүн Шералыны хан көтөрүү аземи башталат. Таласка өкүл жөнөтүлгөндөн баштап эле кабарды уккан жайлоодогу, кыштоодогу эл агылып, Сафид-Буланга келе баштаган. Хан көтөрүү аземин чагылдырган “Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин” чыгармасында мечиттин алдындагы шибер чөп жыш өскөн көк майданга, ак кийиз төшөлүп, чогулган көчмөн уруулардын аксакалдары, эл башчылары Шералыны ак кийизге отургузушуп, баарысы кийиздин четинен көтөрүшөт да, ортону жети жолу айланып, майдандын четиндеги супанын үстүнө алып келип отургузушат. Кокондон келген Саид-Жалил төрө курандан сүрөө окууга киришет. Андан кийин бул окуяга катышкан аксакалдар, бийликтин билермандары, аскер башчылары, катардагы сарбаздар ханга таазим этишип, өздөрү ханга берилгендигин ырастоо үчүн ант беришет. Бул учурда жума намазга азан чакырылып, адамдардын баары намазга чыгышат. Намаз окулуп бүткөндөн кийин, керней-сурнайлар тартылып, эл атасы Нүсүп менен Шералыга ак жол тилешип, калың журт бата беришет. Нүсүптүн аялы Толгонай хандын башын куттуктап, төбөсү бийик ак калпак менен жакасына, жээктеринде алтын-күмүш бастырылган сарпай-тон жабат. Нүсүп Шералы хандын башына: «Тактыңыз кут болсун, акыйкат, калыс, адилет хан болуңуз, улуу урматтуум», – деп баш кийимди кийгизет. Ханга бул тартуу биринчи тартуу, болгондуктан эл дуулдап бата берет”,– деп сүрөттөлөт.[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 144-б. ].

Нүсүп ошол жерде элге кайрылып, “силердин жардамыңар менен ханыбызды да шайлап алдык. Эмки максат ордону колго алып, ханыбызды өз тактысына отургузуу, мамлекеттин биримдигин чыңдоо, эл журтубуздун бейкутчулугун сактоо. Ошондуктан ханыбызга жардам берели. Элдин эртеңи, келечеги үчүн дегендер эртең аттанууга даярдангыла! Коконго карай аттаналы!», дегенде эл ичи дуулдап: «Аттанабыз! Аттанабыз! Туура! Туура! Ханыбызга өз таажысын кийгизебиз!» - деген үндөр туш тараптан жаңырып, чогулган эл Коконду алууга даяр экендигин билдирет.[Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин / Кол жазма].

Нүсүптүн Кокон мамлекетин калыбына келтирүүдөгү тарыхый эрдиги

Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Талас өрөөндөрүнөн чогултулган чоң кошуун баштаган Нүсүп Шералыны такка олтургузуу үчүн Коконго карай жол тартат. Ал кезде Кокондо Насрулланын марионети Ибрагим Хайалдын эки айга жакын жүргүзгөн талап-тоноочулук саясаты, алык-салыктардын өсүшү эл арасында нараазычылыкты жарата баштаган. Ибрагим Хайал жергиликтүү төбөлдөрдү, дин өкүлдөрүн кызматтан четтетип, ордуна бухаралык адамдарды дайындап, зордук-зомбулукту күчөтүп жаткан болучу. [Набиев Р. Из истории Кокандского ханства.—Ташкент:Фан,1973.–30-б.].

Нүсүптүн буйругу менен Анжиян-Алай аймагындагы кыргыздарга кабар жиберилген. Биринчилерден болуп, 500-600 аскери менен ичкилик кыргыздарынын абагат уруусунун өкүлү – Мусулманкул Нүсүптүн кошуунуна кошулган. Зор дымак менен аттанган Нүсүптүн кошууну алгач Касан шаарын, андан кийин Төрө-Коргонду, бир аз өтпөй Чуст шаарын алып, Сыр-Дарыянын чыгыш жээгиндеги Султан Баёз мазарынын жанына келип токтогон. Бул жерде Намаз датка башында турган өзбек жана тажик жигиттеринен куралган кошуун Нүсүптүн колуна келип кошулган.

Зиябидин Магзунинин “Фаргана хандарынын тарыхы” эмгегинде Коконду каратуу окуяларын зор жортуул катары сүрөттөгөн. Автордун жазгандарына караганда Шералыга кызмат кылууга Иса датка, Көруул, Жумабай датка, Кулман баатыр, Эркебай датка, Мамадияр датка, Шады датка, Арзымат бий, Жаркымбай баатыр, Парман баатыр, Маткарим кашка, Миңбай баатыр жана башкалар: “Сизге кызмат кылууга келдик, сизге кызмат кылсам армансыз өтөөр элем”- дешип, кулдук урушуп гана тим болбостон, көчөлөрдө “кимдин-кимдин заманы! Саид Мухаммад Шералы хандын заманы!” - деп кыйкырып жүрүшкөнүн белгилейт.[Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007,– 95-99-б.].

Аңгыча Шералы хандын жеңиштүү сапары менен кабардар болгон Кокондун айланасында жергиликтүү эл колуна курал алышып, бухаралыктарга каршы чыга баштаган. Ибрагим Хайал качууга аргасыз болот. Шаар калкы Шералынын жолунан чыгып, Султан Баёз мазарынан Кокон шаарына чейин колуна көтөрүп келишет. Кокондуктар чоң шаан-шөкөт менен Шералыны такка отургузушат [Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин / Кол жазма; Алим Махмуд молдо Тарихи Туркестан/ Кол жазма.]. Шералыны Омор хандын доорунда курулган эң мыкты сарайлардын бири болгон «Жахон ордо» сарайына киргизишет. Бийликти бекемдөөнүн аракетин көргөн жаңы хан шаарга сепил куруу буйругун берип, ошол эле күнү Нүсүп миң башылык кызматка дайындалган [Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии (XVI - сер. XIX в.) – М., 1958.–185-б.].

Нүсүп  миңбашы

Кокон хандыгында миң башылык даража эң жогорку аскердик чин эсептелип, ал Омор хан тарабынан киргизилген, макамы жагынан ички иштер министрлиги менен мамлекеттик канцлер кызматынын ортосундагы милдетти аткарган. Ал хандан кийинки экинчи адам катары эсептелип, аскер башчы гана болбостон, мамлекеттик кызматкер катары хандыктын башка иштерине кийлигишип, маанилүү чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катыша алган. Хан миң башы менен кеңешип, эсептешип турууга милдеттүү болгон. Миңбашы ордодон орун алып, ал кушбеги, парваначы кызмат орундарынан жогору турган. Анын макамдыгын башындагы бийик көрпө тебетей жана колундагы баалуу асыл таштан жана алтын менен кооздолуп жасалган аса таяк бирдирип турган [Бейсембиев Т.К. Историография Кокандского ханства... –161-б.; Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы. –Б., 2015, 156-б.].

Шералынын тактыны ээлеши менен Коконду карай кол топтоп келе жаткан эмир Насрулла ордого чабуул койгон. Бирок, бир жумадан ашуун камалаган аракеттеринен натыйжа чыккан эмес. Анын үстүнө шаарды коргоого Фергана өрөөнүнүн ар кайсы тарабынан жардам келген.

Маселен, белгилүү кожолордун бири – Азим кожо эшен Маргалани ферганалык бүткүл диний өкүлдөргө кат менен кайрылып, Маргалаңда 2000 аткыч мергенди топтоп, ал жерден ак асаба көтөрүп, Коконду карай жөнөгөндүгү жөнүндө жергиликтүү булактарда маалыматтар сакталып калган. [Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин / Кол жазма]. Нүсүп баштаган кошуунга туруштук бере албаган бухаралыктар чегинүүгө аргасыз болушкан. «Бул чабышта,- деп белгилейт Т.К. Бейсембиев, — кокондуктар 2 миңге жакын адамды колго түшүрүшкөн жана өлтүрүшкөн. Ал эми 2 айга созулган чабышта Бухара эмири 10 миңге жакын адамынан ажыраган».[Бейсембиев Т.К. Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата: Наука, 1987. –113-б.].

Зиябидин Магзуни Нүсүптүн эрдиктери жөнүндө

Зиябидин Магзунинин эмгегинде Нүсүп миңбашынын жекече көрсөткөн эрдиктери туурасында кеңири маалыматтар бар. Автордун келтирген айрым фактыларына токтолуп өтөлү. «Кокондун 5000 аскерин баштап, колуна шамшар (найза) кармап, бухаралыктарды жекеме-жеке таймашка чакырып, «баатырың болсо чык!” - деп Нүсүп өзү согуш талаасына чыкты... Жекеме-жеке таймаш башталып, бухаралыктардын эки баатырын сайып өлтүрдү. Ачуусу келген бухаралыктар аламан согушту баштап, Нүсүптү ортого алып калышты, «бир койго миң карышкыр жабышкандай чабуул коюуга өтүштү”. Он күнгө созулган катуу кармашта «кан суудай агып», убактылуу артка чегинген кокон аскерлери, ордого келишип, аскер топтоп кайрадан согуш башталды. «Эки тараптан 100 000 аскер даяр болуп турушту….. Нүсүп кайрадан маңкурттарды (бухаралыктарды) жекеме-жеке таймашка чакырып, тез арада эле шамшар салып үч баатырын набыт кылды. Көп бухаралык лашкерлер майданга киришти, ага каршы Нүсүп 500 жигити менен таймаш баштады. Уруш катуу болгондуктан, маңкурттар майданга киргенине бушайман болушту. Нүсүптүн каардуу согушуна чыдай албай кача башташты»,- деп жазат.[Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007,-107-08, 112-бб.].

Бухаралыктардан Коконду бошотоору менен Нүсүп миңбашыга ишенген Шералы хандын негизги милдеттери болуп, согуш мезгилинде бүлгүнгө учураган чарбаны калыбына келтирүү, хандыктан тартылып алынган аймактарды кайра кайтаруу болуп саналган. Анткени, кыска мөөнөт аралыгында Бухара эмирлиги көптөгөн жерлерди башкарууга өз адамдарын коюуга үлгүргөн болучу.

Уландысы бар...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-02-2018
Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (3-макала).
50830

28-02-2018
Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (1-макала)
81283

03-11-2016
Тайлак баатырдын тарыхый бейнесине айрым сүртүмдөр
81505

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×